Куштай сызып, балыктай сүзүп…

Адабиятты океанга салыштыра турган болсок, ал камтыган поэзия, проза, драматургия, котормо, балдар адабияты, публицистика жанрында эркин иштеген ар тараптуу калемгерлер болот. А.С.Пушкин ыр менен жазган «Евгений Онегин» романы, лирикалары, поэмалары турганда улуу акын, «Капитан кызы», «Дубровский», «Белкиндин повесттери» ж.б. прозаларын окуганда ал повесттер менен аңгемелердин чебери, «Борис Годунов», «Моцарт и Сальери», «Таш конок» ж.б. трагедия, драмаларды жазгандыктан чоң драматург, ал эми «Алтын балык», «Алтын короз» ж.б. жомоктору барында ал алдына ат салдырбаган балдар акыны деп айтса деле жарашат. Ал котормонун да, публицистиканын да чебери. Бирок улуу драматург же улуу жазуучу деп айтылбастан, орус элинин улуу акыны бойдон кала берет.

Совет мезгилинде адабиятта куштай сызып, балыктай сүзүп, бардык жанрда эркин жазган калемгерлердин бири К.М.Симонов прозасы үчүн да, поэзиясы үчүн да, драмалары үчүн да Лениндик сыйлыктын, Сталиндик сыйлыктын алты жолу лауреаты болгон. Кыргыз адабиятында мындай көрүнүш А.Токомбаевге, Т.Сыдыкбековго тиешелүү. Айтылуу сынчы-адабиятчы, филология илимдеринин доктору, маркум Кеңешбек Асаналиев «Адабий Ала-Тоого» жарыялаган кеңири макаласында Кыргыз эл акыны Эрнис Турсуновдун чыгармачылыгын анализдеп келип, мына, мындай деген пикирди айтат: «Кээде аңгеме, повесть жазган, кээде котормочулук ишке да кийлигишкен, бирок көркөм адабияттагы негизги жетектөөчү багыты поэзия болуп кала берген кыргыз акындары бар го (мисалы, А.Токомбаев). Ошондой эле прозачылар да бар, кадыресе ыр жазып, ыр китептерин да жарыялаган, котормого кийлигишип, драма да жазып жиберген. Бирок адабияттагы калтырган изи барып-келип проза экени (мисалы, Т.Сыдыкбеков) дайыма ап-ачык көрүнүп турат…

Байкап көрсөк, Э.Турсуновдун калеми тийбеген жанр дээрлик калбаптыр: либретто, драманын түрлөрү, аңгеме, повесть, роман, жазуучулук иликтөө, философиялык, турмуштук, пейзаждык, сүйүү лирикасы, батыш-чыгыштын байыркы жана азыркы учурдагы дүйнөлүк лириканын, эпикалык поэзиянын котормолору, айтор ушунун баары жазуучунун ишмердик мейкин талаасы.

Ушунун маани-жайын байкап көрүү максатында Э.Турсуновдун котормолорунун айрымдарын гана атап көрөлү: А.С.Пушкин «Евгений Онегин», «Борис Годунов», Н.В.Гоголь «Үйлөнүү», Н.А.Некрасов «Русь жеринде ким жыргайт», Уильям Шекспир «Антоний жана Клеопатра», Бертольд Брехт «Сычуандагы акпейил адам», Назым Хикмет «Махаббат баяны», Эдуардо Филиппо «Цилиндр», анан булардан тышкары турган мусулмандардын ыйык китеби «Куран» менен христиандардын ыйык китеби «Библия».

Көрүп турасыздар го, мындай учурда эмоцияңды билгизбей кармайын десең да, кармай албай өзүнөн-өзү эле «ыргып» кетет экен. Чындыгында эмне деген чыгармалар, ким деген авторлор! Бир эле Пушкиндин «Евгений Онегин» романына үч жолу кайрылып (1967, 1988, 2004-жылдары), кайрадан иштеп чыгуунун өзү эле котормочунун өз ишине жоопкерчилик гана мамилеси эмес, баарынан мурда, бул улуу чыгармага болгон Эрнис Турсуновдун акындык дилинин нукура тазалыгын айгинелейт» («Адабий Ала-Тоо», № 8, январь-декабрь, 2005-жыл).

Узак жылдар бою чыгармачылык ишмердигин кыргыз адабиятынын алптары: А.Токомбаевдин, Т.Сыдыкбековдун, Ч.Айтматовдун фундаменталдуу чыгармаларын изилдеп, тастыктап, талдоого алган, адабияттын «тишин чаккан» чоң окумуштуу Кеңешбек Асаналиев атайын изилдөөгө алып, Эрнис Турсуновдун чыгармачылыгына көңүл буруунун өзү эле ал адабиятта куштай сызган, балыктай сүзгөн, бардык жанрда эркин жазган потенциалдык зор кудурети бар талант экенин айгинелеп турбайбы.

Эрнис Турсуновдун чыгармачылык ишмердигин мен 1980-жылдан тартып, айрыкча анын «Бадахшан» повесттери менен «Ата-Журт» романы жарыкка чыккандан тартып жакшы билем. «Ата-Журт» романы Кыргызстандын тарыхындагы эң кайгылуу 1916-жылдагы элдик-боштондук күрөштүн алдындагы жана андан кийинки жылдарды камтыган, тарыхтын изи менен көркөм ой жүгүртүп, жаңыча интерпретация­ланып, жаңыча ракурста жазылганы менен айырмаланып турат. Андагы карама-каршылыктар, тап күрөшүнүн негизинде бай-кедей болуп, жөн эле жаатташуу, жаакташуу эмес.

Тап күрөштү, элдик-боштондук көтөрүлүштү баштаарын баштап алып, атүгүл өздөрү баштап барып, ага башчылык кыла албай, калың элди окко-чокко салып, кырып-жоюп келаткан замбирек ядролоруна, бадыраган пулемёт окторуна такаат кыла албай айласы кетип, аргасы түгөнгөн болуштар, бийлер, уруу башчылар, Батыркандай, Сагымбайдай, Телгарадай, Досумбайдай «билермандардын», туруксуз адамдардын трагедиясы, алардын кесепетинен оор абалга дуушар болгон, карапайым элдин кайгысы кеңири сүрөттөлөт.

Эгерде он алтынчы жыл трагедиясы «Ата-Журттан» мурда жазылган чыгармалардагы башкы каармандар: Зулайка, Ажар, Сайра сыяктуу аялдардын аянычтуу тагдырлары аркылуу сүрөттөлгөн болсо, мында Бурулча, Дарийка, Саадат сыяктуу күрөшчүл, күжүрмөн, чыйрак каармандардын образдары аркылуу сүрөт­төлөт. Бул образдарды (айрыкча Саадаттын образын), мен автор­дун энеси Телтаеванын портретинен, өмүр таржымалынан жалпылап алынганын баамдаган элем. Анткени, партия тарыхы институтунда иштеп турганымда 1916-жылы элдик-боштондук көтө­рүлүштө томолой жетим калган тестиер кыз Сабира Телтаеванын кийин такшалып, турмуш көзүн ачып дасыккандыгы, саясий-коомдук ишмердигин архивден таап чыгып, «Төңкөрүштүн тун кызы» деген макала жарыялаган элек (архив кызматкери Касымбаева менен бирге). Мына, ошондогу турмуш чындыгы менен романдагы көркөм образдар (Саадат-Сабира, Досумбай-Касымбай, Телгара-Телтай, Сагымбай-Сагаалы) көп жагынан шайкеш келип турат.

Дагы бир белгилей турган жагдай: «Ата-Журт» романы баш көтөрбөй бир дем менен окулуп, окурманды ээрчитип кетчү кудуретке ээ. Калемгер окурманын эч бир жерде мү­дүрүлтпөй, китеп бетинен чыгып кетүүгө, аттатып ке­түүгө, жаап салууга мүмкүн­дүк бербей, эч жакка качырбай, себеп бербей, туткундап, улам кызыктырып жү­рүп отурат. Качан китептин аягына чыгып, «аттиң» деп жапканда гана окурман чыңалуу абалынан чыгат. Терең ойго батып, ийинден тына үшкүрүп, ыраазылык менен китеп бетин жабат. Окурман мына, ушундай абалда калса гана чыгарма максатына  жеткен  десек болот.

Мен романдагы мыкты сүрөттөлгөн турмуштук көрү­нүштөргө, пейзаждык сүрөт­төргө, этнографиялык каада-салттарга,  таамай айтылган диалог-дорго, сүйлөм ыргактарына, балбан сөздөргө ж.б. штрих-деталдарга атайы эле токтолгон жокмун, аларды жаза берсем кагаз түтпөстөй, убакыт жетпестей.

К.Асаналиев баса белгилеген Э.Турсуновдун адабиятта кушча сызып, балыкча сүзүп, көп жанрда эркин жазганына бир гана «Автопортрет» деген поэтикасын атап өтсөм жетиштүү болоор. Ал китептин ичиндеги лирикалык ырлар, балладалар, октавалар, сонеттер, рубаяттар, экспромттор, поэмалар поэзиянын жогорку критерийин талап кылган эрудициялуу окурманды да баш көтөрбөй окууга мажбур кылат деп ойлойм.

Башкасын коюп, ушул эки жетектөөчү жанрда, прозада жана поэзияда эркин эмгектенген авторго (анын драмаларын, котормолорун, радиобаяндарын, публицистикасын, балдар үчүн жазгандарын жана которгондорун айтпаганда да) ыраазы болбой койбойсуң.

Эрнист ага 75 жашка толгон курагыңызда ушул менин чакан макаламдагы каалоо-тилектеримди кабыл алып коюңуз!

Кален СЫДЫКОВА, Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер
,
“Кыргыз туусу”, 10.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий