Өнөргө жаралган Өтөбаев

Мен кыргыз элинин жүрөгүнө өзүнүн музыкалары менен тереңден орун алып, дүйүм журттун дүйнө көңүлүнөн түнөк тапкан чыгармачылык диапозону кең айкөл, эки инсанды билем. Ал: Рыспай Абдыкадыров жана Шамшыбек Өтөбаев.

Эгер кыргыздын патриоту болбосо “Сен ооруба, мен ооруюн Ата-Журт” деген сөздүн түз эле маанисинде Гимн жаралат беле?! Мен бул ырды таңкы беште туруп КРнын Гимнинен мурун угам.

Шамшыбек Өтөбаевдин “Таазим сага, кутман жер”, “Фрунзенин теректери” аттуу ырларычы! Студент­тик кездерди эске салганы салган… Анан да Салижан Жигитовдун  “Шуулдаба, терегим, теректерим… шуулдасаң ыйлагым келет менин” деген белгилүү саптарын эске салат. Шамшыбек Өтөбаев бул ырга да обон чыгарса, куп жарашып калар эле.

Шамшыбек Өтөбаев эпикалык масштабдагы композитор. Ал обон менен сүрөт тарткандай элес калтырат. Мисалга, “Ат кетти” деген чыгармасы Кыргызстандагы той-тамашалардын үлкөн көрүнүшүн көз алдыга келтирет. Атактуу Толубай сынчынын алдынан хандын күмүш көкүл кү­лүктөрү, ай чапчыган аргымактары, дубан жарган тулпарлары жүрөктөрдөн дүбүрт­төп өткөндөй салтанаттуу, шаңдуу илеп берет. Алыкул Осмоновдун же Кубатбек Жусубалиевдин дастан, аңгемесин кошуп туруп клип тартылса, шедевр болуп жатып калмак!

Өзгөчө менин калемдешим Атантай Акбаровдун “Адам өзү керемет” экенин адам өзү билелек сапарына обон сурап тургандай музыка жаратканы эле не ажайып. Азыркы бирин-бири кайталап, тапталып бүткөн трафарет күйдүм чоктордон миң эсе өйдө.

Өзүнүн маектешүүсүндө “1966-жылдан бери 40 жыл бою Кыргызстанда эстраданы түшүнгөн министр болгон жок” дегени бар. Ошонун кесепетинен эстрадалык мектеп түзүлгөн жок. Эстрада алгачкы күндөн тартып эле мамлекетке иштеген, киреше түшүргөн. Бирок эстраданы арзан баалаган мамиле кедерги болгону айгине. Буга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушу абзел. Бир дагы эстрадалык студия жок. Баланча студия ачыптыр деген болбогон кеп. Ал ошол ырчынын деңгээлине жараша болот.

Ал эми беймаза ырлар угармандардын сезимин булгайт, эстетикалык табитин бузат. Байдылда айткандай “аралаштырып ырдаган аргын ырчы чыккан турбайбы” деп каласың да. Бул олуттуу зыян. Маданиятка уудай таасирин тийгизет. Жакында эле Б.Боркеев андай дөөпөрөс шоуларды сынап жазып чыкты го.

Чындыгында Шамшыбек Өтөбаев обончу композитордон мурун мекенчил. Мекени Кыргызстанды жалындап сүйгөн аны түгөл, түмөн түйшүктөрүнө түйшөлгөн, эң адамгерчиликтүү идеал болгон экен. Мен анын архивин карап отуруп ушуга көзүм жетти. Миллиондон ашык жарандарыбыздан айрылып, жаштардын жумуш издеп чачылып тентиреп кетишине кайгырса, айылдарда чал- кемпирлердин жетим-жесирлердин, жаш балдардын ач жылаңач калганына зээни кейийт. Мектепте окубай калган таштанды зирек балдар, көчөлөгөн чырак кыздарчы! Мекендин бүт кайгысы бу кишинин жүрөгү аркылуу өтүп турган экен. Ал бүгүнкү күндү көрсө да түтөп кетмек…

Ал “дүйнөнүн бардык конти­нент­теринде болдум, бир гана Кытай менен Австрияда болгон жокмун” дечү. Демек, анын дүйнө кабыл алуусу мейкиндиктер менен кеңейген, башка өлкөлөрдү Кыргызстанга салыштырып көрүп арданган болуу керек. “Дүрт” деп намысы ойгонгон. Ошол мекенчил жүрөктө жалбырттап, санаалар тынчын алганы жашыруун эмес. А түгүл 15-20 жылга алдыга божомолун айткан. Көзү ачыктай айтылганы эми туш эле келип жатат.

Ш.Өтөбаевдин эң акыркы ыры, музыкасы да Кыргыз  Республикасынын эгемендүүлүгүнө арналган экен. Аны да ошо кездеги салтанатты уюштуруучу вице-премьер-министр аял менен кер-мур айтыша кетип, бир жуманын ичинде даяр кылыптыр.

Эми, музыкалуу ырларына кулак төшөп көрөлүчү.

Сөзү, обону Ш.Өтөбаевдики “Алтын тумар” деген музыкасынын өз обону угулгансып кетет кулагыма:

Апаке, сагындың го  алыс жүрсөм,
Түшүмдө айран куюп  сунуп жаттың.
Ичтимби, ичпедимби  билбей калдым,
Кобурап бирдемелер  сүйлөп жаттың.

Алтын тумарым,  тагынарым,
Атымды атап, жалынарым.
Тагдыр буйруп, оолак кетсем,
Өмүр бою сагынаарым.

Бак конуп, ак өргөмө  кел-кел келсе,
Төрүмдө ырыс чачып бал  сунарсың.
Башымдан оомат тайып,  достор кетсе,
Уулуңа медер болуп сен  турарсың.

Поэтикалык тил менен айтканда Шамшыбек Өтөбаевдин жашоодогу кредосу ай, арман ай, бул ыр менин өзөгүмдү өрттөгөн өчпөс өксүгүмдөй сезилген…

Аттигиң, Шамшыкеңде акыл тунук, жан-дүйнөсү бай болчу. Элдикиндей эле бала-чака деп тарбалаңдаган оокаты, кыбыраган тирлиги, өтө чоң мансап болбосо да өтөп жаткан мамлекеттик кызматы да бар болчу. Адамдар арасында алакасы тыгыз, ишкер чөйрө­лөр, ишенимдүү кишилер менен мамилеси так, айныгыс убадасы так эле. Дайыма таза, чыкчыйып “элегантный” жүрчү. Бу эми бай тукумунан болгону болсо керек. Манапчылыгы, мырзалыгы бар эле. Ошентсе да бирөөгө көтөрүлүп ашкере сүйлөп, көңү­лүн калтырганын же шагын сындырганын көргөн да, уккан да жокмун.

Балким, кээде туура эмес иштерге кыжалаттана ачууланса да керек. Кемчилик баарында бар. А бирок, мекенибиздин көйгөйүнө, мамлекетибиздин азыркыдай чалкеш, ыр-чыр ахыбалына күйгөнү күйгөн. А бирок, жогорку кызматта болобу, жөн турмушта болобу “өтө серезный” менменсинген жеп-ичкич “жуликтерди” жек көрчү. Кайсы мекемени болобу, ишканабы, жазуучулар союзундагыдай  коомдук уюмдар болобу, баарын сызга олтургузуп кеткен наадан белгилүү, атактуу “подлецтерди” көрүп жүрбөйбүзбү? Алар Кудайдан да жөө качып, соттон да кутулуп кетишет.

Жарыктык киши Шамшыбек Өтөбаев өзүнүн жакшы мүнөзү, элпек мамилеси менен эч душман күтпөптүр. Курсташтары аны:

Күлгөнү да акырын,
Жүргөнү да акырын,
– деп тамашалап койчу экен.

А бирок, Шамшыбек жаш кезинде бир топ эле акындар менен улуттук намыс талашкан көкжал эр көкүрөк болгонун жолдоштору эскерип калышат. А мен бу улуу адамды кийин токтолуп калганын көрүп олтурбаймынбы? Жарыктык, Шамшыбек өтө эле кечиримдүү, айкөл, боорукер эле. Мен унутчаагымдан канча уят болдум. Ошондо да: “Ай, Алик, селдеңе чок түшкөн жокпу, эшек оюн салып кеткен жоксуңбу” деп, күлүп калчу. “Мени Есениндей ичпе!” – дечү. Мен болсом: “О, кокуй Шамшыке, болуптур, антпесем Пушкин болуп баратам. Уолт Уитмен болуп баратам, эми кантем”,- деп каткырып кутулчумун. Бу кереметтүү өнөр ээси Өтөбаев Шамшыбектин оозунда бардыр. Талыкпаган жолоочудай жол басып, калемдин кара жумушчусундай тер төгө иштеш гана керек. Шамшыкемдин улуу үмүтүн мен гана эмес, бардык өнөр сересиндеги шакирттери актап, ак жаркын элесин, эмгегин унутпай эстеп, эскере жүргөнү оң.

Жаатчылыкка, интригаларга, көпкөнчүлүккө, ач көздүккө, жеп-ичерликке жаалы кайначу. Андай топторго кошулган да эмес. Ошондой эле этникалык кагылыштарда, айтылуу “Ош-90” трагедиясында да жаалданган топко жалгыз барып, ынтымакка келтириптир. Эки улуттун достук ымаласын эпке келтирүүсүн бүтүндөй Ош, Өзгөн өрнөк тутушкан. Бул эми дзотко төш тоскон Чолпонбайдай эле эрдик кадам эмеспи. А мүмкүн ошол жерде өчтөн көзү кызарып өчөш­көндөр атып салышса эмне болот эле? Калп айткандай болбойлу, кайран эки элди кайраштырган караөзгөйлүккө Ш.Өтөбаев тикелей каршы турганы “Ош-90” эскерүү­сүндө да даана жазылыптыр. Өрт аралап кан кечкен Ш.Өтөбаевдин демилгеси менен бүтүндөй бир шаар аман калган. Ошол эмгеги үчүн да Ш.Өтөбаевге Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын берсе да али кеч эмес.

Жакында кенже уулу Медердин аракети менен “Сен ооруба, Ата-Журт” эссе китеби жарык көрүп, Бишкектеги Чүй университетинде “Кыргыз Ломоносову” аталган ардактуу мударис устат-агайыбыз Султан Мамбеткалиевдин демилгеси менен Ш.Өтөбаевдин музей-бөлмөсү уюштурулганын калың кыргыз калкына сүйүнчүлөп коёлу дедик. Бул Ш.Өтөбаевдин экинчи өмүрү да олжолуу, байсалдуу болуп, далайга даңаза боло береринде шек жок.

Алик АКИМАЛИЕВ, акын, “Кыргыз туусу”, 21.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий