Бир тууган Cалиховдор кыргыз мамлекетин түптөшкөн

Кыргыз Республикасы 1924-жылы Орто Азияда Түркестан АССРи ар түрдүү жаңы улуттарга бөлүнүп, Казак, Тажик, Өзбек республикалары өзүнчө болуп чыккандан кийинки «бөлүнбөс фонд» катары, Кара-Кыргыз автоном облусу болуп Түркестандын мураскери катары РСФСРдин курамында кала бергенин тарыхтан окубадык беле. Түркестандын жоюлуп кетишин кавказдык жигит Сталинге “түрк “ деген сөздүн жага бербегени менен байланыштырып жүрүшөт, балким ошондойдур.

Тагдырды чечкен үч күн
1924-жылы Өзбекстан өзүнчө болуп бөлүнөр астында Туран же Өзбек болуп аталыш маселесиндеги 3 күндүк талаш-тартыштан кийин азыркы атына токтолушат.

Бирок Өзбек Республикасы болуш үчүн чек арасы СССРдин ичинде гана эмес, чет мамлекеттер менен чектешүү шарты тоскоолдук болуп калат. Ошондо Түрк АССРине башчылык кылган Ахунбабаев (чаткалдык могол – элет уруусунун кулуну, Ташкентте чекене – мал багып көпчүлүккө чарбадарлык жогорку сапаты менен жаккан) Могол тоону аркалаган (азыр, ал картада Курам тоолору) тогуз уруу авааттын бири болгон моголдорду Кашка-Дарыя, Сувхан-Дарыя, Термез, Денау жакка көчүрүү менен чет өлкө менен чектешүү шартына жол ачат. Эң негизгиси – эл ичинде диний жактан күчтүү жана таасирдүү перс тилдүү саясатта төбөсү көрүнгөндөрдү – атеистик жаңы таза барактан турмушту баштоо ураанынын эпкини астында «айыптуу» катары көрсөтүү менен Самарканд, Бухараны алардан бөлүп алганга жетишет.

Мына ушундай шартта Сыр-Дарыя боюндагы Хадербиш талаасы (Кокондон Коджентке чейинки Сыр-Дарыянын түштүк жээк жагы, аралыгы 150-200 км. чамасында) тоо арасындагы Аваат, Кесек, Чапкылдык, Кыпчак, Катаган уруу өкүлдөрү кыргыз болуп туруп «сарттын» арасына көчүүдөн баш тартышат. Бул иштин башында ага-инилер Дастан, Мурат Салиховдор, Бегиш Көчөров сыяктуу авааттын токмок уруу өкүлдөрү, кыпчактан Айжигит, Муса Кадыр жана башкалар болуп үгүт ишин алып барышат. Ал кезде Сыр-Дарыядан өтүш Хадербиш талаасы жактан Могол тоо жакка же Ташкентке өтүү үчүн Катаган айыл ченде Абдрахман грөзман (орусча Абдрахман – воевода Ходжента) курган сал – паром гана болгон, (ошол паромдун мураскер – кожоюну токмоктордун Жума тобунан Бекбото жана Көчөр, Абдрахман грөзмандын – шыбра неберелери). Ошондуктан токмоктор илгертеден Ташкент  – Чимкентке чейин жазында отор жүрүп мал багышкан, аваат токмоктору менен көбүрөөк аралашкан куда-сөөк кесектер жана чапкылдыктар гана болгон.

Азыркы Баткен облусу Орто Азиянын эң өнөр жайлуу чөлкөмү болгон. Мисалы, Сүлүктү көмүр кени 1868-жылы өз ишин баштап, асма челектердин жардамы менен кууш темир жолуна тоо ашыра электр тогунун кубаты менен көмүр жеткирип турган. Экинчи бул чөлкөмдүн көмүр кени Шураб (Шорсу)1902–жылы кубаттуу ТЭСи менен ишке кирген, САНТО (1906-ж.) нефтепромысели – дизель электр кыймылдаткычы менен жерди бургулай казып, нефть алып турган. Мындан башка аманал – жарылгыч заттар заводу да бар болгон. САНТОнун (Средне-азиатское нефтяное торговое объединение) «торговый» сөзүн коммунисттер «товарищ» деген сөз менен алмаштырып САНТО мааниси кала берген. Бул аталган көмүр кени, нефть, аманал заводун 1944-жылдан баштап 20 жылдык мөөнөткө алган тажиктер 1964-жылдан тарта Усубалиевди эки-үч жолу жакшылап коноктогон болуп менчиктештирүү менен эмгиче өздөрүнүкү катары иштетишүүдө. Кызыл-Кыя көмүр кени 1896-жылдан баштап иштеген. Самаркандек айылынын күн батыш жагында көмүр кендүү Сарыташ аттуу жерде токмоктордун чоюн эритүүчү жана акиташ бышыруучу кубаттуу 3 батмандык  чакан мештери 1923-жылы большевиктер тарабынан басмачылыкты алдын алабыз деген шылтоо сөзү менен талкаланган. Салыштыра кетсек, Пишпекте революциядан кийин эле эски пивзаводунан, нан заводунан башка өндүрүш болгон эмес.

Жогоруда аталган САНТОдо кыргыздын биринчи нефтичиси десе болчудай Масали кой кайтарып жүрүп жанаша иштеп жаткан бургулоо жасалгасына кызыга алаксуу менен анча-мынча тил үйрөнүп сүйлөшкөнгө жетишип калат. Ал жер байлыгын издеп жүргөн орустарга Каратоодогу Сасык-Булак деген жерден өзгөчө жыттуу карамай чыгарын өзү көрсөтүп берген. Ошентип темир-тезекке ынтызарлыгы ашкан Масали кайтарган коюн бөрүгө кырдыртып алат. Койлор болсо аталаш туу­ганы Илмиян деген байдын койлору болгон. Анан Масали нефтепромыселге ишке кирип, кырылган койлорунун кунун жарым-жартылай төлөй баштаганда, буровойдо кырсык болуп, ал кырсыкта өлүп калат.

Масалиевдер салиховдор болуп калышканда
Туугандары «орус болуп кетти» – деп Масалиден бет бургандыктан, иштеген жериндегилер эки баланы Канибадам жетим балдар үйүнө тапшырып коюшат, ошол жерден жогоруда айтылгандай, фамилиясы Масалиев эмес, Салихов болуп жазылып калат.

Кошумча айта кетсек, Мурат-тын азан чакырылып койгон өз аты Мардан, фамилиясы Масалиев. Жаман жери тажикче «масали-мардан» уят сөздөр катарына кирет, ошондуктан фамилиясы Салы, арабча туура айтылышы  – Салих болгондуктан, Салихов болуп жазууга туура келет, антпесе ал кездеги перс тилдүү бирге окуган балдардын шылдыңынан баш көтөрө алмак эмес. Экинчиден, кыргыздык намысы так ошол тилдик айырмачылыктан эрте ойгонгон десе да болчудай.

Кийинчэрээк Кокон балдар үйүндө тарбияланып, пролетариаттын билимдүү кыргыз жоокерлеринен болуп чыга келет. Мурат Салихов өз эмгек жолун Самаркандек сельсоветинде мугалимдиктен баштайт, ошол кезде Самаркандек сельсоветинин тунгуч төрагасы катраңдык Нурмат деген киши болгон, Нурмат атактуу Сатыбалды датканын небереси. Мурат кийинчээрек ошол Нурматтын карындашы Ажарга үйлөнүп калат.

Саясаттагы моголдорду тажикке аралаштыруу ишинде, «тоолук кыргызбыз» дегендер күн чыгышка – Кашкар-Таманга, азыркы Ат-Башынын Тоушкан  (Кашгар) суусунун боюндагы токмоктор жашаган жакка көчмөк болушат. Бул өнөктүк ишинде биринчи көчүп барар жолду тактап келүү үчүн Калмурзага дагы бирөөнү кошуп жөнөтүшөт. Ошентип Аваат эли башында турган Баткен эли көчүүгө камданып, көлүккө унаа сатып алуу өнөкөтү башталат, бирок бир жылдай убак ичинде чалгынга жөнөткөн кишилер кайтып барбайт. Үчүнчү жыл дегенде Калмурза жалгыз барып, жарытарлык эч нерсе айтпайт, бирок Тоушканга көчүүгө болбостугун гана айтат.

Көрсө Калмурзалар келишкенде тоушкандыктарды «сарт» деп бөлө коколоп жаткан учурга тушугат жана тигилердин келишин басмачылык чалгындоо катарында кабыл алуу менен Тоушкан чакан айыл тургундарын тыптыйпыл кырып салышат. Калмурзанын шериги каза болуп, өзү НКВДга сурак берип, бир жылдан ашык камакта болуп, акырында оозун ачпаска касам ичирүү менен ага ынанганда гана коё беришет. Ошондон улам Калмурза молдолук жагына ооп, 1977-жылдары Актатыр айыл имамы молдо Калмурза аты менен дүйнө салат, өлөргө жакын касам ичкендиги туу­ралуу маалыматты айта, агынан жарылуу менен бул дүйнө менен коштошот.

Салиховдордун улуусу Дастан тажик тилин жакшы билгендиктен юридикалык жактан билим алып, Тажикистанды 40 жылдай бийлеген Улжобаев (Олжобаев, теги Ноокаттан, уруусу оргу, тажикке жээн) менен бирге иштеп, Тажикстанда юстиция эл комиссары, министрлигин аркалай жүрүп пенсияга чыгып, Самаркандек айылына 1970-жылдары пенсионер катары көчүп келет.

Мурат Салихов 1921–25-жылдары Ташкендеги коммунисттик агартуу институтун бүтүп, 1927-жылы Ош окружкомунда үгүт иштерин жетектейт, анан Өзгөндө райаткомдун төрагалыгына шайланат, Кызыл-Кыя шааркомдун катчысы, 30-жылдары Ташкентке Марксизм-Ленинизм институтуна жөнөтүлөт. 1933-жылы институтту бүтүшү менен андан аркы эмгек жолун Түптөгү №54 жылкы  заводун уюштуруудан баштайт, андан кийин, Түп райкомунун биринчи катчысы болуп дайындалат, ВКП(б)нын ХVII cьездине делегат болуп шайланат.

1936-жылы Ысык-Көл чөлкөмүндө жаз катаал келип, үшүк жүрүп, күздүк эгин чыгымга учурайт. Ал тууралуу Эл Комиссарлар Советине кат жолдоо менен буудай планын төмөндөтүүгө жетишет. Бирок бул иши атайлап жасалган  «диверсиялык» катары каралып, ага балдар үйүндө аты-жөнүн алмаштырганы кошул-ташыл болуп, «эл душманы» аталат. 1937-жылдын башында «Кыргыз партиялык уюмунун тарыхы» аттуу жыйнак чыгаруу үчүн даярдык көрүү чечими кабыл алынат, редакциялык коллегия курамына Белоцкий, Жээнбаев, Исакеев, Стамлер, Лайт, Касымов, Куранов жана Салихов киришкен.

Белоцкий ошол кездеги Кыргыз АССРинин биринчи катчысы. Ал Екатеринбургда Николай II  корукчулоо ротасын Голощекинден кабыл алган кызыл командир. Голощекин Казакстанга, Белоцкий Кыргызстанга падыша Николай II  үй-бүлөөсү менен жыластап – тынчыткандан кийинки «эрдиги» үчүнбү, чоң партиялык кызматка дайындалып, Голощекин – казакты тентитип, Белоцкий – кыргыз интеллигенциясын репрессиялап тынышат. Коммунисттер бул эки командирдин кандуу колу менен Орто Азияны да канга бөлөшөт.

Кутаховду кудай кыргыздарга буйрубаптыр…

Тагдырдын буйругу го, Белоцкийден мурда Кутахов деген москвалык киши биринчи катчы болуп дайындалып келет. Акылбек аксакалдын айтымында, Кутахов чыныгы коммунист, сабаттуу, эмгекчи эл дегенде ичкен ашын жерге койгон, ак жүрөк адам экен.

Ал байкушту эл менен тааныштырууда жалаң орус айылдарына алып барып тааныштырышат, кыргыз айылдарды жолобой буйтап өтүп. Бир-эки таанышуудан кийин Кутахов барган жердеги тургундар жалаң орустар экенин айтып, анда эмне үчүн Кыргыз Республикасы аталганына таң калып, кыргыздар менен жолуктурууну суранат. Айласы түгөнгөндө Асылбашка алып барышат. Ал учурда Асылбаштан Акылбек Акматов ак үйдө кызматчы болгондуктан, тилмечтик милдет ошого жүктөлөт. Кыргыздар өз ара сүйлөшүп, Кутаховду «Чучаков» – деп, кыргыздар менен тааныштырууну чечишет. Ошентип Асылбашка барып эл чогулуп, «Чучаков»  деп тааныштыра баштаганда Акылбектин жеңелеринин бири, «ай кичине бала, чоң кишиники «чочоктун» чоңу болот эмеспи» – деп кайнисин тыйып калат. Бул сөздөн улам  жыйылгандар кыраан-каткырык менен жер тырмап жатып калышат. Мындай «күлкүлүү» таанышуудан сөздүн түпкү маанисине түшүнгөн соң, жолугушуунун таасири менен башка эч сөзгө келбестен Кутахов Москвага кайтып кетип калгандан кийин, Белоцкийди Кыргызстанга жөнөтүшкөн экен. Жогоруда Салиховдун аты-жөнүн  алмаштыруу: тажик-кыргыз сөзүнүн айырмачылыгы менен байланыштуу болсо, Кутахов кыргыз сөзүнүн “курмандыгы” болуп  жатпайбы.

1937-жылы республикалык жогорку звено жетекчилерин четтен камакка алуу башталат, 8-сентябрда Кыргыз ССРинин Борбордук аткаруу комитетинин мурдагы председатели Б.Исакеевди камакка алышып, 8-сентябрда Салиховду дайындашат. Салиховдун жетекчилиги менен 40-50 КВаттык болгон 30 колхоздук электр станциясы курулат, ал Ленинграддан келген «Лендор проект» институтунун инженер-изилдөөчүлөрүнүн ишинин тез жүрүшүнө шарт түзөт жана Фрунзе – Балыкчы темир жолунун долбоорун ары, Чолпон-Ата – Түп – Пржевальскиге чейин узартуу демилгесин сунуштайт.

Фрунзе шаары боюнча мончо куруу, музыкалык-балет окуу  жайын жатаканасы менен куруу иши жана универмаг, турак үйлөр курулуп, «Киркомстром» иштей баштайт. Шаар ичинде көчөлөр автожол жана тротуар болуп бөлө курулуу менен шоссе жолго таш тизүү ыкмасын колдонуу тажрыйбасы өндүрүштүк негизде турмушка ашат. Автопаркка эки автобус алынып келинет, саламаттыкты сактоо жагы Салиховдун Наркомздравга жөнөткөн ишенимдүү катынын натыйжасында 25 жогорку кесипкөй врачтар жана 25 миң эл агартуу адистери менен толукталат.

«Биз Сталинге милдеттүүбүз»
1937- жылы 12-декабрда СССР Жогорку Советине биринчи шайлоо болот, ага Ош шайлоо округу боюнча өзүнүн талапкерлигин коёт жана өзүнүн шайлоочулары астында мындай деп сүйлөйт: «Мен шайлоочулардын мага көргөзгөн ишеничине ыраазычылыгымды билдирем жана өз ишимде ишеничиңиздерди актаймын. Биздин мамлекет таанылгыс болуп өзгөрүүдө – көмүр казуу, нефть алуу менен катарда электрлештирүү ишинин натыйжасында кубаттуу индустриялык өсүү жолундабыз. Миңдеген колхоз-совхоздордо МТС, электр станциялар курулуп жатат. Кыргыз эли революция аркылуу кайра жаралды, кыргыздар арасында врач, инженер, учкуч, мугалим, агрономдор аз эмес. Бул жеңиштер менен биз Сталинге милдеттүүбүз». («Советская Киргизия», декабрь, 1937-ж.).

Биз азыр Сталиндин атын укканда эле, түрдүү ойго батабыз, бирок ага-инилер: Салихов Дастан жана Мурат Кремлдин Георгиев залында Сталинди ортого ала жекече түшкөн сүрөтүн үй — бүлөлүк тарыхый мурас катары катып жүргөнүн көргөн адамдар эмгиче айтып жүрүшөт. Андан башка Орто Азия бөлүнүп жаткан учурда Турат Рыскиев аттуу уруусу найман жигит Орто Азиянын улуттарга бөлүнүү маселесинде чечүүчү инсан болуу менен Сталиндин бул аталган чөлкөм боюнча кеңешчиси болгон экен.

«Стан» дей коём деп балээге калды
М. Салихов 1938-жылы 10-апрелде СССР Жогорку Советинин Президиумунун Председатели М. Калининге кат жазып, ал катта Кыргыз Республикасынын Гербиндеги жазуу «Киргиз — ССРи» түрүндө симметриялык көркөмдүктү бербейт, ошондуктан ал жазуу «Киргиз — Стан» — деп жазылса максатка ылайыктуу экендигин сунуштайт. Бирок БАК председатели Орозбеков экөө бул маселе боюнча бир пикирге келе алышпай коёт жана «Стан» сөзү Социал-Туран партиясы менен байланыштын далили катары, илгерки аты жана атасынын аты-жө­нүнүн өзгөртүлүүсү, ошондой эле аялы Ажар датканын небереси экендиги кошулуп, Муратты «кой терисин жамынгандар» катарына кошууга шарт түзүлүп калат жана бул үчүн 1938-жылы 8-ноябрда Исакеев жана Камбаров үчөөсүн атып салышат.

Баса белгилей кетчү нерсе — Мурат Салиховдон калган Кубат жана Атыргүл аттуу уул-кызы аргасыздан «ата жолун жолдошуп» балдар үйүнүн тарбиясын алып калышты. Уулу Кубат Оштогу 1″2 жана Бишкектеги №5 кесипчилик окуу жайларында жетекчилик кызматта балдарды тарбиялап жүрүп, 1976-жылы 1-январда кайтыш болду. Кызы Атыргүл медицина тармагында мыкты адис катары Ош облустук ооруканада кызмат өтөп, күйөөсү алматылык жигит болгондуктан, кийин Алматыга көчүп кетишкен. Алматы – Фрунзе ортосунда жүрүп тарых барактарын ачууга жол таап орусча: «Разоренное гнездо сокола» аттуу китеп жазып, ал китепте атасынын башына түшкөн тагдыр үлүшү жана «эл душманынын» балдары катары өздөрү кечирген турмуш тууралуу кеп салат.

Мен Кубат Салиховду тааныйт элем, ал кишинин көзү өткөндөн кийин байланыш үзүлгөн. Кийинчерээк карындашы Атыргүлдүн бар экенин угуп, издөө сала сураштырып Алматыда экендигин билдим, бирок чыгынып барбадым, бир жыл толуп-толбос убакыт өтүп, ал эжебиз кайтыш болгону туу­ралуу кабар уктум.

Мурат Салиховдун туулган жери Рават айылы деп көрсөтүлүптүр, чындыгында ал туулган айылдын аты Раваттын күн батыш жагындагы Карамойнок  деген жер. Анда азыр эл жашабайт, Баткен–Лейлек райондор чек арасы катары дарбаза курулган. Карамойнок илгертеден Бадамды, Каратоо токмокторунун жайлоосу болгон. Бадамды азыр Канибадам шаары, Каратоо — САНТО (Среднеазиатское нефтяное торговое общество), КИМ (Коммунистический интернационал молодежи) аты менен 1964-жылдан тарта Тажикстандын жери болуп кала берди.

Абдижалил ПАХРИДИНОВ, Бишкек шары,
“Кыргыз туусу”,
14.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий