«Элге берген куруттан…»

(Дагы да китеп жөнүндө)
Азыр ар бир гезиттин бетинен окуу китептери же балдар китептеринин абалы жөнүндө жазылган макалаларды таба аласың. Кыргыз мектептериндеги окуу китептеринин жетишсиздиги жөнүндө акыркы жылдары айтылбаган деле сөз калган жок десем жаңылбасам керек. Бирок бул көтөрүлгөн маселелер жайында бир жылыш бар бекен, ошол жөнүндө сөз. Ар жылда өкмөт ушул маселелерди чечүү үчүн бир топ миллиондорду бөлүп жатат деп айтылат, ал акчаларга китеп басылып жатабы же жокпу , эч ким билбейт.

Үркөрдөй болуп жайнаган китеп басмалары пайда болду, китеп басуучу басмаканалар андан көп, көзгө толоор китеп чыгып жатканы деле көрүнбөйт. Көркөмдүк сапаты жок, компьютерде даяр сүрөттөрдү жабыштыра салган кунарсыз китептер табитиңден тандырат. Көп жерлерде, өңгөчө кыргыз басмаларында компьютердик курсттарды бүтүрүп алган, китеп көркөмдөө маданиятынан түшүнүгү жок дизайнер аталган жаштар.

Ыраматылык СССР кезинде Москва, Львов (ушул эки шаарда гана китеп боюнча атайы адистерди чыгарчу) калааларындагы полиграфия инстуттарын бүтүрүп келген саналуу гана сүрөтчүлөрдүн көбү иши жок жүрүшөт, же башка кесипте.

Бир кезде «Кыргызстан», «Мектеп», «Адабият» басмаларында толук өкмөттүн көзөмөлү менен каражатында жүздөгөн көркөм адабий, окуу китептери, балдар үчүн китептер басылып чыкчу. Көркөмдүк сапаты жагы редакциялык жана көркөм кеңештер аркылуу көзөмөл болчу. Бул кеңештер чыгармачыл жаштар, жаштар гана эмес жазуучулук ,сүрөтчүлүк кесипти тандап алгандардын бардыгына чоң сынак, эбегейсиз түрткү жана түркүк болор мектеп эле.

Орто Азиянын республикалар арасында «Китеп өнөрү» деген конкурс өтөр эле кезек менен. А күздө борбор калаа Москвада бүткүл Союздук конкурста жыйынтыкталаар эле. Бул күндөр эске калаарлык жолугушуулар, пикир алып, күч сынашаар күндөр болучу.Конкурсту ар республикалардын өкүлдөрүнөн куралган жюри, анын председатели Москвадан келген атактуу, абройлуу сүрөтчү болор эле.

Кийин өзүбүздө да республикалык «Китеп өнөрү» конкурсу өтө баштап, китеп сүйүүчүлөр үчүн жакшы эле окуя болду. 6-7жыл мурун Китеп палатасынын демилгеси менен бул конкурс кайрадан жанданып, өкмөттүн деңгээлинде өткөрүлө баштады, базар экономикасынан бащы айланып, айласы кетип, эми эсине келе баштаган аз сандагы китеп сүрөтчүлөрүнө бир топ эргүү алып келди.

Таалай Ормушев деген жигиттин Китеп палатасына директор болуп келиши үлпүлдөп келе жаткан үмүттү жалп өчүрдү. «Китеп өнөрү» конкурсун өзү билгендей өзгөртүп, мурунку Союз эмес бүт дуйнөдө илгертен калыптанган китеп кароо-конкурсунун уставын өзгөртүп , «Элге берген куруттан, неге мени куруттуң» деген абалга калтырды сүрөтчүлөрдү. Мурда негизинен китептин көркөмдүгү, тартылган сүрөттөрү менен макетине каралса, кийин бир да номинацияда сүрөтчүнүн аты аталбай калды. Ал гана түгүл конкурстук алдын ала тандоодо, кай бир чогулуштарында сүрөтчүлөр чакырылбай калып жатты.

Бул макаланы жазууга түрткү берген, кийинки менин турмушумда маанилүү бир окуя болуп өттү. Германиядагы Мюнхен калаасында түзүлгөн Гете атындагы институттун стипендиясы менен адегенде Алматы шаарында, октябрь айында атагы алыска кеткен дүйнөлүк китеп жармаңкесинин негизинде өткөрүлгөн семинардын катышуучусу болуп Франкфурт-на Майне шаарында болуп келдим.

Европадагы бизнес борбору делген бул шаарды Майн дарыясы ортосун жарып агат экен, миң уккандан бир көргөн демекчи, шаар жашыл, гүлгө оронгон керемет кооздугу менен таң калдырды. Көп сандаган китеп басмалары менен китеп дүкөндөрүнө экскурсиялар, балдар үчүн чыгарылган китептер менен оюнчуктар, түшүңө да киргис таасир берди . Баргандан төртүнчү күнү жарманкенин ачылыш салтанатына күбө болуп, жармаңкенин ардактуу катышуучусу Аргентинанын президенти сезимге толгон сөзүн уктук.

Семинар кийинки күндөрү өтө чоң аймакты ээлеген көк мелжиген небоскребдордун жанында жайгашкан жармаңкенин ичинде өттү. Китеп басып чыгаруу менен китеп соодасындагы жаңы жетишкендиктер, батышта дүркүрөп өнүгүп жаткан электрондук китептер менен тааныштык. Ошол эле кезде китеп эч качан өчүп-өлбөс адамзат жараткан рух азыгы экенине дагы да ишендим.

Ак калпак башымдан түшкөн жок немис жергесинде. Ошол себептуу кызыктуу жолугушуулар да болду. Жармаңкенин ачылыш алдында ак сөөк кебетелүү, келбеттүү аппак чач картаң айым келип көпкө сүйлөп колун көкүрөгүнө коюп кайрылды мага. Тилекке каршы тилмечтерибиз жаныбызда жок болуп чыкты, кудай жалгап жаныбыздагы Москвалык Татьяна Сараева аттуу жаш айым которуп берди. Кыргызстанды, андагы болуп жаткан окуялар менен тааныш экендигин, мени (кыргызды) көрүп жатканыма кубанычта жана ар дайым анын сезими бизди колдоп, жан тартаарын айтыптыр. Толкунданганымдан көзүмө жаш келди. 8 жылдан бери ушул шаарда жашап жаткан кичинекей баласы бар жакшынакай кыргыз кызынын метродон келип учурашканы менен, шашып жүгүрүп бара жаткан жаш өспүрүм бала токтой калып,»Хелло, Кыргызстан!» деп жылмайганы жүрөгүмө жылуулук сезим калтырганын айта кетсем ашыкча болбос.

Семинарга мурдагы постсоветтик аталган республикалардан келишкенин, бири-бирибизди унута электибиздигин, сагыныч, а түгүл кусалык сезим бар экендигин , кече, жолугушуулардагы кептешүү, кошулуп эски ырларды ырдап баарлашуу айкындап турду.

Германияга жөнөөрдөн мурда Франкфурт жармаңкесине Кыргызстандан 3 адам барат деп уккам, бирок ким бараарын тактай албадым. Барган сон жармаңкенин зор 5 павильонунун эң кичинесинде үчүнчү дүйнө аталган өлкөлөрдүн көргөзмөлөрү болду. Каталогдо да, көчөдөгү көрмө-жарнамаларда да Кыргызстан жазылып турганы менен таба албадым, каталогдо көрсөтүлгөн жерде армяндардын жанында аталган номур гана илинип бош турду.

Келгенден кийин Китеп палатасына келип, директордун милдетин аткаруучу Койчуман мырзага жолуктум. Ага чейин уккандарым айкындалып, айлам кетип турду.

Китеп көргөзмөсү болоордо, Москвага китеп көргөзмөсүнө бара жатканда көргөзмөгө катышкан басмалардын директорлорунан 100 доллардан жыйнап алаарын укчумун, мурунку директор Ормушевдин. Франкфурт жарманкесине жылда Кыргызстанга 2-3 чакыруу кагазы келип турат экен, кызыккандарга же адистерге берүүнүн ордуна Ормушев мырза Германияга баргысы келген, виза ала албай жургөн акчалууларга 1000 еврого сатуучу экен. Бул жолу да өзу иштебесе да палатада иштеп жургөн куйрук-туугандары аркылуу дагы да сатып жиберет. Кандайдыр билинип калышып Германиядагы биздин консулга белгилуу болот, иштери прокуратурага өтөт. Жарманке Кыргызстанга штрафттык санкция жиберет. Ошонун аркасынан эптеп кутулдук, бирок мени жармаңкеге визасыз жибербей коюшту дейт Койчуман мырза. Улуттун да , башкарган мекемесин да, өз уят-сыйыт, намысын да акчага сатып жибергендерге менин түшүнүгүм жетпейт. Буларга мыйзам жокпу, мыйзамдагы күч аткаруучуларынын иши жокпу. Жабылуу аяк жабылуу бойдон каларына көзүм жетип турат.

Китеп сүрөтчүлөрүнүн көйгөйү башынан ашат, аны айта кетпесем болбос. Басма жөнүндөгү мыйзам жок. Сүрөтчүлөрдүн укугу, калем акысын төлөө тебеленүүдө. Жада калса бирдиктүү тариф да жок. Өкмөткө иштесең да жеке адамдын кызматын аткарсаң да «Суу кечкенге чейин энемди берейин, суу кечкенден кийин эмнемди берейин» болуп келүүдө. Өңгөчө кыргыз авторлор акча төлөөгө келгенде ишенген картөшкөсун колорад конузу тып тыйпыл кылып кетти, сатам деген кунаажыны ошол картөшкөгө какап өлүп калды, а түгүл терисин ит жеп кетиптир, жада калса буга чыдабай сарайы да кулап калыптыр, эми эмне кылам десе кошо ыйлап отуруп каласың, өзгөчө аттуу-баштуулар көбүнчө ушинтип азап тартат. Кудайга шүгүр, канча алдансак да ачкадан өлбөй оокатыбыз өтүүдө. Аздап болсо да сүйгөн ишиңен рахат алып, эмгегиңдин үзүрүн көрүп, элдин батасы менен жашап келүүдөбүз. Башка өзүн сыйлаган өлкөлөрдөй бизде да китепти , китепти жараткандардын эмгегин сыйлап, ардактай турган күн келээр деген үмүт менен макаламды тамам кылайын.

«Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 03.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий