Тууган жердин топурагы алтын

Тумардай болгон жер киндиги Шекер айылын салаа-салаага бөлүнгөн Күркүрөө суусу өмүр артериясындай болуп аралап өтөт. Мына ошол Күркүрөө суусунун бир салаасы болгон Ыйманбек арыктын четинде тигилген боз үйдө, Чыкең көптөн бери келбей айылын сагынып калгангабы, айтор бүгүн демейдегиден көңүлү куунак олтурат.

Чыкенин кээ бир эскерүүлөрүндө айтып калганы бар эле. Эжеси Карагыз сөзгө чебер, айткан жомокторунун Чыкеңе берген таасирлери, анын ырчылыгын көп эскерер эле. Досалы жездеси көзгө атар мерген болчу. Убагында Жолборс аткан деген кеп да бар.

Сөздөн сөз уланып: Чыкең Ыйманбек арыкты көрсөтө, «кайык менен сүзгөн» балалык күндөрүн айтып калды. (Бул окуяны ар ким ар кандай жазып жүрүшөт. Бирок мен Чыкенин өз оозунан уккам).

— Балалык күндөрдү жээним Жанарбек, иним Илгиз үчөөбүз Досалы жездемдикинде бирге өткөрдүк. Мен алардан эки жаш улуу элем. Тамак-аш тартыш, кийим кече жетишсиз болсо да, баары жокко баш ийбеген балалык курак.

Досалы аксакалдын үйү да өзүнчө бир ажайып кооз жерде жайгашкан. Күн чыгыш жагы Ыйманбек суусу, күн батыш жагы Шанхай суусунун ортосунан, бийик дөңдөн орун алган. Дөңдөн ылдый, түндүк жакка көз чаптырсаң, жер соорусу дыйкандын мелтиреген кең талаасы, андан ары сүрүлүп олтуруп, тээ казактын Кара-Тоосуна барып урунат. Түштүк тарабында көшөгөдөй тартылып, канатын жайган бүркүттөй күн чыгыш менен күн батышка созулуп жаткан улуу тоо, чок ортосунда рухий жаш дүйнөңө эш берип Манас чокусу турат.

Ушундай керемет, кооз жерде өскөн болочок жазуучунун учкул кыялдарына табияттын берген таасири да чоң болсо керек.

— Менин көптөн бери тынчымды алып, күнү-түнү толгонткон оюмду акыры Жанарбек менен Илгизге айттым, -деп Чыкем сөзүн улады. — Мен китептерди көп окугандыктан, (орусча) тээ алыс жакта, көл, океан, дегендер бар экенин билем. Аларга ушундай Ыйманбек суусундай чоң-чоң суулар агып барып куят деп жазылат. Мен анда Ыйманбек арыктан бөлөк аккан чоң сууну көрө элек болчумун. Суу кирген мезгилде атчан адамдар кечип агымдан өтөр эле. Океанда ар түрдүү: чоң, кичине балыктар көп болуп, анда ар кандай кемелер ары-бери сүзүп жүрүшөт деп айтылат. Канткенде ошол жомоктой дүйнөгө жетем деген ой мени бийлеп алган.

Күндөрдүн биринде, океан дагы эсиме түштү. Чын эле, ушул Ыйманбек суусу океанга барса, анда, барып көрбөйүнбү?.. Ага кайык кана? Кайык өзү кандай неме болот? Бассам, турсам ушул ой мени кыйнап алды. Акыры бир күнү Досалы жездемдин тамындагы эшигинин каалгасына көзүм түштү… Ичимен, ушул жарайт болуш керек деп чечтим.

Мен Жанарбек менен Илгизге:
Силер мени менен кошо океанга барасыңарбы? — деп сурап калдым.

Океанды алар кайдан уксун. Мен окугандарыман айтып бердим. Баарыбыз сүйүнгөн боюнча эшиктин каалгасына келдик, же аны чыгара алсак экен. Эптеп, балта, балка менен эшиктин ашык-машыктарын түздөп, мыктарын сууруп, каалганы да чыгардык. «Кайык» да даяр болду.

Аны күргүчтөп аккан Ыйманбек арыкка көтөрүп келдик да, суунун жайыраак аккан жерине каалганы акырын түшүрүп, үчөөбүз «кайыкка» эптеп жармаштык. Көз-ачып жумгуча бизди ала салып, анан «кайыгыбыз» менен кошо камгактай кылып, суунун агымы менен ылдый көздөй шар алып жөнөдү. Аптыккан сайын суудан оозубуз толо улам ууртап жаттык. Бир маалда, ар кимибизди ар жакка: бирибизди жээкке сүрүп, бирибизди кемеге кептеп, бирибизди чычырканакка такаган жерден зорго чыктык.

Өзүбүз аман болгон соң, эми каалгабыз жок. Суу бойлой, бир топ жерге чейин чуркап, карап келдик. Энтиккен боюнча башыбызды жерге салып, бири-бирибизди көз алды менен акырын карап коёбуз. Тигилер болсо, «сенин кылганың, өзүң жооп бер» дегенсишип, жер тиктешет. Эми Досалы жездеме кандай жооп айтабыз?.. Үйдөгүлөрдүн баарысы колхоздун жумушуна кетишкен, эрте кетип, кеч келишет.

Элден мурун Досалы жездем келди. Аңырайып каалгасы жок ачык турган үйдүн бет маңдайында атчан туруп калды да, үзөнгүсүн чирене тээп, мойнун созо, эки жакка көз жүгүртө баштады. Эч ким көрүнбөйт. Чыдамы кетти, бир маалда:
— Чыңгыз, Жанарбек, Илгиз!!! -деп, улам үнүн катуу чыгара эки-үч курдай кыйкырып жиберди.

Жүгөрүнүн арасында бекинип олтурганбыз. Муну баштаган мен болчумун, тобокел деп, акырын басып биринчи мен чыктым. Мени көргөн жездем:
— Барсыңарбы?! Баарыңар барсыңарбы? Каалга жерге кирсин! Узун өмүрүңөр аман калыптыр, кудай силерди бир сактаган экен. Балакет-салакетиңер ушу суу менен кошо агып кетсин — деди!

***
Ата-Бейит Чыкени акыркы сапарына узатууда адамдык парзын тутуп, бир ууч топурак салууга келген эсепсиз эл. Ушул ыйык Мазарды — Ата-Бейит деп, Чыкең өзү атады эле…

Ата-Бейит деп атап жатканда: «Кайсы жылда, кайсы күндө, тагдырдын буйругу менен, пенде катары ушул жерге өзүнүн да келерин, өзүнөн кийин аталардын жолун жолдоп: Ата Мекен, элим, жерим деп, чындык үчүн жан кыйган эчендеген эр жүрөк баатырлардын да ушул жерге коюларын олуялык кылып сезди болду бекен?..

Ички жан дүйнөң өзүнчө күйүп-жанып, өзөгүң өрттөнүп турса; күн да бүт энергиясын Чыкеңен аянбай какшыган казандай аптабы төбөдөн куйкалап, аба дымып, асманда бир да булут жок, көкмөк.
Чыкең эми биротоло түбөлүк жайынан орун алганы жатканда, ар ким өз ою менен алек болуп, айла жоктон: — кош, Чыке! Сизди Манас ата кырк чоросу менен күтүп турган чыгар деп, ичинен кайрат кылышат.

Мураталы ажы дубасын айтып, Чыкени жайына коюуга уруксат берип жатты.
Азирети ажым, бир аз сабыр кылсаңыз экен! Сабыр кылыңыз!
— Бул ким?.. Падыша баш болуп, бүтүндөй калайык-калк Мураталы ажынын айтканына баш ийип турганда, жайына коёрдо «Токто!» — деп айткан. Шарияттын жолу бирөө гана, башка жол жок!

Көрсө бул, Шекерден келген, Дүйшөн деген имам экен.
— Азирети ажым, түндө сөз болгон. Чыкеңин сөөгүн Шекерден келген туугандары жерге өздөрү көммөк эле. Ошого жол бериңиз? Мына туугандары, жол жок, элден өтө албай сыгылышып келе жатышат.

Менин назарымда бир нерсе жетпей жаткансып, улам кыжаалат боло бердим. Көрсө, ал киндик каны тамган туулган жердин бир ууч топурагы эле…

Капилеттен болгон окуяга ар кимибиз өз бет алдыбызча айылдан Бишкекке шашкан боюнча жүрө бергенбиз. Чыкенин Ата-Бейитке коюлары ойдо жок иш эле.

Көрсө, Чыкең көзүнүн тирүүсүндө эле пайгамбарлык кылып, баласы Элдарга Ата-Бейитти айтып, аманат калтырган сөзү бар экен…

Мен Дүйшөн молдону ээндетип:
— Молдоке, Улуу Ата Мекендик согушта, Германияда курман болгон жоокерлерге Сталин вагондон Россиянын топурагын ташыткан экен. Шекер айылынан бир ууч топурак алып келгенге шариятта жол барбы?

— Бар — деп жооп берди.

Арман дүйнө: баласын көтөргөн Сейденин Ысмайылга тик карап, бетме-бет бара жатканын; таңкы желге ыргалып турган Дүйшөндүн мектебиндеги кош теректи; Жайнакты тоскон Толгонайдын буркурап ыйлап, жер тытып жатканын, Жамийла менен Даниярдын август түнүндө, арабанын үстүндө бирге бара жатканын, нөшөрлөгөн түнкү жаанда, көйнөк дамбалчан Танабайдын тизгинди үзө тартканына моюн бербей, үйүрүн көздөй алып учуп бара жаткан Гүлсараттын; түбөлүк ак кар, көк муз басып жаткан касиеттүү Манас атанын кош чокусун Чыкеңдей болуп: эми эч ким, эч убакта эч качан сүрөткө тарта албайт!!!

Кененбай Мырзанаев, Кара-Буура району, Шекер айылы.
«Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»), 07.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Тууган жердин топурагы алтын: 1 комментарий

Добавить комментарий