НАМАНГАН БЕГИНИН МӨӨРҮ ТАБЫЛДЫ

Аксы аймагына барып эл- журт кыдыруубуз Кокон хандыгынын тарыхы, хандыктагы бийлик жүргүзүүдө Саруу уруусунун таасири туурасында жаңы табылгаларды берди. Ушул убакка чейин талаш-тартыш болуп, биротоло башы ачылбай келаткан «Жаркынайым кимдин кызы — Токтоназардынбы же Аспердининби?» деген суроо боюнча да эл ичинде ар кандай ача маалыматтар бар экен. Аларды тактоону кийинкиге калтыралы да жаңы табылга — Токтоназардын мөөрү, эн белгиси, бий белгиси жөнүндө сөз улайлы.

Гезитибиздин 3.12.2010-ж. №82 санында Тубайдын туу казыгы да Аксыдан табылгандыгын жарыя кылганбыз. Эр Эшим хан Турсундун катаган элин чапканда (болжолу 1628-жыл) эр сайышка 54 жаштагы Төңтөрт чыгып жеңет да, ошондон улам «Төңтөрт душманды төңтөрө сайбаганда, Тубайга туу кайдан тиймек» деген накыл кеп айтылып калыптыр. Ошол туу казыкты тарыхый мурас кылып сактап келаткан Туратбек Эркин уулу түн тереңдеп кетелекте деп Кожо-Ата айылынын бир капталындагы Топ-Жаңгакка — Жамшитбек Ниязалы уулунун үйүнө ээрчитип жөнөдү. Түн бир оокум болуп калганына карабастан 90го чамалап калган карыя ойгонуп, мөөр, эн белги, бий белгилерин сандыктын түбүнөн бышык келинине алдыртып чыкты.

Тарыхый бул буюмдардын таржымалын чечмелөөдөн мурда карыянын жана ал унутуп калган жагдайларын кошумчалап отурган Туратбек Эркин уулунун айтымы боюнча Кокон хандыгын башкаруу, хандарын алмаштыруу, ордонун ич ара оюндарын уюштурууга түз да, кыйыр да тиешеси бар Токтоназар тууралуу учкай айта кетүү ылайык.

Колго тийген тарыхый маалыматтар жана санжыра топтомдору боюнча Тубайдан Тагайберди, Меңди, Муратаалы деген үч бала туулат. Азыр эл ичинде Тагайбердиден тарагандарды «Ай тамгалар», Меңдиден тарагандарды «Жети уруу» деп, ал эми Муратаалыдан тарагандар Боргемик, Бош Моюн, Алакчындар деп аталышат. Тагайберди эки уулдуу, биринин аты -Токтомуш, экинчисинин аты — Жамантай. Мындан — Жалпак тил, Чаян, Баркы. Баркыдан — Андабай, Кабай, Жабай, Ырай. Андабайдан — Нияз бий, андан — Бүргө, андан -Чот баатыр. Чоттон — Токтоназар, Кожомберди, Асперди.

Кокон хандыгынын тушунда Токтоназар Намангандын беги болгон дешет. Аксылык жазуучу Абдымомун Калбаевдин ою боюнча да бул мөөр ошол доордун көрүнүктүү өкүлү Токтоназарга тиешелүү.

Мөөрлөрдү көздүн карегиндей сактап келаткан Ниязалы уулу Жамшитбек карыянын өзүнүн айтымында, булар болуш атасы Ниязалынын мөөрлөрү.

Ал эми Эркин уулу Туратбек «болуштарга мындай мөөрлөр, эн белгилер берилчи эмес. Булар Кокон хандыгынын тушунда Токтоназарга берилген деген чындыкка жакын» дейт.

Булардын кайсынысы чындыкка жакын? Силерден пикир күтөлү.

Маалымат үчүн:
КОКОН ХАНДЫГЫ 1710-жылы түптөлө баштап, 1876-жылы 19-февралда жоюлуп, ордуна Россия империясынын Түркестан генерал-губернаторлугуна караган Фергана областы түзүлгөн.

Кокон бийлиги 166 жыл жашап, аны төмөнкү бий, хандар башкарган:
1. Шахрук бий (1710-1722)
2. Абдурайим бий (1722-1734)
3. Абдукарим бий (1735-1751)
4. Абдурахман бий (9 ай гана башкарган)
5. Эрдене бий (1 жылдан кийин агасына берген)
6. Бабабек бий (10 айдан кийин өлтүрүлгөн)
7. Эрдене бий (1755-1769)
8. Сулайман бий (6 айдан кийин өлтүрүлгөн)
9. Нарбото бий (1769-1801)
10. Алим хан (1801-1809)
11. Омор хан (1810-1822)
12. Мадали хан (1822-1842)
13. Шералы хан (1842-1844)
14. Кудаяр хан (1845-1858),(1862-1863),(1865-1875)
15. Малла хан (1858-1862)
16. Кудаяр хан (1862-1863)
17. Султан Саид (1863-1865)
18. Кудаяр хан (1865-1875)

Машакбай РАХМАНКУЛОВ, “Форум” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 09.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий