КЫЗ СЕБИ МЕНЕН КӨРКТҮҮ

Байыртан ата-бабаларыбыз кыздын себин даярдоого олуттуу көңүл бөлүшкөн. Ошол кызга сеп берүү салты бүгүнкү күнгө чейин өнүгүп, өз күчүн жоготпой келет. Албетте, ар ким алына жараша калың берип, сеп даярдайт. Бүгүн биз базарларды, дүкөндөрдү аралап, орточо септи даярдоо капчыкты канчага жукартарын билүүгө аракет кылдык.

КЫЗДЫН СЕБИНЕ КОШУЛЧУ БУЮМДАРДЫН БОЛЖОЛДУУ БААСЫ:
Көшөгө – 2500-5500 сомго чейин
Сандык – 900-10 000 сом
Шырдак – 6000-20 000 сом
Жууркан – 1300-2900 сом
Жер төшөк – 1300-2700 сомго чейин
Жаздык – 250-600 сом
Жөлөнмө жаздык – 300-700 сом

АКЧАҢ БОЛСО, БАЗАРДА БААРЫ БАР
Алгач «Ош базарын», анан «Мадина», «Дордой» базарларын кыдырып, сырты темир менен капталган эң арзан сандыктын баасы 1000 сом болсо, карагай, жаңгак жыгачынан кооздолуп жасалган сандыктар 5000 сомго чейин турарын билдик.

Кыргыздын оймо-чиймеси түшүрүлгөн жерге салынуучу төшөктү сапатына жараша 800-2000 сомго чейин сатып алууга болот экен. Ал эми жуурканды акыркы убакта атайын сепке ылайыктап, кездеменин кымбатына, кебезинин сортуна жараша жасатканга өтүшүптүр. Булардын орточо баасы 1500 сомдон 3000 сомго чейин жетет.

Түркүн түстөгү чүпүрөктөн куралган, сайма сайылган жөлөнмө жаздыктарды 250-950 сомго алууга болот.

Ал эми көшөгө же терезе парда алууну каалагандар кооздугуна жараша 1 метрин 200 сомдон жогору сатып ала алышат.

Акыркы убакта «жууркан-төшөк, сандык сатылат» деген жазуулар илинген чакан дүкөндөр көбөйүп баратат. Алардын бирине баш багып, ал жакта жууркан-төшөккө болгон баа базарда жайылып тургандарга салыштырмалуу жогору экенин байкадык.

«КЫЗГА СЕП КАМДОО – АР БИР АТА-ЭНЕНИН МИЛДЕТИ»
Сапарыбызды улай сепке бере турган буюмдардын дээрлик баары камтылган «Кызга сеп» дүкөнүнө кайрылдык. Аталган дүкөндүн ээси Гүлбара эже бизди жылуу тосуп алып, кыздын себи жана төшөк жасоонун жер-жерлердеги өзгөчөлүктөрү тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

– Гүлбара эже, кандайча бул ишти өздөштүрүп калдыңыз эле?
– Өзүмдүн кесибим – экономист. Узчулукту кичине кезимден бери келе жаткан хоббим десем да болот. Бул өнөр апамдан өтсө керек. Анткени апам өмүр бою узчулук менен алектенип келди. Быйыл 86 жашта, төшөк жасабай калганына эки жыл болду. Кичинекейимде сайма сайып же бир нерсе тигип отурганда анын сыртка чыгып кетишин аңдып эле турчумун. Ал сыртка чыгары менен саймасын кармай калып жүрүп, үйрөнүп кеттим. Негизи, бала чагымда модельер болсом деп кыялданчумун. Ал кыялым орундалып, 4 жылдан бери кыздарга сеп даярдап келем. Сеп даярдап гана тим болбостон, кайсы аймакта кандай сеп берилерин, жууркан-төшөктөр кандай ыкмада жасаларынан бери изилдеп келем.

Кандай айырмачылыктарды байка­дыңыз?
– Мисалы, түштүктө кыргыз жууркандарын өтө чоң кылып, тукабадан тигишет. Анан да төшөктүн кыюусун ичине чүпүрөк салып, кыйгачынан бурап тигишет. Көбүнчө куракка басым жасашып, оюулар түшүрүлгөн төшөктөргө анча көп маани беришпейт экен. Ал эми таластыктардын көпчүлүгү оюу төшөктөргө басым жасашат. Ал эми көлдүктөр жууркандын эки четине жээк салып, кыюусунун ичине кебез салып, түз кылып тигишет.

Сеп берүү жагынан да ар кандай өзгөчөлүктөрдү байкоого болот. Мисалы, түштүк тарапта төшөктү жуп-жубу менен беришет. Экини, төрттү, алтыны, айтор, жубу жок берилбейт. Жерге салганда дагы жуптап салышат. Ал эми түндүк тарапта үчтөн, так санда беришет. Себеби жерге «П» түрүндө салынат да, бул «ар дайым ушул адамдын жолу ачык, шыдыр болсун» деген тилекти билдирет.

Ал эми кытайлык кыргыздар сепке саймаланган 40 жууркан-төшөк беришет экен. Сайманы кыздар өздөрү эс тарткандан баштап сайышат. Мындан сырткары сөзсүз түрдө сандык, 2-3 туш кийиз, шырдак, ала кийиз берилет. Жууркан-төшөктүн көп берилишинин себебин келген конокторго септин ичинен буюм берүү салты менен түшүндүрүүгө болот. Бизде деле бул салт сакталып келет. Мисалы, Таласта кайнене-кайнатасына, өкүл ата-өкүл энесине арналып атайын жууркан жасалат.

Кыргыздар көшөгө берүүдө ар кандай ырымдарды колдонуп келишкен. Азыр кызга «парда кылып тагып аласың» деп экиге бөлүнгөн көшөгө берип жатышпайбы. Илгерки көшөгөлөр андай эмес, бир тартылчу. Анткени «эки жаш эки жакка бөлүнбөсүн» деп ырымдашчу. Анан да «ушул көшөгөдөн агарып-көгөрөлү» деп уулу үйлөнгөнчө сактап, жаңы келинге тартышчу экен.

Учурда эки тарап сүйлөшүп алышып калың берип, сеп алышып жатышат. Ар ким чөнтөгүнө жараша, заманга ылайык, шырдактын ордуна килем, сандыктын ордуна эмерек, үй-тиричилик буюмдары сыяктууларды беришүүдө. Негизи, кызга сеп камдоо – ар бир ата-эненин милдети. Бекеринен элибизде «кыз себи менен көрктүү», «септи 6 жашынан камдасаң, ашырасың, 7 жашынан камдасаң, жеткиресиң» деген кептер айтылбаса керек.

– Дүкөндөгү бардык төшөк-жууркан­дарды өзүңүз жасайсызбы?
– Турган буюмдардын дээрлик баары өз колумдан жаралган. Ар бир буюмду өз кызыма жасагандай эле жасайм. Төшөктөрдү сапаттуу, кымбат кездемелерден тигип, ичине жалаң жаңы, таза кебездерди салам. Кээ бирөөлөр эски кебездерди кайра тыттырып салып коюшат экен. Негизи, кыздын себине берилүүчү төшөктөрдүн ичине жаңы кебез салыш керек. Анткени жаңы турмуш башталып жаткан соң баары жаңы, таза болууга тийиш. Бул жерде жууркан-төшөктөн тышкары кыргыз көйнөк, чапан, көшөгө, сандык, бешик жана башка буюмдар бар. Орто эсеп менен 30-35 миңге сеп даярдап кетсе болот. Бирок бизде андайлар сейрек кездешет. Бирөөсү көңүлүнө жаккан буюмду алса, кээ бирөө даяр болуп калган себин бирин-серин жетишпеген буюмдар менен толуктап алып кетишет. Жаш-жаш кыздар келип, айлык алган сайын өздөрүнүн себине аз-аздан буюм алып топтогону мени кубандырат. Башка кыздарга да ушуну сунуш кылар элем.

БАШКА ЭЛДЕРДЕ СЕП БЕРИЛЕБИ?
Бул суроого жооп алуу максатында ар улуттун өкүлдөрүнө кайрылып, төмөнкүдөй маалыматтарды алдык.

Түрктөрдө төшөктөрүнө кебез салуу уят деп эсептелет. Сөзсүз жүн салынышы керек. Ошондой төшөк, жууркандардан он чакты берилет. Аларда кыз менен жигитке кийит кийгизмей да бар. Мисалы, кыздын ата-энеси күйөө баласына саатынан баштап эки сыйра жука, калың байпакка чейин бериши шарт.

Корейлерде келинге калың төлөө деген маселе жок. Ал эми эки жашка туугандары колунан келишинче, мүмкүнчүлүгүнө жараша белек беришет да, белектин баары эки жашта калат.

Дунгандарда кызга сеп жакшы берилгени менен, калың өтө чоң эмес. Калың берилет, бирок бул символикалуу түрдө гана деп эсептелет. Себет жана кийит деген баш оорутмайлар дунгандарда жок. Кыздын ата-энеси канча бир тууганы болсо, ошолорго бирден чоң белек, мисалы, эмерек алып бересиң деп тапшырып, бөлүштүрүп коюшат. Сепке шыпыргыдан тартып бардыгын кошушат.

ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР

  • Шырдак, ала кийиз, килем, туш кийизди ар дайым кургак кармап, күбүп, мезгил-мезгили менен күнгө жайып туруу керек. Буларга күбө өч болгондуктан, жыйылып турганда нафталин сээп же арасына эрмен, шыбак, жаңгактын жалбырагын салып койгон оң.
  • Жер төшөктүн узундугуна жараша кебез салынат. Мисалы, 3 метрлик жер төшөккө 3-3,5 килограмм кебез салса болот. Ал эми чоң жууркандарга 4-5 килограммга чейин кебез салынат.
  • Кебезди салганда кебез кездемеден 2-3 сантиметр ашыкча салынышы керек. Антпесе оодарганда төшөктүн четтери бош болуп, кыюусу жакшы көтөрүлбөй калат.
  • Жууркан-төшөктү күн жылуу мезгилде көктөп алган туура. Анткени күн салкындаганда кебез ным тартып, темене жакшы өтпөй калат.
  • Төшөктөрдү да мезгил-мезгили менен күнгө жайса, барпайып турат.

Дамира Арстанова, “Супер-инфо”, №423 10-16-декабрь, 2010-жыл.

Соц тармактар:

Добавить комментарий