ТАЙТӨРӨ АТАНЫН ТОРКОЛУУ ТОЮ

Тажикстандан Чүй бооруна көчүп келген кыргыздар 11-декабрь күнү Ивановка айлында белгилүү этнограф, жазуучу, фольклорист Тайтөрө Батыркуловдун 88 жылдык юбилейин белгилеп, ызаат-сыйын көрсөтүштү.

Мааракеде Тажикстан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Асомудин Саидов, Кыргыз Республикасынын эмгек, жумуштуулук жана миграция министринин орун басары Алик Байбориев куттук сөз сүйлөп, белектерин тартуулашты.

Тайтөрө агайды куттуктайбыз деп сөз сурагандар абдан көп болду. Өмүр бою мугалим болуп иштеген Камчыбек Зикиров элчи мырзага кайрылып, тажикстандык кыргыздардын атынан Т.Батыркуловдун ысымын Жерге-Тал районунун борборундагы көчөлөрдүн же мектептердин бирине ыйгарууну өтүндү. Анын сунушун мааракеге келгендердин баары кызуу колдошту. Элчи А.Саидов бул тууралуу расмий кайрылууну тариздеп берсеңиздер, Тажикстандын Өкмөтүнө жеткирем деп убада кылды.

Бул адамды тажикстандык жана өзбекстандык кыргыздардын баары жакшы билет. Бир көрүп, сүйлөшкөн адамын түк унутпас эс тутуму бар Тайтөрө агай (ага көбүнчө ушинтип ызаат менен кайрылышат) өзү да кошуна эки республикадагы кыргыздардын көбүн тааныйт. Мисалы, жергеталдык алгачкы жогорку билимдүү кадрлардын дээрлик баарына агай өзү жол ачкан. Айрыкча ата-энелеринин каршылыгына карабастан кыздардын шаарга келип окушу үчүн баа жеткис жардам берген.

Борбор Азиянын кыргыздар жашаган чөлкөмдөрүн далай ирет кыдырып, тоолорду, сууларды, мазарларды, мергендер гана жете алган аска зоолорду түрө иликтеп чыккан. Ажайып уламыштарды, оозеки чыгармачылык үлгүлөрүн жыйнаган, жер-жерлердеги элдик каада-салттардын өзгөчөлүктөрүн, тиричилик маданиятын изилдеп, дүйнөгө белгилүү «Вокруг света», «Наука и жизнь», өзбектердин «Фан ва турмуш» («Илим жана турмуш») журналдарына жазып турган.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун повесттерин тажик тилине которушкан. Эки элдин маданий байланышына зор салым кошкондугу үчүн Тайтөрө Батыркуловго Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон «Достук» орденин ыйгарган.

Тайтөрө агай жөнүндө Тажикстандын Ленинабад облусунда Шураб шаарындагы кыргыздардын өкүлү Мусулманкулов Наби буларды айтты:

— 1968-жылы аскер кызматын өтөп келгенден кийин окууга кирем деп Душанбеге барган элем. Ошол кезде Тайтөрө Батыркулов Орто Азия республикаларына Тажикстандык кыргыз жаштарын окууга кабыл алуу комиссиясын жетектеп турган экен. Ошондо таанышып, документ тапшыргандан тартып окууга өткөнүм тууралуу мандат алганга чейин чогуу жүрдүк. Баарыбызга камкордук кылып, балдарындай карачу.

Тайтөрө агайдын абдан катуу ачууланганына күбө болдум. Жерге-Талдан келген эки баланын экзамендик барактарын алып, аларга «канааттандырарлык эмес» баа койгон окутуучуну урушуп жатыптыр. «Көбөйтүүнүн жадыбалын билбесе, кантип өткөрөм?» — деп тиги каяша жасады эле, Тайтөрө агай: «Булар алыскы тоодон келди, эч ким окутпаса, кайдан билсин? Эми өздөрү окуп мугалим болушса, жергеталдык балдардын сабаты ачылат. Оң бааны койсоң да коёсуң, койбосоң да коёсуң», — деп, акыры тигини көндүрдү.

Бир күнү Жерге-Талдан Фрунзеге окууга жөнөгөн кыздарды ээрчитип келди. Айылдан келген кийимдери менен шаарда кантип жүрөт деп, Душанбедеги универмагдан өз акчасына жаңыдан көйнөк сатып бергенин көргөм. Кыздарды квартирага жайгаштырып, дайым кабар алып турган.

Бул улуу инсандын жакшылыгын көргөндөр абдан көп экенин билчүмүн, мына бүгүн да ыраазылык билдирип, алкыш айтууга канчасы бул жерге чогулуп келишти. Агайга сый-урмат көрсөтүп, башыбызды ийип таазим кылсак да аздык кылат.

Быйыл сентябрда издеп таптым. Саламдашып: «Мени тааныдыңызбы?» — десем, атымды дароо айтты. Кырк жылдан бери унутпаптыр! Үйүмө чакырсам, азыр бара албайм, Сыр-Дарыядагы кыргыздардан кабар алышым керек деген. Ал тараптан эми келиптир. Чачылган кыргызды жыйып, сактап калуу үчүн бул кишидей эмгек кылган башка ким бар? Эгер ушундай инсандарыбыз көбүрөөк болгондо, эң алдыңкы өлкөлөргө теңеле өнүгөт элек.

Тойдун соңунда Тайтөрө агайга суроо узаттым:
— Бүгүнкү мааракени кандай кабыл алдыңыз?
Кийинки күндөрдө кандайдыр бир жакшы окуяга туш келеримди жүрөгүм сезген эле. Элдин сыйына арзыганым үчүн бактылуумун. Юбилейиңизди өткөрөлү деген балдарды: «Ракмат, убара болбогула», — деп көптөн бери өзүм тосуп келдим эле. Бирок ушунча элдин көңүлүндө бар экен, баары колдоп, бүгүнкү тойго салым кошуптур. Жаштарга абдан ыраазымын, жакшы уюштурду. Кыштын кычыраган аязына карабай, мени сыйлагандар чогулуп келишти. Баарына алкыш айтам.

Ушул турган жердештеримдин алдында дагы бир ирет сурайын. Абдан кызыктуу, маанилүү эмгектериңиз көп экенин билебиз, колдоп бергидей сүрөөнчүлөр, эл аралык фондулар деле табылат, эми китептериңизди качан чыгарасыз?
Узак жылдардан бери киришип жүргөн бир ишим бар, ошону аяктасам, анан баарын удаасы менен жарыкка чыгарам. Бул айткан эмгегим кыргыз тилине тиешелүү. Биздин тилди бузуп салышкан. Сөзсүз оңдолушу зарыл жактары бар. Мисалы, кеңири колдонулуучу эки тыбышты туюнта турган тамгаларды киргизүү керек. Көп сөздөрдү ар ким ар кандай айтат — бирөө таза кыргызча, дагы бирөө орусчалатып айтат. Бул жагдай оңдолмоюнча китептеримди чыгарбайм.

Расмий түрдө качан оңдолот деп күтпөстөн, өзүңүз туура деген эрежелерди сактоо менен кол жазмаларыңызды басууга даярдай бербейсизби?
Даярдап жатам!

Анда жакшы экен, ишиңиз илгерилесин.

Редакциядан: Тайтөрө агайга кандай чоң сыйлыкты, наамды ыйгарса да жарашат. Бардык жагынан татыктуу инсанды сыйлыкка көрсөтүп, биздин жазуучулар, журналисттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылат деп ойлойбуз. Бул жагынан «Кутбилим» гезити демилге көтөрүүгө даяр.

Жолдош Турдубаев, «Кутбилим» («Кыргыз гезиттер айылы»), 17.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий