Бактыгүл Чотурова, акын: «Байкасам, жалтаңдаган көзүңдөмүн…»

Бактыгүл Чотурова аттуу акын айымдын таттуу ырларын окубаган адам болбосо керек. Таттуу дегенибиздин себеби ырларында бүт темалар таттуу тилде берилген. Ширеге жуурулган лириканын дал өзү десек болот. Жыл жаңыраар алдында акын эжекебиз менен маектештик.

— Бактыгүл эже жыл жыйынтыктоочу мезгил жакындап калды. Дегеле бул жыл сиз үчүн кандай болду?
— Мен үчүн бул жыл жагымдуу түйшүктүн жылы болду.

— Жагымдуу да түйшүк болобу?
— Албетте, болот. Мен чыгармачылыктагы түйшүктү айтып жатам.

— Ошол жагымдуу түйшүгүңүздү ачык атап айта кетсеңиз?
— Акыркы жылдардагы жазган ырлар, поэмалар жыйнагымды даярдадым. Каражат болсо жарыкка чыгарам. Анан Азербайжандын белгилүү акыны Бахтияр Вагабзаденин «Биз бир кемедебиз» аттуу 300 беттен ашык көлөмүндөгү ырлар жана поэмалар жыйнагын кыргыз тилине котордум. Бул жыл ошентип, менин чыгармачылыгымда жакшы жыйынтыктарды берди деп ойлоп коём, эми ким билет, ар ким өзүн кыйын сезе берет да. Негизи чыгармачылыктын баасын эл бергени дурус. Өзүм болсо эски жылдын акыркы күндөрүндө ойлоно баштайм «Бул жылы эмне бүтүрдүм?» — деп. Көп учурда эңсеген максатка жетүү кыйын болот.

— Жеке турмушуңузда кандай жагдайлар болду?
— Кудайга шүгүр, эл катары турмуш өтүп жатат. Сайкал деген неберем бар, күндө таңда ишке жөнөтүп, кечинде кайра тосуп алат, зериктирбейт. Чарчоолордун баары аны менен унутулат.

— Үйгө барганда деле чыгармачыл адамдай болосузбу, же өзүңүздү кандай сезесиз?
— Үйдө өзүмдү кадимки эле аялдай сезем. Энедей сезем, кыздарымды, неберемди тескемиш болом. Кызымдын чымчыгына жем берем, тентектик кылган мышыгымды тилдейм. Кээде конок тосом. Азыр апам үйдө, олтуруп алып аркы-беркини сүйлөшөбүз. Анан баары жаткандан кийин компьютерге олтуруп түнкү тынчтыкта кайра иштейм…

— Жалгыздыкта тынч олтуруу жакса керек?
— Абдан. Бирок Кыял деген сүрөтчү кызым экөөбүз ошентип көп иштейбиз. Ал сүрөт тартат, мен жазам, кээде компьютерди талашып калабыз.

— Адамда акыл жыл жаңырган сайын, өмүр өткөн сайын толуктала берет эмеспи. Сиз муну байкай алдыңызбы?
— Бул айтканың чындык. Мындай учурду мен көп эле байкап калам. Бир нерсе баштан өтүп «А-а ушундай кылыш керек турбайбы, болду, билип алдым» деп акылдуудай боло түшөсүң. Анан эле дагы бир нерсени билбей жүрүп билгениңди сезгенде кайрадан өкүнөсүң. Адам турмуштун тепкисинен кийиздей бышып жүрүп олтуруп, карыганда көптү көргөн көсөмдөй болуп калат турбайбы. Менимче, акылдын чеги жок. Мына биз жалпы ааламда адамзаттын акылы ашкан заманда жашап жатабыз. Дагы эле утуру жаңылыктар таңгалдырып, улам эртеңки күндүн арты кызык боло берет тура.

— Эски жылды узатууда кандай ырымдарды колдоносуз, буга канчалык маани бересиз?
— Чоң маани берем. Эски жылдан кирлер калбаш керек экенин айтып эле жүрүшөт го. Мен дагы ошого аракет кылам. Анан жаңы жылдын дасторконун бай жасаса жыл жакшы болот дегенге да ишенем. Ошон үчүн дасторкондо тамактын бир нече түрүн жайнатып коюп, балдар менен олтурам.

— Акын аял катары акыркы жолу жан дүйнөңүз эмнеден катуу ооруду эле?
— Жакын көргөн адамым эки сүйлөп койгонго таарындым эле. «Эх десең, бекер тура өтүнгөнүм, суу кечпей калганына сөзүм менин, бир сындым, бирок сен да сездиң аны. Байкасам жалтаңдаган көзүңдөмүн» дегендей кеп да. Анан апрель революциясындагы бейкүнөө шейит кеткен жаш жигиттерге көңүлүм ооруду. Баардыгы карапайым калктын ичинен чыккандар курман болушту, а башкалар бийликке келишти. Эмне үчүн чиновниктин балдары андай ишке катышпайт деп ойлондум. Алар өздөрү сүйлөсө «эл үчүн» деп сүйлөшөт, бийликке жанталашышат, а балдарын чындап эл үчүн кызмат кылууга багыттай алышпайт. Бизде мекенчилдик жоголгондой сезилет. Чиновниктер болсо балдарын жадагалса аскердик кызматка да жибербей алып калышат.

— Эмне жоготтуңуз, эмне таптыңыз?
— Эски жыл менен кеткен бир жашымды жоготтум. Тапканым көп, ырлар жана аялуу, жакшы адамдарды таптым. Баса, Бактыгүл Чотурова деген кызды таптым. Сүрөтчү экен. Экөөбүз бир туугандай жакын болуп калдык.

— Сиз тапкан жакшы адамдар кимдер экенин айтууга болобу?
— Болбойт! Адамдын көңүлүн тонду аңтарып күнгө жайып койгондой кылуу жарабайт да.
«Жан дүйнөсү жашыл жаз, көөнү көктөм, көккө сүрөп канатың өйдөлөткөн, көп жолдоштун ичинде аз жолдош бар, көздөрүңдөн түшүнүп, көздөрү өпкөн! Арзуусу бар ичине катып тынган, аруу сырга арманын ашык кылган, көп адамдын ичинде бир адам бар, көрүнбөстөн жарыгын чачып турган» десем түшүнүктүү болот го дейм.

— Мезгилди адам баласы кантип көрктөндүрүп алса болот?
— Ал деген адамдын өзүнөн болот. Эрки күчтүү адамдар өзү үчүн бардык нерсени жасай алат. Кээде биз баардыгын эле тагдырга шылтап жүрбөйлүбү. Чынында, кандай тагдыр болсо да адам көбүнчө өзү себепкер болот.

— Чыгармаларыңыз мезгил агымына жараша кайсы бир нукка бурулган учурлар болобу?
— Чыгарма ички дүйнөдөн чыгат. Аны атайылап бир нукка бурууга болбойт. Жүрөк эмнени кааласа ошондой жазылат. А, мезгилге болсо таасирленүү болот. Өзгөчө табиятка таасирленүү көп эле болот.

— Табияттан эмнени көбүрөөк жакшы көрөсүз?
— Тоону сүйөм, сагынам. Тоодо өскөм да. Анан жамгырды жакшы көрөм. «Жан дүйнөмө жыпарын чачып көктөм, жамгыр, жамгыр куюлса бакыт төккөн, карегимде кеч кирип, жылдыз түнөп, карегимден күн чыгып ааламды өпкөн, мен тоолордун кызымын эркин өскөн!»-деп коюп жүрөм.

— Бул жылы эмне жөнүндө көбүрөөк ыр жаздыңыз?
— Мен башынан эле лириканы сүйөм. Ошондой маанайда ырларды жаздым. «Бактымдай, эч сындырбай назарымды, ыр менин жаздай жарпым жазаарыңды, билемин, ошон үчүн сүйөм сени, лирика-келтиресиң жашагымды!»-десем болот. Бирок Ысык-Көл тууралуу көп жаздым десем болот. «Ысык-Көл баягы эле өзгөрүлбөй, көйкөлөт чайпалса да бөксөрүлбөй, көңүлүм эңсегенин үнсүз сезип, көзүмө карайт сенин көздөрүңдөй» деген сыяктуу саптар өтө көп.

— Чотурова тарбиялаган шакирттер барбы, аттарын атай кетсеңиз?
— Бар. Жанымда бирге иштеген Жыпара Исабаева деген таланттуу акын кызды айтсам болот. Азыр анын аты кыргыз журтуна таанылып калды. «Устадан шакирти өтөт» дегендей, көп кырдуу талант катары, проза, драматургия менен да шугулданат. Учурда кинорежиссер Темир Бирназаров менен иштешип, «Адашкандар» романынын негизинде киносценарий жазып жатат. Андан сырткары Алтынай Ормотоева, Махабат Касенова, Нуриза Өмүрбаева, Афина Бакирова ж.б. жаш акындарды айтсам болот. Булар абдан таланттуу кыздар, китептери жарык көрүп, таанылып келе жатышат.

— Башка акындар сыяктуу поэзия кечесин өткөрөйүн дейсизби?
— Ага ички даярдыкты бышырып туруп өткөрүү керек. Жакшы жаңы китеп чыгарып, анан отчет катары өткөрсөм деп ойлойм. Мурун жазылган ырлар менен өткөрүү кичине уятыраак болуп калат го.

— Мамлекеттик наам ала элексиз го, эмне себептен?
— Себебин билбейм. Чынында, аны ар кандай жолдор менен алгандар жок эмес. Негизи колдо эмгек болсо бир күнү наам, сыйлык өзү келгиси бардыр.

Сахиба Кадырова. «Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»), 17.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий