«Ыр куржундун» ырлары менен сырлары

Улуттук балдар адабиятыбыздын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон, анын учурдагы бийиктигине жеткирген бир ууч акындарыбыздин сабында акын Байтемир Асаналиевдин  ысмы бадырайып жазылып турат. Ал тээ өткөн кылымдын  60-жылдарынын ортосунда эле балдар үчүн ырларын жазып, республикалык басылмалардан көрүнө баштаган. Биринчи ырлар жыйнагы «Жаз боёгу» деген ат менен 1967-жылы чыкканда эле, китеби балдардын сүйүктүү окуу куралына айланган.

Көрсө, чыгармачылыгынын «жазы» болуп чыга келген бул алгачкы  китеби эле анын балдар адабиятыбызга өмүр бою  кызмат кылып берер жаркын акындын келатканынан, анын ырлары балдарыбыздын дилин  байытар, тилин өстүрөр окуу курал боло аларынан  үмүткөр кылган тура.

Анын үстүнө,  балдар акынынын бир милдети ушул эмеспи. Анын эмгеги мугалим менен бирдей бааланган, поэтикасынан  педагогдук мээнети көп, айрыкча башка дүйнөлүү адам экен.

Мына ошол акыныбыз Б.Аса-налиев 70 жаш курагына келип отурат. Ал Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айылынын кулуну. КМУУнун филология факультетин бүтүрүп, Нарын калаасына барып, мугалим болуп да иштеген. Андан соң, Фрунзеге кайтып келип,  «Мектеп» басмасына кирип, андагы балдар жана жаштар боюнча редакцияда редактор, анан жетекчиси болуп, чыгармачылыгынын чыйырын улантып, Фрунзени экинчи мекен кылып жашап-иштеп кала берди.

Ошентсе да:

“Калтырып бейбаштыгым,  чалалыгым,
Мектебим, адам кылдың  сүрөмөлөп,
Асынып китеп баштык, балалыгым,
Өзүңдө окуп, ойноп жүрө  берет»
– деп, жаңы гана жарык көргөн тандамал китебиндеги «Чет-Нура мектебине» деген ырында («Ыр куржун», Бишкек, «Бийиктик» басмасы, 2010, 51-б.), жазгандай, бүгүнкү саамайы агала болгон курагында да, балалыгын унутпай, балдарыбызга жакшынакай белек тартуулап отурат.

Адегенде эле айта кетейин, ыры ар кыл, сыры терең бул «Ыр куржун» аттуу тандамал жыйнагы – акындын өмүр баян китеби сыяктуу көрүнөт экен. Мен ушу кезге чейин  Б.Асаналиевди жалаң  балдар үчүн гана жазат болуш керек деп ойлочу экенмин. Андай эмес экен, ал жалпы атуулдук темадагы ырлардын да мыкты устаты экен десем, жаңылышпайм.

Анда эмесе, «Ыр куржундун» «дасмияларынан» кичине чубап көрөлү. Албетте, ар бир атуулдун киндик каны тамган жери – мисир демекчи, акындын Чет-Нура айылы, анын булут чалган кереметтүү тоолору, мөңгүдөн мөңкүп чыккан тунук булактары, кымыз жыттуу жашыл жайлоолору, деги койчу, баары чыгармачылыгындагы сүйүктүү темасы катары жашап келгени көрүнүп турат. Ага акындын «чырпыгын сайса чынар болгон» «Тууган жерге», «Эгиз жер», «Айылым – алтын турагым», «Тоолукмун деп мактанам», «Турагыбыз бийикте», «Жайлоо, жайлоо» ж.б. ондон ашуун ыры мисал боло алат. «Эгиз жер»  деген ырында акын сүйүктүү  айылы, романтикалуу аты бар Орто-Нура, Чет-Нура тууралуу мындай деп ырдайт:

«Мээнеткеч, сыйкор эли бар,
Мейманга барсаң, эсиңе ал.
Медерим эки Нурага,
Мен садага, мен кумар», (103-б.) – деп, сыймык менен, ичи жылып, мээрими төгүлөт.

Китептеги айрыкча жүрөккө жетер дагы бир нерсе бар: ал акындын өз атасы тууралуу  жазган «Мен жоокердин уулумун» аттуу ыры. Анда атасы тууралуу минтип эскерип жазат:

«Айкөл Манас – атакемдин  бабасы,
Жүрөгүндө жок таруудай карасы.
Көрбөсөм да, көкөлөтүп  ысымын,
Сыймыктанам,  мен – жоокердин баласы»

(47-б).

Ушул саптарды окуганда акын аганын өмүр баянына көз жүгүрттүм. Анда өзү жазгандай, чын эле, «бир жашка жаңы толгондо атасы Асанаалы Мамадилде уулу Улуу Ата Мекендик  согушка аттанып, фашисттер менен болгон кармашта курман болгон» деген саптар бар экен. Көзүмө элестеттим: биринчи перзенти бир жашка чыкканда, жытына кумарлана бир искеген боюнча түбөлүк көрбөй калган атанын арманы не деген улуу арман!

«Акын – доордун акыл-ой таразачысы»  экенин анын бир катар ырлары далилдеп тургансыйт. Буга далил болор: «Айтматовдун бийик чоку экенин», “Байдылданын жөпжөнөкөй булбулдай акын экендигин», «Акылман ырчы Арстанбектин залкарлыгын», «Бийик аска Түгөлбайдын эл үчүн кылган эмгегин», «Жакшы ырлардын устаты – Эсенгул Ибраевдин кайталангыстыгын» жана  да «Булбул таңшык Асек ырчынын мукам үнүн» ырга кошкон  портреттик ырлары көңүлгө уюбай койбойт.

«Ыр куржундун» экинчи көзү жалаң балдар ырларына толо экендиги айрыкча кубандырат. Андагы, жогоруда аталган 1967-жылы жарык көргөн «Жаз боёгу», 1998-жылы чыккан «Балдар неге күлүштү», 2004-жылы жарык көргөн «Айбанаттар паркында» аттуу жыйнактарынан тандалып алынган  ырлары кирген. Соңунда акындын жаңы жазган ырларынын топтомуна да орун берилген.

Балдар ырларынын устаты болгон бул акындын жыйнактагы  ырлары үч тарабынан көрүнөт, тактап айтканда, анын бир салаасы – балдарды курчап турган дүйнөнү, андагы жан-жаныбарларды, үй-айбандарын таанытуу, күндөлүк колдонуп эле жүргөн буюмдардын маани-маңызын билдирүү тууралуу болсо, экинчи салаасын аларга болгон баланын аздек мамилесин, гумандуу сезим-туюмдарын калыптандыруу, эне тилин билүүнүн ролун, сөз маанилерин, ата тар-биясынын асылдыгын  үйрөтүү  ээлесе, ал эми үчүнчү салаасын бөбөктөрдү  улуу-кичүүгө болгон адептүү мамилеге, күндөлүк турмуштагы  ыймандуу жүрүм-турумга, ата-энени, бир тууган айылды сүйүүгө тарбиялоо тематикасы чагылдырат – десек жаңылбайм. Ошентсе да, бардык ырларында баланын кыялы, сөзү, көз карашы, ой жоруусу менен туумдары таттуу тил менен берилип, сөз гүлдөрү менен сыпатталган. Акындын ыр куруу техникасын, сөз менен иштей билүү чеберчилигин да ушул ырларынан билүүгө болот.

Эми ушул туурасында бир аз сөз кылалы. Мисалы, «Менин энем» аттуу ырында бала энесин «Менин энем күнгө тең» деп сыпаттаса, «Апа» деген ырда:

«Апа бизди төрөгөн,
Ал-күн!
Тийген төбөдөн» (269-б.) деп, эненин ким экендиги менен анын асыл эмгегин  андан ары тереңдете сыпаттайт.

Китептеги орчундуу тематика – бул табиятты, андагы жан-жаныбарларды, т.а.  арстан, керик, аюу, зебра, карышкыр, жылан, пил, маймыл ж.б. менен балдарды тааныштыруу, анын кандай экендигин, жашоо-шартын, тиричилигин билдирүү, ошондой эле, «Жаңы ырлар» түрмөгү: улуулар анча маани бербеген, балдар  жазуучулары гана тиешеси бардай туюлган, ит, күчүк,  мышык, чычкан, торпок, уй, коделек менен тааныштырган чакан-чакан ырлары  да эң кенже балдар жаттап ырдачу, тилин өстүрөрлүк, ийкемдүү  ырларын камтып турат.

Ушул эле тематикада балдарга чоң ата, чоң эне деген ким,  таене, таята дегендер да кимдер экенин  шаардык балдарга таанытуу турасындагы ырлары да кызык чыккан, т.а.:

« – Таене деген ким болот?
– Ал – Энеңдин энеси.
– «Бабушка» деп шашылбай,
Байкоо керек эмеспи». (315-б.)

Балдарды ыймандуу-адептүү болууга үндөгөн ырлары китептин басымдуу бөлүгүн ээлейт. Андагы  «Ыйман деген эмне?», «Азис адам баратты», «Чоң эне менен небере», «Көпүрө», «Жакшы китеп», «Ырысбек», «Кубан, бөбөк», «Мурас» ж.б. көптөгөн ырлар мисал боло алат.

«Көпүрө деген ырда: «Тажабастан тере бил, татынакай сөз гүлүн,  «жетик билбей тилиңди, жек көрүнбө элиңе» деп на-саат айтып келет да, балдарга сабак болор кылып:

«Күмөндүк болсо  сөзүңдө,
Күнөөнүн баары  өзүңдө.
Байкасаң, ушул эне тил,
Башка тилге көпүрө» (289-б)-деп, балдарга, адегенде, эне тилиңди бил, андан соң башка тилди үйрөн, эне тилиңди жакшылап үйрөнсөң, башканы үйрөнүү оңой болот» деген педагогикалык идеяны айтып, жыйынтыктайт.

Анан да «Мурас» деген ырында бүгүнкү чет элдик фильмдерге кызыгып, улуттук сапаттарыбызды унутуп,  атыбыз кыргыз болуп туруп, затыбыз башка болуп кетер коркунуч алдында, рухий бөксөлүк улуттук нарктарыбыздын кадырын кетирер чакта балдарыбызды нагыз кыргыз атанын наркы менен  болуу­сун самап, мындай деп жазат:

«Ар бир кыргыз баласы,
Ак калпакты кийишсин.
Ак боз үйдө олтуруп,
Комуз черте билишсин.
Элин-жерин сүйүшсүн!» (326-б)

Акындын эне тил тууралуу ырлары өзүнчө эле сабак болор ырлар. Анын «Балдар неге күлүш­тү», «Айырмалай билели»,  «Ойго алгыла» «Сары гүл»,  «Балдардын баары каткырды»,  ж.б. ырларында балдар гана эмес, алардын ата-энелерине да кеңеш айтып жаткансып, бирде эне тилин ыйык тутуп, атаны ата, апаны апа деп жерибей айтып үйрөнсө деп,  сөз билбестердин эл алында күлкү болорун эскертип, бирде сөздүн маанисин чечмелеп, бирде эне тили мугалиминен бетер балдарга ар бир ыры менен сабак өтүп жаткансыйт.

Мисал келтирели:

«Папа» десе – атаны,
«Мама» десе – апаны,
Ала-Тоолук бала үчүн,
Аябай чоң ката бу!

(272-б. «Ойго алгыла»)

Ушундай. Акын ушу кезге чейин эле өзүнүн элдик акыл-насааттарын балдарга, же катарлаштарына ырлары менен ушинтип айтып келет. Акындык салттын өзү да ушундай. Ошол акындык парзын, эл алдындагы карызын айтып бүгүн минтип 70 жаш кутман куракка келип отурат. Ал бүгүн да акындарыбыздын ыйык сабында, «жакшы ыр  чыкпаса,  бул турмушта жашаганын жалгандай» («Акын», 16-б.) сезип, кыялында, бул дүйнөдөн кандай гана таланттар өткөнүн ойлоп, алардын баркын Ата-Журту унутпай,  элеси жылдыздай  болуп, Ала-Тообуздун асманында өчпөй жанып турганына ыраазы болуп, өзү да эл ичинде жүргөнүнө, кылган эмгегине ыраазы болуп, аман-эсен жашап келатканынан  кубат алат.

Ылайым ошондой болсун! Балдар акыны Байтемир Асаналиев агайыбыздын элине эмгеги сиңип, Ала-Тообуздун ар бир  уул-кызы анын татынакай ырларын окуп, таалим-тарбия алып, ыраазы боло беришсин.

Сулайман РЫСБАЕВ, балдар жазуучусу, Тоголок Молдо атындагы сыйлыктын ээси,
«Кыргыз туусу»,
17.12.2010-ж.

Соц тармактар:

«Ыр куржундун» ырлары менен сырлары: 1 комментарий

Добавить комментарий