Чокморовдун үйү

Чоң-Таш деген шаардын четиндеги айылга барып калдым. Бул айыл белгилүү актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун туулуп өскөн айылы эмеспи. Айылды аралап, айылдагы тургундардын жашооо-шарты жакшы экенин баамдай алдым. Ошол айылдын маданият үйүнүн алдында Сүймөнкул Чокморовдун айкели тургузулуптур, ошондой эле орто мектепке ысымы да берилген экен. Кыргыз киносунун тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калган актердун үйүнө баш багып кетүүнү эп көрүп, үйүн сураштырып жөнөдүм.

Мени таңдантканы айыл тургундары анын үйүнө барбай эле койчу дегендери болду. Эмнеге деген суроомо алар, «Азыр үйү каралбай калган, өтө эле кейиштүү абалда. Үйүндө Сүймөнкулдун улуу агаларынын балдары турат. Эч ким менен киришип, чыгышып катташпайт. Бир кездеги ыйык үй катары саналып, ары-бери өткөндөр кирип, сүрөткө түшүп турса, азыр ал жерде жалаң жинди суу ичкендер, туура эмес жолдо жүргөндөр байырлап калышкан. Керек болсо токтоп кирүүдөн коркушат» дешти. Оюма Сүймөнкул аганын уулу түштү. Бактыгул деген уулу бар эле, ал келбейби бул жакка деген суроону узаттым. «Ооба, уулу бар. Бирок, ал бул атасынын үйүнө басып келбейт. Кайнаталары менен жакшы окшойт, сыягы» деген жоопту алдым. Чындыгында үйгө барып карасам өтө эле кейиштүү абалда экен. Канчадан бери акиташ, сыр дегенди көрө элек, короо жайы тосулбаган, каралбаганы көрүнүп турат. Фотоаппаратыма сүрөткө тартып жатсам, үйдөн эки киши чыкты. Ичкен адам экени дароо билинип турду, көздөрү шишиген, арыкчырай неме менин саламатсызбы деген сөзүмө алик да алып койгон жок. Жанындагысы «Эй, үйдү сүрөткө тартып жатат» деп калды. Аркынысы болсо «тартса тарта берсин» деп ары карай басып кетишти. Адамдардан көрө ошол үйгө дабыш жакындап калса үн чыгарып үргөн сары дөбөткө ыраазы болдум. Айбан да болсо өз милдетин так аткарат деп. Үйдүн акыбалын көргөн соң, жакын кошунасынан Сүймөнкул Чокморов кандай адам эле деп сурап калдым. Кошунасы «Э-эй, андай адам бир эле жаралат го» деп оор үшкүрүнүп, сөзүн улады. «Адамгерчилиги бийик, бардыгын бирдей караган адам эле. Биз кичине чакта ойноп жүргөн жерибизден эле «бери келчи» деп туруп сүрөтүбүздү тартып койчу. Көбүнчө машинесин айдап алып тоо тарапка барып, жаратылышты сүрөткө тартып калчу. Сүймөнкул келиптир дегенди укканда айылдын баары жабылып келишчү. Сүймөнкул ага айылдагы кемпирлерди, жеңелерди укмуш туурачу. Акыркы жолу үйгө келгенде бөйрөгүнөн кыйналып, шишип кетиптир болчу. Анда да сыр билгизбей баары жакшы деп, берген бозону бир аз ууртап эле иче албай койгон. Кийин кайтыш болгондо да айылдан сөөгүн чыгарбай опера-балеттен чыгарбадыбы. Айылга эки автобус жөнөтүп, көптөр билбей барбай калышты».

Андан кийин Сүймөнкул Чокморовдун агасы жашайт деген үйгө барып, кара кулпуну сүзүп кайта келе бердим. Бийик инсандарыбыздын жашап кеткен жерин ыйык музей кылып, кичине да болсо көңүл бурушса деген ойго келбей койбойсуң. Айрымдар алакандай айылга белгилүү болуп, көзү өткөндөрдүн ысымын даңазалап, көчөлөргө атын бердирип, алардын атынан ар кандай фонд түзүп, кечелерди уюштуруп жүргөндөргө салыштырмалуу Чокморовдун кадыр-баркы түбөлүк өйдө эмеспи. Сөзүмдүн акырында ага-тууган, жалгыз уулуна жана өлкө жетекчилерине жок дегенде үйүн ары-бери өткөндөр киргидей кылып коюшса деген гана тилекти айткым келди.

Мээрим Айталиева, “Асман пресс” “Форум” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 09.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий