«Айбийке сулуунун» айтайын дегени…

Акын, балдар жазуучусу, окумуштуу педагог, учурдагы «Алиппе» китебинин автору Сулайман Рысбаевдин балдар үчүн 20га жакын аңгеме, жомок китептери, 30га жакын методикалык эмгектери жарык көргөн. Анын чыгармалары өзбек, орус, немец, англис, испан жана француз тилдерине которулуп, кеңири алкакта дүйнөгө тартууланууда. Биз жакшы көрүп ырдап жүргөн «Уча бер өмүрүмдүн каркырасы» (обону К.Ашыралиевдики), «Биринчи коңгуроо», «Балажан» (обону К.Эралиеваныкы, «Досторго», «Мырзайым» (обону К.Артыковдуку), «Тилек» (обону А.Карымовдуку) аттуу ырлар да Сулайман агайдын калемине таандык. Төмөндө «Алиппенин» автору, балдардын сүйүктүү жазуучусунун үстүбүздөгү жылы бир нече балдар китебин чыгаргандыгы үчүн «Жылдын мыкты жазуучусу» атап, чыгармачылыгы жөнүндө окумуштуунун оюн тартуулайбыз.

Качан болбосун, шашып баратсам да, китеп саткан дүкөндөрдүн текчелерин, балдарга арналган көзүбүздүн жоосун алгыдай жасалгадагы, түркүн түстүү сүрөттөр менен кооздолгон китеп чыгып калгысы бардыр деп, сыдыра карап өтмөй адатым бар. Бирок, ар бир жолу ал китептердин кыргыз тилинде болбогонун көрүп, эч нерсе эмес, жакында чыгат, балдарыбыз кубанып окуп, чоңойгондо ошол китептин чыгышына себеп болгон, ага-эжелерине миң мертебе ыраазычылыгын билдирет деп, ичимден өзүмдү өзүм сооротуп өтүп кете бермейди да адатка айландырдым. Кыргыз тилин үйрөткөндөнбү же өз балдарымдын келечегин ойлоп тынчсызданганданбы, айтор, билбейм, бу балдар үчүн жазылган кыргыз китептеринин азыркы абалы кийинки кездерде мени өтө эле кызыктырып, эмнелер бар эле, азыр колдо эмне бар, келечекте кандай болоор экен деп санаам санга, оюм онго бөлүнгөнү бөлүнгөн.

Балдарга арналып жазылган кыргыз китептери жөнүндө кызыгып сураганымда сатуучулар дайыма Сулайман Рысбаевдин тигил же бул китебин колума карматышат. Агайдын китептерин алып, окуп көрүп, бир аз каражат кенен болгондо, бул китеп башка тилдеги китептерден эч айырмасы жок болмок экен: болгону кагаздын сапаты, сүрөттөрдүн жайгашуу жыштыгы, жасалгасы жагынан алдырбаса, мазмуну, идеясы, тили, кызыктуулугу жагынан эч кандай кемчилиги жок экенин көрүп, бир эсе кубанып, бир эсе капа болом. Кубанганым — балдарга арналган чыгармалардын болгону, капа болгонум -чыгарууга каражаттын табылбаганы. Эл аралык уюмдардын колдоосу менен кыргыз тилинде чыккан китептер бар, тилекке каршы, ал китептердин саны өтө аз болуп, же баасы кымбат болуп, каалаган эле киши сатып ала албайт. Авторлордун колунан көрүп калып, сурасаң: «Мага да болгону бир-эки гана экземпляр берилди, чыгаргандардан сураш керек да»-деп, тим болушат…

Азыр да колумда Сулайман Рысбаевдин тестиер жана өспүрүм балдар үчүн арналып жазылган «Айбийке сулуу» аттуу басмадан 2007-жылы жарык көргөн китеби турат. Бул китепке автордун «Умай бала» аттуу романтикалуу жомок-повести, жомоктору, романтикалуу аңгемелери, уламыштары киргизилген. Китепке киргизилген чыгармалардын жанрдык аталыштары бизди адабиятчы катары да кызыктырды. Жомок сыйкырдуу, турмуштук, айбанаттар жөнүндө деп эле бөлүштүрүлчү эле. Романтикалуу болгону, анысы аз келгенсип, жомок-повесть болгону кандай деп, чыгарманы баштан-аяк окуп чыкканча шаштык.

Бул чыгарманы окуп жатып, башкы каарман Акылтайдын тагдыры кандай болоор экен деп, кыял дүйнөсүнө кандай кирип кеткенимди билбей да калыптырмын. Романтикалуу каарман Умай баланын жомоктордогу учуучу килемге отуруп алып, ата-энесинен адашкан, уурдалган, кыйынчылыкка чалдыгып же ооруп калган балдарга жардам бериши, аларды кыйын кырдаалдан чыгарышы, төгөрөктүн төрт бурчундагы 3-4 жашар баладан алтымыш жаштагы аксакалдарга чейин кызыгып көргөн «Жөргөмүш адам» фильминдеги Питердин образын көз алдыбызга элестетет. Мына, балдар үчүн мультфильмдин даяр сценарийи дейм, китептеги улам кийинки чыгарманы окууга өтүп жатып.

Ал эми жомоктор түрмөгүнө киргизилген жомоктордун да биз бала чагыбызда окуп, угуп жүргөн жомоктордон айырмалуу экени окуган ар бир адамга туюлат. Ошол эле учурда, бизди жомоктор дүйнөсүнө жетелеп кирип, жаман менен жакшы, ак менен кара, мээримдүүлүк менен зөөкүрдүктүн, достук менен кастыктын чегин ажырата билип, балдарды жаман ойдон алыс болуп, ар түрдүү абалда калыс болуп, эл-жери, мекени үчүн кызмат кылууга даяр турууга үндөйт. Дайыма адамдарга, табиятка жакшылык кылуу менен гана жакшылыкка жетүү мүмкүн, илим-билимге ээ болуу жолу менен бакыт табууга болот деген сыяктуу идеяларды балдарга жеткирүүгө автор чоң аракет жасаган.

«Балык балдар, же көл жээгиндеги түнкү кум сепилдер» деген жомогунда окуя азыркы эле баарыбыз билип-көргөн Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Жомоктун сюжети, композициялык курулушу, башка жомоктордон айырмаланып турат. Жомоктогу Кумар деген бала жомоктун башында эле теңтуштарына буюра сүйлөп, өзүн жакшы көрүп, башкалардан кыйын сезген, кызганчаак, ичи тар бала экени белгилүү болот. Талгар аттуу балык баланын баянын уккандан кийин, көзүнөн жашы кандайча агып жатканын сезбеген Кумардын ички дүйнөсү таптакыр башкача болуп өзгөрөт. Жомок боюнча так талашкан эрлердин, жаатташкан элдердин урушун Жер эне зор силкинүү менен гана баса алган экен. Ошондогу «Алтын калаа» тургундарынын өкүнүчтүү тагдыры, так талашып урушкандардын айынан, балыкка айланган балдардын жашоосу, алардын адам сыяктуу Жерде жашоого мүмкүнчүлүгү болбогону Кумардын такыр башка адам болуп өзгөрүүсүнө түрткү болду.

Бул жомоктогу «Алтын калаа» жөнүндөгү окуя азыркы күндүн өтө чоң көйгөйүн козгоп, адамдарга насаат айтып, жол көрсөтөт. Байлык менен бийлик талаш жомокто автор тарабынан төмөнкүчө сүрөттөлөт: «Аялдары эркектерден эрк талашып, жаштардын карыялардан сөз талашып, карыялар жаштардан жол талашып, Баатырлар даңк талашып, вазирлер так талашат. Эл-журт тапкан байлыгын «сеники-меники» дешип, экиге бөлүнөт».

Бул чатактын аягы Жерде жашоого мүмкүнчүлүгү жок, ата-энесиз калган балдардын балыкка айланышы менен бүтүп отурат. Бул болсо, азыркы күндүн жаш муунунун өкүлү, балдардын башчысы, ичи тар, кызганчаак бала — Кумардын мүнөзүнүн өзгөрүлүшүнө алып келди. Демек, автор жаштарга үмүт артып, жерибизди, элибизди бөлүнүүдөн, уруштан, чырдан оолактатып, биримдикке, ак ниеттүүлүк менен акыл-билимге, эмгекке чакырып жатат. Кумардын образы, жалпысынан, бүгүнкү күндүн балдарын, эртеңкинин ээлерин символдоштурат.

Жомокту окугандан кийин ар бир адамдын көңүлүндө илгери үмүт пайда болуп, бактылуу жашоо эми баштала тургандай пикир жаралат. Бул болсо, жашоонун жеңиши эмеспи!

Автор «Падыша менен Култемир» аттуу жомогунда адамдардын адамга эмес, жансыз затка, заманбап тил менен айтканда, роботко (Култемир) көбүрөөк ишенишин сынга алып, ал эми чыгарманын аягында адамга адамдан жакын, адамдан күйүмдүү жан, нерсе жок экендигин падышанын түшүнүшү аркылуу адам баласын гумандуулукка, бири-бирин сыйлап, сүйүүгө, барктоого чакырат. Аягында Култемир менен кошо аны жасаган устанын да зынданга салынышы — бардык жер жүзүндөгү адамдарды ойлондура турган жыйынтык…

«Гүлдөр жана тикендер» деген жомок өзүнүн терең философиялуулугу менен башка жомоктордон айырмаланып турат. Таанытуучу, тарбия берүүчү мазмундагы бул жомок өтө оригиналдуу жана анда жомок дүйнөсү менен азыркы күндүн окуялары өтө чебер айкалыштыра сүрөттөлгөн. Дербиш карыянын мугалимдерди сынай карап: «Жакшынын жакшы экенин анын жанында жамандын бар экенинен улам билет адам. Жамандын баарын жок кылсаңар, жакшынын кадырын билбей каласыңар деген аталарыбыз», — деп айтышы жана тикенектин баарын жок кылсаңар, акыры бир күнү гүлдү да эч кимиңер сүйбөй каласыңар деген насааты ар бир окурманды терең ойго салат.

С. Рысбаевдин жомокторун окуп жатып кыялымда бирин мультфильм, бирин фантастикалуу көркөм фильм кылып өзүнчө сценарий жазып жаттым. Анан ал сценарий боюнча тартылган фильмдеримдин кадрларын көз алдымдан чубатып, 7 жаштагы уулумдун, 12-13 жаштагы сиңдилерим менен инилеримдин көз карашы, акылы, баалоосу менен сындаганга өтөм.

Балдар ушунун баарын бала кезинде окуп, билип, көрүп, угуп үйрөнсө кандай сонун иш болор эле деп, бала кезде окуган, көргөн Х.К.Андерсен, бир тууган Гриммдер, А.Толстойдун жомокторун, азыр балдар тамшанып, барактап окуп жаткан башка тилдеги китептерин, көрүп жаткан чет элдиктер тарткан мультфильм, фильмдерин көз алдыма элестетип, окшоштуктарды издеп таап, «Айбийке сулуудагы» жомоктордон артыкчылык табууга аракеттенем. Ал артыкчылык — бул чыгармаларда менин элиме, менин элимдин түшүнүгүнө, жашоосуна, философиясына туура келген, тиешеси бар, мага жат болбогон нерселердин болгону.

Китепке кирген ар бир жомок, аңгеме, уламыш жөнүндө сөз кылуу, андагы жомоктук сюжет, мотивдерди бөлүп, адабияттын канчалык үлүшү бар экенин аныктоо, ар бир чыгарманын идеясын, темасын белгилөө, чыгармалардын тилдик өзгөчөлүктөрүн өзүнчө карап көрүү сыяктуу иликтөөлөрдү жүргүзүү — азыркы балдар адабиятынын кандай абалда экендигинен бизди кабардар кыла турганы, шексиз.

Мени кайрылып келгис балалыгыма жетелеп алып барып, башталгыч класста окуп жүргөндө, сабак даярдоо саатында (продленка), мектептин кең спорт аянтында үч-төрт класстын окуучуларын өзүнүн тегерегине топтоп алып, (жок, бизди топтогон ары кызыктуу, ары мазмундуу эжемдин жомоктору экенин мен азыр түшүнүп отурам) сааттап жомок айтып берген Миновар Ниязова эжемдин элесин көз алдыма элестеттирген С.Рысбаев агайга балдарга арнап жазган чыгармалары, эмгектери үчүн ыраазычылык билдирип, дагы миң түркүн чыгарма жазарына терең ишенүү менен, ден соолук, чыгармачылык ийгилик каалайм.

Ал эми Сулайман Рысбаев сыяктуу балдарга арнап чыгарма жазган акын-жазуучуларыбыздын чыгармалары боюнча мультфильм, көркөм фильмдердин да жакынкы аралыкта жаралып калгысы бардыр деп, ушул иштин колго алынышын тийиштүү жетекчилерибиз, элибизден чыккан мыкты уулдар: ишкерлер, окумуштуулар, киночулар колго алар деп ишенгибиз келет.

Калия Кулалиева, филология илимдеринин кандидаты,
«Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 17.12.2010-ж.

Соц тармактар:

«Айбийке сулуунун» айтайын дегени…: 1 комментарий

Добавить комментарий