Уркаш Мамбеталиев, манасчы, КРнын эл артисти: «75 жашка куру кол келген жокмун…»

Кыргыз искусствосунун тунгуч карлыгачтарынын жолун улап, алардын ар бир басып өткөн изин жандандырып, ага жаңыча көрк кошуп, улуу «Манас» эпосунун өнүгүүсүнө зор салым кошуп, күнү-түнү күпүлдөтө Манас айткан айтылуу манасчы Уркаш Мамбеталиев агайды кимдер билбейт. Кыргыз рухунун туу чокусу болгон «Манас» эпосун жандандыруучулардын бири болгон, бүгүнкү материалдык байлык басымдуулук кылган кыйын күндө, эзелтеден келе жаткан улуттук уюткунун тузун кемитпей, улуу көчтүн башында арышын кенен таштап келе жаткан Уркаш ата менен баарлаштык.

Өрнөктүү өмүр…
— Атам согушта каза болуп, чоң атамдын колунда тарбияландым. Чоң атам балбан, чоң санжырачы, «Манасты» кара сөз менен бутактатып айткан киши эле. Басса-турса жомок, санжыра айтып жүрчү. Менин манасчы болушума чоң атамдын тийгизген таасири күч болду окшойт. Жаңы мектепке барган жылдан тарта эле, улуулардан уккан жомок, ыр, санжыра «Манастын» үзүндүлөрүн жатка айтып, кээде чүргөктөп «Манас» айтып калчумун. Менин бир бактым — улуу манасчы Саякбай атабыздан бата алып калдым. Анда болгону төртүнчү эле класста окучумун. Ошол күндөн тарта «Манас» айтып, ыр жазып келе жатам. Улуу «Манас» эпосун бүтүндөй элге, өзгөчө жаңы гана канат күүлөп, талпынып чыгып келе жаткан жаштарга үйрөтүүдө көп эмгек жумшадым. А дегенде Ысык-Көл драм театрында иштедим. Андан кийин Бишкекке келип, Садык-Шер-Нияз түзгөн «Манас-Мурас» коомундагы таланттуу жаштарга сабак бердим. Кийинчерээк, Чүй облусунун Таш-Дөбөсүндөгү атайын мыкты балдар үчүн ачылган окуу жайдагы балдарга билим берип жүрдүм. Анан карылык келип, пенсияга чыктым. Азыр үйдөмүн. Жетимиш беш жылдык баскан жолумда «Манас» эпосун жайылтууга үзүрлүү эле салым коштум.

Өткөрүлбөй калган маараке…
Быйыл Улуттук Филармонияда жетимиш беш жылдык мааракемди белгилесемби дедим эле. «Өзүңүз эл артисти болсоңуз, жөн эле өткөрө бербей салтанаттуу түрдө өткөрөлү, күтө туруңуз. Уюштуруу иштерин теске сала турган комиссия түзүлсүн»- деп жатып көп убакыт өтүп кетти. Кыргызда куру кол той бербейт эмеспи. Мааракеге деп күйөө балам бир тай алып, жайлоого чыгарып койду. Аны аябай бага беришип, анысы семизинен чөп жей албай, ордунан турбай калыптыр. «Ата, муну сатып салбасам болбойт. Бөөдө өлүп калбасын»- деди күйөө балам. «Кой, сатпа»-деп кантип айтасың. Ошентип, менин мааракеме арналып алынган тай мага буйрубай калды.

Бир жолу жаңы министр Садык-Шер-Ниязга кирип чыктым. «Макул, сиздин мааракени өткөрөбүз. Жаңы өкмөт шайлансын» — деди эле. Мына эми 75 жашымдын акыркы күндөрүн карытып, 76га кадам таштап жатам. Буга деле саналуу гана күндөр калды. Эми кандай болот, билбейм. Өкмөт жардам береби жокпу, учуру келгенде көрөбүз го.

Ыраазычылык…
17-декабрда «Улуу баян» коому Манас айылында чоң кече өткөрүп, ага баардык манасчыларды чакырды. Ошол коомдо Оморов Бакыт деген азамат жигит бар экен. Дүйнөдө теңдеши жок улуу эпосту өркүндөтүү максатында манасчыларга атайын наам ыйгарыптыр. «Көп жылдан бери элге сиңирген эмгегиңерди баалап, жолуңарды ачып, мамлекеттик жогорку сыйлык болбосо да, коомдун атынан «Эл манасчысы» деген наам ыйгарып жатабыз деп акчалай сыйлыгы менен наамыбызды тапшырып, бизди абдан кубантып койду. Мындан сырткары сыйлык алган ар бир манасчыга 2000 сомдон өмүр бою ала турган стипендия да берди. Мындай ишти ички дүйнөсү рухий байлыкка чылк толгон эр гана жасабаса, көөдөнү сокур, акчага, байлыкка, бийликке мас болгон мырзалардын колунан келе турган иш эмес. Кыргыз элинин сыймыгы болгон «Манас» эпосун баалаган, барктаган Бакыт счяктуу мырзаларга аябай ыраазы болуп турам. Ушундай жигиттерибиздин саны өсө берсин.

Манастын ролуна Чокморовдой талант керек…
Манас эпосун кино кылып тартууга мен каршы эмесмин. Бирок бул ишке аябай көп каражат талап кылынат. Бүгүнкү өкмөт мындай чоң каражатты бөлүп бере албайт. Шашып жатып, чала иштеп, сапатсыз тартып алуудан алыс болушубуз зарыл. Манастын деңгээлин түшүрүп албасак. Манасты тартуу үчүн а дегенде Манастын ролун жарата турган Чокморовдой таланты ичине сыйбай оргуштап турган, кайталангыс талант керек. Менимче, азыр мындай өзгөчө талант ээси жок болсо керек дейм.

Материалдык байлыктан рухий байлыкты жогору коюп, элдин ички дүйнөсүн байытууга бүткүл күчүн жумшап, улуттук руханий байлыктарды элге жеткиребиз деп далалат кылып чуркап жүргөн азаматтарды колдойм. Аракетке берекет дегендей, капчыгы калың, колунда бар жигиттерибиз каражат маселесин чечип берсе, Манасты тасма кылып тартса болот деген пикирдемин. Манас атабыз Алтайдан тартып тээ чыгыш, батыш деңиздерин баскан жолу, элдин башын кошкон иштери арбын экен. Анын баарын бир тасмага сыйдырууга мүмкүн эмес го. Эми ким билет, балким, сааты чыккан күнү тартылып калаар. Күтө туралы.

Бүбүмариям туурасында учкай кеп…
Бүбүмариям дагы бир кудайдын сүйгөн пендеси да. Жайсаң атабыздын арбагы колдоп, анын айтуусу боюнча «Манас» эпосунун дагы бир жаңы вариантын кагазга түшүрүп жатат. Жазганы турмушка аябай жакын. Манастын төрөлгөн жылы, айынан бери даана көрсөтүп бериптир. Жаман эмес, жакшы. Бирок Сагынбай, Саякбай аталардын варианттарына салыштырып кароого мүмкүн эмес. Алардын варианттары менен Бүбүмариямдын вариантынын айырмачылыгы асман менен жердей экен. Биздики терең философияны камтыган кыргыздын нукура сөздөрү менен ченемсиз көркөмдөлүп айтылып жатпайбы. Укканда кулакка жатык, жүрөккө жакын көркөмдүгү менен баалуу.

Учурда анын китептерин бир кызыбыз орус тилине которуп жатыптыр. Котормочу мыкты аял көрүнөт. Баары жети муундук менен жазылып, көркөмдүүлүк да арбын экен. Аларга ийгилик каалайм. Жайсаң атабыз колдоп жатса, биз да колдошубуз шарт. Өсө берсин.

75 жаштын жемиши…
75 жашка куру кол келген жокмун. Өзүмдүн Семетейимди ала келдим. Эң жакшы жери китебимдин чыкканына көңүлүм толду. «Манас» эпосунун миң жылдыгы өткөндө ошону кошуп, элден укканымды Сагынбай, Саякбай аталардын китептеринен алган таасирлердин негизинде санжырачылардан уккандарымды топтоп өзүмдүн акындык дараметим менен «Семетей» китебин жаздым. Бул китептин чыгышына бир чети байбичеме ыраазы болом. Анткени ушундай көлөмдүү китепти ким басып бермек эле деп, көпкө чейин жазбай жүрө бердим. «Жазып бүтүрүп койбойсуңбу. Чыгып калгысы бардыр»- деп кемпирим жанымды койбой китепти жаздырып бүттү. Аталган китебимдин чыгышына Тилек Мураталиев деген жигит аябай зор салым кошту. Ошол жигитке ыраазымын. Бул китеп азыр Кыргызфильм студиясында сатылып жатат. Сатып алуучулар Кыргызфильмге кайрылса болот.

Аян…
Бир курдай Панфилов атындагы эс алуу паркында жыйын болуп калды. Узунунан коюлган отургучтарда жык-жыйма болгон эл. Элди аралай өтүп отуруп калдым. Карасам эле алдымда Саякбай ата отурат. Кубанып кеттим. Оюмдун баары Саякбай атада болуп жатып, жыйындын эмне туурасында болуп жатканына көп деле көңүл бурбаптырмын. Аңгыча жыйын бүтүп, эл тарай баштады. Саякбай ата ордунан туруп, Филармония тарапка жөнөдү. Артынан илкий ээрчип бара жатам. Улуу кишинин алдына чыга албайсың да. Бир кезде эле Сакем артына бурула берип, «Ой балам, тиги жерге таягым менен калпагымды унутуп калыптырмын. Алып келе койчу»- деди. Дароо артыма бурулуп, чуркап жөнөдүм. Келсем алтынга булоолонгон таягы менен калпагы турат. Аларды алып келе жатып, калпак мага ылайык келет бекен деген ой келип, калпакты башыма кийгенде ойгонуп кеттим. Саякбай атамдын арбагы колдоп жатса керек деп өзүмчө жакшылыкка жооруп койдум. Ушул түшүмдү Саякбай атанын көзү тирүү кезде көрдүмбү же көзү өткөндөн кийин көрдүмбү бүгүнкү күнгө чейин ажырата албай келем.

Эскерүүгө толгон күндөр…
Төртүнчү класста окуп жүргөндө биздин айылга артисттер келишти. Алардын арасында айтылуу Саякбай атабыз да бар эле. Ошол кезде ал 50 жаштарда болсо керек. Топтомолок болгон кызыл жүздүү киши экен. Бүркүт кабак, жүзүнөн нуру төгүлүп, көздөрү жайнап турган бир башкача мээримдүү киши болчу. Кашынын үстүндө бармак басым тырыгы бар эле. Бүркүткө чокутуп алган дешет. Өзү бүркүтчү болчу. Бир кезде концерт башталып, Саякбай атабыз Тайторуну чаптырып, элдин баарын ыйлатып, тээ бир далайга чейин күпүлдөтө «Манас» айтты. Концерт аяктап, артисттер Осмон деген башкарманын үйүнө сапар алышты. Алардын артынан мен дагы ээрчип алгам. Тамак ичилип бүтүп калган кезде Осмон башкарма: «Ээ Саке, биздин бир кара балабыз эртеден бери сиздин атыңызды багып ары-бери чуркап жүрөт. Өзү кичинекей манасчы. Бата берип кетпейсизби»- деди. Анан мени отргузуп алышып «Манас» айттырышты. Тайманбай, билгенимди тердеп-кургап айтып бердим. Ошондо Саякбай ата айтып жатпайбы: «Ой, бул көк жолборстун алдында, муштумдай болгон көк күчүктүн тайманбай Манас айтып жатканынын өзү эле чоң эрдик. Бул баланын жүрөгүндө жалы, көөдөнүндө данеги бар экен»- деп батасын берип, алдында турган беш бармактан чеңгээли менен толтура уучтай чыныга салып, өзү ооз тийип, калганын мага берген. Саякбай атабыздын кешигин ичип калгам.

Жаркынай КАДЫРКУЛОВА, «Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»), 21.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий