«Сүйүү жөнүндө жазбаган акын акын эмес»

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын-драматург, жазуучу Меңди Мамазаирова менен дил маек

Эже айтып берсеңиз кыргыз поэзиясынын пирлеринин бири болуп саналган белгилүү акын маркум Жолон Мамытовдун жубайы экениңиз атпай журтка белгилүү. Жолон агайдын сүйүү ырлары алигиче эл оозунан түшпөй ырдалып келет. Ушул ырлардын ичинен сизге арналганы барбы?
— Жолондун сүйү жөнүндө ырлары көп. Алигиче эл оозунан түшпөй ырдалып келе жатканы да ырас. Сүйүү жөнүндө жазбаган акын акын эмес. Сүйүү бул өлбөс тема. Жашоо сүйүү менен кызык жана көрктүү. Ал эми мага арналган ырлары жөнүндө айтсам жакында эле кыргызга белгилүү акын Нурпаис Жаркынбайдын юбилей тою болуп калды. Кечинде банкетинде олтурганбыз. Акын жазуучулардын көпчүлүгү ошол жерде болчу. Жолон менен Нурпаис жакын жолдош болчу. Нурпаис кыз жактырбай жүрүп, Казак кызы Гүлчакан сулууга үйлөнгөн. Жолон экөө тең жаш кезинде толкуп-ташып сүйүү ырларың жазышчу. Кечеде Нурпаистин сүйүү ырлары ырдалып жатты. Мен ырларды угуп олтуруп, жаш кезиме бир саякаттап келдим десем да болот. Ырлардын таасири күчтүү болгондуктан го деп ойлойм. Мына бул Нурпаистин ырлары кимди болбосун ойлонтпой койбойт.
Таарынткам эми кайра кечир баарын,
Кечиргин кемчиликти эми дагын
Муңайбай мурункудай болчу кайра
Күлүңдөп кучагыма толчу кайра.

Бул ырды билбеген кыргыз болбосо керек. Нурпаистин ырынан кийин эле Жолондун ырлары ырдалып жатты. Анан кантип жаш кезимди элестете албайм.
Кезигип жылдардын бир жылдарында,
Кайырсыз айлардын бир айларында
Кайдадыр алып кеттиң жаштыгымды
Жер чийген чачтарыңа байладың да.
Ырдын акыры;
Түшүмө киришиңди күндө тилеп,
Уктаарда угузбастан дуба кылам, деп сыздап бүттү.
Буга катарлаш эле;
Издейм сени арасынан элдердин,
Арасынан эң бир кооз жерлердин
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң
Мен ааламга, мен ааламга издөө үчүн, издөө үчүн келгемин.
Акпы, көкпү, кызылбы же жоолугуң,
Жоолугуңдун түрүн көрбөй оорудум. Бул керемет ырлар Жолон экөөбүздүн махабатыбыздан жаралган ырлары.Жолон эле эмес мен дагы Жолонду жан-дилим менен сүйгөм. Жолонго турмушка чыксам кандай кыйынчылык болсо да көтөрөм дечүмун. Ыр ырдалып жатканда башка столдо олтурган Жолондун ДОСу, белгилүү жазуучу Мелис Абакиров басып келип колумдан өөп, жаш баладай ыйлап турду.

«Мендике сен болбосоң бул ырлар жаралбайт беле. Сага арналган ырлар, кайран досум, Жолонум «деп муңканды.Мелиске, Нурпаиске жана башка досторуна рахмат. Жолонду дайыма эстеп, жоктоп турушат. Жолон бул жарыктан эрте кетти. Бирок ырлары анын экинчи өмүрүн улантып жатат.Жогорудагыга окшогон мага арналган сүйүү ырлары биздин мөлтүр махабатыбызды дайыма эстетип турат.Жарык дүйнөдө мен ушундай адамдын арзуусуна туш болгонума шүгүрчүлүк кылам.

Эже, жогоруда айтпадыңызбы Жолонго турмушка чыксам кандай кыйынчылык болсо да чыдайт элем деп. Кыйынчылыктар болдубу, чыдадыңызбы?
Турмуш болгондон кийин кыйынчылык болбой коймокпу? Жолондун көзү барында мен кыйынчылык тарткан жокмун. Мени алаканына салып алпештеди. Биз Ош жергесинде баш коштук. Экөөбүз коңшу айылда жашачуубуз. Айылыбыз айтылуу Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан айыл. Төлөйкөн айылы Жолон экообуздун айыл. Ал кезде Жолон зоотехник болуп иштеп, поэзия дүйнөсүнө жаңы гана сапар алып турган кези болчу. Биз үйлөнгөндөн кийин поэзиянын канаттуу дүйнөсү бизди Бишкеке алып келди. Экөөбүз тең чыгармачылыка баш отубуз менен кирдик. Менин чыгармачылыгымды Жолон сыйлап да, колдоп да турчу. Мен да ошондой жооп кылуучумун. Балдар төрөлдү. Маяк, Улан, Айгерим, Азамат аттуу төрт балалуу болдук. Жолон балдарын жанындай көрчү. Балдарды да чоңойттук. Чыгармачылыгымды да таштаган жокмун. Пьеса, драмаларым, Турумтай деген романым ошол балдар кичине кезинде эле жазылган. Эң чоң кыйынчылык бул мага Жолондун өзүн түбөлүккө жоготуу болду. Балдарынын чайын ичкен жок. Келин алып, кыз бере албай жаш кете берди. Үч уулумду тең Жолонсуз үйлөп, кызым Айгеримди Жолонсуз турмушка бердим. Мына азыр гүлдөй болгон неберелерим бар. Улуу неберем Жибек турмушка чыкты. Чөбөрө көрө турган күн да алыс эмес.Келиндин чайын жалгыз ичип олтурам.Балдардын аманчылыгын тилейм. Буга да кудайга шүгүр. Жолондун алтын сапаттары арбын болчу, айтып түгөткүс.Тирүү болгонунда быйыл 70-жашка чыкмак. 1988-жылы 48-жашында дүйнө салды. Жолон өлгөндөн кийин «Кайгыдан тургуздум сага бир эстелик» аттуу китебим чыкты. Менин бул китебим Жолонго койгон гүлдестем.

Эже оор болбосо ошол китебинизден бир ыр окуп бербейсизби?
Окуп берейин. Жолон эми ырларымда жашап калбадыбы.
Мага эртелеп сен буйрубай калгандай.
Мен да сага буйрубапмын түбөлүк.
Жалгыз кал деп кудай каргап салгандай
Сенсиз күнүм, бир тирилип, бир өлүп
Келе жатам кайгы менен муң зардын
Арасынан сууруп чыгып, жанымды
Ал анткени өзүмү эмес керекмин,
Кыя албайм сенден калган балдарды
Күйүп-күйүп күйүт ырын көп жаздым
Ырым менен дарылайм деп кайгымды
Эл дурбөгоө шооктордо майрамда
Эчен ирет шордоп турат бул жаным
Эм болбоду ДОС сөзү да андайда
Өксүп-өксүп өзүңдү эстеп ыйладым.

Буга окшогон арман ырлары, Жолонду жоктоо ырлары бир китеп болуп чыкты.

Эже, Жолон агай 70-жашка чыкмак дедиңиз. Юбилейи келэрки жылы өтөт деп басма сөз маалыматтары жазып жатышат. Өкмөт тарабынан колдоо барбы?
ООба, келерки жылы 70-жылдыгы өтөт. Колдоо бар. 2-апрельде Баласагын
Универститетинде илимий жыйын болду. Маданият ишмерлери, окумуштуулар доклад окушту.Бишкектеги сүйүү гүл багына айкелин коюу сунушу түштү.
Үй-бүлөбүз менен камынып жатабыз юбилейге. Гезиттерде сандан санга Жолон жөнүндө материалдар кетип жатат. Жолондун кыргыз поэзиясында өзүнүн орду бар. Кыргызстан Ленин комсомолу, Токтогул Мамлекеттик сыйлыктарынын лауераты болгон.Кимдер өтпөгөн бул дүйн . Маркум Сүймөнкул Чокморов жакын ДОСу эле. Жолондун «Кыргыз өңү Чокморовдун өнүндөй» деген ыры азыр макал болуп калбадыбы.
Таттыбүбү Турсунбаева өткөндө катуу кайгырды. Жолон отту сүйгөн, сулуулукту, улуулукту аздектеген акын эле. Өмүрү легендага айланган Таттыбүбүгө арналган ырлары дале эсимде.
Нуру болгон кино менен кеченин
Шаңы болгон шайыр турмуш көчөнүн
Ак жылдызды байкабаппыз шум ажал
Шарт деп бир күн колдон жулуп кетээрин.

Дагы бир ырында;
Ойлой калсам зээним кейийт азыр да
Оо, биз деги качан жеттик кадырга
Ак денесин Ала-Арчага койбостон
Аттап-буттап алып кеттик адырга.

Сулуулук дүйнөнү сактайт улуу сөз бар. Анда сулууну ким сактайт деген сөзү бар болчу Жолондун.
«Сыймыгыбыз колдон учуп кеткенче
Сыйыбызды сөзүбүздү аяппыз» деген саптары да айжаркын талант кыргыздын Афродитасы Таттыбүбүгө арналган.

Эже сөзубуздун акырында өзүңүздүн чыгармачылыгыңызга токтоло кетсеңиз.
Эки жыл мурун Жаңгак гүлү аттуу романым жарык көрдү. Быйыл болсо «Тур улуу журт» аттуу ырлар жыйнагым жарык көрдү. Чыгармачылыгымды токтотууга акым жок менин. Жолон үчүн да, өзүм үчүн да иштешим керек. Биз элдин адамыбыз деп ойлойм.

Эже маегиңизге чоң рахмат. Ар дайым бар болуңуз.
Силер да алыс жерде жүрөсүңөр ар дайым аман болуп, мекениңерге аман кайткыла.

Бактыгул Сейитбекова, «Мекенчил жаш» («Кыргыз гезиттер айылы»), 09.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий