«Бий да «сүйлөйт»

Чеченстандын Грозный шаарында өткөн «Махмуд Эсамбаев атындагы экинчи эл аралык бий фестивалында» Кыргызстандан барган Талант Осмонов үчүнчү орунду жеңип алды.

Дүйнөнүн 30 өлкөсүнүн бий өнөрпоздору катышкан бул эл аралык фестивалда Кыргызстандын туусун көтөргөн Талант Осмонов борборубуздагы улуттук опера жана балет театрында эмгектенет. Буга че­йин ал «Азия даусы» эл аралык фестивалында өнөктөшү Асель Айдарова менен «Кыргызстандагы эң мыкты дуэт» жана «Жылдын кыргызстандык мыкты адамы» (2008-ж.) номинацияларына ээ болгон. Мындан сырткары бир канча эл аралык фестивалдарга катышып, лауреат аталган.

Талант Осмоновду бу жолку жеңиши менен куттуктап, редакциябыздын маек-үстөлүнө мейманга чакырганбыз.

— Бий аренасында Кыргызстандын желегин желбиретип келген экенсиң, Талант. Сыйлыгың кут болсун.
— Рахмат. Чыны менен эле дүйнөлүк деңгээлдеги фестивалдарга, кароо-сынактарга катышып жатканда, артыңда калдайып Ата-Журтуң турганын сезесиң. Мекендин ак чокулуу тоолору көзгө элестейт. Ошолорду уятка калтырбаш үчүн жан үрөйсүң.

— Мындай ийгиликтерге алып келген жол тууралуу айтып берсең? Менимче, кесипкөй бийчи болуу оңойго турбаса керек?
— Албетте. Бир карасаң оңой, бир карасаң кыйын күндөр өткөнсүйт. Оңой дегеним, кенедей кезден машыгып, кесипкөй болуп калдык да. Кыйыны, 5-класстан хореографиялык окуу жайга кирдим. Ата-энеден бөлүнүп, үйдөн чыгып өз алдыңча турмушка аралашуу кичинемден башталды. Адегенде аябай эле кыйын болгон.

— Бийге өз каалооң менен келдиң беле?
— Жок. Анда мен балет эмне экенин билчү деле эмесмин. Чоң апамдын колунда, Аламүдүн районунун Арашан айылында чоңойгом. Эч нерседен бейкапар ойноп жүрөт элем. Бир жолу Касым Тыныбеков деген балетмейстер жездем келип, чоң апама айтыптыр: «Ушул балаңыздан жакшы бийчи чыгат. Алып барып текшертип көрбөйсүңөрбү?» — деп. Аны уккандан кийин чоң апам башкалардын (ата-энесин айтып жатат — ред.) шаштысын кетире баштайт да: «Ой, болгула, баламды алып барып көрсөткүлө», — деп. Анан бир күнү мени окуу жайга алып келип, экзаменге киргизишти. Бир нече тапшырмаларын аткарып, кыймыл аракеттеримди көрсөтүп бердим. Музыкалык шыгымды текшеришти. Анан дароо эле: «5-класста канча бала бар?» — деп сурашты. «Төрт бала»… «Анда бул бешинчиси болду…» Ошентип, дароо эле кабыл алынып, окуп калдым.

— Эми өкүнбөйсүңбү? Балким, чоң бизнесмен, же сот, же чоң саясатчы болмоктурсуң?
— Жок, өкүнбөйм. Тескерисинче, ошондо көрөгөчтүк кылган таякеме, чоң апама, ата-энеме, мугалимдериме ыраазымын. Биринчиден, өнөр ээси болдум, экинчиден, ушул кесибим менен нан таап жатам дегендей.

— Окуу жайды бирге бүткөн балдар-кыздар да иштеп жатышкандыр?
— Опера-балет театрында бирге окугандардан мен элемин. Тилекке каршы, көбү чет жерлерде иштеп жүрүшөт. Анткени бизде айлык маяна аз. Аны менен үй-бүлөнү багууга, деги эле жакшы жашаганга мүмкүн эмес.

— Сенчи? Сен кантип жашап жатасың?
— Мен али үйлөнө элекмин да.

— Үйлөнгөндөн кийин кетейин деген оюң барбы?
— Чет элдик сахналарда иштегенге сунуштар, чакыруулар ар дайым түшүп турат. Кээде чыны менен эле ниеттенесиң. Бирок, эмнегедир, мен кетип калсам эле театрда бир нерсе жетишпей калчудай, өзүмдү милдеткер сезе берем. Анын үстүнө, менден кийинки муундар дагы такшалышы керек. Мен кетсем, мен жаратып жаткан образдар ойдогудай чыкпай калчудай боло берем.

— Айтмакчы, бийчилер сахнада канча жашка чейин «жашайт»?
— Негизинен отуз жашка чейин. Бирок, мүмкүнчүлүк болсо андан кийин деле иштей беришет.

— Сахнадан кеткенден кийин эмне кылайын дейсиң?

— Эми аны убакыт көрсөтөт го. Бирок, ойлогондорум бар.
— Эми бир суроо, жүрөгүңдү ушул тапта өйүгөн нерсе?

— Кыргызстандын маданиятынын абалы. Башка элдерге, кечээ эле кандуу согушту баштан кечирген Чеченстанга эле салыштырсак, аябай мүңкүрөп кетиптирбиз. Алар (Чеченстан) улуттун маданиятын көтөрүүнү экономикадан да биринчи орунга коюшат экен. Көчөлөрдө: «Маданият — улуттун жүзү» деген сыяктуу көрнөк-жарнактар илинип турат экен. Биз барган фестивалга Республиканын Президенти Рамзан Кадыров өзү кийлигишип, абдан жогорку уюшкандыкта өткөрүш­тү. Калыстар тобу да дүйнөлүк белгилүү искусствотаанучулардан чогулуптур. Москва шаарындагы «Балет» журналынын башкы редактору Валерий Уралский төрага болду.

— Сен «Эстрада бийи» деген жанр боюнча утушка ээ болгон экенсиң, бийдин дагы кандай түрлөрү боюнча ат салышуу болду?
— Эки түрү боюнча бийледик. Бири — «Эстрада бийи», экинчиси болсо «Элдик бий».

— Бий түшүңө киреби?
— Сиздин сурооңузга түшүндүм. Түшүмө, албетте, кирет. Бирок, биз бийди кесип катары гана алып жүрүшүбүз керек. Болбосо, (күлүп) ага башкача мамиле кылсаң, оорулуу болуп калбайсыңбы.

— Кандайча?
— Канчалаган, ар башка образдарды жаратасың. Байкасаңыз, бийде да кадимкидей образ бар, бий да кадимкидей «сүйлөйт». Демек, ар бир образга баш отуң менен кирип, кайра чыга албай калсаң, анда… Элестетиңиз, канчалаган образдар бир баш, бир денеден чыкпай «жашап» калганын. Ошондуктан, чыгармачылыкка сергек, нан таап жей турган кесибиң катары гана мамиле кылуу керек. Мен ушинтип ойлойм.

— Рахмат, Талант. Ишиңе, чыгармачылыгыңа мындан аркы да ийгиликтерди каа­лайбыз.

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”, 28.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий