Надырбек Кулжабаев: “Казыбек чоң молдо болгон”

Атбашылык Надырбек аба быйыл сексен тогузда. Бирок жашы  токсонго таяп калганына карабастан баскан-турганы тың, акылы жаш кезиндегидей эле тунук. Жердеши, айтылуу Казыбек акындын казалдарын  бир саат бою жаңылбай жатка айтып отурду.

Аба, кандайча казал айтып калдыңыз?
– Эс тартканы мурунку өткөн дастан, казал, санат-санжыраларды көп укчумун. Айрыкча Казыбектин  казалдарын жалгыз  карындашынан бирөөлөр аркылуу алып, мусулман китептен латынчага которуп,  ара-чолодо айтып келатам. Турмуш ошо да, карындашы кор болуп, Ат-Башынын чоң банкынын короосун шыпырып   жүрүп  көз жумду. Казыбек өзү 35 жашында эле кайтыш болгон. Кулактын баласы деп атасы менен кошо айдаган. Атасы  ошол бойдон  ошол жакта калат. Казыбек  кайтып келип, кайра кармай турган болгондо Какшаалга качып кетет, анан Узөңгү-Кууш аркылуу келатканда кармалып, Бишкекте соту болот. Ошол сотунда айтып атпайбы:

Караңгы токой чер бүгүн,
Каптап бир келди  сел б
үгүн
Кааласа кудай терметет
Кандай да болсо сен б
үгүн
Катуу жаза
өкүмдүн
Кабарын угаар эл б
үгүн
Ажеп эмес
өкүмөт
Атуудан калсын дээр б
үгүн.

Ырларынын мазмунуна караганда Казыбек өзү сабаттуу, билимдүү  киши болгон окшойт?
– Атасы чоң молдо болгон соң жеринен кичине-кичине окутса керек. Болбосо Жараткан Алла,  пайгамбарлар жөнүндө эч ким билбеген нерселерди жазбайт эле да.

Жалгыз өзүң улуксуң
Жаныңда жок шеригиң.
Жан-жарыбар адамзат
Жалгыз өзүң жараттың.
Он сегиз миң ааламда
Орду менен тараттың.
Ошолордун баарысын
Өкүмүңө караттың – дейт.

Аюп пайгамбар жөнүндө:

Азирети Аюпту
Үч жылы курт жеп айыкты.
Азап тартып ал үчүн
Аллага нечен зарыкты, – деп айтат.

Пайгамбарлардан берки тарыхты  ыр менен жазган. Ар бир пайгамбар кандай кысас тартканын айтат. Андан тышкары эл угалек болуш керек, Азирет Аалы менен кыз Дариканын күрөшү эки бөлүм менен айтылат. Карындашы Кадыда  момундай болгон чоң кол жазмасы калган экен, эч кимге бербей жүрдү. Казыбек өзү кармалаарында бир ай тарыхты жазды дейт. «Ушул жазгандарым бир мусулмандын колуна тийсе эки дүйнөдө ыраазы элем», – дечү экен. Чоң китеби чыкты дейт. Бирок азыркы китептерин окусаң башка, өзүң сыяктуу кишилер кошуп айтып кеткен окшойт. Казыбек өзү тема менен айтат да. Пайгамбарлардын кысасын башка, эл-жерди башка, оопасыз дүйнөнү башка, биринчи айдалганын, экинчи айдалганын  өз-өзүнчө кылып айткан.

– Ал  кишиден тукум калганбы?
– Калган жок. Ак-Талаадан үй­лөнгөн, байбичеси кийин карып өлдү дешет. Мен көрбөй калдым. Бир кыз, бир  эркек баласы да кайтыш болуп кетишкен.

– Ат-Башыда Казыбектин казалдарын айткан башка да кишилер барбы?
– Талды-Сууда Даатай деген айт­чу,  кайтыш  болду. Большевиктен Султангазы айтчу, а да каза болду. Баш –Кайыңдыдан казалчы Асек деген жашыраак жигит бар эле, ал кайтыш болду. Өз айылында бир киши  бар экен, эки саат айтчу дешет. Отузунчу жылдардан бери канча мезгил өттү. Азыр ал кишилердин баары кетти да. Жок. Мен сыяктуу чолуп-чолуп айткандар балким болсо керек.

Сиз жалаң эле Казыбектин казалдарын айтасызбы?
– Токтогулдун, Калыгулдун, Арс­танбектин  санаттарын, Жеңижоктун ырларын да айтып жүрөм. Жеңижоктукун көбүрөөк айтам. Кечээ кечке телевизорго тартышты.  Бүгүн да бир саатка чукул айттым. Дагы теңи калып калды, бир аз эс алайын деп келе бердим. Мурдагы күнү  радиодон толук берди, уккан жоксуңбу? Ошону уксаң, эң эле кызык.  Кечээ “Шоронун”  башчысы кечке казал айттырды. Ал өзү тамашага салып сүйлөгөн  шыктуу жигит  экен, улам баланчасын айтып бер, тү­күнчөсүн айтып бер деп түн­дө араң кетирди.

Казалдарды ара чолодо айтам деп атпайсызбы. Негизги кесибиңиз эмне?
– Согуштан келгени көп жыл колхоздо кой, жылкы ферма башчысы болдум. Андан карагайчы,  дүкөнчү да боло калдым. Эң акырында 17-18 жыл топоз багып, ошол бойдон пенсияга чыктым. Топоз суук жерде жүрөт да, ошондон суук тийип, дайыма «Преднизолон» ичем. Өзүм жети балалуу болгом. Андан эки уул, бир кыз калды. Он эки неберем бар, азыр ошол неберелердин колундамын.

Мамат САБЫРОВ, “Кыргыз туусу”, 07.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий