Медербек Кадыршаев: «Же мени сүйө албайт деп ойлойсуңбу?»

Жан курбум,
Жашыбай жакшы кал курбум,
Өзүмдү түнгө тапшырып,
С
өзүмдү сага калтырдым,
Кош дечи, арманга бирок кошпочу,
Айланып келем ыр болуп,
Айрылуу эмес коштошуу… — деп, өзү жөнүндө армандуу ырын кылымга сактап койгон кыргыздын дагы бир сахна жылдызы Медербек Кадыршаевди жакын досу Алина Жетигенова менен эстегенден кийин, Медер байкенин бейнесин ачууну максат кылып, бир тууган эжеси Клара Кадыршаева менен жолугуштум.

Бир талант. Көпчүлүк сүйгөн бир таланттын тагдыры көз алдыма чачылып, жаактан ылдый кулаган жаштарыма ээ боло албай, бул эскерүүнү жаза албай буйдалдым. Кандай сөз таппайын баары анын талантынын алдында алсыз болуп, акыры жөнөкөй тилде болсо да карапайым элдин калың катмарына Медербек Кадыршаевдин бейнесин тартып берүүгө кириштим.

1990-1995-жылдары кыргыз эстрадасында жана музыкасында Медербек Кадыршаев деген жаңы ысым пайда болду. «Жан дүйнөсүнүн назиктиги жанда жок эле»,- дейт бир тууган эжеси Клара Кадыршаева эскерүүсүндө. Анын сезимталдуулугу кичинесинен эле айырмаланып, музыкага өтө жакын чоңойгон Медердин гитарада жогорку чеберчиликте ойноосу анын келечекке багытталган алгачкы кадамдары эле. Ошентип, ичтеги кайнаган талант оргуштап, ээ-жаа бербей калганда орто мектепти аяктаган Медер Оштогу музыкалык окуу жайга тапшырды.

Алла Пугачева: «сага Кудай талант берген…»
Аны ийгиликтүү аяктагандан кийин музыканын арты менен Москвадагы маданият институтунан «хордун дирижёру» бөлүмүнөн окуусун улантты. Айтылуу Георгиевский залында хордо ырдап жүргөндө достору «Сенин жети атаң эмес, кыргыздын таманы тийбеген залда сен ырдап жатасың» деп, анын таланттуулугун айтышкан. Орусия эстрадасынын Примадоннасы Алла Борисовна Пугачева: «Укчу, сага Кудай талант бериптир, сен эмгектенишиң гана керек…»,- деп акыл кошкон. Ал кезде Москвадагы менсинген артистер самолёт менен Союздун курамындагы мамлекеттерге концерт коёр эле. Мына ошолордун арасында Медер Кадыршаев бар экенин баары эле биле бербейт. Анткени, табиятынан атак-даңк үчүн эмес, чыныгы чыгармачылык үчүн жанын үрөгөн Медердин «мен» дегенин эч ким укпаптыр. Ошондой жөнөкөйлүгүнөн анын аты Кыргызстан боюнча дүңгүрөп турган кезде да, «уят, ырымды көбөйтөйүн» деп жүрүп, жеке концертин коюуга жетишпей калганы анын өзүн көтөрбөгөнүнөн кабар берип турбайбы. Ал эми кабарчылардын: «Сиз менен Алина Жетигенованы сахна жылдызы дешет го»,- дегенине да, «Демек, бизден элибиз дагы көптү үмүттөнөт экен, ишенимин актообуз керек»,- деген орундуу жообун узаткан.

«Тарбияланган үн»
Медер Москвадан окуусун аяктагандан кийин Бишкекке, андагы Фрунзеге келип, Турдаалы Чокиевдин кол алдына «Кыргыз радиосунун» музыкалык редакциясында редакторлук кызмат менен алгачкы эмгек жолун баштаган. Медер ал кезде «хордо ырдап, эс алууда» экенин айтып ишке киришти. Бирок өзү ырсыз тура албастыгынан ичи аңтарылып турган Медердин шыгы ойгонуп, ар бир келген ырды өзү ырдап, демине дем коштуруп жаткандай болчу. Ырдын багы — анын аткаруучусуна байланыштуу экени маалым. Анын сыңары, Аваз Чикеевдин көзүнүн карегиндей сактаган бир ырын Медербекке ыйгарат. Бул ырдын сөзү Гүлжамила Абдылдаеванын калемине таандык «Ойлойсуңбу?» деген ыр эле. Дал ушул ыр менен Медер кыргыз музыка дүйнөсүндө популярдуулукка жетишти. «Ойлойсуңбу?» чыныгы жашоого ээ болот. Анын керемет үнүн уккандар:»Үн ушунчалык тарбияланган үн экен», деп тамшанып калышар эле. Анын репертуары кеңейип, «Ойлойсуңбуга» катар «Аманат» деген айтылуу ыры обого жаңырды. Анан «Сен өчпөдүң сезимден», «Курбулар», «Тамаша кечеси», «Айсулуу», «Астра гүлү», «Кадыралы Артыковдун «Кыялдануусун» ырдап чыкты. 1990-1995-жылдар Медербек Кадыршаевдин чыгармачылыгынын гүлдөп турган маалы эле.

«Депрессияга учурап…»
Медер бар убактысын, дараметин концерттерге, гастролдорго арнай баштады. Ал үчүн кызматын таштап, биротоло ырга кетүү керек эле. Ошондой күндөрдүн биринде Медер кубанычтуу келип, досу Алинанын кулагына: «Досум, мен бир кызды жактырып калдым»,-деп жаш баладай кудуңдап кетти. Дос дегенде ичкен ашын жерге коё калган Алина үчүн бул анын чыгармачылыкта гана эмес, жашоодо дагы өзүн сыноого убакыт жетип калганын эскертти. Талант деген адамдын жан дүйнөсүн назик кылып, жүрөгүн тазалап коёт окшобойбу. Анын чыгармачылыгы өркүндөп, анын талантына таазим кылгандар көп экенине карабай, кээ күндөрү Алинага: «Мени ким сүймөк эле, кыздардын баары сулууларды сүйүшөт»,- деп сезими сүйүү самап турган Кадыршаев айылдан жаңы келген кумар көз Гуля аттуу кызга ашык болуп турганы азабынабы же багынабы, аңдаган эместир… Сүйгөн кызына үйлөнгон Медер үй-бүлөгө камкордук кылган, өзгөчө чарбачыл болуп кетти. Уулдуу болду, экинчи уул. Анан ошондой күндөрдө Медер аябай чөгүп, же ырдаарын же ыр жазарын билбей, жабыркап кеткенин баары эле баамдагандыр. Ал өтүшүп отуруп, өнөкөткө айланып, үйдөгү атмосфера чыгармачылыгын өстүрмөк түгүл, тескерисинче, соолутуп баштады. Буттун учу менен көпкө туралбаган сыяктуу, алардын жашоосунда араң турган турмуш жиби үзүлүп, экөө эки айрылышка түштү. Балким, муну Гулянын шаар турмушун көрүп, «көзү ачылып» калганына байланыштырышабы, же ортодо бир Медердин сүйүүсү эки жүрөктү жылыта албадыбы, же чыгармачыл адамдын жашоосун Гуля түшүнө албадыбы, айтор, жакшынакай бир үй-бүлөнүн очогу өчтү. Муну келинчеги Гуля оңой аш кылганы менен Медер оор депрессияга түшүп, акырындап ичиндеги өрттү арак менен өчүрүп жаткандай болду. Таланттуу адамдын биринчи душманы — арак экенин билип турса дагы, өзүн алаксытып жүргөн Медер айылга кетип калды. Узакка дайыны чыкпай калган досунан кабар алганы, «эки иштен бир иш» деп, гастролду Мырзакеге буруп барган Алина Медердин баягыдан да көп ичип кеткенин көрүп, шаарга алып келүүгө белсенет. Уулунун жан дүйнөсүндөгү бурганакты түшүнгөн менен эч нерсе кыла албай жаткан ата-эне Медерди Алинага ишенип, колуна тапшырат.

«Столбаны сүйсөм деле мейли»
Кайра шаарга келген Кадыршаев жашоосун толугу менен чыгармачылыкка арнап, бир күнү досуна:»Сүйүүсүз аңгырап турам, сүйүп калсам болот эле. Столбаны сүйсөм деле мейли эле»,- деген сөзү жүрөк аралап, Алинаны ойго салат. Ошондой күндөрдө жакын туугандары кайтыш болуп, Медер айылга кетти. Андан соң мектепке мугалим болуп, Мырзакеге калып калганын угуп, ал эле эмес, мектеби музыкалык-кароо-сынактан биринчиликтерге жетишкендиктери тууралуу да маалымат алып турду.

«Мен үйлөндүм»
Медербек Кадыршаевдин бир тууган жээни, эжесинин кызы кадимки «Канат менен Заринадагы» -Зарина эле. Сүйүү үчүн жанын курмандыкка чалган Заринанын тажиясына келгенде Алина да барып, катуу кайгырган Медердин жүзүндөгү оор депрессиянын ныпым изи калбаганын көрүп, четке чыгарып, жашоо сун сурайт. Анда, жаш баладай кубанган Медер:»Мен үйлөндүм»,- деп кечинде үйгө келүүсүн өтүнөт. Бирок, «арактан жаңы чыгып калган адамды кайра бузбайын, биз куттуктап барсак, дегеле арак коёт, ошол үчүн кийинчерээк барабыз»,- деп баарын токтотуп койгон Алина сүйүктүү досун кайра көргөн жок…

«Сенин сүйүүң — мага жомок»
Кеч жолуккан карлыгачы Фарида эстүү чыгып, анын чыгармачылыгын колдогон, жарына берилген сүйүктүү жубай болду. Анын колдоосу менен өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүн адамча жашап, арманын жууп алгандай болду окшойт. Жети ай чогуу түтүн булаткан жаш үй-бүлөнү ажал ажыратып, эми Фариданын жүрөгүнө өрт каптап, махабатын түбөлүк эстелик кылуу үчүн көз жаш менен ыр саптарына айландырды.

Акыркы сөздөрүңдү
Айтууга
үлгүрбөдүң!
Колумду кармап, бирок…
Адаттай к
үлмүңдөдүң.
Жараткан жубайларды
Ошол т
үн ажыратты.
А менин с
үйүүм менден
Сен жакка агып жатты.
Ооба, сен ала кетти
ң,
С
үйүүмдү келбес жакка.
Кызыксыз жашоо сенсиз,
Баардыгы чоочун, башка!

Ошентип, кыргыз музыкасында сейрек кездешүүчү үнү менен айрымаланган, тамашакөй, адамдардын баарына жакшылык кылууга далбас уруп, бир сүйүүнүн артынан миң азап, кайгы тапкан, оору тапкан, өмүрүнүн аягында түшүнүктүү жар тапкан Медербек Кадыршаев 2004-жылдын 7-январында, кыштын кыраан чилдесинде, узакка созулган оорудан бул жарыкчылык дүйнө менен кош айтышты. Медербек Кадыршаевди тааныгандар тарабынан эле сөз кылышпаса, азырынча мамлекеттик деңгээлде эскерүү кечеси өтө элек. Ошентсе да, орошон таланттын бул дүйнө менен кош айтышканына 7-январда жети жыл аяк басат. Балким, эми эстелер деп күтөбүз.

P.S: Учурда Медербек Кадыршаев тууралуу даректүү көркөм чыгарма жаздырып, китепке даярдап жаткан Клара Кадыршаева эжебизге ыраазычылык айтуу менен, «ушундай залкар ырчы бир тууганыңыз менен сыймыктаныңыз, анын чыгармачылыгы элдин эсинде сакталат» демекчибиз.

Жылдызай Аттокурова, «Обон» («Кыргыз гезиттер айылы»), 30.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий