Айтыке

(XIX-кылым)

О, Теңир-ай, Теңир-ай,
Атасынан бабасы,
Жалаң ган төрдө өскөн,
Жыйган чөптөн бөодө өскөн,
Кыйган чөптөн өөдө өскөн,
Залим өскөн кемик, — ай,
О, Теңир-ай, Теңир-ай.
Ушуларды неге албайт,
ушуларга не барбай?
Дагы-дагы мындай бар,
Көлдө сүзгөн куудай бар,
Бир айылда сөз билген,
Жоого тиккен туудай бар.
ошолорду неге алат,
Ошенте берсе ким калат?
О, Теңир-ай, Теңир-ай,
Эки көзү чекирден,
Сөз укпаган секирген.
Падышанын алдында,
Ушак айтып өтүнгөн.
Абийри аштай төгүлсө,
Атка өбөктөп өкүргөн.
Мындайларды неге албайт,
олда пейлиң кеңир-ай,
О, Теңир-ай, Теңир-ай!..

Соц тармактар:

Добавить комментарий