Мухтар Шаханов, Казак-Кыргыз Эл акыны: «Кыргыз эверести жана манкурттуктун кылымдык геометриясы»

Украин ССРине «Эл достугу» орденин тапшыруу салтанатынын Киевдеги жыйынында отурушкандар биринчи катчынын сөзүнө 35 ирээт кол чабышкан экен. Мындан анча деле көп өтпөй Казахстанда дың жерлерди өздөштүрүүнүн 20 жылдыгына карата (1974-жылдын марты) Брежневдин катышуусу астында чоң маараке өтмөкчү болот. Казакстан бул салтанатка өзгөчө дыкаттык менен даярдык көрө баштайт. Ал кезде Казакстан коммунистик партиясынын Борбордук комитетинин идеология боюнча катчысы С. Имашев буга карата атайын жыйын өткөзүп аны урматтуу Брежневге көрсөтүү үчүн украиндыктард ан ашса ашып андан кем эмес өткөрүү тапшырылат. Мындай тапшырманы жүзөгө ашыруу үчүн област, шаарлар, район башчылыры ошол замат ишке киришип, натыйжада Брежневдин сөзүнө 73 ирээт «кол чабууларды» уюштурушат. Ушинтип жагынуучулук боюнча украиналык агайындардан эки эсеге озуп чыгышат. Ошондо бечара Брежнев өзүнүн «даанышман» сөзүн улам-улам угуп, көз көрбөгөн урмат менен кабыл алган калкка жал-жал карап кемшеңдей берген дешет ошону көрүшкөн көпчүлүк. Муну көшөкөрдүктүн өзүнчө рекорду катары Гиннес китебине жазып коюга кантип болбосун.

Калекеш Карагулов деген менин курдаш досум болгон. Ал Брежневдин шашып-бушуп тилин буруп сүйлөгөнүн, Роза Баглованын казакча, орусча аралыштырып өөдүк-сөөдүк аңгеме курганын, Брежневге арнап Ленин атындагы ак сарайдагы салтанатты ачаарда Коноевдин баш катчыга арнаган куттуктоо сөзүн жана мен колумду үстөкө-босток сермеп ырымды окуганымды туураганда көпчүлүк боору эзилгиче күлүшөөр эле.

Динмухамед Ахмет уулу күндөрдүн биринде үйүбүзгө келгенде мен анда:
— Доошуңузду, сүйлөгөн сөзүңүздү, кыймыл аракетиңизди өзүңүздөй туураган жигитке таанышууну каалайсызбы, -дегенимде:
— Өзүңдү өзүң сырттан карап турганга эмне жетсин, таанышалык, -деп макулдугун берген. Ошол замат Калекешке телефон чалсам, дал ошол күнү Алма-Ата областына иш-сапарга жөнөп кеткен экен. «Ка-ап» деп калдым.

Калекеш Чынгыз Айтматов дегенде ичкен ашын жерге коёр эле. Ал ар качандан бир качан «Ошол улуу адам Корлан экөөбүздүн дасторконубуздан даам татса бактылуу болот элек» деп көп айтчу. Ал поэзияга да абдан кумар адам болгондуктан Естай менен Корланын касиеттүү махабатын дастанга айландырылган «Ашыктын дастаны» деп аталган менин поэмамдын кыйла бөлүгүн эң сонун жатка айтышкандарын Калекеш менен Корландын оозунан алгач ирээт уктум…

Күндөрдүн биринде Чыкем Алма-Атага келгенде Калекаштыкына ээрчитип бардым. Калекаш ошо жерден Брежневдин сүйлөө манерасы менен ага кошомат кылышкан кээ бир башчылардын сөзүн миң кубултуп туурап бергенде Чыкең көзүнөн жаш чыккыча күлгөн.
— Досуң мына анча-мынча менмин дешкен артистерди орто жолго таштай турган азамат тура, -деп аябай ыраазы болгон. Ошол кечте менин «12-3=?» деген поэмамды да жатка окуп берди. Бара-бара ангемелешүүбүздүн аягы КПСС Борбордук Комитетинин Саясый Бюросуна, поэманын жазылуу тарыхы менен ошол кездеги бийликтин өз ара тирешине барып такалды.

Көкүрөгүнө сандаган баатырдык жылдыздар менен ордендерди тагынууга орун калбаса дагы мактаган сайын Кызыл-Кум чөлүнүн кызыл кумундай шөлбүрөй күлүп турган Брежнев өз айланасына бүжүрөгөн чалдарды өчү бардай топтоп алды. Эгер Брежнев 1982-жылдын 10-ноябрнда 80ге таяп барып өлгөн күнүн эске түшүрсөк ал башында турган Саясый Бюро мүчөлөр менен ага кандидаттар Борбордук комитеттин катчылары, Өкмөт башчылары Арвад Пелше, Константин Черненко, Борис Пономарев, Михаил Суслов, Виктор Чебриков, Михаил Соломенцев, Алексей Косыгин жана булардын баары 70 менен 80дин ортосундагы картаң адамдар болушчу. 1979-жылы алардын орто жашы 70те эле. Бийликтин төмөнкү бутактарында да булар жаштардын жолун түздөн-түз тороп турушту. Бүтүндөй бир мамлекеттин туташ ушундай абалда калганын көрүп туруп чыдамым кеткенден улам ушул поэманы жазууга аргасыз болгом. Анын окуясы уламыштан башталат. Күндөрдүн биринде жашы кыйлага барып калган падыша өзүнүн бийлигин көтөргүсү келип мындайча жарыя кылды.
«Накта акыл карттык чакта гана деп,
Жаштын иши негизинен чала, -деп.
Эсептелсин!
Шалакыдан эл байлыгы чачылаар.
Ошондуктан элди билээр казылар.
Жана да аскер башчылар,
Ишин мыкты аткарган.
Шайланышсын аксакалдуу карттардан!»

Ошентип бир аз убакыт өткөн соң бийлик башы болсун, күндөлүк жай турмушта болсун калың элдин бүт назары картадарга ооп, ал эми жаштар арабанын бешинчи дөңгөлөгүнө айланып назардан сыртта калышты. Ошентип эл ичиндеги жигерсиз, отсуз, намыссыз жаштар бой көтөрө баштады. Кийин кайсы бир эл менен болгон согушта картайган падыша жеңилип, өзүнүн теке сакал увазиринин туткунуна түшөт. Жеңген элдин башчысы баягы Ханга: «Он экиден үчтү алса канча калат?» деген суроо берип, эгер ушуга туура жооп бере албасаң башың алынат деп эскертти. Хан буга туура жооп бере албады. Анын мындай абалын көргөн эшик алдында турган бир жаш жигит: «Эгер ханыбыздын кашык канын кечирсеңиз, бул табышмактын эч нерсе калбайт. Анткени, бир жылда он эки ай бар. Анын үч айы көктөм. Эгер ошол көктөм жакшы болбосо, анда бак-дарактар гүлдөбөсө, калган тогуз айдын пайдасы деле жок. Ошондуктан он экиден эч качан үчтү алууга болбойт. Эгер алган адам мына бул биздин ханыбыздай шору кайнайт, -дептир. Хан ошондо: Бул бала кимдин баласы болду? -деп баягы жаш жигитке көз сала караса өзүнүн ат кошчусунун уулу экен. Ошентип ат-тиң, -деп өкүнгөндөн баш бармагын тиштеген тура!:
«Бүттүңү, бүттү, мындан ары өлүкмүн,
Кол баштаган жигиттерге байкоо салбай келипмин.
Шордуу башым, канаттууну талпынтпай,
Мекенимде көп жакшыны жерипмин!
Ойлор келди, келсе да алар кеч келди,
Артык азап, кайгы мага эс берди.

Мына ушул чакан поэманы (ошол кездин руху менен баам салсак көзү тирүү акындардын ичинен ырлары улуттар арасында эң көп окулган орус акыны Евгений Евтушенко которуп, Советтер өлкөсүндө 35 жашында жылдызы жаңыдан жанып чыккан.

«Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 17.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий