Биринчи мугалим Дүйшөндүн кызы Бардакүл

«Мына ушул теректер турган жерди айылдагылар эмне үчүндүр «Дүйшөндүн мектеби» деп койчу. Кокус бир мал издеп калганда:»Ой баланча, менин тору кунанымды көрдүңбү?» — десе, анда беркиси токтой калып: «Тээ жогору Дүйшөндүн мектебинде жылкы жүрөт, ошол жактан чалып көр», — деп бастырып кете берчү. Чоңдорду туурап, биз дагы: «Жүр кеттик Дүйшөндүн мектебине, терекке чыгабыз», — дей турганбыз.

Бир кезде ошол дөбөнүн үстүндө мектеп болгон имиш. Биз анын ордун да көрбөй калдык, бирок кош теректүү дөбөнүн аталышы эл оозунда мурунку бойдон келе жатат…»

Чыңгыз Айтматов
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун киндик кан тамган айылы Шекердин бет маңдайында, Күркүрөө өзөнүнүн жээгинде Арчагул деген айыл бар. «Биринчи мугалимдеги» Дүйшөндүн прототиби Дүйшөн Качканаков дал ушул айылдан болот. Бул айылдан чыккан биринчи мугалим да Дүйшөн агай. Дүйшөн Качканак уулу 1911-жылы 11-сентябрда туулган. Дүйшөндү кичинесинде Качканактын иниси багып алгандыктан, Таштанбеков да делип жүрөт. Ушул белгилүү чыгармадагы башкы каармандын прототибинин кызы Бардакүл Качканакова да ата жолун жолдоп, мугалимдик кесипти 35 жылдан бери аркалап келет. Түйшүктүү эмгеги бааланып, жакында Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына татыды. Анда эмесе сөз башынан болсун.

«Согушта мылтык кандай керек болсо, жашоодо да билим ошондой керек»
Дүйшөндүн кызы Бардакүл эже бүгүн Манас районундагы Исак Отунбаев атындагы орто мектептин математика мугалими болуп иштейт. Бардакүл эже өтө зээндүү, чыйрак чоңоюптур. Орто мектепти жалаң бешке бүтөт. Кыз-келиндер педагогикалык институтунун математика факультетинде окуп жүргөндө жогорку окуу жайлар арасында өткөн олимпиадалардын жеңүүчүсү, окуунун отличниги болгон. Институтту аяктагандан кийин Манас районундагы Кызыл-Жылдыз орто мектебинде математикадан 9-10-класстарга сабак бере баштайт. Эженин колунан билим алган бүтүрүүчүлөрү Сүйүн Жусупова, Апал Калмырзаева минтип айтышат: «Эженин 45 минуталык сабагы өтө кызыктуу эле. Билиминин тереңдиги, көптү билгендиги бизди кызыктырчу. Ошондо да, мен аз билем, бирок көп билүүгө далалат кылам» деп улуу адамдардын сөзү менен бизди сезденүүгө үйрөтчү. Ар дайым Н.Крупскаянын «Согушта мылтык кандай керек болсо, жашоодо билим ошондой керек» деген сөзүн эске түшүрчү. Талыкпаган иши, берген тарбиясы такшалтып, ар бирибизди бутубуздан тургузгандай болду. Биздин класстагы 15 окуучу жогорку окуу жайын аяктап, азыр алдыбыз жогорку кызматтарда иштеп, облус, район башкарып калдык».

Бардакүл эже мээнеткеч мугалим болгондуктан, ал мектеп директорлугуна чейин көтөрүлөт. Ал башкарган Кызыл-Жылдыз, кийин Рахманбердиев атындагы орто мектеби областта окуу-тарбия иши боюнча 1-орунда турган. Жыл сайын мектепти үч-төрт окуучу медалист болуп бүтүрүшкөн. Өмүрү эл-журтка, анын ичинде кыргыз кыздарына өрнөк болгон миң сандаган эжелердин арасында Бардакүл эже да бар. Ал атасынын жолун улап, аны жөн гана улабай, атын чыгарып жатканы жаш муундарга үлгү эмей эмне?.. Миң сандаган кыргыз айылдарынын биринде бүткүл өмүрүн балдарга билим берүүгө арнап койгон, кадимки Биринчи мугалим Дүйшөндүн кызы Бардакүл бүгүнкү күнү Элге билим берүүнүн мыктысы, жаш адистерге насаатчы, беш баланын бактылуу энеси.

Менин мугалим болуп калганыма атам себепкер
— Атам 7-класста эле мугалим болуптур. Ал кезде тыңыраак окугандарды сабак бердиртчү экен. Кийин Педагогикалык институтту бүтүргөн. Мен институтта окуп жүргөндө атам кайтыш болгон. Атамдын биринчи мугалим болгонуна деле көп маани бурбаптырмын, — дейт уялгансып Бардакүл эже.

Дегинкиси Бардакүл эже кичинекей кезинен эле медик болсом деп кыялданчу. Бирок атасынын сөзүн эки кылбай, ал кездеги Фрунзе шаарындагы Кыз-келиндер педагогикалык институтуна келип тапшырат. Мыкты окуучу кыйналбай эле жогорку окуу жайга өтөт.

«Атам мугалим болгон жакшы. Биринчиден, кыз бала таза жүрөт. Келечек муунга билген билимиңди арнайсың деген», — дейт Б. Качканакова.

Ал атасынын айткан насааттарын 35 жыл бою аткарып келатат. Окуучуларынын айтымында, анын берген сабактары абдан жандуу өтөт. Ал уюштурган алгебра жана геометрия сабагынын кабинеттери да өзүнчө бир мыкты жабдылып, окуучулардын көңүлүн өзүнө буруп турат. Сабактарында өз колу менен жасаган көрсөтмө куралдарды пайдаланып, кызыгууну жаратат. Ошентсе да элеттик мугалим улам-улам изденгендин үстүндө. Билим берүүдөгү ийгиликтеринин сыры да ушунда жатат. Ал — аракетчил педагог. Мугалим катары анын ойлору асыл, тунук. Ошон үчүн аны бирге иштеген мугалимдер, окуучулар баркташат, сыйлашат.

Жаңы муундагы техникалар жок
Тажрыйбалуу мугалим Бардакүл эже билим берүүнүн сапаты төмөн болгону жаңы муундагы техникалык каражаттардын жетишсиздиги менен байланыштырат.

— Балдарда же мугалимдерде күнөө жок. Мугалимдер өз миссиясын аткарып жатышат. Айылда керектүү техникалык каражаттар жок. Заман балдары өздөрү эле маалыматтарды билип алышат. Ал эми мугалимдердин колунда жаңы муундагы техникалар жок болгондуктан, окуучулардын мүдөө-талаптары канбай калууда. Ошондуктан айрым учурда окуучуларга берген сабактар кызыксыз болуп жатат окшойт. Анан баары барып эле каражатка такалат. Маселен, жогорку окуу жайларды алсак билимге эмес, акчага карата баа коюлуп калган. Анан кайдагы сапат жөнүндө айтабыз, — дейт кейип айылдык мугалим. — Материалдык жак биринчи орунга чыгып калган. Айылда андай эмес. Мектепте окуган балдарга шаарга салыштырмалуу бааны көтөрүп коебуз, стимул болуш үчүн. Анткени акыркы жылдары балдар окууга кызыкпай калды. Окубай жүрүп эле олигарх болуп калгандар көбөйүп кетпедиби. Ушулар келечек муунга терс жагын көрсөтүп жатат. Бул убактылуу нерсе болуш керек. Анткени баары бир бир күнү билим абдан керек болот. Ушуну көптөгөн балдар, ата-энелер түшүнбөй жатышат. Ошол билими жок байыгандар да акыры билимге умтулушат.

Айылдык мугалимдин пикиринде, Кыргызстанда бай адамдар жылдан-жылга көбөйүп баратат. Ошол инсандар өз кызыкчылыгын ойлобой, элдин мүдөө-талаптарын укса, мектеби жокторго мектеп, бала бакчасы жокторго бала бакча куруп беришсе, окуу куралдары менен камсыздашса эки дүйнөдө тең бейишке чыгышмак. Алар канча деген ата-эне, кичинекей бөбөктөрдүн батасына, алкышына арзымак.

Биринчи мугалимге эстелик тургузулбай калды
Шекер айылында ачык асман алдындагы Ч.Айтматовдун музейи жайгашкан жерде Дүйшөндүн эстелиги тургузулмак. Эски мектеп менен катар Ч.Айтматовдун чыгармаларынын 16 башкы каармандарынын ташка чегилген элестери тургузулду. Бир гана Дүйшөн агайга тургузулчу эстеликтин орду турат. Эстелик коюлган эмес. Жергиликтүү бийлик жетекчилери балдарына, т.а. Дүйшөндүн баласы Барпыгул менен кызы Бардакүлгө милдеттендирип коюшкан. Бирок каражаттын жоктугунан балдары кое албай калышкан. Эгерде бул иш ишке ашып кетсе, анда кыйын, татаал, жокчулук, согуш жылдарында биринчи мугалимдик кызмат өтөгөн асыл мугалимдерге да эстелик болуп калмак. Азырынча бул маселе ачык бойдон калган.

Окуучулары үчүн күйгөн педагог
Б. Качканакова чыгармачылык менен иштеген мугалим. Өз тажрыйбаларын жайылтууда газета-журналдарга макалаларын үзбөй жарыялап турат. Учурунда мектеп жетекчиси болуп иштегенде окуу жайды ал алдыңкы технологиялар менен жабдыган. «Ден соолукту чыңдоо жана спортту өнүтүрүү» программасы, «Гигиена, санитария» долбоору менен бирге иш алып барат. Ошондой эле кезегинде «Атуулдук билим берүү жана демократия» программасынын чегинде «Мектеп жана социалдык өнөктөштүк» долбоорлоруна катышууну уюштургандардын бири. Жергиликтүү инвестициялык иштерине да активдүү катышып келет. Ал жасаган иштерин көкүрөк чапкылап айтпайт, анткени, ал чыгармачыл жөнөкөй адам жана окуучулары үчүн күйгөн чыгаан педагог.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим» («Кыргыз гезиттер айылы»), 03.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий