Жедигер Саалай

Жедигер СААЛАЙ Ыбырайым уулу (адабий аты — Жетиген) 1961-жылы Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында туулган. Акын, журналист, юрист. Ар кайсы жылдарда жарык көргөн «Жөрөлгө», «Башат», «Аргасыздык ырлары» ыр жыйнактарынын, «Бакдөөлөттүн жазы…» илимий-публицистикалык китебинин, бир катар пьеса, очерк, илимий жана көркөм-публицистикалык макалалардын автору.

Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, юридика илиминин кандидаты.

Учурунда Кыргызстан театр ишмерлери союзунун драматургия бөлүмүнүн башчысы, КМУнун журналистика кафедрасынын жетекчиси, Кыргызстан журналисттер союзунун төрага орунбасары, КТРдин башкы редактору — продюсери, «Кыргыз Туусу» гезитинин башкы редактору, Чүй университетинин ректору болуп иштеген. Азыр Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык институтунун директорунун орунбасары, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын доценти.

Жедигер Саалай жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Мен да сиздин «Адабий ишмердүүлүктөн» чыктым эле, Жедигер агай

 

Ырлары

ЗАМАН
Чөгүп жатсаң табалаган,
Өлүп жатсаң карабаган,
Таз жорудай тарп аңдыган
Корообузда — бөрү заман.

* * *
Айланамды карасам — бүт шайтандар,
Аларды кой, жүрөгүмдө шайтан бар.
Азгырылып, алар менен бир жүрүп,
Өзүмдү да көрүп кетем шайтандай.

Гениалдуу канча жакшы ой болду,
Жеткирбестен төшөп жумшак жолдорду,
Шайтан бизди азгырылтып, шапар тээп,
Куруп турду бекер майрам, тойлорду.

Азыр деле жалкоолукка берилсем,
Андале чын шайтан менен келишкем.
Көзүмдү ач, дилим тазарт, оо кудай,
Колдо теңир, сакта мени периштем!

 

АКЧА ЖАНА ЫР
«Акча, акча, акча…» дебей, ыр дешсе,
Мен колума кармап алып ыр десте,
Чуркар элем адамдарды утурлап,
Апам эркек төрөгөндөй бир кезде.

Жазган ырың үчүн акча төлөгөн —
Кайран заман келбес жакка жөнөгөн.
Жарыялаш үчүн жазган ырыңды
Өзүң акча, киши издейсиң жөлөгөн.

Жазган ырың турса дагы куюлуп,
Жазмышыңа ыза болуп, буюгуп.
Жараткандан жан дүйнөңө жазылган,
Жаның койбойт элге берчү бул угут.

Толкусаң да, талант, шыгың бар болуп,
Үй-бүлөңө ырың бербейт нан болуп.
Эл деп жазып, эл деп жашап жүрсөң да,
Элиңе сен эптеп жүргөн жан болуп…

Сезилесиң, кетпейсиң шарт алынып,
Сүйгөн жарың тосуп албайт жалынып.
…Үйдө калган кызымды ойлоп олтурам,
Акчаны аз бергениме таарынып…
«Арашан», 10.07.10-жыл.

 

«АРАШАНДАГЫЛАР»
Кыргызстан жазуучулар Союзунун «Арашан» чыгармачылык үйүндө изденип иштеп жатышкан устаттарым менен калемдештериме арналат

Качан келсең Ала-Тоодой багжайып,
«Арашанда» эки баатыр олтурат.
Кадамдары — караңгыда ак жарык,
Каламдары элге жагат жол чырак.

«Арашандын» касиеттүү ээсиндей,
Эки баатыр ушул жердин кутундай.
Ала-Тоолук кыргыз элдин мээсиндей,
Суке, Соке — эл акындары ушундай.

Алар менен болгон үчүн замандаш,
Алар өңдүү ыр жазганга кубанып.
«Арашанга» биз келебиз таламдаш,
Аталардын өнөр жолу уланып.

Эки устат — мүнүшкөрдөй куш таптаар,
Элге, жерге, жашка берет батасын.
Кана, кайда Сооронбайдай устат бар,
Ар акынга жазып чыккан насаатын?

«Жылдыздарга жасаса да саякат»,
Жатып албай, иштей берген бир тынбай,
Эмне мактоо айтсак дагы жарашат,
Сүйүнбайга ырлары үчүн булбулдай.

Эмне мактоо айтсак дагы жарашат,
Элге үлгү эки акынга — дулдулдай.
Айлын таштап, кийик кууган мергендей,
«Арашанда» кашкөй акын Анатай.

Байас Турал, акын кыздар келгенде
Асмандагы нурун башка жагат ай.
Гүлжамила, Меңди эже, Бактыгүл,
Гүлдөтүшөт «Арашанга» бир келсе.

Заманыбыз жаманбы же жакшыбы,
Талант табат бири бирин иргелсе.
Кээде келет Кожогелди, Кыялбек,
Кален жазат «Арашанда» повестин.

Аяк-башым эми мына жыям деп,
Келбей жүргөн менин гана жок эсим.
Качан болсо келечекке карасам,
Мен өзүмдү Сиздер менен көрөмүн.

Поэзия — бересем да аласам,
Алмаштырбайм кызмат, байлык… бөлөгүн.
«Арашанда» жазылды көп чыгарма,
«Арашан» — үй, «Арашан» — кут, бул Мекен.

«Арашанга» келгиниң таап бир арга,
Талантың жок болсо келбе, кур бекер!
«Арашанда» — бүт орошон акындар,
Арашандай кайнап иштеп жатышат.

Унут калып, бүткүл аалам, жакындар,
Арашандай кайнак ырлар жазышат.
Оо гөзөлдөр, карың да бар, жашың бар,
Кабыл алгын, мен да келдим акым бар.

«Арашанда» — бүт орошон акындар,
«Арашанда» — нак арашан акындар.
Август, 2008-жыл.

 

ЭНЕ-БЕЙИШ
Биз бейишти көрбөгөнбүз эгерим,
Бейиш кандай, элестетип келемин.
Бейишти биз издеп жүрсөк кайда деп,
Бейиш тура таманында эненин.

Баскан изи, турган жери эненин —
Бейиш экен, бейиш деген себебим —
Бала үчүн төккөн эне мээрими —
Бейиштен да артык, жылуу дегеним.

Балдарым деп түзүп турган бейишти,
Эне барда балдар билбейт кейишти.
Балдар үчүн — бейиш алтын апалар,
Балдар бейиш болбогону кейиштүү.

 

МАНАС ДУХ
Жоомарт мүнөз, жоокер дух —
Жоодураган эр кыргыз.
Жоо бетинде жан берген
Жоокер туулган эл — кыргыз.
Кыргыз атка мингенде,
Кыйкырып жоо сүргөндө
Ар бир кыргыз айланат —
Алп Манаска — билгенге.

Ат жалында ойногон,
Алышканын койбогон
Жердигинен эр кыргыз
Жеңишти көп тойлогон.

Айкөл кыргыз акырын
Сыйлайт жатын, жакынын
Катуу берет а бирок
Катылгандын катыгын.

Эси жокко жарашкыс,
Эрдигим бар — талашсыз,
Манас жол бар кыргызда,
Ойноп турат Манас дух.
15.07.2010-ж.

 

КАРЕКТЕГИ ЭЛЕСТЕР
Каман-Суу. Төр. Жалгыз чатыр, жаш балдар.
Катуу оору, капшыт жакта жаткан чал,
Мисирейген балдарга сыр бербейт бул
Мизилдетип эрте-кеч ээр чапкан чал.

Жайнап турган көздөрүндө капасы,
Жаш балдардын көздөн учат апасы.
Жарышууга даяр коңшу үйлөргө,
Жаңдап эле койсо азыр атасы.

Ал анткени курсак тоёт ал жактан,
Ар бир аял айран, токоч карматкан:
— Атаңгөрү, жетим болду тирүүлөй,
Ал байкуш.., — деп жашып алат балбактап.

Ошол бир жай, апам көзү ооруган.
Шаарга кетип, бизди кырсык тооруган.
«Босогодон» Үмөтаалы экөөбүз
Күндө күтүп, аттарыбыз жооруган.

Кулун-тайдай кырдан түшкөн куркурап,
Кубалашып, чикитти чаап чуркурап…
Каман-Сууда калган кезди эстесем,
Казыр дагы ыйлай жаздайм буркурап.

Делбектеген жалгыз чатыр желектей,
Делөөрүтөт көп нерсеге себептей.
Кайран атам, балалыгым, Каман-Суум… —
Карегимде калган ыйык элестер.

 

БАЛАЛЫККА КЕЗДЕШҮҮ
Сагынычтуу сайлар арча жыттанган,
Саамал кымыз, саба мыкты ышталган.
Садагалап Жумаш аба жол тосуп,
Салам айтат. Каман-Суу, жол кыскарган.

Сан жыл тагдыр бир көрүүнү буюрбай,
Сандыктагы бек катылган буюмдай
Сан жылгаңды аралай чаап Каман-Суу,
Сагынычым туйлап турат куюндай.

Көпкөк, тунук, башкача бул асман да,
Көпкөк, мөлтүр сайың ырдайт акканда.
Көк тиреген тоолор — булут түнөгү,
Космикалык пейзаж жатат аскаңда.

Кырды кырдап мен жылкыга аттанган,
Коюн кайрып, ырдап, жыргап шаттанган
Аркы бетте бир бала бар — мен эмес,
Алчактаган ат үстүндө мактанган.

Бийлейт желге түркүн чөбүң, тулаңың,
Бабалардын аян кебин туямын.
Бала кездей чуркай албай төш ылдый,
«Баа» деп ыйлай жаздап араң турамын.

 

ТООДОГУ ТҮН
Ааламдын чокусунда олтургансыйм,
Ааламдан ааламдарга кол сунгансыйм.
Алакан менен айдап булуттарды,
Асманга жылдыз чачып, толтургансыйм.

Алп болуп жомоктогу Гулливердей,
Асмандан жерге карай нур жибербей,
Ааламды көлөкөлөп калгансыймын,
Айды да, а кааласам күндү бербей.

Дайранын күрпүлдөгү — дем алганы
өңдөнүп, тоолор уктайт, же ал дагы
ойгообу?.. Мындай түндү көргөн жандын
бар дейсиң бул турмушта не арманы!

 

ЖАҢЫ ЖЫЛ
Жаңы жыл — өмүр бир жыл жоготкону,
Жыл эмес кылым мына тогошкону.
Жаркырайт балатылар, Аяз Ата,
Аяз кыз… жылдыздуу түн жомоктогу.

Балдардай кубанышып чоңдор дагы,
Бактылуу ак кар жаткан жолдор дагы.
Апаппак тилектер да, үмүттөр да —
Ар качан адамдарга болгон дары.

Жаркырак балатыда оюнчуктай,
Жаркырап баары сулуу тотукуштай.
Жайдары улуу-кичүү, мындай күн аз,
Жаркыган жаңы жылда олтуруштай.

Айтылсын бүгүн аруу тилектериң,
Адамдар ачып салсын жүрөктөрүн!
Шампандай биз да атылып, шарактайлы,
Шаанисин жаңы жылдын билет дегин.

Жаңы жыл жакшылыгын ала келсин,
Жамандык эски жылда кала берсин!
Элибиз эсен болуп, ынтымакта
Эртеңки ийгиликке бара берсин!

“Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 30.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий