«Кыргыздын князы»

Ата журтка ыр сунмакмын жүрөктөн,
Ал саптарды издөө менен күнөткөн.
Жыты жыпар жаш селкини өпкөндөй.
Жыргаса экен ырларымды бир өпкөн.
Эрнис Турсунов

Бах десең! Акындын кайсы гана ыр китебин ачып көз жүгүрткөн адам, философиялык терең мазмунуна термелип, жан дүйнөң жалбырттап, өзүң сезип туруп айталбаганыңа арданып, бирок акындын ошол теманы кыт куйгандай ширетип таштаганына шилекейиң агып, шилиңди кашыйсың. Анын татаал поэзиясы, автордун өзүнө окшогон оор басырыгы, орундуу уйкаштыгы менен руханий азык болуп, саптарын алаканың менен аяр сылап, анын кудуретине аста ыраазы болосуң.

Атаганат, азуусу карыш адабий сынчы болсом, акындын күңгөй-тескейин, терең-тайызын текши изилдеп, териштирбейт белем. Айла жок, «Билген жолуңду атаңа бербе» деп ал кишинин жайытына өз билген өңүтүм менен калем шилтейин. Эрнис ага менен «Бака чардак» жерлерде бакылдашып жүргөнүмө отуз жылдын оро-парасы болду. Андыктан, бул кишинин акындык жагын арпа сапыргандай кылбай, адамдык кулк-мүнөзүн жалпыга анча белгисиз күнүмдүк турмушундагы оозунан уккан, анан мага жуккан жоруктарын гана жоруптап берейин дедим.

Негедир жүрөксүйм. Князь өзү айтып калат. «Кепти ии, ооба десе эле баш ийкегенге айта бербей, тамшанып, таңданып, суктанып уккандай айтыш керек. Бир нерсени баяндабай, анализдеп сүйлө» деп. Эмесе «Курандын башы бысмылда деп, Эрнис ага эмне үчүн «Князь» аталып калды, кеп ошондон болсун. 1980-жылдары кыргыз радиосунун адабий- драмалык редакциясында эки жылдай чогуу иштеп калдык. Кадамды салмактуу таштап, кабакты кабыландай түйүп, бизге жакындайт.

— Эрнис ага, аман-эсенсизби? деп — кол сунабыз. Акырая карап алып, бурк этет.
— Силер мени атыман айтпай, князь келатат! Князь келатат! дегиле. Князь жөн келаткан жок, акчалуу келатат дегиле!
— Кана, анда княздыгыңызды көрсөтпөйсүзбү?
— Эми ал убагында болор. Князь, князь — деп турсаңар менин баа-баркымды бийиктетип, кадыр-касиетимди көтөргөнүңөр эмеспи. Минтип түшүндүрбөсөм, өзүңөр билчүдөй эмессиңер. Дооматына макул болуп, ошондон кийин оңко-чоңко түшүп, эл «княздап» калдык. Жолугушабыз. Саламдан кийин эле-ии, канча бар жаныңда?» — дейт. Ооз бош жооп берилет.
— Чамаң чак көрүнөт. Уялба! Бирге жетеби? Закускасын жөн эле кой. Ага акча коротпо. Беркиге калсын! — дейт.
— Ал эми бардар кезде бакылдап учурашсаң:
— Маанайың жарык, маяна алдыңбы? Тур, эмне отурасың? Бирөөнү эшикке чаптырабыз. Чыга берерде токтотот:
— Эй, кайра жүгүрүп убара болуп калба? Болушунча ал? — деп акыл узатат. Кеткен бала келгиче кайдагыларды айтып каткыртат.
— Атаңдын оозун урайын! Бир жолу Качкынбайдын (Осмоналиевдин) чөнтөгүнөн үч сом көрүп калып, ошол үч сомду чыгарам деп отуруп, өзүмдүн жүз сомум кеткен.

Сай болсоң да Төкөлдөшкө барчубуз,
Сары, саамал пиволордон алчубуз.
Улуу-кичүү акындардын баарысы,
Ушул жерде бакылдашып калчубуз.

Тумшугуңду жакындатсаң мурунга черткен төө көз, сары көбүктүү кружкалардын үч-төртөө бошоп кеткенден кийин, Князь ээр бел мурдунун үсүндөгү чыбырчык терлерин жүз аарчысы менен жанып алып, жаалдуу сүйлөйт:
— Арман көп бурадарлар! Жашоодо бир жакшылап кармаша турган душман таппай жүрөм. Жабылып санап ийебиз.
— Ой, тигил Халил Бапаев, Совет Урманбетов, Эрменбек Токтогуловдорчу?
— Ой, кокуй о-ой! Ошолор мага душман боло алабы?… жүз грамм алып берип койсоң кайра дос болуп алышпайбы. Мага билек түрүп, бел таңып, күл чачып челише турган, тик мүйүз душман керек! Күлкү асман жарат.

Анан тил жибип, дене ымшыгандан кийин тигил же бул акынды көтөрө сүйлөп же көө шыбаганга өтөбүз. Өзүбүздүн эле аттуу-баштуу акындарыбыздын бирин алаканга салып асмандатып кирдик эле.
— Эй, токтоткулачы! Ошону билбейсиңерби? Аны өзүнөн дарамети төмөн акындардын арасына коюп койсоң гана жарык чача алат. Ал эми өзүнөн жогорку акындардын ортосуна коюп койсоң, жалп өчөт. Кайда экенин таппай каласың. Чыныгы талант кана дайыма жаркырап турат. Балким, бул кишиники да туура чыгар.

Жетимишинчи жылдардын башы болсо керек. Касымбек Токтогулов деген кан досу бар эле. Өзү музыковед, узун бойлуу, карганын уясындай тармал чачы бар, сулуу жигит эле. Ошол күндөрдүн биринде, төртүнчү микрорайондогу үйүнө барат. Караса үстү-башы үлпүлдөйт, ал кезде нейлон деген ак көйнөк чыгып, кийгендер кийип, кийбегендер кейиште жүргөн кези. Караса, ошол көйнөк үстүндө.

— Ой, баатыр, кут болсун көйнөгүң!
— А, ырахмат!
— Баатыр, муну жуубасак болбос. Андайда ким жок дейт. Жамила эже эбак ишке кеткен. Экөө бир «ойт бермени» ортого коюп жарымдап калган кезде, жаакташа кетишип Касымбек алдыдагы куюлган стакандагы аракты Княздын бетине уруп калат. Князь: — ии, ушундай беле сурагың? — деп унчукпай ордунан туруп бетин сүртүп атканда, ашкана бөлмөсүнүн бурчунда турган бир чака карагаттын коюу вареньеси көзүнө урунат. Ойлонгонго убакыт жок, тез өч алуу планын колдонуп, чаканы көтөрүп туруп тигинин башына кийгизе коёт. А-а дегенге алы келбеген Касымбек тулку-бою ылдый куюлган вареньеге батташып, күндүзү түнгө айланат. Князь бул убакыттан пайдаланып, сызып эшикке чыгат. Тармал чач, таза көйнөк, кара шымдын эмне болгонун эми өзүңөр элестеткиле. Эки сааттай жуунуп, эшикке чыгат. Князь далдоо жерде акырын аңдып турат. Тигил үңкүйө басып үйүнө кетет. Өзү үйүнө келет. Ашкананын эшигинен аккан кара ботко, тышкы ирегенин кырына келип токтойт. Ошентип, ал түнү таң аткыча жалдаганга адвокат таппай, Князь жалдырап Жамила эженин сурагында отурат.

«Кырк карагай, бир токой кайсы бирин айтайын» дегендей мурдагы жылы болсо бир тойдо отуруп Узак деген киши менен тааныша кеттим.
— Кайдансыз?
— Көлдүн Жаркынбай айылынан.
— Князды тааныйсызбы? Дароо жабыштым.
— Ал ким эле?
— Эрнис Турсуновчу.
— Ал каткырып жиберди, тааныбаганда, так менин кошунам болот. Көп ишке чыкпайт. Баса, өткөндө кызык болду. Жакын туугандарына айтып, «кокус мен көз жуумп кетсем, айылга алып келип жолдун жээгине койгула» — деп. Күлдүк. Эки-үч күндөн кийин баягысын эстеп Князга чалдым. Шаарга келип. Үнүмдү таанып. — Жолочусуңбу, бу сен кайда жүрөсүң ыя?
— Айылга барып келдим, Түпкө.
— Ии, эмне жаңылык?
— Жаңылык ушул Князь. Жаркынбайга кире берсем эле айыл ичиндеги алдуу -күчтүүлөрдүн баары кетмен, күрөк, лом алышып, көчө бойлоп жүрүшөт.
— Эмне болуп кетиптир?
— Сиз өзүңүз өткөндө барып «жаман айтпай жакшы жок, мен бирдеме болсом чоң жолдун жээгине койгула, жер көп кетпесин, узунуман тургузуп, башымды чыгарып, салафан ороп койгула» деп керээз аткан турбайсызбы. Мурдунан бышкырып күлүп алды.
— Ооба, ооба. Болгон,болгон. Шаарда өлгөнгө менин чамам келбейт. Коюлчу жердин баасы асмандын башы экен. Коюлчу жериң анча, союлчу жылкың мынча, туз, май, кантың тигинче болсо, анан кантмек элем. Тамашага чалса да таап айтты.

Жалгыз өкүнүч, ал кишинин өзүнө гана таандык болгон сүйлөөдөгү интонациясы, ой басымы, көмүлткөн көркөм образдуу айтканы, кагаз бетине кошо түшпөгөнү кайгыртып турат. Эриккен кезде Эрнис Турсунов агага кайрылам же ал мага чалат.
— Жолочусуңбу?
— Ооба!
— Эмне кылып атасың?
— Сиз менен сүйлөшүп жатам.
Кытмыр күлүп алат.
— Өзүңүзчү?
— Ээ, жаш өткөн сайын жандүйнөң ээндеп, жан жолдоштор азайып, жалгызсырайт экенсиң.
— Эшикке чыкпайсызбы?
— Чыкканда эмне. Көчөдө сүйлөшөр киши жок. Бүт эле караандар жүрөт. Келбейсиңби?
— Эжем кайда?
— Эжең подругаларыныкына кеткен.
— Качан келет?
— Кокуй о-ой! Базарга кеткен аял менен подругаларыныкына кеткен аял тез келчү беле. Тездесем үлгүрөбүз. Кийине баштайм.

Бул киши менен кездешүүдөн кийин жакшы эс алуудан келгендей жарпым жазылып, жеңилдене түшөм. Бирок сүйлөшүү оңойго турбайт. Эки сөздөн кийин эле деңгээлиңди, дээриңди, көкүрөк дараметиңдин көрөңгөсүн билип коёт. Үзөңгү кагыштыра отурбасаң мугалимге жооп берип жаткан баланын кейпин кийип каларың бышык. Атам замандагы Античный адабияттан баштап, дүйнө классиктеринен бери бежиреп, орус адабиятынын оош-кыйыштарын айтып, тектем тилдүүлөрдүн акын-жазуучуларынын чыгармаларын астын-үстүн аңтарып, кулак куржунуңа салып коёт. Өзү айткандай, таң каласың. Каруусун казык, калемин азык кылып, шамчырактын түбүндө түндүн канчоосу өттү.

Жетимиш беш жыл аралыгында карап көрсөң кагаз түтпөс канчалаган чыгармаларды жаратты.

Дүңүнөн алып айтсаң 30 китеп,14 драма жана опералык либреттолорду 31 котормо жыйнак «Куран» менен християндардын «Библиясынын» төрт томун оодарганга жетишти. Ал эми кыргыздын көздөрү өтүп кеткен көрүнүктүү акын, жазуучу, композитор, обончу, артисттери жана саясатчы кыраандары жөнүндө жазган эскерүү, мемуарлары ар жума сайын кыргыз радиосунан «Асылдар ааламы» рубрикасынан уктурулуп келет. Белгилей кетчү нерсе, Эрнис ага ошолорду өзү окуганында таасын, таамай дикторлук көркөмүн, дикциясын жоготпой эфир эрежесин кармап, тил маданиятын түшүрбөй, тексттин кунарын кетирбей, жан сала шаңшыганы таң калтырбай койбойт. Ар бир каарманынын кулк-мүнөзүн ачып, ашык сөз айтпай, таасын далилдер менен даана берип адамдык бейнесин көркөм тили менен коошорбос чакан чыгарма кылат. Мейлиң таштакка сал, мейлиң башкага сал, ар жанрда төрт таманын төп таштаган калемгер. Улууга курдаш, кичүүгө теңтуш. Таңдайынан таттуу кебин куюлткан азил тилдүү аңгемечи жана азыркы кездеги адабиятыбыздын тирүү классиги.

Өткөндө Князь жөнүндө ыр жазып дагы телефон чалдым. — сиз жөнүндө ыр жаздым угасызбы?
— Аттигиниң, бекер тийишипсиң. Образымды ача алдың бекен? Кана, окучу?
Калемин казык кылып иштегенде,
Кабагың кабыландай тиктегенде.
Жоо чаап келаткансып салам салкын,
Жок чачты сылап коюп ичпегенде.

Байкатпай жайың сурап багым менен,
— Бар болсо алып чыкчы бачым? — деген.
Чак келер бирөө жармың табылабы?
Чарчадым үйдө отуруп катын менен.

Арбалып таттуу кепке секин жылып,
Акырын бөтөлкөнүн канын сыгып.
Май сөздөр тил учунда чыжылдашат,
Маңдайлар жарылганча күлкү чыгып.

Классик да кең көкүрөк аба жерип,
Кыйшайтып шляпаны баса кийет.
Сараңдар бир сомун чыгаргыча,
Сапырып миң сомун чачып ийет.

Жанрларда алды-артында сапырылып,
Жаактууга жай бербей закым урум.
Жанында туралышпайт жарым мүнөт,
Жан дүйнөсү жакырлар жашырышып.
Баарлашкан таң калып чери тарап,
Баскан жерде бакылдап кеби калат.
Эрегишсең эрөөлгө чыга калып,
Эрнис болуп ким бизге бере алат?!

— Болду, болду жеткен экен, жеткен экен. Кана кайра окучу? Ошентип үч кайталатты.
Мен өмүрүмдө төрт инсанга ыраазы Байдылда Сарногоев, Качкынбай Осмоналиев, куудул Асанкул Шаршеновго жана Эрнис Турсуновго. Булардан чыгармачылык чоң таасир алдым. Устатым деп ушуларды эсептейм жана сыйлайм. Эмесе улуу урматтуу Таштак губерниясынын князы,
Жашырбай айтсам сразы.
Жакындашып жүргөнгө,
Жаман иниң ыраазы.
Саламат, эсен боло көр,
Самозванец кыргыздын Князы!
— деп калемдеш иниң

Жолочу Рысбаев, «Лозунг» («Кыргыз гезиттер айылы»), 15.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий