Мезгил таразасы – түбөлүк!

Ч.Айтматовдун 82 жылдыгына карата анын “кичүү калемдеши” Казат Акматов менен маек курдук.

– Казат агай, бул болмушта мезгил таразасы деген түшүнүк бар эмеспи. Ошол таразадан Чынгыз Айтматов өтө алабы?
– Ой, баатыр! Сурооң эң эле курч экен. Мен биресе сүрдөй түштүм. Мезгил, же болбосо тарых таразасы деген, бул өтө татаал маселе да. Муну чечмелеш үчүн бүткүл адам дүйнөсүнө, бүткүл адамзат тарыхына үңүлүп чыгыш керек.

– Анда ошентпейсизби?
– Ага шаам жетпестир. Бирок айрым далилдеримди айтышым мүмкүн.

– Айтсаңыз?
– Өз убагында кандай гана талаш-тартыш маселе болбосун, саамы келгенде мезгил өзү ал боюнча калыстыкты, чындыкты ордуна коюп коёт эмеспи.

–  Маселен?
–  Мисалды тарыхтан өзгөчө көп тапса болот. Өз кезинде дүйнөгө дүңгүрөтө макталып, бардык тарабынан колдоого алынып турган империялар, согуштар, аларды уюштуруп, башкарып жүргөн адамдар акыры түбү мезгил сотуна туш болуп кыйраган, тескери баасын, атүгүл жазасын алган учурлар толтура.

Бирок сөзүбүздү адабиятка буралы. Анткени бул тармакта жогорудагыдай мисалдар аз эмес. Дүйнөлүк адабиятта: Шекспирди, Шолоховду деле кезинде аябай “туздап”, плагиат атка кондуруп, акыры жүрүп мезгил ал экөөнү тең актады го. Ал эми коммунисттик идеоло-гиянын курмандыктарын айтып отурсак оголе арбын.

Кыргыз адабияты дагы советтик ур-токмоктон көп запкы көрдү.

Бул жагдайда Ч.Айтматов да куру калган жок. Анын “Белый пароходу” союздук сында үч жылга ур-токмокко алынган. “И дольше века длится день” романы адегенде “Обруч” деген ат менен “Новый мир” журналына барганда кимдир бирөө КПСС БКга айгак жазып, журналга бастырбоо аракети болгон. КГБ деген орган катуу киришкен. Акырында атын өзгөртүп, ар-кай жерин оңдомуш этип отуруп, эптеп жарыкка чыккан.

Ал эми “Жамиланы” болсо кыргыздар ушул күнгө дейре сындап жүрүшөт. “Күйөөсү ыйык Мекенибизди коргоп, согушта жүрсө Жамила деген сойку бир казакты ээрчип кетип калды”, – деген ага күнөө коюшат.

– Казат Акматович, Чыкемдин экинчи өмүрү өтүп жатат дейбиз. Ушуга чечме берсеңиз.
– Таамай суроо бердиң. Чыгармачыл инсандын чынында эле эки өмүрү болот. Биринчиси – күндөлүк, пенделик жашоосу. Экинчиси – чыгармачылык өмүрү. Чыгармачылык өмүр ар кимдин талантына, эмгегине жараша кыска же болбосо узак кетиши мүмкүн. Мисалы, Гомердин, Апулейдин, Конфуцийдин, Софоклдун, Кет Буканын, Жайсаң ырчынын, Шекспирдин, Пушкиндин ж.б. чыгармачылык өмүрлөрү адамзат канча жашаса ошончо жашашы мүмкүн. Ал эми жердеги тирүүлүк өмүрү көпчүлүгүнүкү узак болгон эмес.

– Ошол кыска өмүрдө деле далай жакшы-жаман дегендей окуялар болуп өткөндүр?
– Албетте. Ансыз өмүр болобу.

– Чыкемдикинен эл билбеген кызык  жерлерин  айта  кетсеңиз.
– Алар бир топ эле бар. Бирок азыноолак эки окуяга токтолоюн. Биринчиси – бизде Насирдин Байтемиров деген жазуучубуз бар эле. Сексенинчи жылдары өтүп кетти. Өтө оригиналдуу мүнөзү, сөзү, кыялы бар мыкты жазуучу болчу. Чыкемди Насыкем бир күнү айылына (Кегетидеги) конокко чакырат.

– Чыңгыз (Чыкемден улуу болчу) мен сени бүгүн тирүү бөдөнөнүн эти менен коноктойм. Карап тур, дейт. Короосундагы көп беденин ортосуна бөдөнө кармай турган тор жасап, түбүнө бир бөдөнөнү бутунан тушап койгон экен. Ошол, тушалган бөдөнө асмандап учуп жүргөн өзүнүн боорлорун мени куткаргыла деп арман чакырган үнүн Насыкем ышкырыгы менен туураганда бечара парбаналар топ-тобу менен капастагы бир боорун бошотобуз деп учуп келип конушканда Насыкем торун шап жаап алып, бөдөнөлөрдү бирден
мууздап кирет экен.

– Казат, – дейт Чыкем көзүнө жаш имерип, – ошону көргөндө мен өзүмдү жоготуп койдум окшойт, машинама түшө калып, Фрунзени көздөй качып жоголдум…

– Чыңгыз агай өзүнөн кийинки чыгармачыл инсандардын кимисин колдоду эле, же кимисин колдогон жок эле?
– Баардыгын тең аргасыздан колдоду. Таланттуусун да, талантсызын да. Ал киши үчүн жагдай ушундай катаал болуп калды. Чынын айтыш керек – ошол үчүн ал киши далай наалат да укту. Маселен, кээ бир графомандар олчойгон китеп жазып, ага өзү баш сөз жолдоп алып, Чыңгызга кол коюп бериңиз деп артынан калбай илээшип, айлап жүрүп кол койдуруп алган учурлар болгонуна күбөбүз. Ошолордун бири азыр жети томдугун чыгарып алып: “… Мен классикмин. Мага Чыңгыз өзү баш сөз жазган”, – деп элдин эсин оодарып жүрөт. Бирок Чыкемдин баш сөзүнө карабастан эл өзү түшүнөт – ал классикпи же графоманбы? Мындай учурлар бирөө эле эмес.

– Кызмат сурап кайрылгандар да болгондур?
– Болбогондо! Чыкемдин бир ооз сөзү адам тагдырын чечип турчу да. Бир жолу Акаевдин пресс-кызматынын жетекчиси болуп турган Осмонакун Ибраимов мага жүгүрүп келди. Мен анда жаңы эле Мамлекеттик тил комиссиясын уюштуруп, Ак үйдүн экинчи кабатында иш баштап отурат элем.

– Казат Акматович! Чыңгыз Айтматов экөөңөрдүн кол алдыңарда (Жазуучулар союзун айтат) тарбия алып өстүм эле.

Өзүңүз Чыкемдин жолдомосу менен илимдин кандидаты кылдыңар эле. Азыр бир чоң иш болуп турат. Мени Аскар Акаевич мамлекеттик катчылыкка карап жатат. Бирок башка талапкерлер күчтүү. Чыкем бир ооз айтпаса иш бүтчүдөй эмес. Ал киши сиздин сөздү жок дебейт. Абдан суранам… Болуптур дедим да анын пресс-кызматындагы эл аралык телефондон Брюсселге чалып, Чыкеме болгон ишти айттым. “А сен өзүң эмне болбойсуң? Дайыма эле бирөөгө ортомчу болуп басып жүрөсүң?” – деп Чыкем негедир мага катуу үн менен жооп берди эле аны монитордон Осмонакун угуп калыптыр.

– Чыке, мен мамлекеттик тилге жаңы эле ишке кириштим. А тигил иште Осмонакун эле иштесин, колунан келет… – деп Чыкеме безилдедим.

Чыкем бир аз үнсүз турду да: “Ну, болуптур, бүгүн силерде кеч, эртең менен Акаевге айтайын”, – деди.

Ошондон эки күн өтпөй Акаевдин жарлыгы чыкты. Осмонакун мамкатчынын иш бөлмөсүн ээледи. Куттуктап коёюн деп эртеси мен кирдим. Кирсем баягы Осмонакундан ныпым эчтеме жок. Кара булгаары креслого чалкалап, керсейип калыптыр.

– Гнида твой Айтматов! И ты тоже! – десе болобу. Ошондо өмүрүмдө биринчи жолу жүрөгүмдү колум менен мыкчып, ордумдан тура албай, шал болуп отуруп калдым…

Ошол окуядан эки жума өтпөй эле Ч.Айтматов Брюсселден Бишкекке келээри гезитке чыгып калды. “Казат агай”, – деди А.Акматалиев телефон чалып, – экөөбүз барып Чыңгыз агайды тосуп келбейлиби”. Макул дедим. Тоспой жүрдүк беле!

– Түнкү саат 4тө уйкудан калып отуруп “Манаска” барсак, Чыкемди самолёттун трабынан (бизди аякка коё бербейт да) баягы эргул Осмонакун плащын чечип ыргытып, далдактап чуркап, кош колдоп кучактап тосуп жүрөт.

– Мындай эки жүздүү, шумпай образдарды улуу Шекспир гана жараткан да.
– Биз дагы жаратабыз. Аттарын даана жазып жаратабыз. Болочок муундар билсин. Анткени келечекте түз жүргөн, таза, эки жүздүү эмес адамдарды тарбияламайынча эл дагы, өлкө дагы оңолбойт. Бул жөнүндөгү улуу инсаныбыз Исхак Раззаковдун айткан керээзин унутпашыбыз керек.

Маектешкен Н.ЖЭЭНБЕКОВ, “Кыргыз туусу”, 10.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий