Өткөн бийлик Айтматовду түшүнбөптүр, а бул бийлик аны такыр тааныбайбы?

2008- жыл Айтматов жылы деп аталганы менен жыйынтыгында ошондогу бийлик Чыңгыз атабыздын чыныгы кадырын билбегенин көрсөткөн. Бир чети уят, бир чети өкүнүчтүү маселе. Ал киши каза болгонго чейин Германияда дарыланып жаткан акчасын төлөө да үзгүлтүккө учураган. Анткени ал кезде бул дарылануунун милдетин мамлекет мойнуна алган экен. Экс-премьер И.Чудинов жакындарына төлөндү деп айтып, бирок ал жакка төлөнө турган каражат кайсы капчыкка түшүп кеткени белгисиз бойдон калган. Азыркы бийлик деле Чыңгыз Айтматов ким экенин түшүнө элек. Себеби, 12-декабрь анын туулган күнүнө карата мамлекеттик деңгээлде эч кандай иш-чара уюшулган жок.

Чыңгыз Айтматовдун өлүмүн Бельгиядагы ишин тапшырып Кыргызстанга кайтып келиши тездеткен десек болот. Өлкөнүн жетекчилиги улуу адамдын бейпил турмушу, чыгармачылыгы үчүн алдын ала тиешелүү шарттарды түзбөстөн Бельгиядан шашылыш түрдө чакыртып, анын Европа биримдигинин жана НАТОнун борборундагы ордуна катардагы аткаминерди жөнөтүшү чекилик болгон дегендер бар.

Кийин Чыңгыз Айтматовдун сөөгүн коюу аземин уюштурууда да одоно каталыктар кеткенин коомчулук жакшы билет. Мисалы, тиешелүү комиссияны өлкө президенти өзү жетектеп, ага өз атынан түрк тилдүү мамлекет башчыларын чакырса, Ч.Айтматовдун атына, аброюна татыктуу иш болмок. Алардын айрымдары айталы, Н.Назарбаев, И.Каримов, И.Алиев же Абдуллах Гүл Айтматовго болгон сый-урматтан улам сөзсүз келишмек. Тилекке каршы, комиссияны президент да, атүгүл өкмөт башчы да башкарбай, мамлекеттик катчы Нур уулу Досболго тапшырылып, ал филармонияда «директор», «редактор» деген сөздөрдү айтууда тилин чайнап турганы чет элден келген конокторду эле эмес, радио тармагында иштеп келген журналист катары мени да катуу уялткан.

«Ата бейит» комплексинде улуу жазуучунун сөөгүн жерге берүү учурунда топурак салууда президент башында турган Кыргызстандын жетекчилери, аткаминерлери топуракты мүрзөгө барып салышпастан, элден бөлүнүп чакага салышканы коомчулукка одоно көрүнгөн. Бул чындыгында сөөктү сыйлабагандык эле. Мисалы, А.Солженыцинди көмүү учурунда Россиянын президенти Д.М.Медведев жана В.Путин түз эле мүрзөгө барып адамгерчиликти көрсөтүшкөн.

Ал эми 2008-жылдын 12-декабрында жазуучунун 80 жашка толгон күнү К.Бакиев чыгарган «Ч.Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө» жарлыгы андан бешбетер таң калычтуу. Биринчиден, ал аябай кечиккен. А Россиянын президенти А.Солженыцинге байланыштуу жарлыгын сөөк коюу учурунда эле чыгарган. Экинчиден, жарлыкта көрсөтүлгөн чаралар Ч.Айтматовдун аброюна, инсандык масштабына төп келбейт. Өзүнөн өзү суроолор туулат: Ч.Айтматовдун ысмын Кыргызстандагы борбордук аянттардын бирине, бир районго, борбордук көчөлөрдүн бирине, айыл чарба университетине (ал жерде окуган) же улуттук китепканага, кино үйүнө берсек эмнеге болбойт?

Коомчулук жана Айтматов таануучу Абдылдажан Акматалиев тарабынан борбордогу Дубовый паркты Айтматов паркы деп атоо, Бишкек шаарынын Биринчи Май районун Айтматов району деп атоо, «Ата бейит» комплексине жарашыктуу дүйнөлүк стандартка ылайык эстелик куруу, Чүй проспектисин Айтматов проспектиси деп атоо, Чүй проспектиси менен Эркиндик көчөлөрүн кесилишине жазуучунун айкелин тургузуу, Айтматов китепканасынын материалдык-техникалык базасын чыңдап, эл аралык Айтматов фондусун түзүү, Айтматов энциклопедиясынын 10 томдугун чыгаруу, чет өлкөдөгү 170тен ашуун тилдерде чыккан китептерин чогултуу, чет өлкөлүк макалаларды, эмгектерди өз тилдеринде жана орус, кыргыз тилдеринде топтоп, жыл сайын эл аралык айтматовдук окуу, театр жана кинофестивалдарын өткөрүп туруу, «Россия» кинотеатрын Айтматов кинотеатрына айлантуу, облустардын борборлорундагы мектептерге, көчөлөргө ысымын ыйгаруу сыяктуу идеялар көтөрүлгөн эле. Өкмөт бул сунуштардын бирин да эске албай жаштар сыйлыгын, анан орус драма театрын гана Чыңгыз Айтматовдун ысымы менен атап тим болду.

Жогор жактан келген жоопторго караганда, жер-сууну адамдын аты менен атаганга болбойт имиш. Анда эмнеге ошол эле Свердлов, Петров деген сыяктуу ысымдар менен аталып жүргөн жер-сууларды минтип атоо жокко чыгарылбайт? Көчөлөрдү айтпай эле коёлу. Т.Садыковдун, М.Миррахимов менен М.Мамакеевдин ысымдары деле өздөрү жетектеген мекемелерге коюлган. Өкмөттүн токтому менен президенттин ат койбоо боюнча жарлыгы алар үчүн күчсүз экен да, анан Чыңгыз Айтматовго келгенде иштеп калабы? Бул өзүнчө парадокс.

Улуу инсандын дүйнөдөн өткөнүнө эки жыл болду. Алигүнчө Бишкекте эстелиги тургузула элек. Бийлик Айтматов паркы кылабыз деп Совет менен К.Жантөшев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кичинекей паркты сунушташкан экен. Угушубузга караганда, Ч.Айтматовдун үй-бүлөсү анын эстелигин орнотууга Бишкектин борборунан жер берилбегендигине, улуу жазуучунун айкели шаардын четиндеги эл көп барбаган аймакка коюлушуна капа.

Анткен менен учурда өкмөттөн үмүтүн үзгөн жакындары Ч.Айтматовдун музейин куруу боюнча өз каржылары менен Европадан эл аралык стандарттагы скульптура жана музей куруучуларды Кыргызстанга алып келип, долбоорун жасоого киришкен. Азыркы күндө аталган долбоор көп каражат талап кылгандыктан аны кайдан табуу маселеси турат.

Албетте Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу, ага байланышкан бардык иштер анын үй-бүлөсү же өзү үчүн керек эмес эле. Биз сырттан келген конокторго Ала Тоо аянтында турган Европадан көчүрүлгөн эркиндик статуясын көрсөтүп (жумуртка баскан аял) сыймыктана албайбыз. Бул жерде Чыңгыз Айтматовдун айкели турса алда канча дурус болмок.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 10.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий