Кыргыз Республикасынын эл акыны Тенти Адышевага – 90 жыл

Силер жок – көзгө урунат көл бөксөсү,
Силер жок – ушул элдин бош көчөсү…

Рух дүйнөсү түбөлүк  турчу керемет дүйнө дейбиз. Бирок ал асманда асылып турчу нерсе да эмес. Ар убак анын күйөрманы болуп,  маңызын ачып, маанисин арттырып турбаса, ал дагы азып, тозуп кетери бышык. Рух дүйнөсү   бийик жана таза  адамдарыбыздын асыл дүйнөсүн аңтара  билип, аны жан дүйнө азыгына айлантып,  муундарга суна билүү тирүүлөрдүн ыйык парзы деп ойлойм.

“Дүйнөдөн акын кетет, асыл кетет,
Сөз калат өлбөй элдин кенчи болуп,
Сөз калат урпактарга энчи болуп”,
– деп улуу акын эжебиз Тенти Адышева дүйнөдөн өткөн улуу акындардын, асылдардын артында өлбөс, өчпөс улуу сөз калып, кылымдан кылым карытып жашай бере турганын “Улуу сөз” деген ырында ушундайча жазып кеткен экен. Ушул саптарын бүгүнкү күнү эженин өзүнө арнап, артында элдин кенчи, урпактардын энчиси болуп, сөз улугу, сөз сулуусу, сөз бермети поэзияңыз калды. Дүйнө, өмүр, чыгармачылык жөнүндө  асыл ой толгоолоруңуз, жаркын көз карашыңызды, аруу сезимиңизди туюндурган тунук сөздөрүңүз калды дейт элем. Бирок эженин калтырары мындан да арбын, мындан да мол эле. Анын ички дүйнөсү мелмилдеп чалкып жаткан Ысык-Көлдү элестетип турчу. Жан дүйнөсүндөгү ошончо тереңдик, кеңдик, тазалык кезинде толкуп-ташып, кезинде мелмилдеген, кезинде күн нуруна чагылышып, жаркылдаган жайдары жароокер мүнөз да ошол көлдөн жукса керек. Биз адамдар да табияттын бир баласыбыз да. Бирок өмүр ошол көл өмүрүндөй узун болсо эмне атаганат. Адам өмүрү ошол көл бетине бир конуп кеткен келгин куштай эле экен го. Ана-мына дегиче, айтарыңды айтып, жазарыңды жазып калгыча эле шаштырып өтүп кетет экен.

– Сыр сандыктын оозун эми гана ачкансыдым, көздөрү өтүп кеткен эки асылым: Жоомарт менен Муса жөнүндө “Кылы үзүлгөн комузум” деген романды жазып жатам, – деген эле.

– Алар жөнүндө эң жакшы билген сиз жазбаганда ким жазат, жазыңыз, же ыйды токтотуп, кайрат кылып, ойлоруңузду топтоп, ажалдан өч алыңыз, өзүңүздү да бир соороткондой болосуз, – деп кубаттаган элем. Ошол романды жазып бүтүп, аягына чекит коё электе шум ажал эжени да күтүүсүздөн шаштырып алып кетти.

– Комуздун үчүнчү кылы да үзүлдү, – деди уулу Кулубек, эже түбөлүк жайына коюлуп жатканда. Эки атам Жоомарт менен Муса комуздун эки кылы болсо, апам үчүнчү кылы болучу, – деди муңкана. Ошондо касканактаган калың элден муңканбаган, ыйлабаган жанды көр­бөдүм. Анан калса ал бардыгыбызга тең
мээрман эжедей, күйүмдүү энедей эмес беле. Артында баарыбыз эженин сөздөрүнө канып, канбай умсунуп, өкүттө кала бердик.

Акындыгына адамдыгы шайкеш келген ак жаркын жан эле да. Ошол адамдык жаркын дүйнөсүн, көкүрөк китебин жазып бүтө элек эле да. Эжени сүйлөтүп коюп эле уюп угуп отургуң келчү. Ошондо эжени акыркы сапарына узатып жатканда, денеси жерге коюлуп баратканда ободо эженин өз үнү менен адамдарга кайрылуу иретинде жазган ыры жаңырып турду, коштошуп жаткансып.

Анан калса чоң адамга, чоң тагдыр туш болобу дейм. Чыңгыз агабыз айткандай эже “татаал тагдыр күткөн акын”. Тенти эже өзү да айтаар эле: “Тагдыр мени көк мелжиген асманга көтөрүп барып, кайра жерге эки ирет күп эткизип таштап жиберди”, – деп. Кыргыздын эки бирдей тоодой залкар уулдарынын: Жоомарт Бөкөнбаев менен Адышев Мусанын каалап сүйгөн жары болуш жана алардан күтүүсүздөн мезгилсиз ажырап калышты көтөргөн жүрөк да улуу жүрөк экен. Эженин ошол тоодой жоготуусу, көлдөй көз жашы жөн төгүлбөй эчен бир жүрөктү өйүгөн, сезимди козгогон ыр саптарына айланган:

Өмүрдү сүргөнүм жок кыйноодомун,
Ыржайып күлгөн менен ыйлоодомун.
Өлүм менен өмүрдүн талашында,
Тагдырдын терисине сыйбоодомун.
Жашоонун парзы беле, шарты беле,
Чиркин ай, жарык күндү кыйбоодомун!
– деп ыйда туулган саптар дагы муңайып ыйлап тургансыйт.

Улуу адам кулоонун өзүнөн да өз бактысын көрө алат экен. Аны эженин мына бул ырынан көрөбүз:

Мен бактылуу –
Муңайым күнүм менен.
Ыр сабында угулган үнүм менен.
Бирде күлүп,
Бирде ыйлап жүдөө тарткан
Бирок нурдуу адамга түрүм менен.
Мен бактылуу –
Улуу жарга убайлуу
Күйүүм менен,
Өйдө-ылдый
Өкүнүч болсо дагы
Бул өмүрдү –
Чеги жок сүйүүм менен!

Өзү врач болом деп, медициналык билим алып, ошого даярданып келсе да турмуш, тагдыр, талант аны поэзия дүйнөсүнө өзүнөн өзү алып кеткен экен.

Дүйнөдө адамдын эң жакыны, эң кымбаты ата менен эне эмеспи. Адамдын адам болуп калыптанышы да, сүйүүлөрдүн башаты да, тарбиянын тамыры да ата менен энеден. Ошол ата менен энесине болгон чексиз сүйүү төмөнкүдөй ыр саптарына айланган:

Силер жок – көзгө урунат көл бөксөсү,
Силер жок – ушул элдин бош көчөсү…

Чок
жатат жылуу жетпей алаканга,
Күү
эзет күңгүрөнгөн ай-ааламга.
Чөйчөктүн
көзү тиктейт тигил бурчта,
Энекем
даам таттырган ар адамга.

Дүйнө ошентип бирде толуп, бирде бөксөрүп, бирде кубантып, бирде муңайтып турат экен. Эже өзү да буга моюн сунуп:

Ушул дүйнөң өкүнүчтүү чеги жок,
Кургуруңа өкүнбөгөн киши жок.
Өкүнүчсүз болор болсо ар качан,
Далай нерсе өтө бермек изи жок…

Ооба, эгер дүйнөдө өкүнүчтөр, арман арзуу болбосо эч нерсе менен ишибиз жок, тобо келтиргенди да билбей, адыраңдап көөнү ток жашай бермек экенбиз.

Мен эжени болуп, толуп турган сулуу келин кезинен бери көрүп-билип жүрдүм. Өзүм аял болсом да биринчи көрүшүмдөн баштап суктанып, сүйүп калдым. Мен анда окууну жаңы эле бүтүп, “Советтик Кыргызстан” (азыркы “Кыргыз Туусу”) гезитинде иштеп жүргөм. Түшкү эс алууга чыгып, Эркиндик багы менен басып келе жатсам эки келишимдүү жубайлар эмчектеги кичинекей бөпөсүн биринен бири талашып ала коюп, өпкүлөшүп, эркелетип, төбөлөрүнө асмандата көтөрүшүп, бала каткырса кошо каткырышып, күлүп жатышат. Эженин күлкүсүн ошондо биринчи угушум. Өмүрүмдө адамдын бактылуу күлкүсүн жакшы көргөн жаным, аргасыздан карап алып жыргай түштүм. Көзү жоодурап, маанайы жайнаган жайдары бою узун, арык да эмес, семиз да эмес жумуру келбети келишкен келин экен. Жары да өзүнө жарашкан капкара чачын жалтырата артына тараган кырдач мурун, каратору курч кылычтай зыңкыйган жигит экен. Кандай сонун жубайлар бир-бирине жарашкан деп кубанып койдум. Ошондогу эженин бактысы ай, кандай толтура, кандай чексиз. Кийин көп өтпөй ошол келинди Жазуучулар союзунан көрүп, майданыбыз бир болгонуна кубанып калдым. Ошол жерде Кыргыз Республикасынын жазуучуларынын автордук укуктарынын коргоо бөлүмүнүн директору болуп иштейт экен. Жазуучулар союзунун түрдүү чогулуштарында жолуктуруп жүрдүм. Эчен бир чыр-чатактуу талаш маселелерде кара кылды как жарган калыстыгын, жакшынакай салмактуу, орундуу сөзү менен сүйлөгөнүн угуп, ыраазы болуп жүрдүм. Автордук талаш-тартыштуу иштерде далайдын ажатын ачып, далай автордун укугун коргоп берип, ала албаган калем акысын алып берип жүрдү.

Жары Муса Адышев менен бирге Жоомарттын ар бир беш жылдыктардагы мааракелерин жогорку деңгээлде өткөрүшүп, үйлөрүнөн тамак-аш берип жүрүштү. Ошол кечелердин биринде Муса Мырзапаязович: “Элибиздин улуу акыны Жоомарттын балдарына татыктуу ата болуп, илим-билимдин жолуна жеткирип, эл-журтка керектүү адам кылып өстүрсөм, арманым болбос эле”, – деген сөзү эсимден кетпейт. Ал киши өзүнүн ошол тилегине жетти. Өзүнүн адамдык улуу парзын эң сонун аткарып, ата катары да улуу ата болуп өттү. Кулубек менен Сырга илимдин докторлору, элибиздин ардактуу атуулдары.

Анан адамды дагы жакшы билиш үчүн, аны менен алыскы жолго чыгып, эл аралаганда бирге болуш керек экен. Менин өмүрүмө да Тенти эже менен Баткен, Лейлек райондорун кыдырып, эл менен жолугушуп, он күндөй бирге жү­рүү бактысы туш келген. Ошондо эжени накта элдик адам, элдик акын катары тааныдым.

Кайда гана барбайлы, эже сүйлөп же ыр окуп жатканда  дымырап жымжырт болуп, көңүл коюп угуп,  анан бүткөндөн кийин кубана дүркүрөтө кол чапкандарына күбө болуп жүрдүм. Эжеде жакшы ырлардын топтому көп экен. Ошондо эже өзү жакшы көрүп, эргип окуп жүргөн ырлары али кулагымда жаңырып турат. Алар: “Ата-Журтум”, “Адамдарга”, “Улуу сөз”, “Сөз жоготтум”, “Адамдар үчүн”, “Тирүүмдө айт”, “Күлкү берчи”, “Көркөм жерим”, “Айланайын”, “Аман бол”, “Тууган эл”, “Сагынам мезгилдерди”, “Эмне үчүн”, “Биз аялдар”, “Жетекчи”, “Энеси таштаган баланын монологу” деген ырлары эле. Бизде элге жагар бир да ыры жок эл акындары бар экенин эстесем, эже туруш менен нукура эл акыны болчу.

Тенти Адышева адабиятка өз үнү, өз ажары менен келди. Калемдештер ортосундагы айрым бир күнүлүштүккө каршы туруп, минтип айтар эле: “Ар бир жалбырак өз үнүндө шыбырайт, ар бир жылдыз өз алдынча жаркырайт” дегендей, ар бир акындын өз үнү, өз деңгээли, өз көз карашы, өз тагдыры, өз көйгөйү бар. Дүйнөдө канча адам болсо, ошончо өңү-түсү болгондой эле акындар да ошондой, талашып-тартыша турган эч нерсе жок. Баарыбыз түрдүү үндө сайрап келип, бир адабияттын симфониясын түзөбүз”, – деп калуучу.

Ыр адамдын ички дүйнөсүнүн күзгүсү эмеспи, ал өздөрү жазган ырына чагылышып турат. Тенти эжемдей жан дүйнөсүндө адамга жалаң гана жакшылык, жылуулук тартуулап турган, аурасы мээримдүү жаркын жүз адам менен замандаш, пикирдеш болуп калганыма сыймыктанам.

Гүлсайра МОМУНОВА, Кыргыз Республикасынын
маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
А.Осмонов, А.Токомбаев, Түгөлбай-Ата
атындагы адабий сыйлыктардын лауреаты
,
“Кыргыз туусу”,
30.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий