Автордук фильм: кинонун келечегиби же аргасыздыктан табылган айлабы?

– Бүгүнкү маекке дал экөөңүздөрдү чакырганым кокусунан эмес. Анткени, сиздер бюджеттен бир тыйын албай, жалаң демөөрчүлөрдүн жардамы менен көрүүчүлөрдүн кайсыл бир бөлүгүнүн кызыгуусун жараткан фильмдерди тартып жатасыздар. Башка режиссерлор бул боюнча өз көз караштарын көп эле жолу билдирип жүрүшөт, эми сиздер айтыңыз-дарчы, бүгүнкү кинонун эң башкы көйгөйү эмне?

Жаныш КУЛМАМБЕТОВ, кинорежиссер, “Кандуу сүйүү”, “Чыңгыз менен Бүбүсара”, “Жараланган турналар” фильмдеринин режиссеру:
– Негизги проблема каражатка байланыштуу да. Кинону өнүктүрүү үчүн каражат, жакшы продюсер керек. Мамлекет болсо кээде жылына бир фильм тарта албайт. Мына азыр кино боюнча мамлекеттик агенттик тү­зүлдү. Ошол жерде иштеп жаткан  он чакты кызматкерге айлык тө­лөгөндүн ордуна кино тартса, менимче, пайдалуураак  болмок. Россияда киноагенттиги маданият министрлигинин алдында турат. Эмне үчүн бизде да киностудиянын өзүн түз эле минис­трликке баш ийдирип койбойт? Эми күлкү келе турган нерсе да, бир киностудия үчүн бир киноагенттик түзүлөт жетимиш кишиден турган. Киностудиянын өзүн  түз эле Маданият министрлигине баш ийдирип коё турган болсо, иштин натыйжалуулугу жогорулашы мүмкүн болчу.

– Кечирип коюңуз, бирок ошондой түзүмдүк өзгөртүүлөрдү жасап, министрликке баш ийдирип, каражатты ошолор аркылуу берип  көрүштү го?

– Киностудия 1947-жылдагы, Сталиндин убагындагы инструкция менен иштеп жүрөт. Эгер кокусунан Руслан кино тартам деп акча бөл­дүрсө,  ошол акчанын жарымы киностудияда калып калат. Ажаткананы оңдогонго, раковинага келчү суу­ну тазалаганга деген шылтоо менен.  Мына ошондуктан, азыр бизде жеке менчик компаниялар жандана баштады. Акыр жүрүп отуруп биз киноиндустрия деген деңгээлге чыгышыбыз керек.

Руслан МАШРАПОВ, “Менин үйүмдөгү  ыйык аялдын сүрөтү”, “Өмүрдөн жети мүнөт”, “Эдем алмасы” фильмдеринин режиссеру:
– Кино алгач жаралганда  адамдын талабын  канааттандыруу, акча табуу  үчүн жаралган. Анан барып-барып адамдын дүйнө таанымын,  көз карашын чагылдыруунун каражаты катары   искусствонун деңгээлине көтөрүлгөн. Муну Советтер Союзунун учурунда мамлекет жакшы колдонгон. Себеби, идео­логияны жүргүзгөнгө, кандайдыр бир кызыкчылыкты  ишке ашырганга жакшы курал болгон. Тилекке каршы, бизде азыр мамлекет кинону улуттун кызыкчылыгын жылдырууга колдоно албай жатат. Мунун бир себеби,  жана Жаныш байке айткандай, акча туура эмес бөлүштү­рүлөт. Ал эми  өз алдынча,  менчик фильмдер  тартылып атканы – бул кинонун  эң  алгачкы, акча табуу максатына  кайра кетип жатканы.

– Анда, аныктап албайлыбы, бүгүнкү күндүн көз карашы менен алганда кино эмне? Акча табуунун булагыбы же  элдин рухий дүйнөсүн байытуунун, коомду өзгөртүүнүн, прогрессивдүү жаңы идеяларды жайылтуунун каражатыбы?

Жаныш КУЛМАМБЕТОВ:
– Коомду  маданият же искусство менен өз­гөртүп жеберем деген – бул утопия. Коом деген жалгыз эле маданият менен калыптанбайт. Сенин же менин баламды калыптандыра турган – бул  үй-бүлө, мектеп, андан тышкары айлана-чөйрө. Анан-анан барып адабият менен искусство болушу  мүмкүн. Эмне үчүн Голливуд  америкалыктардын  арасында аябагандай кадыр-баркка ээ? Анткени, 30-жылдардагы улуу депрессияда америкалыктардын баары  мүңкүрөп, “шокко” учураган мезгилде Голливуд көңүлдүү, шайыр кинолорду көрсөтүп атып, ошону менен элдин духун көтөргөн. Ошентип, депрессиядан чыгуунун бир каражаты катары пайдаланган. Биз да кинону ошондой максатка  колдонушубуз  керек. А биз болсо  жалаң эле кыргыздын жаман жактарын: бузулган жолдорун, ичип мас болгон кишилерди  көргөзөбүз. Эмне үчүн кыргыздын сулуулугун, жерибиздин кооздугун, адамдардын жакшы ка-сиеттерин  көргөзбөйбүз? Жакшы менен жаман нерсенин чыр-чатагын коюп, жеңишти жакшы нерсеге оодарбайбыз? Ошондо кыргызда өзүнүн улутуна карата  сыймыктануу сезими пайда болот. Мисалы, азыр  балдардан чалдарга чейин, айылдык, шаардык  дебей бардыгы кореялык фильмдерди көрүшөт. Эмне үчүн? Анткени, аябай кооз, эстетикалык жаткан адам ырахат ала тургандай тартылган. Койгон проблемасы да, курулган сюжеттери  да сонун.

– Сөзүңүздүн төркүнүн байкасам, эл аралык фестивалдарга барып, байгелүү орундарды алып келип жаткан биздин жаңы фильмдерге карата көз карашыңыз анчалык жакшы эмес окшойт?

– Биз  ураган үйлөрдү, бузулган жолдорду, анан кейпи кеткен кишилерди көрсөтүү менен чет өлкө­лүктөрдү  Кыргызстанга тарта албайбыз. Биз эмне үчүн Индияга же Кореяга баргыбыз келет? Жанагындай кинолорду, кооз нерселерди  көрүп, жылуу сезим пайда болгонунан улам. А ураган үйдүн эмнесин көрөсүң, мисалы? Мен ойлойм,  мейли, аябай терең проблемалуу, жан күйгүзө турган  окуя жөнүндө тарт, бирок ошол эле учурда ал кандайдыр бир эстетикалык ырахат алып келе турган деңгээлде болуш керек. Өзүбүздү  өзүбүз   жамандай бергенден  жакшы натыйжа чыкпайт.

– Автордук фильмдердин   канчалык келечеги бар? Мамлекеттен акча алалбай түңүлгөн жаш режиссер өз алдынча кино тартууга белсенсе ошол аракетинен натыйжа чыгабы, кеткен чыгым өзүн актайбы?

Руслан МАШРАПОВ:
– Бул айла жоктуктун эле иши. Кинодо эки жол бар. Бири  коммерциялык багыттагы,  экинчиси автор­дук кинолор. Азыр бизде ошол автордук кинолор көбүрөөк өнү­гүүдө. А коммерциялык кино жаратыш  үчүн… Азыр дүйнөлүк кино аябай эле алдыга кетип калды. Техноло-гиялык жаткан, виртуалдык  сту-дияны,  компютердик технологияны колдонуу боюнча биз Жаныш аке айткандай, алар менен теңтайлаша албайбыз. Маалыматык агым аябай чоң, телевидение, DVD диск дегендер бар. Алардын баарын эл  көрүп, салыштыруу пайда болот. Эмне үчүн биздики мындай эмес деген суроону коёт. Анан биз пендебиз да, көзүбүзгө эмне жакшы көрүнсө, ошону тандайбыз. Бизде азыр аябай жакшы жол турат. Бул-автордук кино. Актан, Эрнис, Темир байке  – баары өздөрүнүн күчү , кээде-кээде продюсерлердин жардамы менен тартышууда. Мына азыр, “Манасты” тартабыз деген сөз болуп атат. Бул жакшы идея. Бирок аны ишке ашырууга аябагандай чоң каражат керек. Экинчи жагынан азыр кино тарткан анчалык кыйын деле болбой калды. Себеби, мурда  “Кодак” менен тартканда бир метр пленка эки-үч доллар турчу. Эсептеп келгенде пленкага эле 300-400 миң доллар кетип калчу. Азыр эми санарип видеого өткөн соң кимдин колунда камера болсо эле ошол кино тартып жатат. Бирок ошону бир нукка салган мекеме жок. Сен  балдар үчүн, а сен болсо  биздин искусствону же медицинаны даңазалаган кино тарт деп багыт берген уюм болбой жатат. Кино комитет, киноконцерн деп жатабыз, бул  ошолордун жумушу  болушу керек эле.

Жаныш  КУЛМАМБЕТОВ:
–  Фильмди  коммерциялык кино, автордук кино деп биз эле бөлүп жүрөбүз. Ал эми Голивудда бир гана киноиндустрия деген нерсе бар. Бул сүрөткердин позициясына байланыштуу болот. Эгерде сен оюңду элге жеткиргиң келсе, ага жакшы форма  табыш керек. Анан  биз эмне жөнүндө жазбайлы, эмне жөнүндө тартпайлы,  кыргыз болгон соң объективдүү түрдө биринчи сен өз улутуң  жө­нүн­дө айтасың. “Өз көйнө­гүң өзү­ңүн денеңе  жакын” деп орустар айткандай, жаман болсун, жакшы болсун сен жазган, сен тарткан нерсени  өз элиң окуйт же көрөт. Менин “Жараланган турналар” деген фильмим үч айдан бери жүрүп жатат. Бир жарым ай бою эки маалдан коюлду, кечкисин такай аншлаг. Эмне үчүн? Себеби, кыргыз өзүн-өзү көрөт.

– Бирок  тема улуттук бол-гон менен ал кеңири, дүйнө-лүк масштабдагы көрүүчүгө  эсептелиши керек  го?

Жаныш КУЛМАМБЕТОВ:
– Макул, “Манасты” алалычы. Ал кайсыл элге эсептелген? Ал кыргыздын жашоосу, кыргыздын турмушу. Ошон үчүн “Манас” – кыргыз рухунун туу чокусу” деп айтабыз. Ошондуктан кинону  биринчи кыргыз үчүн жараталы. Кыргыздын мыкты-мыкты акын, жазуучулары ким үчүн  жазышкан? Ошол эле Айтматовдун “Кыяматы”. Бостон менен Базарбайдын проблемасы, менимче, кыргыздын жүрөгүнөн чыккан нерсе. Ошол эле учурда алардын ортосундагы  чыр-чатак, трагедия  башка улуттарды да кызыктырат. Анткени, бул жалпы адамзаттык проблема. Сүйгөн, ыйлаган, кайгырган бардык улуттарга тиешелүү, мүнөздүү көрүнүш. Ал эми көз караш деген башка нерсе. Эгер адамдын тагдыры: анын ыйлаганы, күлгөнү жөнүндө  чыгарма жазсаң же кино тартсаң, бир да адамды кайдыгер калтырышы мүмкүн эмес. Биз ин­дус­тардын сентименталдык фильмдерин эмне үчүн көрөбүз? Себеби, анда  мелодрама болсо да ый бар, күлкү, кубаныч бар.

Руслан МАШРАПОВ:
– Сиз кино биринчи биздин өзүбүзгө керек деп айтып жатпайсызбы. Кино деген каражатты аябай көп талап кылчу тармак . Азыр, албетте, мурдагычалык эмес, бирок баары бир  оңбогондой акча кетет. Ошол акчаны биз кайра кайтара алабызбы? Себеби, бизде көрүү­чүлөрдүн чөйрөсү аябай тар болуп жатпайбы. Бишкекте бир миллион адам жашаса ошонун жарымынан көбүрөөгү  гана кыргыздар. Алардын  да баары эле акчалуу эмес. Сиз же мен тарткан кинону 100-150 сомдон  билет сатып алып көргөнгө кээ бирөөнүн мүмкүн­чүлүгү бар, кээ бириники жок. Андай болгон соң  түшкөн 100-200 миң сом акча ошол кинону тартканга кеткен чыгымды актай алабы? Эмне үчүн өзбектердин киносу ички кө­рүүчүлөргө эсептелген? Себеби, алардын калкы 26 млн. Бир сомдон бергенде эле 26 млн. болуп жатпайбы.

Жаныш КУЛМАМБЕТОВ:
– Жакында эле Тимур Бекмамбетов “Комсомольская правдага” аябай жакшы интервью берди. “Мен кинону миллион долларга  тартамбы же жүз миңге тартамбы, ал  көрүүчүнү  кызыктырбайт. Көрүү­чүгө эң башкысы фильм кызык болсо болду”, – дейт. Мен “Жараланган турналар” үч айдан  бери көрсө­түлүп жатат деп бекеринен айткан жокмун. Себеби, талап бар. Бишкектин өзүндө эле  кеткен чыгымын  актады. Башка жерлерди айтпай эле
коёюн. Бизде башка маселе бар, прокат жагы жолго коюлган эмес. Ошол прокат ордуна келмейинче иш жылбайт. Прокат жакшы уюштурулса  короткон акчаңды оңой эле кайтарып аласың, мамлекетке да пайда түшөт. Бул жөнүндө мен учурунда департаментке да, минис­трликке да сунуш бергем.

Руслан МАШРАПОВ:
– Маселе ошондо да. Тартылган кинону элге көрсөтүп,  жайылткан киши жок. Режиссер деген чыгармачыл киши. Ал кайсынысына чуркап үлгүрөт? Азыр Жаныш байкени мен билем, себеби,  өзүмдүн да башыман өтүп жүрөт. Өзү режиссер, өзү сүрөтчү-декоратор, кээде өзү айдоочу да болуп кетет. Бул кадрга байланыштуу чоң проблема. Бизди илгери Москвага, ВГИКке, Алматыга, Ташкенге алпарып окутчу. Азыр ким окутат? Мына кечээ министр Садык Шер-Нияз айтып жатат, 2011-жылга ВГИКке 5 квота алып келиптир. Бирок жылына беш миң доллардан төлөш керек экен. Мен, мисалы, окугум келип жатат. Бирок беш миң долларым жок. Минис­трлик да төлөп бере албайт. Бирок берсе болмок. Себеби, маселе кинонун келечеги жөнүндө болуп жатканда беш миң доллар деген мамлекет үчүн эмне деген кеп? Эртең ошол эле балдар окууну бүтүп келсе өлкөсүнө канчалаган пайда алып келет.

Жаныш КУЛМАМБЕТОВ:
– Мен Голливуддун режиссёрлерунун бүт таржымалдарын карап чыктым. Алардын арасынан атайын билим алгандарды аябай аз табасың. Тарантинонун, Майкл Мурдун орто эле  билими бар. Стивен Спилберг мындан алты жыл мурда диплом алды. “Өзүңүз дүйнөгө белгилүү режиссёр болсоңуз, сизге дипломдун эмне кереги бар эле?” деп журналисттер суроо берсе “апам алышымды каалады” дейт. Андыктан, эң оболу кудай берген шык болуш керек адамда. Манасчылардын:  Саякбайдын, Сагынбайдын кимисинин билими бар экен? Кудай шык бербесе он диплом сатып алсаң да андан  эмне пайда табасың? Чыгармачылыкта мыйзам жок. Ал математика да, физика да эмес, анда  сүрөтчүнүн гана мыйзамы бар.

Руслан МАШРАПОВ:
– Менеджерлик, прокатчы – бул  да чоң илим. Ошондой кесиптин ээлери жок болуп жатат.  Ал эми режиссёрлер болсо… Азыр эки адамдын бири режиссёр…

–  Демек, жыйынтыктап айтсак,  келечек автордук фильмдерде экен да?

Жаныш КУЛМАМБЕТОВ:
– Жалаң эле автордук фильмдер эмес. Садык Шер Нияз кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү болобуз дейт, бул багыт да өнүгө берсин. Эң башкысы, киноиндустрия пайда болушу керек. Киноиндустрияны коммерциялык фильмдер гана жарата алат. Анан дагы бир жолу айтып коёюн, кинопрокатты ордуна коймоюбузча кыйналганыбыз кыйналган.

Мен дагы бир нерсени айтып коёюн,  азыр мезгил башка, советтик утопиядан кетиш керек. Кино же искусство менен дүйнөнү өзгөр­түп жеберебиз деген бул өзү күлкү да.

Руслан МАШРАПОВ:
– Бирок тарбияласа болот.

Жаныш КУЛМАМБЕТОВ:
– Аристотелдин мыкты сөзү бар, «катарсис» деген. Эгер  кинону көр­гөндөн  кийин ичиңде кандайдыр бир жеңилдөө, тазалануу  пайда болсо, ыйласаң, күлсөң, тарбия деген ошол.

– Коммерциялык максатта тартсаң, кайдагы катарсис жөнүндө сөз болушу мүмкүн?

Жаныш КУЛМАМБЕТОВ:
– Коммерциялык деген аталыштын өзү туура эмес. Анткени, сен бир проблеманы көтөрүп жатасың да, образ жаратып. Конфликтти жаратып жатасың чыгарманын ичинде.

– Бирок  элди күлдүрүп, же  ыйлатыш үчүн сюжетти атайылап күчөтүп,   жасалма конфликттерди ойлоп табыш керек  болот.

Жаныш КУЛМАМБЕТОВ:
– Эгерде сүрөткердин жүрөгүндө ошондой конфликт жашап атса,  ал жасалма болбойт,  аны элге жеткирүүнүн формасын гана издөө керек.

Руслан МАШРАПОВ:
– Чын-чынына келгенде акыркы кездерде чыккан фильмдердин бардыгы акча үчүн эле тартылып жаткан кинолор.

Сиз туура айтып жатасыз. Коммерциялык фильмдин өзүнүн эрежелери бар. Ошол эле төшөк сценалары, адам өлтүрүү болуш керек сөзсүз. Орусча айтканда,  көрүүчү зрелище болсо көрөт, болбосо көрбөй коёт. Азыр эми жаңы технологиялар чыкты. Акыркы убактарда жаратылган “Великолепная четверка”,  “Люди  икс”,  “2012” деген кинолор компютердик анимациялардын жардамы менен тартылды. Азыр дүйнө ушуга жетти. Актерсуз кинолор тартылып атат. Мурда декорация дегендер болчу. “Мос­фильм­ден” мен өз көзүм менен көргөм. Кадимкидей макет үйлөр менен өзүнчө эле кичине шаарча болчу. Азыр эми андай каражаттын кереги жок. Азыр жакшы билген бир бала болсо компьютерге отуруп алып шаарды да жасайт, айылды да жасайт. Жерди аңтарып, сууну агызып койгонго мүмкүнчүлүгү бар.  Биз  да ошого басым жасашыбыз керек.

Бокстун эрежелери болгондой, кино тартуунун да өз эрежелери бар. Жеки Чан алгачкы фильмин тартып баштаганда кино сынчылар таң калышкан. Өзү официант болуп иштесе да тарткан кинолору кинонун эрежелерине дал келген да. Монтаж, ракурс, композиция дегендери, жарык бергени…Бул жана Жаныш байке айткандай, Кудай берген бир шык. Өзү билбей, сезбей жасай берет. А билим алса эрежеге салып жасайт. Бизде  Кыдыр даарыган сүрөткерлер  да көп эмес, эрежени билгендер да аз.  Биздин кино же ары кетпей, же бери кетпей, же өзүбүзгө сиңбей, же чоң аренага чыкпай орто жолдон чайналып жатканыбыз ошондон болуш керек.

Мамат САБЫРОВ, “Кыргыз туусу”, 14.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий