Сиз өзүмдүн Сүкөмсүз да…

Чыңгыз Айтматовдун генийи жөнүндө анын көзү тирүүсүндө эле көп жазылып, көп айтылып келген жана мындан ары дагы айтыла да, жазыла да бермек. Анткени, акылында бүткүл адамзаттын акыл чени менен ченелген чексиздик бар чыгармачыл улуу ойчул катары анын тарыхтан алган орду ошончолук. Анын дүйнөдө эң көп окулган сүйүктүү жазуучу экени да, жер үстүндөгү улуу табышмак – адамдын эң оболу өзүн адам болууга чакырган кун жеткис чыгармалары аркылуу жашоонун ак, таза жолун, акыйкаттуулуктун, гумандуулуктун өлбөс салттарын адамзаттын аң-сезимине жеткирүүгө багытталган асылдык идеялары менен дүйнө элинин көңүлүн бурган кайталангыс сүрөткер экени да, кыргызды дүйнөгө тааныткан улуттук сыймыгы, рухий лидери, ой казынасы экени да – баары бүгүн аксиома болуп калган.

Өзү бул жарыкта баарынан күчтүү, баарынан маанилүү деп билген Сөз керемети аркылуу дүйнөгө жакшылыктын үрөнүн сээп, ааламдык проблемалардын тегерегинде өмүр бою түйшөлүп келгени да баарыга небак белгилүү, небактан алаканга салгандай, апачык. Кай жагынан алып карабагын, кандай айтып мактабагын Чыңгызга жарашат. А бирок, ал жөнүндө айтылчу сөздүн эң негизгиси анын өзүнүн көөнөрбөс чыгармаларында. Чыңгыз жөнүндө анын өзүнүн чыгармаларындай эч ким айтып бере албайт. Аны окуу керек. Улам келген муундар Чыңгыз өзү океан-эпос деп атаган “Манасты” окугандай окуу керек.

Чыңгыз Айтматовду мен өз тү­шүнүгүмдө, акылы ааламды ай­лант­кан көөнөрбөс ойлорунда бардык муундарга замандаш болуп, доорлордун катмарынан калкып чыгып, түбөлүккө жашай берчү акылмандардын бири деп эсептейм. А турмушта…

Мен оболу баш тарттым да бийликтен,
Даңкты таптым, кылымдарга дүүлүккөн.

А турмушта бир жөнөкөй адаммын,
Сен сыяктуу, катын-бала, үй күткөн…

деп, менин Сократка байланыштуу жазган ыр саптарым бар. Анын сыңарындай, атагы дүйнөнү дүңгүрөтүп, башындагы ааламдын өзүндөй чексиз ойлору менен төбөсү көккө жетип турса дагы, Чыңгыз адам катары бой көтөрбөгөн, бирөөгө катуу же калп айтпаган, жөнөкөй, жердигинен токтоо эле. Ушак сүйлөп, бирөөлөргө акарат келтиргенди билчү эмес. Жердеги майда-чүйдөдөн оолак, өйдө болчу. Мүнөзү жумшак, көңүлү гүлдөй үлбүрөк, дайым бир калыпта, ойлуу жүрчү. Өтө ишенчээк болчу. Анан мен байкагандан, ал бирөөнү караганда көз тиктеп карачу эмес, жаш балача баёо, уяң карачу. Менин баамымда бул өтө бир ыймандуулуктун, акылмандуулуктун белгиси болуу керек.

Чыңгыздын табиятындагы мурда эч ким байкабаган мындай дагы өзгөчөлүккө мен бир жолу таң калгам. 1968-жылдары, анда Чыңгыз Кыргыз киносоюзун жетектеп, “Гүлсарат” китеби үчүн жакында эле СССР мамлекеттик сыйлыгын алган мезгил. Мен Кыргыз жазуучулар союзунун адабий кеңешчиси элем. Чыгармачылык бир иштер менен экөөбүз чогуу Таласка барып калдык. Ошондо Покровка тарапта бир жерде чоң алма бактын ичинде, жакшынакай көк чөптө (жаныбызда облустун, райондун жетекчилеринен үч-төртөө, анан (“Чыңгыз келиптир” деген кабар дароо тарайт эмеспи) дагы анча-мынча кишилер саал нараакта олтургандай болгон аны-муну сүйлөшүп, кичинеден ууртап-татып, мейман болуп олтурганбыз. Бир маалда бою чаканыраак, сыпаа, баскан-турганы, сүйлөгөнү тың бир аксакал Чыңгыздын жанына акырын басып келип: “Айланайын, бери карачы!” деди. “Эмне болуп кетти?” дегенсип, Чыңгыз аксакалды карап калды. “Сен” ат ээк”, алды жайык балам экенсиң. Бул чанда бирөөлөрдө гана болот. Өтө бактылуу экенсиң, көз тийбесин!” деп бата берди. Чыңгыз түк унчуккан жок. Жылмайып гана койду. Тигил аксакал качан кандай кетти майда-чүйдөсүн байкабаптырмын. Дароо Чыңгызды карай салдым. Чын эле алдыңкы ээги жайылыңкы, саал ылдыйраак түшүп турат экен. Мурда дегеле байкачу эмесмин. Кайра дагы карадым. Башкалар муну көңүлүнө да алган жок окшоду. Бирок менде “Чыңгыз жөн эмес, чоң тагдыр буйруган, Теңирдин мээри түшкөн башкача адам!” деген сезим калды.

1957-жылдын ноябрь айында бир топ жазуучулар, арасында Чыңгыз “сайгашка талант, феноменалдуу сүрөткер” атаган Сакем (Саякбай Каралаев) баш болгон артисттер да бар, СССР жазуучулар союзунун адабий фондунун каражатына курулган Московская көчөсүндөгү (“Тоголок Молдо” паркынын маңдайында) 141-үйгө кирип жашап калдык. Мен үй-бүлөм менен үчүнчү кабаттагы 3 бөлмөлүү квартирага, Чыңгыз менен Сооронбай эки үй-бүлө болуп, биздин эле подъезддин 2-кабатындагы төрт бөлмөлүү квартирага киргенбиз. Буга чейин мен “Пионерлер үйүнө” чукул Совет көчөсүндөгү орус кишинин бир бөлмөсүндө патирде жашачу элем. Чыңгыз 1953-жылы үй-бүлөсү менен Таластан көчүп келип, Фрунзенин үстү жагындагы Чоң-Арык айылында жашап турган. Өзү ал кезде Москвада Жазуучулар союзунун алдындагы жогорку адабий курста окучу. Мен КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык  мектепти бүтүп келип “Кыргызстан пионери” гезитинин редактору элем. Кээде ар кандай чыгармачылык командировкаларга же жазуу­чулардын кеңешмелерине барып калган учурларда Чыңгыз менен бири-бирибизди табышып, “Сен студент эмессиңби” деп (албетте, менде деле анча жарыган акча жок), Чыңгыз экөөбүз сөзсүз ресторандан тамак ичип, жайма-жай сүйлөшүп, кеткиче чогуу болчубуз. Ошондо ал “Обон” (“Жамийла”) повестин жазып жүрүптүр. 1958-жылы ал повесть “Ала-Тоо” журналынын 10-санына жана менин “Ак-Мөөр” поэмам ошол эле журналдын 5-санына басылды.

1958-жылдын октябрь айында Москвада өткөн кыргыз адабияты жана искусствосунун декадасы учурунда жазуучулар  союзундагы  кыргыз адабиятынын талкуусунда сөз көбүнчө ушул эки чыгарма – Чыңгыздын “Жамийласы” менен менин “Ак-Мөөр” поэмамдын тегерегинде болуп, катышуучулардын баары эки чыгарманы бир добуштан кыргыз совет адабиятындагы жаңы сапаттык бийиктик катары белгилешти. Бул тууралуу ошол талкуунун стенограммасында сакталуу. А бирок, декададан мурда өзүбүздүн аттуу-баштуу эле жазуучулар башчылык кылып, Кыргызстан жазуучулар союзунда “Жамийла” повести боюнча талкуу уюштурушуп, чыгарманы кыргыз адабиятына мүнөздүү эмес, кыргыз аялдарына шек келтирген, идеясы туура эмес катары баалашып, көпчүлүгү каралап чыгышты. Коргогондор да болду. Мен өзүм: “Чыгарманы каралап, терс пикир айтып жатканыңар чындыктан алыс, түшүнбөй жатасыңар, бул чыгарманын духу, идеясы силер ойлогондон такыр башка, бул жакшы саамалык, мында эркек менен аялдын ортосундагы гана эмес, жер үстүндөгү бүтүндөй жашоонун өзүнө жан берген зор сүйүүнүн элеси турбайбы” деп, калыс пикиримди айттым. “Тагдырдын тамашасы” дейт го, мындан он чакты жылдан кийин жарык көргөн менин “Жылдыздарга саякат” деген поэмам дал ушундай тагдырга туш келип олтурбайбы. Мында дагы биздин аттуу-баштуу жазуучулар дал ушинтип поэмага каршы талкуу уюштуруп, бирок бу жолу жазуучулар союзунда эмес, Кыргызстан КП БКнын бюросуна чейин алып чыгышкан. Ошондо Чыңгыз поэманы коргоп, өзүнүн салмактуу калыс пикирин айткан жана “Правда” газетасына аны бүтүндөй түркий тилдүү поэзиянын ийгилиги катары мактап жазып чыккан. Ал эми бул эки чыгарманын тең кийинки тагдыры баарыга белгилүү.

“Жамийлага” сын айтылып жүргөн кезде бир күнү түшкө жакын Чыңгыз биздикине кирип келди. Бир нерсеге кейигендей, көңүлү чөгүңкү.

– И, кайдан? – Мен дагы кабатырлана түштүм. – Кана эми, олтур, олтурчу.

– Тоодон. Азыр эле машинадан түштүм. Үйгө да кире элекмин, түз эле мында кайрылдым, – деди диванга олтуруп, саал башын чалкалата калып. Э, Сүкө, бул, катуу бассаң “таскак” дейт, акырын бассаң, “аксак” дейт, дечү беле?

– Ооба. Анан? – Мен бир нерсе анын жүрөгүн өйүп жатканын туюп турдум.

– Түгөлбай ага тоо жакка чыгып келели дегенинен, эмне дейсиң, макул болдум эле, машинага олтургандан баягы талкууну кайра баштап, тээ Басбөлтөккө барып келгиче “Сен, кыргыз адабиятында жок, кыргыз аялдарына мүнөздүү эмес бир нерсени жазып, кыргыз аялдарынын абийирин кетирип жатасың, болбойт мунуң, жарабайт. Ошондой да болчу беле? Алганы согушта жүрсө, зайыбы биякта башкага бузулуп кетип жатса, ошону сен башкы каарман кылып адабиятка апкелгениң эмне?” деп, капкаяктагынын баарын айтып мээмди толтурду. “Коюңуз Түкө, андай эмес, бул деген көркөм чыгарма да, мен эски калыптанган эрежеден чыгып, турмуштагы чындыкты ачып көрсөткүм келди. Чындыкты эрежеге салууга болбойт да. Жамийла аялдардын абийирине шек келтирген жок, ал өз бактысын, чоң сүйүүнү издеди…” деп түшүн­дүрүүгө аракеттендим. Эч болбойт. Акыры унчукпай кутулдум. Ой тобоо! Мындайды эч күткөн эмесмин. “Чыгармаңдан баш тартышың керек!” дегенге чейин айтты. Ушундай, Сүкө. Айласыздан күлөсүң” деп, өзү жылмайып койду. “Ай, Чыңгыз, – дедим мен да кошо күлүп. “Акылдан азап” деген ушул. Бирок, бизге баарынан кымбаты – кыргыз адабиятынын келечеги. Мунун баары өтчү-кетчү иш. Пендечилик. Сен өзүң мунун баарын түшүнүп турасың да.

– Албетте, албетте, – деди Чыңгыз жайбаракат гана. Ал дайым ошондой жайбаракат сүйлөчү. – Бирок, менин түшүнүгүмдө адамдарда кандай шарт болбосун, адамдык нарк, абийир менен бирге чоң адамгерчилик болгону абзел го…

Эми мындай жакындык мамиледе ички сырларды айтышып, ички букту чыгарган учурлар, жеке чыгармачылык, жалпы адабияттын маселелери жөнүндө, М.Ауэзовду баш кылып адабияттын көрүнүктүү өкүлдөрү тууралуу сүйлөшүүлөр, пикир алышуулар (тагыраак айтсак, 86-жылга чейин, анан ал көбүнчө четте жүрүп, көп көрүшпөй калдык) ушунча убакыттын ичинде көп эле болду. Чыңгыз абдан баамчыл болчу. Ауэзовдун чыгармаларындагы ой чабытынын кенендигин, бийиктигин, адамдык даанышмандыгын; Мустай Каримдин чыгармачылыгы менен бирге адам катары акылдуулугун, токтоолугун; Р.Гамзатовдун тамашакөйлүгүн, ойдо жок жерден сөз тапкычтыгын; Кугульдиновдун ырларындагы поэтикалык ойлордун интеллектуалдуулугун, тактыгын жогору баалачу. Булардын баары менен ал дос болчу. Бирок алар Чыңгыздын артыкча акылына баш ийип, аны өзгөчө урматтап турушчу, үйүнө чейин келишчү. Чыңгыз аркылуу алар жана башка дагы атактуу жазуучу-акындар менен мен өзүм дагы жакшы тааныш болдум. Москва көчөсүндөгү 141-үйдө турган кезинде (кайсы жылы экени эсимде жок, “Манас” эпосун коргогонго байланыштуу болсо керек эле) Мухтар Ауэзов, 1970-жылы атактуу акын Расул Гамзатов Чыңгыздыкына мейманга келишкен. Ар бир жолкусунда мейманды чогуу тосконбуз. Кандай кызыктуу жолугушуулар, кызыктуу аңгемелешүүлөр  болгон! Эми ал кайталангыс күндөрдүн элеси гана көңүлдөн кетпес жарык шоола болуп эсте калды.

Ушул жерде Чыңгыз мага кийин айтып берген Гамзатов жөнүндөгү бир окуя эске түшөт: Бир жолу алар жайдын күнү чакан делегация менен Индияга эл аралык симпозиумга барышат. Гамзатовдун ичимдикти жакшы көрөрүн билген Чыңгыз, анын жан ачыр досу катары, самолётто бул жөнүндө жакшы эле кулагына куят. “Оозго албайм, алсам эле…!” деп, берки убадасын бекемдейт. Симпозиум ачылган күн кадимкидей өтөт. Эртеси заседаниеге барарда эле Расул жок. Табылбайт. Ичип алыптыр. Кызылдай мас. Көрсө, Чыңгыздан качып, бөлмөсүн ичинен бекитип коюптур. Эптеп ачтырышат. Чыңгыз эмне кыларды билбейт. Биринчиден, ал элде ичкилик ичкенди өтө уят көрөт экен, экинчиден, жыйналыш өтө олуттуу. Ошондо Расулдун абийирин сактап, “Тезинен өлкөгө кетүүгө туура келди” деген шылтоо менен, эптеп атайын рейс чакыртып (бул да Чыңгыздын дүйнөлүк баркынын күчү жөнөкөй кишилерден эки киши жалдап, (Расул түшпөй чатак кылып) зорго самолётко салышат. Бирок самолётто жүрөгү ооруп дагы убара кылат. Өзү: “Эми ичсем өлөйүн!” деп, жолду ката Чыңгыздан кечирим сурай берет. Ошентип жатып, Москвага учуп келишет.

Кызыгы, андан бир аз убакыт өтүп-өтпөй, Чыңгыз Москвадагы Адабиятчылардын борбордук үйү­нүн (ЦДЛ) ресторанына тамактанганы кирсе, көбүнчө ичимдик ичкендер олтура калчу буфетчи аялдын так маңдайындагы бийигирээк тосмо чабак текчеге стаканын коюп алып, жанындагы бирөөнүн боорун катырып бакылдап сүйлөп жаткан Гамзатовду көрүп: “О, кайран! Кой, эми уялтпай эле коёюнчу” деп, кайра эле артын көздөй буруларда, аны кокусунан байкай койгон Расулдун жаны төбөсүнө чыгып: “Ай, ай, Чыңгыз, кымбаттуум, сен каякка, бери, бери!” леп, энтеңдеп чуркайт. Анан кайра баягы стаканын эстей коёт да, Чыңгызга көз кылып буфетчи аялга кыйкырат: “Клава, сен эмне мени уят кыласың. Мен сага сок, жалаң гана сок куй дебедим беле?!”. Гамзатовдун амалын дароо түшүнүп (Расулду дагы баары жакшы көрөт да), “Ой, ой, Расулчик, кечириңиз, кечириңиз!” деп, буфетчи аял калп эле алдаңдап калат. “Ой, буларга айла жок экен да” деп, Чыңгыз боору катып күлөт. Ооба, Гамзатов дагы ошондой дүйнөгө бир келген азамат болчу.

Ал эми Чыңгыз менен качан таанышканыбыз менин, чынында, оюма да келбептир. Бири-бирибизге тээ башынан эле өз катары мамиле кылчубуз. Муну элдин баары билчү. Ал мени “Сиз менин өзүмдүн Сүкөмсүз да” деп келчү. Биздин бул ички жакындык мамилени башкалар сыяктуу сыртка да чыгарчу эмесмин. Андай бирөөнү саткан мүнөз менде дегеле жок. Эми Чыңгыздын көзү өтүп кеткенден кийин гана тарых үчүн айтып коюуга тийишмин. Ал тургай, ушунча ага-ини болуп жүрүп, “өзүбүз эмеспи” деген демейдеги камырабастык менен, илгери бир анын дачасында түшкөн эки сүрөттөн башка айта берсе, экөөбүз атайылап сүрөткө да түшүп койбоптурбуз. Жанагы дачадагы сүрөткө деле атайылап түшкөн эмес болчубуз, ошондо кирип-чыгып жүргөн туу­гандардын бири тарта койгон экен. Аны да кийин тарткан жигит сүрөттү үйгө алып келип бергенде көрдүм.

Чыңгыз экөөбүздүн чыгармачылык жолубуз бир эле мезгилде башталган. Менин”Биринчи жаңырык” аттуу алгачкы кичинекей жыйнагым 1949-жылы чыкса, Чыңгыздын “Гезитчи Дзюйдо” деген биринчи аңгемеси 1952-жылы жарык көр­гөн. Бирок ал буга чейин В.Катаевдин “Полктун уулу” повести менен М.Бубенновдун “Ак кайың” романын кыргызчага которгон жана өзү муну чыгармачылыгынын башталышы деп эсептейт. Анан бул эки котормо жана кичинесинен орус тилин үйрөнүп, орус адабиятын көп окуу менен орус маданиятын, духун эртелеп өзүнө сиңиргени да анын бийик чыгармачылыгына жол ач-канын өзү айтып калчу. Бири-бирибиздин чыгармачылыгыбызга дайы­ма көз салып, ийгиликтерге чогуу кубанып жүрдүк. Чыңгыздын чыгармачылык жана коомдук ишмердүүлүктөгү ийгиликтери чексиз экени баарына маалим. 1963-жылы болгону 35 гана жашында ал чоң мамлекетибиздин эң жогорку сыйлыгы – Ленин орденин алды. Бул анын жеке өзүнө гана эмес, бү­түндөй кыргыз элине чоң аброй алып келди. Андан бери Чыңгыз албаган дүйнөдө бир дагы жогорку сыйлык жана наам калбаган чыгар. Ушунун баарында эң оболу улуу табияттан тартууланган анын өзүнүн чексиз жөндөмдүүлүгү, анан, кандайдыр бир даражада, бабалардын бийик рухунун, байыркыдан келаткан кыргыздын көркөм сөз өнөрү­нүн бай тажрыйбасынын таасири жана асыл ата-энесинин тарбиясы, үлгүсү деп ойлойм.

Төрөкул аганы биз көргөн жокпуз. Бирок анын элдин жүгүн мойнуна алып, Совет бийлигине чын дилинен кызмат кылган мамлекеттик  зор ишмер экенин жана ошол кездеги акыйкатсыздыктын, наа­дандыктын бейкүнөө курмандыгы болгон армандуу тагдырын жакшы билебиз. Балким ушунун өзү – бул жашоодогу ак менен каранын, жакшы менен жамандын күрөшү Чыңгыздын көңүлүнө бала кезинен тартып так салып, наристе жүрөгүн бүтпөс кайгыга, ызалыкка толтуруп жана анын атасына болгон кусалыгы, анын кымбат элеси, анын гуманисттик идеяларды туу кармап, өмүр бою аларды өзүнүн чыгармалары аркылуу адамзатка жеткирүү аракетине көбүрөөк түрткү берген чыгар?

Нагыйма апаны болсо жакшы билип калдык. Анын колунан Чыңгыз менен далай тамак ичтим. Айрыкча алар Дзержин менен Киев көчөсүнүн бурчундагы беш кабаттуу квартирага көчүп кеткенден кийин. Иреңи боз, орто бойлуу, жылдыздуу адам болчу. Көп сүйлөчү эмес, сураган суроого гана жооп берчү. Табиятынан сергек, өтө акылдуу. Бир жолу ата-теги жө­нүндө билгим келип сурасам айтып берген. Атасы келим-кетимдүү, Орусия менен Польша мамлекеттерине чейин ишкерлик алака жүргүзгөн, ошол кездин экономикасына аздыр-көптүр салым кошкон прогрессивдүү адамдарынан экен. Нагима апа ошондой билимдүү,маданияттуу, бай үй-бүлөдө чоңоюптур. Анын бүт турпатында, баскан-турганында, мүнөзүндө аксөөктүк, сыпайылык мындай деле байкалып турчу. Каткырып күлгөнүн бир дагы жолу көргөн жокмун. Дайыма басмырт, адептүү. Отуз беш жаш курагында ак жеринен навыт кеткен күйөөсү үчүн болгон айыкпас жараа­ты, ички муңу кабагынан ар дайым байкалып турчу. Ал бир муңдуу күүнү дайым ичинен кайрып, тамак-аш даярдап, же дагы башка тиричилик кылып, акырын басып жүрчү. Мен билгенден, ден-соолугу илгертеден начар болчу. Манжалары шишик тартып, ийри-муйру, деми кыстыккансып турчу. Чыңгыз апасын жанындай көрчү. Айтканын эч качан эки кылчу эмес. “Чыңгыз кичинесинде кандай эле?” деп дагы бир жолу сурасам мындай деп айтканы эсимде: “Чыңгыз өтө зээндүү, өтө сезимтал, адамдарга боорукер болуп чоңойду. Эч качан калп айтчу эмес, өтө тил алчаак болду. Он үч жашынан тартып бүтүндөй бир үй-бүлөнүн түйшүгүн көтөрүп, бейгам балалыктын кайталангыс ырахатын көргөн жок. Кичинесинен тартып менин кеңешчим да, сырдашчым да болду…”.

Нагыйма апа дүйнөдөн кайтканда жаш эле болчу, көрсө 67 эле жашта экен. Апасы каза  болгондо “Эмне үчүн тагдыр мынча катаал?” – деп Чыңгыздын өксүп басылбай көпкө ыйлаганы дале эсте. Чыңгыздын баркы менен, бир эсе өзүнүн чоң адамдык касиети аркылуу, көчө­лөргө эл батпай ал киши акыркы жайына татыктуу узады. Чынында Дүйнөгө Чыңгыздай уулду төрөп бергени үчүн кыргыз эли ал кишиге милдеттүү. Ал өзү апасы менен коштошуп ыйлагандай, “Аттиң, тагдыр деген дайым ушундай катаал” деп эми анын артында биз айтып калдык. Болбосо, өмүр бою өзү адамдарды үндөп келген жашоодогу асылдыктардан өзү дагы кубат алып, келишкен келбети, акыл-кайраты мурункусундай эле, чыгармачылык бийиктигинде заңгырап турганда дүйнө элин, бүтүндөй доорду солк эттирип, Чыңгыздын күтпөгөн жерден кетип калганын кандайча түшүндүрөбүз? Анын калдайган карааны, көзгө толумдуу турпаты эле канчалык эле, аны менен кандайдыр дүйнө толук көрүнчү. Кээде жүрөгү ооруп калганын айтпаса, башкаларга окшоп ден-соолугун айтып зарданчу да эмес. Бирок, көптөгөн жолугушуулардан, приёмдордон чарчап жүргөнүн байкап,  кээде жолукканда: “Байкасаңчы, сен дагы баягыдай жаш эмессиң, ден-соолугуңа дагы карагын да” дечүмүн. Айрыкча 80 жылдыгына байланыштуу тынымсыз чакыруулар, адегенде Түркиядагы, анан казак элиндеги көп жолугушуулар, анан удаа эле Татарстанга болгон сапары ден-соолугу үчүн кыйынга турбадыбы. Албетте, бул биздин адамдык түшү­нүгүбүз чыгар. Негизги себеп – бир гана тагдырдын иши да.

Айтмакчы, ошол Казанга жө­нөрдөн бир аз гана мурда, апрель айынын орто ченинде биздикинде болгондо дагы мен ага: “Өзүңдү көп кыйнап жибердиң окшойт, бир азга коё турууга болбойбу?” десем: “Чын эле чарчап жүрөм, бирок болбойт, барышым керек” деп, эмнегедир бир нерсени ойлонгонсуп, азга унчукпай калган. Эми эстесем, ошондо ал (туугандардан дагы эки-үчөө бар эле) эч шашпай, кенен, көңүл­дүү олтурган. Болбосо кай жерде болбосун, көпчүлүк учурда убакыттын чектелүүсүн айтып, шашып турчу. Бирок бул сапар кебелбей олтуруп берди. Эл-журт, учурдун жүрөктү өйү­гөн маселелери, Союздун ал-абалы, келечек, бала-чакалар жөнүн­дө кыйышпас ага-ини катары чер жазышып сүйлөшүп олтурдук, анын үс­түнө үйдө көптөн бери боло элек болчу. Бирок, ошол биздин эң акыркы жолугушуубуз экенин анда кайдан билдик. Биз, адамдар, аалам чексиз болгондой адамдын өмүрү дагы чексиз сыяктанып, токпейил жүрө берет турбайбызбы. Берки туугандар Чыңгыздын оозунан чыккан ар бир сөзүнө кулак төшөп, аны ушунчалык сыйлагандан көп батынбай тартыныбыраак олтурушту. Албетте, дагы эмнелерди сүйлөштүк, баары эсте жок, улгайган кезде  адамдын эстутуму да бастап калат экен. Жеңиш Миңбаев деген жакшы көргөн инилеримдин бири ыйбаа менен мындай деп сураганы эсимде:

– Чыке, алгачкы президент Аскар Акаевди өлкө башчылыгына Сиз алып келген деп айтып жүрүшкөнү чынбы?” Чыңгыз эмне дээр экен деп баары аны карап калышты. Ал адегенде бейли менен күлдү, анан:

– Эмне, Акаев президент болсун деп мен бир жерде сүйлөптүрмүнбү, же бир басма сөз бетине жазыптырмынбы? – деп, акырын гана кыс­ка жана түшүнүктүү жооп берип койду.

– Рахмат, Чыке. Эми мынча болду, эгер уруксат болсо дагы бир нерсени сурайын дегем? Жеңиш да бир жолу кайраттанды. “Сура” дегендей Чыңгыз башын ийкеди.

– Элдин турмушу өтө начарлап кетти, барган сайын төмөндөөдө. Эми бул элдин пикири. Чыңгыз келип-кетип эле жүрөт, ушуну жетекчилерге кулак кагыш кылып койбойбу? – дегендер көп.

Чыңгыз бир нерсеге санаа чеккендей, азга ойлуу отурду. Беркилер саал ыңтайсыздана түштү.

– Мунуң да туура. Мени көрбөй, билбей жүрөт дейсиңерби? Баарын билем, баарын түшүнөм. Бирок кепти уккан кишиге айтасың да.., – деди анан демейкисиндей ойлуу, жайбаракат сүйлөп.

– Аңгыча Чыңгыз келгенде уктап калган тогуз айлык чөбөрөмдү көтөрүп байбичем кирип калды.

– Бул менин чөбөрөм, – дедим мен.

Чыңгыз баланы кызыга карап, колуна алып, башын жыттап, бир топ алып турду. Үйдөгү балдар аны сүрөткө тартып алышты. Ошондо өзүбүз дагы кошо сүрөткө түшүү оюбузга келбегенине азыр да өкү­нөм. Бул менин жанда жок энөө­лүгүм. Башынан ушундаймын дебедим беле.

Жогоруда айткандай, Чыңгыз көпкө, анан көңүлдүү отурду. Ал жакшы көргөн тамактарды үйдө­гүлөр билчү, алардан бейли менен жактырып жеди. Кетеринде адат боюнча үстүнө чапан, башына калпак кийгиздик. Чапандын саймасы күмүш жип менен сайылган болчу, ал анын буурул чачына, сымбаттуу денесине куп келишип, Чыңгыз кайра-кайра күзгүгө каранып, эмнегедир аябай жактырды. Коштошкондо дагы улам аялдап, улам кармала берди. Эң акырында: “Ал энди Сүкө, Мухтар (Шаханов) инибиз айткандай, кадырлуу коноктун да кайтатын убагы болот, кош, аман бол, Сүкөм, аксакалым” деп, бекем кысып кучактап, чыгып кетти. Жеңиш иним аны үйүнө жеткирип келди. Ал кезде бизге байкалбаган майда-чүйдө нерселерден бери азыр улам эске келип өкүнтүп, өзөктү өйүйт. Аттиң, Чыңгыз менен биздин бул эң акыркы коштошуу экенин анда кайдан билдик…

Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл акыны,
“Кыргыз туусу”, 10.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий