Акын аялдар

Бактыгүл Чотурова, акын, журналист: «Кийинки күндөрү сүйүү ырларын көп жазып жүрөм»

Гүлжамила Шакирова ,акын, журналист: «Мен ыр кубалап кеткен кишимин да»

— Акын аялдардын күйөөлөрү ыр жазба деген учурлар болот эмеспи, ошондой учурлар сиздерде болду беле?
Б.Ч: — Андай ыр жазба деген учурлар көп эле болгон. Гүкүшбайды билбейм (күлүп)

Г.Ш: — Мен ыр кубалап кеткен кишимин да.

Б.Ч: — Менин жолдошум өзү да ыр жазчу. Муну кимге жаздың, эмнеге жаздың?- деп уруш-талаш болуп, мушташып жатып калган кездер болгон. Аны жашырганда эмне, турмуш да. Жолдошум өзү деле ыр жазып жүрчү экен. Мен урушкан кишини жаман көрөм. Өзүм да бирөө менен уруша албайм, тез эле ыйлап ием. Бир күнү жолдошумдун бир ырын таап алдым, төрт мезгилди алып жазыптыр: «Жазды көрүп сени эстейм, кышта карды көрүп сени эстейм»,- деген саптары бар экен. Аны окуп алып, мен дагы жооп жазып койдум:»Төрт мезгилде мен да сени эстейм»,-деп жазып туруп, өзүнүн столуна коюп койсом окуптур. Мына ыр деген ушинтип эле жазылат, кимге жаздың деп уруш чыгара берсем, меники деле жараша берет десем, унчукпай калды байкуш. Биз ошондон кийин урушпай да калдык. Поэзияга түшүнгөн киши «кимге жаздың» деп сурабаш керек. Жоро-жолдоштордун арасынан деле «муну кимге жаздың» деп сурагандар болот. Мен айтып коём, мен буга жаздым деп айтпаш керек. Ыр деген окурмандын ыры болуш керек. Ыр жалгыз өзүңдүкү болсо, анда ыр жазып эмне кереги бар? Анда атын бадырайтып туруп, баланчага деп жазып туруп эле чыгарып салбайбы? Поэзия деген-элдин ыры. Үй-бүлөдө түшүнбөстүктөр болот, акын аял анын баарын жеңиш керек. Эгерде көр оокаттын түйшүгүнө талантыңы таптатып салсаң, кудайдын берген шыбагасын өлтүргөнгө барабар болот. Акындык шыбага ар кимге эле бериле бербейт. Ал кудайдын берген шыбагасы, кор кылбай багыш керек. Кандай уруш- жаңжал болсо дагы, поэзия үчүн туруш керек. Мекенди коргогон жоокердей болуп, талантыңды коргоп туруш керек. Ошондо гана акындыктын үзүрүн көрөсүң.

Г.Ш: — Мен кичине түшүнбөгөн жерге түшүп калдым да, ырымды деле колдогон киши болгон жок. Жаш кезде ырды, жигит сүйгөндөй сүйгөнбүз да. Ырды балаңды сүйгөндөй сүйүп турсаң, сен сүйгөн балаңды башка бирөө түртүп турса, жүрөгүң ооруйт экен. Бактыгүл айткандай, кудай талантты бергенге берет. Ошондуктан, ырларымды көтөрүнүп алып, куржунума салынып алып жөнөп кеткем. Ал кылганыма кайгырган да жокмун, өкүнгөн да жокмун. Мен баарынан мурда ырды сүйгөмүн. Бир уулум бар, кудай ошонун өмүрүн берсин. Мен ошол бойдон ыр сүйгөн жүрөк менен калдым. Ушул жашоомо ырахаттанып эле жашап калдым. Жакшы адам жолугуп калса башкача болот беле, бирок ,тилекке каршы, менин турмушум андай болгон жок. Мен жалгыз гана ырдын артынан кеттим.

— Акын аялдар жөнөкөй аялдарга салыштырмалуу эмнеден көбүрөөк жаңылышат деп ойлойсуздар? Жан дүйнөсү назик, жумшак болсо дегендей?
Б.Ч: — Туура айтасың, акын кыздар, жөнөкөй аялдарга караганда ишенчээк болушат. Башка бирөөнүн баарын өзүндөй көрүшөт. Ичинде кири жок болгон үчүн айрым адамдар алдап кетүүгө аракет кылышат. Андай мамиленин баарын акын кыздар сезгичтиги, акылдуулугу менен баамдап билиш керек. Адам болгондон кийин аял-эркек дебей, акын же жөнөкөй аял болобу, баары бирдей эле катачылык кетирет, жаңылыштык сөзсүз болот, бул-мыйзам ченемдүү нерсе. Болгону ыр жандуу адамдар, болгон иштин баарын жүрөгүнө жакын кабыл алышат.

Г.Ш: — Акын аялдар бир жеринен жаңылып калса кечиримсиздей көрүнөт. Башкалар жашоодон жаңылса билинбей калат, акын аялдардыкы бадырайып көрүнүп калат. Анткени, акындык таланты башкалардан бир-эки тепкич өйдө алып жүрөт. Жөнөкөй аялдар сезбеген, көрбөгөн нерсени акын аялдар сезишет, көрүшөт. Акын кыздардын жан дүйнөсү бийик, таза болгондуктанбы, кичинекей нерсени чоң күнөө катары кабыл алышып, жүрөктөрү ооруй берет да.

Б.Ч: — Бирок жашоодо жаңылыштык, катачылык кетирбей жашоо мүмкүн эмес. Жашоонун өзү, ошентип жаңылып- жазып, катаңды кайра оңдоп жүрүп отуруу экен да. «Жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт» деп ошон үчүн айтылса керек.

Г. Ш: — Бир күндүк жаңылганыңдын залакасы- миң күнгө тиет.

— Журналисттик кесип акындыкты жеп коёт. Энергияңдын баары макала жазууга кетет дешет. Сиздер, акындык менен журналисттик кесипти уруштурбай кантип катар алып жүрөсүздөр?
Б.Ч: — Эң туура. Журналисттик кесип убактыңды аябай жейт. Мен көп жылдан бери гезитте иштейм. Гезит деген тегирмендин барасындай айланып турат.

Г.Ш: — Радионун барасындай дебейсиңби (күлүп).

Б.Ч: — Улам жазсаң, улам жок. Бирок пайдалуу жагы дагы бар. Радио болобу же гезит болобу, чоң чөйрөдө кайнап жүрөсүң. Гезитке материал даярдап жүрүп эле, идеялар пайда болот. Аны кечинде келип ыр кылып жазасың дегендей. Жаңы нерселерди ойлоносуң. Таасирленесиң. Бир гана нерсе убакытты уттурасың.

Г.Ш: — Гезит бир жумада эки чыкса, радиодо күндө сайрап турасың да. Күндө жаңы-жаңы жазып турушуң керек. Ырга салайын деп аткан оюңду радиого салып иесиң, ырга сактап жүргөн жакшы саптарды радиодон айтып жибересиң. Накта жегич нерсе- биздин радио.

— Журналисттик кесиптен башкага иштесеңиздер болот беле?
Г.Ш: — Болот эле. Бирок маңдайга ушуну жазган экен да.

Б.Ч: — Мен илгери мугалим болуп иштегем. Мугалим болуш эле оңой деп ойлоп атасыңарбы? Мугалимдик кесип мындан оор.Кээде иштебей баарын таштап салып эле ыр жазып отургуң келет. Бирок ушундай кыйын заманда бала-чаканы дагы багыш керек дегендей.

Г.Ш: -Мисалы, мен даярдап койгон китебимди басканга убактым жок жүрөм.

Б.Ч: — Ошону айтпайсыңбы, даяр китепти чыгара албай жүрөбүз.

— Жаш кезде сүйүү ырлары көбүрөөк жазылат эмеспи. Сиздердин куракка келип калган кезде сүйүү ырлары кантип атат?
Б.Ч: -Сүйүү ырын азыр деле жазабыз. Эмнеге жазбайбыз?(күлүп). Менин чыгармачылыгымда ырларымдын басымдуу бөлүгү сүйүү темасында. Жүрөгүң эмнени айтса, ошону жазасың. Мага саясий ыр жаз десе жаза албайм. Кээ бирөөлөр айтат: «Ыр жазып атканда учуп кеттим, көзүмө көрүндү, ыйладым»- деп, мен мындайга ишенбейм. Антип экилеништин кереги жок. Мен жакшынакай күлүп-жайнап отуруп жазам. Бирок эч ким жок, жымжырттык болгонун жакшы көрөм. Азыркы кезде деле сүйүү ырларын көп жазам десем болот.

Г.Ш: -Мен деле сүйүү ырларына көп кайрылам. Ыр жазуунун өзү- кайф кармагандай эле нерсе. Ыр жазып жатканда, өзүң кирип кетип жазасың да.

Б. Ч: — Ооба, тыптынч отуруп алып, жыргап ыр жазсаң, сонун да. Акындык талант-кудайдан берилген бакыт. Кээде ойлонуп кетем:»Акын болбосом үйдө отуруп эмне иш кылат элем»- деп, кайра коркуп «кудай анын бетин ары кылсын» деп калам. Ыр жазуу-чоң бакыт да.

Г.Ш: — Түнү менен ыр жазып чыксаң, эрте менен турганда өзүңчө жыргап, эки бетиң албырып, көңүлүң жай, кабагың ачык болуп жыргап каласың.

Б.Ч: — Чыныгы ыр жазганда ошондой сезим болот.
Г.Ш: -Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгү аркылуу өтөт дегендей. Коомдо кандай көрүнүш болуп атса, ошого жараша ыр жаратып калат экенсиң. Мен кийинчерээк сүйүү ырларын көп жазбай калдым.

Б.Ч: — Тескерисинче, кийинки күндөрү мен сүйүү ырларын көбүрөөк жазып жүрөм. (күлүп)

Г.Ш: — Демек, ушу сенде бирөө бар. Ыр жаздырып дем-күч берип аткан бирөө бар анда. (күлүп) Ушундан айтчы, айтып берчи…………(күлүп) Сүйүү ырларын жаза турган жалындаган курак артта калды. Канча белес ашып, канча карды басып келатабыз. Байлап койгон сүйүү бар бекен? Бирок Бактыгүлдө бар окшойт? (күлүп)

Б. Ч: — Чындап эле көп жазып жүрөм. Менин Сыймык Бейшекеев деген үкөм бар. Ошол иним көп ырларыма обон жазып жүрөт. Чалып эле:»Бактыгүл эже, момундай ыр жазып бериңиз, момундай саптары болсун, аябай сүйүп аткандай жазыңыз»,- деп калат. Атаны кокуй, эми кантип жазам деп, анан болуптур деп, анан кечинде отуруп алып элестетип жазам. Илгерки жаш кезимдегидей болуп кыялданып жазам.

— Убактылуу бирөөнү сүйүп коёсузбу?
Б.Ч: — Кимдир бирөөнү элестетем, чынын айтайын (күлүп). Бирок бул жерде ачык айтканга болбойт. Тапшырма менен жазылган ырларга кээде ичим чыкпай калат. Кээде өзүмө да жагып калат.

Айсулуу Эсен кызы, «Обон» («Кыргыз гезиттер айылы»), 21.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий