Олжобай ШАКИР: «Заказ менен жазылган чыгарма окурманга сиңбейт»

Олжоке, кийинки убактарда калемгерлер арасынан көп көрүнбөй калдыңыз, кайсы коңулга кирип кеттиңиз?
— Көпчүлүккө көрүнүп жүргөндө эмес, көмүскөдө бекинип жүргөндө көзгө көрүнөр көп нерселер жаралат. Көп жылдар бою батирден батирге көчүп, өзүмдү Жюль Ренардын «Акынга батирден батирге көчүп жашаган куп жарашат» деген кеби менен канча сооротуп келдим. «Кедейди көчкөндө көр» болуп, канча мүшөк китептер көчүп-конгон сайын жүк үстүнө жүк болуп, канчасына ичим сыйрылганына карабай далайын букинистке өткөрүүгө аргасыз болдум. Анысы аз келгенсип, бир жолу үйгө батпаган үч мүшөк китепти сарайдын кургак жерине койгондой болдум эле, жамгырга эзилип кетиптир. Анда бир ордуман тегеренип күйгөнүмдү айтпа. Акыры Чыныбай Турсунбековдон узак мөөнөткө бир үйдү кредитке алгам, азыр ошол үйүмдө өзүмө бурч жасап алып чыгармачылык менен төшөлүп иштеп атам. Азыр деле дубалым тирелген далай китептер бар, ошолорду окуганга чамам жетпей жүрдү эле, эми аларды четинен «кемирип» кирдим.

— Китеп демекчи, китеп жөнүндө кенен сөз кылалы…
— Борбор шаарыбызда болгону жалгыз «Нуска» аттуу китеп дүкөнүбүз бар, ичи толо макулатура. Алар жалаң кыргызча китептер, окусаң дөдөй болосуң. Мунун баары акын-жазуучуларыбыздын адабий билими, тажрыйбасы тайыздыгынан. Себеби аларды жазгандардын дээрлик көпчүлүгү журналистика же филология билимин гана алгандар. Бизде адабий институт жогунан жалаң журналисттик билим менен чектелип калганбыз. Акын-жазуучу болобуз деген далайыбыз журналистика менен оокат кылганга көндүк. Албетте журналисттик да мыкты кесип, бирок коом жана дүйнө таануу түшүнүгүң, ой чабытың кенен болсо. Журналистика менен адабияттын жүгү, озуйпасы бирдей эле, арийне адабият рухий гигиенага көбүрөөк керек. А кыргыз акын-жазуучуларынын рухка азык болчуларына беш манжаң бүгүлбөйт. Дагы айтып атышпайбы «чыккан китептерибизди эл сатып албайт» деп. Сооп болот. Өрнөктүү адабиятты эч качан чаң баспай, ал колдон колго тез эле таланат. Биз тек гана чыныгы адабият туурасында ойлонбогон элбиз.

— Бул сөздөр атайын эле жазмакерлердин жанын кашайтуу үчүн айтылып жатса керек, ээ. Сиз үчүн чыныгы адабият деген эмне?
— Ал — бок-жини аралашкан коом турмушун чагылдыруу деген эле кеп. Муну Г.Маркес, Р.Акутагава, С.Цвейг, П.Зюскинд, Х.Мураками жана өзүбүздөн Мурза Гапаров, Кубатбек Жусубалиев, Талип Ибраимов, Бейшебай Усубалиевдин чыгармаларынан түшүнөсүң.

Бул жерде сиз өзүңүзгө өзүңүз каршы чыгып жаткан жоксузбу? Так өзүңүз айткандай, азыр чыккан китептердин бок-жини аралашып жатпайбы.
Аралашканы курусун. Тилекке каршы, ал аралашма турмуштун өзү болбой жасалма болуп калып атат…

— Дегеле, СССР туткунунан бошогонубуздан бери кыргыз адабияты эркин боло алдыбы?
— Эркин адабият дегенди оозанганыбыз менен рухий эркиндикке жеталбай келатпайбызбы. Акыркы 20 жылдагы проза жана драматургия жанрындагы чыгармаларыбызды карасаң, 100-150 жылдык мааракелерге байланыштуу тарыхый инсандарга арналган эмгектер өтө арбын. Мисалга, Курманжан датка, Балбай, Ормон, Шабдан, Байтик, Жайыл, Атаке сыяктуулардын канчасы театр сахнасында коюлуп, китептер чыгууда. Булардын бейнеси, саясый ишмердиги жамы журттун мүдөөсүн толук канааттандырарына ишенбейм. Кээсин сынчыл көз караштан жактырбагандар да жок эмес. Мунун баары заказ менен жаралган чыгармалар болгон үчүн же театр сүйүүчүлөрүн таппай, же китеп катары окурмандарга сиңбей калууда.

— Чыныгы адабият, маданият өнүгүш үчүн эмне зарыл деп ойлойсуз?
— Көркөм окуу жайы. Бизде азыр Б.Бейшеналиева атындагы көркөм окуу жайы бар, бирок ал жер да башка окуу жайлардай эле турмушка керектүү билим берип аткан жери жок. Кызыгы, китепкана жана клуб кызматкерлерин даярдаган факультеттери бүгүн да бар. Аны айылдан келип бүтүргөндөр кайра кайсы китепкана же райондук маданият үйүнө барып иштейт? О.э. вокалдык хордо окугандары толтура, тилекке каршы, аларга эч жерде муктаждык жоктой. Мисалга, опера-балет театрынын хор ырчыларынын курамын карасаң, бирин-экин эле жаштар болбосо (ошондо да алардын көбү чоң партияларды ырдоо «ишенимине» кирелек жаш опера солисттери), өңчөй пенсия жашындагы эски артисттер. Буга кантип күлкүң келбейт. Менимче, ушул окуу жайды толугу менен реформалоо зарыл.

— Кантип?
— Эч болбосо искусствовед, театровед, музыка сынчыларын даярдоо факультетин ачуу менен. Ал эмес ушул эле окуу жайдын алдында адабий ишмердүүлүк боюнча өзүнчө бөлүм ачылса, сен экөөбүзгө окшогон кодура таланттар көркөм адабияттын жарыгы менен көлөкөсүн ажыратып, адабий билимге ээ болуп чыгат элек. Бизде азыр поп-музыка абдан жанданды, бирок саман-топону аралаш. Аларга талдоо жүргүзгөн эч бир музыкалык сынчыларыбыз жогунан — баары жылдыз. Театр сынчыларыбыз жогунан театр маданияты жөнүндө жарык көргөн бир макаланы көрбөйсүң. Демек, атайын көркөм кадрларды даярдоо окуу жайы туурасында кеп кылбасак, бизде кайдан профессионал адабият, искусство калыптанмак эле? Илгеркидей Москвадан билим алуу мүмкүнчүлүгү баарыбыздын эле колубуздан келбейт. Андыктан жогорку маданият, искусство, адабиятты ойлогон башка эл катары өз алдыбызча байтактуу баалуулуктар жөнүндө кам көрүшүбүз керек. Бул туурасында маданият министри Садык Шер-Ниязга да айттым. Угуп, мулуюп калды…

— Садык досуңуз мүмкүн мулуюп эмес муюп калгандыр?
— Бирок жалгыз анын колунан келчү иш эмес да, ошон үчүн мулуюп калды го.

— Бизде канткенде элдин китепке, театрга болгон кызыгуусу артат?
— Ыраматылык Салижан Жигитовду бир курдай «Айтыш» фондуна чакырдык. Ошондо укмуштай бир чындыкты айткан эле. Мындай деп баштады кебин: «Садык, сен азаматсың, төкмө акындардын анык доору эми келди» деп тымый калды. Ичибиз туйлап кулак түрүп калсак, «Оозеки адабият кандай элде өнүгөт? Бүгүнкүдөй китеп окубаган караңгы элдин жазма адабиятынын орду өксүп калганда» дегенде боорубуз эзилгенче күлгөнбүз. Чынында биз бүгүн фольклорго гана көмүлүп калдык. Балдар үчүн жарык көргөн китептерди барактасаң баягы эле жөө жомокторубуз. Ал эми орус тилинде жарык көргөн балдар адабиятын карасаң, жеткинчектердин логикасын өстүрөр көнүгүүлөр менен акыл гимнастикалары. Элибиздин акыл деңгээлин жалаң эле жөө жомоктор менен жогорулата албайбыз, андыктан мээ чагып, мээ булчуңун өстүрөр балдар китеби жөнүндө ойлонушубуз керек. Баса жакында кыргыз тилинде балдар энциклопедиясы чыкты. Бул жакшы жөрөлгө. Эми дагы бир чо-оң маселе бар, Куурчак театрыбыздын же улуттук макамды алып жүргөн театрларыбыздын босогосун аттасаң, кайсы театр балдар үчүн кыргыз тилинде спектакль коюп атат? Эч бири! Кыргыз акын-жазуучулары, композиторлору балдар үчүн чыгарма жаратууну унутуп, жапырт заказ менен иштеп, тарыхый инсандардын бейнесине көмүлүп калгандай. Бала деген кенедейинен өз эне тилинде ыр жаттап, жомок угуп, спектакль көрбөсө, кантип ал келечекте өз улутуна жапакеч боло алат?! Тескерисинче, өзүнүн кыргыз экенинен сетиркеп, эне тилинде сүйлөөдөн уялган себеби да ошондон. Себеби балдарыбыз өрнөктүү текст окуп чоңойгон жери жок. Башкасын кой, президенттин алдындагы тил комиссиясы балдар үчүн кыргызча которуп чыгарган «Алтын жомок» аттуу том-том китептерди барактап көрчү, балдар эмес ата-энелер түшүнбөй турган чоркок тил менен которулганын көрүп каның кайнайт. Бөбөктөрдүн «Байчечекей» журналын кара, нускасы 2000-2500 миңдин тегереги. Бул эмне деген шумдук?! Демек, кыргыздар өз балдарынын тарбиясына кызыкдар эмес. Китепке болгон кызыгуу жылдан жылга ушинтип кемий берсе, улуттук адабияттын келечегин кой, улуттун өзү эмне болот?

— Макул, башкаларга сын тагып атасыз, өзүңүз эмненин үстүнөн иштеп атасыз?
— Менин эрмегим толтура. Башынан эле чыгармачылыкка өзүмдү байлап салган кишимин. Ырым жазылбай калса котормо менен, котормом бүтсө проза же балдар үчүн жаратып аткан ыр-жомокторго кирем. Кээде суткасына 15-16 саат иштеп, бутум «шал» болуп калганда төшөгүмө жөргөлөп барып жыгылам. Анда да уйкум келбегенде, китеп окумай. Эртеси дене-бой жибигенде жаңы чыгармага киришем. Эң жаман жери, башкага алың жетсе да өзүңө алың жетпейт экен. Кээде өз эркимди жеңалбай компьютердеги шахматка же башка оюндарга кирип кетсем, чыкмагым азап. Качан көздөн жаш агып, мээм чыңалгандан кийин ордуман турам. Жакында Элла Майар деген француз аялынын кыргыз эли жөнүндөгү кеңири китебинин үстүнөн иштеп бүттүм. Бул автор 1932-жылы Кыргызстанга келип, алты айдан ашык Орто Азияны кыдырып чыгыптыр. Китеп француз тилинен кыргызча которулгандыктан тексттин үстүнөн иштөө милдетин мага тапшырышкан. Баш сөзүн К.Жусубалиев жазды. Буюрса, жакында кыргыз окурмандарынын колуна тиет. Анда биз сыймыктанчу жерлери өтө арбын.

— Бильярд ойной калчу элеңиз, барбай калгансызбы?
— Ага дайым эле акча кайда. Мендей итке минген кишиге бильярдды ким коюптур.

— Учур адабиятынан кимдердин чыгармаларын окудуңуз?
— Өзгөчө жаккандардан Арслан Койчиевдин «Мисмилдирик» романындагы психологиялык конфликттердин курчтугу жана автордун тили жакты. Баяндоолору менен диалогдору андан бешбетер. Анан да жакында силердин гезит Москвада жүргөн Нарсулуу Гургубаева аттуу чыканактай кыздын ырларын жарыялабадыңарбы, мага ал кыздын поэзиясы өзүнчө табылга болду. Ыр саптары жөн гана уйкаштыкка шыкалбаганы көрүнүп турат. Сөз менен да, ой менен да тыкыр иштеген кыз экен. Менимче, силердин муундан кийинкилерден Жазгүл Жамангулова, Мирлан Самыйкожо үчөөңдүн дүбүртүңөр алыскы угулат го…

— Сиздин дүбүртчү?
— Менин дүбүртүм ушул турган Ат-Башыга угулуп турса, ошого ыраазымын.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, «Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 17.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий