Сыдыктын күлүктөрү

Улуу Жибек жолунун боюнда 30-чакырымда миллионер чарбаны, асыл-тукум жылкыларды эң алгачкы уюштурган, Социалисттик Эмгектин Баатыры Кочкорбай уулу Исактын колодон тургузулган эстелиги жана анын өмүр жолун сүрөттөгөн мемориалдык үй-музейи бар. “Бул үй-музейинде күлүктөрдүн даанышмандары Сыдык акем менен Исактын өмүр баяны, кылган эмгектери биздин балдарыбызга таңкы чолпон жылдыздай жол көргөзүп турат”, – деп эскерүүсүн баштады Исактын байбичеси Тыныстан кызы Ширин апам.

Кочкорбай уулу Сыдык 1885-жылы туулган. Жаш кезинен жетим калып, Сыдык иниси Исак менен жездеси Түлөгабыл бай, эжеси Канымбүбүнүн колунда болуп, анын үй-бүлөсү, малы менен кырдан-кырга, коктудан-коктуга көчүп жүрүшкөн. Байдын жылкысы жайыл­ганда тоонун бети көрүнбөй калчу. Кышка жакын алар Ысык-Ата тоосунан түшүп, ушул жерге келип, жазга чейин кыштап, жазында кайра тоого жөнөшчү.

Кочкорбай уулу Сыдык өмүр жолунда 1916-жылдагы Үркүндө элин коргоп, падышачылык жаза-лоочу аскери менен тайманбай кармашып, калайык-калкын канатынын алдына багып, Советтик бийликтин Кыргызстанда орношунун кыйын кезин өз башынан кечирип, Ысык-Ата аймагынын биринчи болушу болгон. НЭП убагында жеке менчик чарба түзүп, 1929-жылы иниси Исак уюштурган “Алга” артелине мүчө болуп кирип, кой жана жылкы чарбасынын асыл-тукумдаштыруу боюнча ферманы жетектеп эмгек кылган.

1938-жылы план аткарылган үчүн “Кеңеш” колхозуна республиканын алдыңкы малчыларынын чогулушунда Англия тукумундагы таза кандуу аргымак менен сыйланган. Колхоздун фермасына англиялык жана орус-америкалык тукумдагы аргымактары сатылып алынган. Сатып алынган аргымактардын ичинде “Привет” аттуу Американын атактуу күлүгү жана Англиянын күлүгү “Бейруг”, “Пират” жана “Гарем” – таза кандуу, “Шамал”, “Левай” аттуу аргымактары алынып, Сыдык асыл-тукум жылкы фермасын уюштурган.

Сыдык Кочкорбаев Эмгек Кызыл Туу ордени, чоң күмүш медалы жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган.

1940-жылы генерал Панфилов Кыргызстандын аскер комиссары болуп турган кезде биздин үй-бүлө менен боордоштук мамиледе болгон. Ал үй-бүлөсү менен келип конок болуп, Сыдык акемдин асыл-тукум жылкы фермасына барып күлүктөрдү минип, абдан мактап кетчү.

Кызыл аскерлерден атчан топ түзөбүз деген саамалыктын башында туруп, жайлоодон – жайлоону, кыштоодон – кыштоону кыдыртып, Сыдык, Исак жана генерал Панфилов кыргыз элинин эң мыкты аргымактарын маршал Будённыйдын атчан армиясына согуштун алдында жөнөтүп жатышты.

1948-жылы Советтер Союзунун маршалы Семён Михайлович Будённыйдын колхозго келиши Сыдык акем үчүн чоң кубаныч эле. Себеби, атты баалай билген, чоң адис киши келе жаткан. Тамактын алдында маршал Будённый чоң стакандарга толтура арак куйдуртуп, Сыдык менен Исакка карап майданга жиберилген (ат жабдыктары менен) 450 аргымакка чоң баа берип, алардын чыдамдуулугун мактап, рахматын айтып, коноктордун баарын көтөрткөн. Анан алдына койгон койдун башынын бир кулагын кесип Сыдык акеме сунат. Бир көзүн чыгарып, бөлүп жартысын Исхак Раззаковго берип, жартысын өзү жеп, анан: “Башкарма, башты карма!” – деп Исакка карматканда коноктордун баары кол чаап жиберишкен.

Жылкычылар үйүр-үйүр жылкыларды коноктордун алдынан айдап көргөзүп жатышты. Атактуу жылкычы, Ата Мекендик согуштун ардагери Байзак уулу Жумакмат Кер-Токол аттуу тулпарды жетелеп келип Исакка берет. Исак күлүктү маршал С.М.Будённыйга тартуулайт. Үй-музейдин бир бөлмө­сүн­дө так ушул учурду, ошол кезде атактуу сүрөтчү Турин тарткан чоң сүрөтү бар.

Күлүктөрдүн даанышманы, маршал С.М.Будённый Исак менен Сыдыкка жана “Кеңеш” колхозунун жылкычыларына ыраазычылыгын билдирип, “Дончак” тукумундагы “Зофир”, “Жозир” деген эки айгырды белек катары алдырып берген. Ошол Будённый берген “Дончак” тукумуна биздин кыргыз аттарды кошуп селекция ишин жүргүзүп, жаңы асыл-тукум чыгарган Сыдык акем эле.

Маршал С.М.Будённый бизге ырыскысын көп чачып кетиптир. Анын берген кеңеши боюнча Исак ошол эле жылы кызыл кыштан чоң үй салдырып, 1949-жылы ушул үйгө кирдик. Мурунку үйдү биз жездебиз Түлөгабылдын үй-бүлөсүнө бердик. Ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы медицина институтун бүтүргөн улуу кызыбыз Сонунбүбү турмушка чыгып, уул төрөп, мен атын Мекен коюп, алты айынан биз өзүбүзгө жаздырып, уул кылып алганбыз. Исак сүйүнүп, уулубуз Мекенге жаңы метирке жаздыртып, өзүнүн фамилиясын, өзүнүн туулган күнүн жаздыртып коёт.

Маршал Будённый келгенден кийин Сыдык акемдин да кубанычы өзгөчө болду. Себеби, улуу кызы Сагынбүбү көптөн бери төрөбөй жүрүп, уул төрөйт. Күйөө балабыз Сатыгул сүйүнчүлөп, биздин үйгө келгенде: “Маршал Будённый алып келген ырыскы, аты Маршалбек болсун”, – деп мен койгом.

Маршал Будённый келип кеткенден кийин биздин үйгө дагы көп ырыскы кыдыр келди. Мисалы, Венгрия өлкөсүнүн президенти Янош Кадр, АКШнын Жогорку сотунун төрө казысы Дуглас, Советтер Союзунун коммунисттик партиясынын бюро мүчөсү Мухиддин, Полянский жана Кытай, Корея, Куба делегациялары келип, колхоздун жетишкендиктерин, элдин турмушу оңолгондугун, жомоктогудай асыл-тукум күлүктөрдү өз көздөрү менен көрүшүп, далай тамшанышкан.

ХХ кылымдын ортосунда Исхак Раззаков республикабыздын коммунисттик пар­тиясынын биринчи катчысы болуп турган кезинде миллио­нер “Кеңеш” колхозуна далай жолу келип, Сыдык менен Исактын мал чарба жана талаа өндүрүштөрү боюнча таж­рыйба, кеңеш алып турган.

Таза кандуу асыл-тукум англис жана “новокиргиз” тукумундагы жылкыларды өстүрүүнү адис  ферма башчы кызматы менен бирге Сыдык акем өзүнүн жаштайынан сүйгөн өнөрү саяпкерчиликти улантып, күлүктөрдүн сынчы-даанышманы катары иниси Исак башкарган “Кеңеш” колхозунун даңкын республикага, Союзга чыгарган.

Сыдык акемдин асыл-тукум Англия тукумундагы күлүктөрүнүн чыдамдуулугу, күлүктүк даңкы биздин республикага эмес, Союзга белгилүү болгон. Алар Москвадагы Бүткүл союздук эл чарба көр­гөзмөсүнө  (ВДНХ)  1939, 1940, 1946, 1949, 1953, 1954, 1956-жылдары катышып, анда мал чарба, асыл-тукум жылкылары өзгөчө белгиленгени күбө. Тулпарлардын дүң­гүрөгөн дүбүртү алыска угулган.

Сыдык акем байлыгым деп балдарын, күлүктөрүн эсептеген. Күлүктөрү биринин артынан бири марага биринчи келип, чоң байгелерге ээ болуп жатса да, ал байгелерге көп маани бербей, аттарынын жарыштан аман келгенине кубанчу. Байгелерди албастан, элге түгөлү менен таратып берип, өзү куру кол келчү. Атүгүл алган байгеси жетпей калганда, элге өзү жанында алып жүргөн менчик акчасын таратып бүткөндө, иниси Исактын чөн­төгүнөн алып берер эле. Сыдык акем ушундай март, айкөл киши болгон.

Ал өзү спортту, искусствону баа­лаган. Илгерки убактагы ат чабыштарды, эр сайыштарды өзгөчө таасын сүрөттөп айтып берчү. Сыдык акемди  Суусамырдагы атактуу балбан Кожомкул да, Жумгалдагы Куйручук да абдан кадырлачу. Аны өз чөлкөмүндөгү эл өтө урматтагандыктан, атынан аташпай, – «аксакал» «акем» дешчү.

Сыдык акемдин тагдыры өмүр бою жылкы баласынын тагдыры менен камыр-жумур чырмалышып калган. Анын саяпкерлик ийгиликтери кезегинде Кыргызстанды даңкка бөлөгөн күлүк­төрү Союздун жолдорун чаң кылган. Сыдыктын жылкыларынын арасында төрт тулпардын башынан түн ичинде шам күйүп тургандай көрүн­чү.

Сыдык акем күлүктү кулун кезинен тандоочу. Ал кулунга өзгөчө мамиле жасап чоңойтуп, кунан кезинен баштап таптатар эле. Чоң ат болгуча уулдары Карагулга же Табылдыга мингизип койчу. Суусамырга барганда көбүнчө абысыным Айнеке, кызы Алымбүбү, күйөө баласы Жылкычы минээр эле. Кийин атты суутууну көбүнчө саяпкери Кадырбек аткарчу. 70 жашында да атка жаш баладай секирип минип, “Ысык-Ата” курортунун үстүндөгү кыя жол менен тоонун башын көздөй “Тор жоргону” минип бара жатканда, биздин көзүбүзгө боорлоп учуп бара жаткан куштай көрүнөөр эле.

Сыдык акем аттан ыргып түшүп, бир аз убакыт даярдап койгон чүпүрөктөрү менен тез-тез терин аарчып кургатып, анан атты аса байлап коёр эле. Күлүккө жем, чөп берүү өзүнүн гана милдети болучу. Анын ден соолугу бекем киши эле. Бир да жолу бир жерим ооруп жатат деген сөзүн уккан жок элек. Сыдык акемди 1965-жылы октябрь айында 75 жаш курагында иниси Исактын кыркын берип, үйүнө бара жатканда чоң жолдон машина коюп кеткен. Ошондо короодо калган Сыдык акемдин Тор жоргосунун көзүндөгү жашын көрүп, тулпардын сезимталдыгына эл таң калышкан. Тор жорго кадимкидей аза күтүп, жем жебей, чөп оттобой, суу ичпей жүрүп, аягында тооктун кыгын жеп өлгөнүн укканбыз.

Ширин КОЧКОРБАЕВА, “Кыргыз туусу”, 10.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий