Эрнест Абдыжапаров, режиссер: «Эгемендүүлүктүн жылаңач баатыры болуп…»

Кино — ары татаал, ары терең искусство. Тартылган сүрөттүн чебери сүрөтчү болсо, тасманын чебери режиссер экендиги анык эмеспи. Кыргыз журтуна өз тасмалары менен таанымал болуп калган белгилүү режиссер Эрнест Абдыжапаров менен бүгүнкү кыргыз тасмасынын күңгөй-тескейи туурасында баарлаштык.

— Эрнест байке, 1990-жылдан бери кино тармагына аралашып жүрөсүз. Режиссер катары бүгүнкү кыргыз киносунун абалына кандай баа бересиз?
— Кыргыз киносу дегенде эле биз «Алтын фонддо» сакталып турган кыргыз кереметин билебиз. Ал тасмалар дасыккан, чыгаан режиссерлордун эмгеги менен жаралган, уникалдуу тасмалар. «Алтын фонддогу» фильмдер кыргыздын атын дүйнөгө тааныткан, теңдешсиз кинолор экендигин эч кимибиз тана албайбыз. Кыргыз киносу Союз учурунда өнүгүп-өскөн экен. Ал эми азыркы учурдагы абалы туурасында кеп кыла турган болсок, кыргыз тасмасынын бүгүнкү абалы деле начар эмес. Акыркы 3-4 жылдан бери кино жаатына мамлекет тарабынан эч кандай каражат бөлүнгөн жок. Мамлекеттин эсебинен тартылган акыркы тасма «Белгисиз маршрут» болду. Башка бир дагы киного мамлекеттен каражат бөлүнгөн эмес. Жаңы чыгып келе жаткан, жаш, таланттуу режиссерлорго мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлбөй келет. Ошол себептен биздин кино тармагыбыз бүгүнкү күндө бийик деңгээлге көтөрүлө албай жатат. Кыргыз киносун көтөрүү, өнүктүрүү максатында азыркы Маданият министри Садык-Шер-Нияз: «Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү»- деп жарыялады. Мына ушул нерседен кийин кыска метраждуу фильмдерди тартуу жагы алдыга жыла баштады.

Өлкөбүздө болуп жаткан окуяларга, экономикалык, саясий абалга карабай, кыргыз тасмасы өзүнүн уникалдуулугун жоготпой, кемчилиги менен бирге өнүгүү жолунда бара жатат десек болот. Ушундай кысталыш турмушта белгилүү режиссерлордун дүйнөлүк фестивалдарга катышып, алдыңкы орундарды багындырып келиши, жаңы ысым, жаңы тасмалардын пайда болушу — кыргыз тасмасынын чоң жетишкендиги.

— Коңшу мамлекеттердин тасмасы эл аралык аренага чыгып, базар экономикасынан өз ордун тапкандай. Биздин тасмалардын мындай деңгээлге жете албай жатышынын себеби эмнеде?
— Өзбекстандын кино тармагы мамлекетинин жардамы менен өзүнчө бир кино индустрияны түзүп алды. Казакстандын кино жааты да мамлекетинин колдоосу менен эл аралык аренга чыгып кетти. Ал эми улуу держава Орусия болсо, кино тармагынын өнүгүүсүнө акыркы жылдары аябай катуу көңүл буруп, Голливуд менен теңтайлаша баштады. Мунун баары эл менен мамлекеттин ортосундагы системалуу иш-аракеттердин негизинде ишке ашып жатат. Тилекке каршы, бизде ушундай байланыш жок болууда. Ар кимибиз өз көмөчүбүзгө күл тартып жатып, кино жаатыбызды аксатуудабыз. Мамлекет өз арабасын тартып, кино тармагы өз арабасын сүйрөө менен гана алдыга жылууда.

— Эл аралык фестивалдарга барган режиссерлор кыргыздын жетишпеген турмушун көрсөтүү менен алдыңкы орундарды багындырышууда деген сөздөргө кошуласызбы?
— Сиз берген суроону көптөгөн карапайым адамдар да беришүүдө. Менимче, кимдир бирөөлөр тарабынан коомчулукка туура эмес маалыматтар берилген. Ошол себептен ушундай суроолор жаралып жатса керек. А чынында, мындай эмес. Биринчиден, эл аралык кино фестивалдарда «Ким өзүнүн элинин жаман жагын көрсөтсө, ошол режиссерго биринчи орунду беребиз»- деген чакырык эмес. Экинчиден, бул жакырчылыктын фестивалы эмес. Фестивалдын максаты дүйнө элинин арасынан өзгөчө өнөрлүү адамдардын талантына баа берүү, сыйлоо. Баш байгени ыйгарарда калыстар тобу ар бир режиссердун тарткан тасмасын кылдаттык менен карап чыгышат. Эгер айрым адамдар айтып жаткандай болсо, алдыңкы орундарды кыргыз тасмасы эмес, Африкадагы айрым жакыр мамлекеттер туурасында тартылган телерепортаждар алмак. Аларга караганда биздин турмуш-шарт аябай жакшы, маданиятыбыз жогору. Биздин бийиктигибиз эмнеде? Биз өзүбүздүн кемчилигибизди көрсөткөндөн коркпойбуз. Ички дүйнөсү рухий баалуулуктарга бай, улуу, түпкү эл гана өз кемчилигин көрсөткөндөн коркпойт деп эсептейм.

— Учурда режиссерлорду профессионал жана көчө режиссерлору деп эки топко бөлүп карашууда. Бир тармакта жүргөн кесип ээлерин экиге бөлүп кароо туурабы?
— Жок, туура деп эсептебейм. Кыргызфильм студиясында бир дагы режиссер штатта иштебейт. Анткени мамлекет тарабынан каражат берилбейт. Мурдагы мыкты профессионал режиссерлор менен бирге иштеп, дасыккан режиссерлордон Болот Шамшиев, Геннадий Базаров агайлар гана калды. Союз учурундагы режиссерлор өзгөчө шартка, үлгүгө сугарылып калышкан. Ошол себептен аларга бүгүнкү күндүн кинолору өөн учурап, иренжите турган таасир берип жатса керек деп ойлойм. Себеби алардын тарткан тасмалары такыр башка багытта болчу. СССР учурунда кино тармагында цензура бар эле. Азыркыдай тасмаларды коомчулукка көрсөтүүгө катуу тыюу салынчу. Ошол себептен улуу муундагы режиссерлор Союздун идеологиясынан чыга алышчу эмес.

1990-жылдары режиссерлук кесипти аркалай баштагандар улуу муундагы режиссерлордун таалим тарбиясын алып калбадыкпы. Алардан Союз учурунда сугарылган үлгүлөрү менен бирге эле жаңы замандын талабына ылайык ыкмаларды да өздөштүрүп алганбыз. Чынында, жаңы Союз ыдырып, эгемендүүлүккө ээ болгон жылдары биз жылаңач баатыр болуп, кыргыз киносун түзүп кеттик. Ал эми кийинки жаңы чыгып жаткан режиссерлор туурасында айтсак, алар биз менен аралашкан жок. Улуу муундагы режиссерлор менен да иштешпей калды. Колундагы чакан камера менен өзүнүн ички дүйнөсүн ачып берип жүрүп, кыргыздын бүгүнкү кино индустриясын түптөштү. Муну танууга болбойт. Сөздүн чыны, азыр жаш режиссерлор сапаты мыкты, суктанарлык тасмаларды тартышууда. Ошол эле Р. Аташов, Р. Жабиров, К. Шамшиев, Адилет деген балдарды мыкты режиссерлор деп айтсак болот. Болгону тасмалар автордук, коммерциялык деп экиге бөлүнөт. Автордук режиссер өзүн элге таанытып, өзүн ачып берет. Коммерциялык режиссер элге кызмат кылат. Коммерциялык багытта тартылган тасмалар фестивалга барууга ынтызар болушпайт. Фестиваль — «менмин» деген режиссерлордун арасындагы күч сынашуу.

Мен 1990-жылдары автордук кинолорду тартып, атымды чыгаруу үчүн иштесем, азыр коммерциялык багыттагы тасмаларга басым жасаганы турам. Учурда Р. Жабиров, Р. Аташовдордон көп үлгү алып жатам.

— Акыркы кездерде «Манас» эпосун тасма кылып тартуу боюнча ой-пикирлер айтылууда. Аян түшүп, «Манасты» тартуу жүгү сизге артылса, тартып кете аларыңызга көзүңүз жетеби?
— Биз режиссерлук кесипке белсенип кириштик да. «Манас» — чексиз аалам. Эгер «Манас» атабыздын тандоосу мага түшсө, кинону жогорку деңгээлде, мыкты кылып тартууга болгон күч-аракетимди аябас элем. Дагы бир белгилей кете турган жагдай, «Манас» айтуучулардын бир нече варианты болгондой эле, тасманын да бир нече варианттары болуп калса керек. Анткени «Манас» келечектеги жаш режиссерлорго да жете турган түгөнгүс кенч.

— «Манас» эпосун тартып калсаңыз Манастын ролун кайсы актерго сунуштайт элеңиз?
— Бүгүнкү күндө «Манас» эпосун тартууга биз даяр эмеспиз. Азыр Манастын ролун бул актерго сунуштайт элем деп айта албайм. Учуру келгенде ойной турган актер өзү эле табылат деген пикирдемин. Бирок «биз тарта албайбыз» — деп эле эки колду кууштуруп отура бербей, алгачкы кадамдарды жасашыбыз керек.

— Өзүңүздү дасыккан режиссермун деп эсептейсизби?
— Жаңы кино тартып баштаганда өзүмдү режиссермун деп айткандан уялчумун. Ал кезде кинонун сырларын билчү эмес элем. Кийин «Айыл өкмөтү», «Боз салкын» тасмаларын тарткандан кийин да дасыктым, чеберчиликке жеттим деп айткан жокмун. Акыркы «Уурунун махабаты», «Гаишники» тасмаларын тартканда чоң сынактан өттүм. Башка бирөөлөрдүн таңуулоосун ошолордун табитине ылайык кылып тартуу ыкмасын өздөштүрдүм. Азыр кандай тасма тартуу сунушу түшпөсүн тартып бере алам. Ушуну мен дасыккандык деп эсептейм.

— «Гаишники» сериалынын эки бөлүмүн сиз тартпадыңызбы. Орусиянын режиссерлору тарабынан кандай бааланды?
— Бизге «Гаишники» тасмасынын эки бөлүмүн тартып бер деп сунуш кылгандар да, көргөндөр да аябай ыраазычылыгын билдирип жатышат. Телекөрсөтүүнүн рейтинги боюнча бул тасманын бардык бөлүмдөрүнүн ичинен биздин жерде тартылган бөлүмү алдыңкы орунду ээлеп жатат.

— Иштешүү боюнча дагы сунуштар түшүп жатабы?
— Азырынча сунуштар түшкөн жок. Чакыруулар болгондо деле бул эми тапталып өткөн жол болуп калат. Кайра эле баскан жолду кайталоонун кажети жок го дейм. Мындан дагы жогорку тепкичтер көп. Жаңы идеялар менен иштейин деген максаттарым бар.

— «Актрисанын атагы режиссердун төшөгү менен»- деген сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?
— Бир улуу философтун: «Көзүң менен көрбөгөн нерсенин баары сен үчүн чындык эместей сезилет» — деген сөзүн карманганга аракет кылам. Айрым гезиттер ушактарды жазуу менен өздөрүнүн рейтингин көтөрүшөт. Бирок ушактар убактылуу экендигин эске алышпайт. Кайсы бир учурда ушак өлүп, чындык чыкканда ал гезиттин да рейтинги түшөрү бышык. Ушундай гезиттер мени иренжитет.

— Сиздин атакка ээ болушуңузга жубайыңыздын салымы да зор болсо керек?
— Элибизде: «Аял жакшы, эр жакшы» — деген улуу сөз бар. Анын сыңары, менин чыгармачыл чөйрөдө өз ордумду табышыма өмүрлүк жарымдын кошкон салымы зор. Тасма дүйнөсүнө жаңы кадам таштап, кыйынчылыкка туш болгондо, кайын-журтум келип, «Сени бакпайбы, оокат кылбайбы» — деген сөздөрдү айтканда, аялым мени коргоп: «Менин жолдошум мыкты, атактуу режиссер болот. Кудай буйруса, учуру келгенде бизде баары болот» — деп акылдуулук менен кайын- журтумду жайгарып койчу. Мени колдогон, менин чыгармачылыгымды сыйлаган, түшүнгөн жубайыма аябай ыраазымын.

Маектешкен Жаркынай КАДЫРКУЛОВА,
“Форум” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 09.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий