Балык Ооз

(1793 (99) — 1873 (87)

Балык (Балык Ооз), (Балыкооз) Бекмурат Кумар уулу (1793(99), Кетмен-Төбө, Коңур-Өгүз кыштагы — 1873(87),Чүй өрөөнү, Арчалы айылы) — манасчы, ырчы.

Өз аты Бекмурат. Балык — эл тарабынан коюлган ылакап аты.

Атасы Кумар сарыбагыш уруусунун ичинен чоңарык деген уруктан чыккан. Кумар туугандары менен Чүй өөрөнүнөн Таласка көчүп кетишет. Бекмурат Таласта төрөлөт. Атасынан эрте ажыраган Бекмурат күндөлүк оокат үчүн жергиликтүү байларга жалданып күн көрөт. Бекмурат эл жомокторун, ырларды жана «Манасты» 13-14 жашынан баштап айыл арасында айта баштаган. 20 жашка чыкканда кадимкидей жамактап чоң топко ырдап чыккан.

Ал да салт боюнча «Манас» айтып калуусун түш көрүүгө байланыштырган. Бекмурат жаш кезинде Намангенге мал айдап баратканда жаанда калат. Жаандан коргологон Бекмурат Манастын күмбөзүнө баш калкалап, чарчаган неме уктап кетип, түш көрөт. Бекмуратка түшүндө Манас баатыр кырк чоросу менен келип, өздөрү жөнүндө айтып жүрүүгө, ал түгүл Намангенге чейин минип барууга атайын ага «тору кунан арнап берет». Манас берген мингичти Бекмурат мал айдап кетип бараткан жолунда Кабак деген жерден таап алат. Бекмурат кийин «Манасты» айтып калган себебинин эң негиздүүсү катары ошол күмбөзгө түнөгөнөн себеп кылып, көп эскерип жүргөн.

Балыктын «Манасты» кимден үйрөнгөндүгүн далилдөөчү так материал жок. Балык «Манасты» өзүнөн мурункулардан укканын жокко чыгарууга болбойт. Ага түрдүү жерден жыйналган «Манастын» варианттарынын ортосундагы жалпылык Балыктын вариантында да бардыгы далил болуп турат. Экинчиден, жазгыч акын, манасчы бир чети эл оозеки чыгармасын эң сонун билген Тоголок Молдонун маалыматына караганда Балык «Манасты» Ноорустан уккан сыяктуу.

Биринчи жолу Балык «Манасты» Наманген шаарынын Кушбегинин астында айтат. Ал «Манасты» ушунчалык берилип айтканын жогору баалаган Кушбеги баалуу сыйлыктар менен сыйлап, таластык манаптарга жакшылап көз салып, урматтагыла деп кат жазып берет. Ошондон тартып ал урмат-сыйга бөлөнүп, эл астында «Манасты» айтып жүрөт. Балыктын манасчылык даңкы элге кеңири жайыла баштаганда, солтонун белгилүү манабы Байтиктин чакыруусу менен Чүйгө көчүп келет. Балык 75 жаш курагына келгенде Байтик дүйнөдөн кайтат. Улгайып калган Балык Кочкорго туугандарына көчүп барып, үч жылга жашап калат. Балык Кочкордо турганда он жаштагы Шапак Рысменде уулу менен кездешет. Балыктын улуу мурасын, айтуу чеберчилигин үйрөнө баштайт. 75 жаш курагында да Балыктын бетине бырыш түшпөгөн, кыпкызыл болуп, үнү жаш кезиндегидей шаңкылдап бийик чыга тургандыгын Шапак эскерет. Үч жылдан кийин ал Кочкордон кайра Чүй өрөөнүнө көчүп келет да 80 жаш курагында кайтыш болот. Анын сөөгү Байтиктин жанына, Бозбөлтөктүн этегине коюлат.

Балыктын чыгармачылыгы үч түрдүү багытта өнүккөндүгү байкалат. Балыктын биринчи негизги кесиби — «Манас» айтуу болгон. Экинчи орунда жамактап ырдоо, ырчылык кесиби турган. Ал эми аксакалдар менен отурганда же тар чөйрөдө санжыра айткан. «А дегенде үч чай кайнам айтсам, кийин үч айга чейин айтсам түгөнбөдүбү» деп чыгармачылыгы күчөп, атагы алыска кеткен мезгилди айткан экен. Балык «Манас» айтканда аккан суудай шар кетип күнү-түнү айта берчү, — деген эл сөзү чың сезилет.

Ал эми Балыктын өзүнүн сөзүнө караганда «Манас» эпосу эки бөлүмдөн турган: биринчи бөлүмүнүдө «Манастан» мурдагы кыргыз тарыхы, ал бөлүм «Оторкан» аталат, экинчи бөлүмү — Манастын окуялары. «Манас» бөлүмүндө катагандын кан Кошой, Бокмурун кан, Коеш кан, Жүгөрү кан, Үрпү кан, Музбурчак, Жамгырчы, Айдаркан, Көкчөкан, Буудайыккан ж.Балык баяндалган.

Анын айткан «Манасындагы» байыркы замандан бери келе жаткан салттык өзөк окуяларды сактап, жолун жолдоп, чыгармачылык үлгүсүн уланткан шакирттери Шапак Рысменде уулу менен Сагымбай Орозбак уулу болгон. Уулу Найманбай да атасынан манасчылык кесипти үйрөнүп, эл арасына манасчы катары таанылган Найманбайдын айтуусунда Балыктын варианты боюнча айрым эпизоддордон үзүндү биздин күнгө жеткендигин айтууга болот. Мисалы, «Таласты мактоо», «Манастын кээ бир кийимдери», «Манастын күмбөзү» ж.Балык Балыктын вариантына таандык үзүндүлөрдү Каюм Мифтаков Сулайман Рыскулбек уулунун аткаруусунда жазып алган.

Уикипедиядан

 

Балык Ооз жана анын чыгармачылыгы тууралуу

 

Айтылуу Балык (Балыкооз)

Балыкооздун санжырасы

 

Ырлар

* * *

О, Теңири! Теңири!
Асманды жасап көк кылган,
Ар түрдүү жанды көп кылган.
Устуну жок көк кылган,
Урулуу жанды көп кылган.
Жети кабат чер кылган,
Жер үстүнө эл кылган.
Элге пайда болсун деп,
Булут, жаан, жел кылган.
Жер бооруна тоо кылган,
Бир адамдын тукумун
Бир-бирине жоо кылган.
Асман кылган, ай кылган,
Бир-биринен бай кылган.
Аба кылган, күн кылган,
Күүгүм кылган, түн кылган.
Күндү асмандан жүргүзгөн,
ысыгын жерге тийгизген.
Ушул жалган дүйнөнүн,
Кызыгын жерге тийгизген…

 

ЖАЗ

Жаркыраган жаз келди,
Келгин өрдөк, каз келди.
Асмандап учуп куу келди,
Ак мөңгүдөн суу келди.
Жазгы аракет күч алды,
Күн чымырап узарды.
Жер жарылып, чөп чыкты,
Желин айрылып сүт чыкты.
Асмандын нуру себилип,
Учкан чаңдар жеңилип,
Жер көгөрдү семирип.
Көк жашыл болуп мактанды,
Өсүмдүк калбай бүт чыгып.
Жандуунун баары шаттанып,
Шиберлүү талаа бүрдөдү,
Жандуунун баары кубанып,
Тил чыгарып сүйлөдү.
Бак-дарак калбай бүрдөдү,
Жемиштүү жыгач гүлдөдү.
Кызгалдак жайнап кызарып,
Жер бети килем түрдөндү.
Бурчактап бутак жарылып,
Желе салып жабылып,
Чөптүн башы гүл алып,
Этеги катар бүр салып,
Көк жашыл укмуш түр сайып,
Көк жалбырак калдайып,
Көлөкөсү далдайып,
Күнүн санап өсүүдө
Көбөйүп улам барбайып.
Оттогон малды карачы,
Бат эле тоёт чандайып.
Малдын көөнү жайланып,
Эти майга майланып,
Каалашынча жеп жатат
Түрлүү чөптөр чайпалып,
Мал тоюнуп мактанды,
Жандуунун баары шаттанды.

 

ЖАЙ

Жаз мезгил өттү, жай келди,
Чөп дарак гүлдөп термелди,
Жер жүзү сонун көк жашыл,
Көңүл ачык бир асыл.
Күн ысыды узарып,
Жайкы чилде күч алып,
Кубулган кооз түс алып,
Түрлүү өсүмдүк бүрдөдү,
Килем түр сайып түрдөдү.
Күн талашып жулунуп,
Кымкаптай сонун кубулуп,
Гүл ачат улам чубуруп,
Жүздөгөн чөптүн түрү бар,
Ар кандай түстө гүлү бар.
Жагымдуу сайрап үн салган
Ар түрлүү куштун үнү бар.
Жайкалып өскөн шибери,
Жаратылыш соккон килеми.
Түрлүү жыт берет илеби,
Төшөгөн шырдак шибери.

 

КҮЗ

Күздөөнү көздөй мал кетти,
Жалтылдаган жай кетти,
Жалбырактан ал кетти.
Ар түрлүү болот жалбырак,
Бышканда түшөт шалдырап,
Жаргактай сары жалтылдап,
Жабыла учуп калтылдап.
Аралап бассаң аларды
Дабыш чыгат шартылдап,
Топтолушуп куралып,
Келгин куштар чубалып,
Төлдөгөн жерди кыйбастан,
Имерилип буралып.
Ысык жакка суналып,
Келерки жазда келем деп,
Үн салышты кубанып,
Чөп, дарак бышты саргарды,
Күн салкыны шаңданды,
Эрте оргон бүтүп орогун,
Күз айлары аяктап,
Отун, сууга камданды.
Кышкы камы болбогон,
Эми чындап сандалды.
Камдууларга жалдырап,
Жардам берсе жан калды.
«Тону жокко салам айт,
Өтүгү жокко өзүм барам» —
Деген кабар жанданды.

 

КЫШ

Жалбырак калбай күбүлдү.
Камы жок жандан түңүлдү
Өттү кетти сары күз
Келди ызгаардуу каардуу кыш.
Батыштан шамал тездеди,
Айылга бетин кездеди.
Кар аралаш борону
Каптап кирди короону.
Күн бүркөлүп бозоңдоп,
Бороон, чапкын озондоп.
Асманды булут каптады,
Жөө туман карды таптады.
Бубак басып чөптөрдү,
Чыныгы аяз башталды.
Аяздуу суук кыш болуп,
Шамал бороон туш келип,
Борошо уруп бүлдүрүп,
Жонду чайлап дың кылып,
Суунун баарын тоңдуруп,
Себелеп тынбай төгүлүп,
Жер бети аппак көрүнүп,
Жер жүзү карга чөмүлүп,
Чөп калбай баары көмүлүп,
Жолсуз жерден жыгылып,
Терең карга тыгылып,
Жол байланыш кыйындап,
Суук шамал ырылдап,
Закым жүрүп зырылдап,
Бети-колду какшатып,
Оору жанды аксатып,
Кулак үшүп калдайып,
Бутуң тоңуп солдоюп,
Бак-дарак куурап майышып,
Үн чыгып ырдап кайышып,
Кулак-бетиң сайышып,
Көчкү жүрүп кырылдап,
Төө боздогон ыр ырдап,
Тешиктен суук ырылдап,
Учкан карлар шыбырлап,
Ышкырды бороон зырылдап,
Суук тийип кырылдап,
Мурун бүтүп бырылдап,
Ырайым кылып койгон жок
Күн азыраак жылымдап,
Уйгу-туйгу аламан,
Тындырбай карды сабаган.
Сууктап жандуу жадаган,
Жаз келишин самаган,
Каардуу суук өңөрүп,
Көк мурун аяз көгөрүп,
Аябай чилде күч алып,
Мурут-сакал муз алып,
Мурдуң тоңуп кызарып,
Мал жатчу жерди сыз алып,
Сары суулап муз алып,
Тазалап турбай корону
Тоңголок тоңуп, күч алып,
Мал жата албай бут талып,
Күч алды аяз камчылап,
Шыбыргак учуп жалтырап,
Ачка малдар калтырап,
Туралбай ачка жан чыдап.
Камдуунун малы ойноду,
Камсыздын малы тойбоду.
Жалкоо ээси чөп жыйбай,
Түндөп оттойт ак карда
Ачка өлүүгө жан кыйбай,
Мүйүз аяз бүгүнкү,
Кийиз аяз кийинки.
Ызгаардуу суук мактанып,
Чилде аязга капталып,
Аябай жааган калың кар
Денеге эрип чапталып,
Мал өлүм качан токтолот
Ачка өлүүдөн сакталып,
Сакым аяз күч алып,
Согуп турат сапталып.
Бороондуу түндө калчылдап,
Тизеден чыккан ак карда
Карды тебет алсырап,
Чөп таба албай ал жерден
Улам басат салпылдап,
Кар тебе албас уй малдар
Көтөрүм болуп шалкылдап,
Арыктап малдар жоошунуп,
Кыш узарып жутка созулуп,
Капсалаң келип кошулуп,
Жылымдап жаан аралап,
Артынан суук сабалап,
Чөптүн баары муз болуп,
Коркунуч мезгил туш болуп,
Үйөр жүрүп чор каптап
Курсак тойбой шор кайнап,
Качыратып муз чайнай
Чылпак басып, көз кайнай.
Жегенде ичти какшатып,
Ич өткөн оору баштатып,
Бала салып таштатып,
Сөөккө тери капталып,
Мал ылаңы башталып,
Мал жукарып ичкерип,
Ден соолукка күч келип.
Калчылдап дайым кайыгып
Адамды тиктеп жалынып.
Башын чулгап табынып,
Жай мезгилди сагынып
Чөп берет деп зарыгып,
Абдан үшүп чаалыгып,
Ээсине чындап таарынып,
Чөптү кардан табалбай,
Эки көзү карыгып,
Бир тутам чөп көргөндө
Алыстан чуркайт чамынып,
Чачыкта1 музу чабылып,
Айласыздан алы жок
Өз жүнүн жейт жабылып,
Талаада чөп болбосо,
Кайда барат каңгырап.
Кирип жатчу үйү жок,
Кышкы камдын бири жок,
Арызданууга тили жок,
Бул эмине болду деп,
Текшерүүчү киши жок.
Этти жеген ээсинин
Бул абалы менен иши жок,
Үйүндө жатат карды ток.
Малдын көңү ысык чок,
Ак кар жаады сабалап,
Карга, кузгун ач бөрү
Кирип келди камалап,
Артынан ээрчип жойлоду.
Талаада калган ач малдын
Асылып жанын койбоду,
Жара тартып тойлоду.

 

МАНАСТЫН КҮМБӨЗҮ ТУУРАСЫНДА

Алтымыш эркеч майына
Кыш бышырып бек урган.
Алты кылым өткөнчө
Бузулбасын деп урган.
Жетимиш эркеч майына
Кыш бышырып бек урган,
Жети кылым өткөнчө
Бузулбасын деп урган.
Бетине накыш2 салдырган
Кышын күлботодон3 алдырган.
Турпагын алып элеген
Ылайын чыраштан4 салып бөлөгөн.
Кумданга кыш бышырган,
Кышы бекем болсун деп,
Кенчи ылайдан төшөгөн.
Ылайын баскан ат менен
Бетине накыш салдырган.
Араби чийип кат менен
Устасын ылай элеткен.
Урум журтту билбейт деп,
Жазуусун араби менен сүйлөткөн.
Алды жакка таш коюп,
Белбоодон көтөргөн.
Бекем болуп турсун деп,
Кенчи ылай менен бек урган.
Уста салып кыш куйган,
Уруучу элге мал сойгон.
Иштемекке сарт алган,
Арабидан уста алып,
Мындай сарай ким салган?!
Көргөн адам таңданган,
Бүгүн калса күмбөздү
Көрбөгөн адам калбаган.
Орустун журту ойлонгон,
Кытайдын журту кыйналган.
Муну Урум пашаа салды деп,
Өзгө пашаа ыйлаган.
Өнөрү журттан артты го
Өнөрүн журтка даң кылып,
Өзүңдөн акын айтты го.
Өзгөчө тууган Манасың
Ушу жерге жатты го.
Кең Таластын өзөнү,
Какыр дөбө кезеңи.
Баатыр Манас жактырды,
Асты жакта түзөңү.
Кең-Кол ата куйганы,
Эр Манастын күмбөзү,
Күн чыгышта турганы.
Урумдап алган устасы,
Окшомдуу кылып урганы.
Мазар камыр төбөсү,
Асты жаккы түбүндө
Эр Манастын сөрөсү.
Кең-Колдун куйган боюнда
Мазар терек чынарды,
Чынарың сынбай турарбы.
Алган экен устаны,
Азаматым Ыраман
Окшомдуу кылып урарбы.
Асты жагы Кең-Колдо
Булуң-булуң сазы бар,
Булуңда жүргөн казы бар.
Тобулгу, талы билинбейт,
Токойдон жери көрүнбөйт.
Кекилик менен корозу
Бирге жүрсө билинбейт.

 

ТЕРМЕ

Айт, айт десе токтобой,
Ашуудан шамал соккондой,
Аксы менен Таласты айт,
Алмамбет менен Манасты айт,
Сыргак менен Чубакты айт,
Журт атасы Бакайды айт,
Казак ханы Көкчөнү айт,
Баатыр баркын билбеген,
Көөдөнүндө бөксөнү айт.
Токтогулдай ырчыны айт,
Толубайдай сынчыны айт.
Кош канаттуу тулпарды айт,
Колго түшкөн ултанды айт,
Каары катуу баатырды айт,
Калкты бузган аксымды айт,
Өтө кызыл манатты айт,
Өткөн элде санатты айт,
Семетейдей уулду айт,
Көзкамандай чуулуну айт.
Болуп өткөн тарыхты айт,
Жалганды айтпай, чындыкты айт,
Укканды айтпай, көргөндү айт,
Кол баштаган чорону айт,
Кордук көргөн эренди айт.
Журт жыйнаган датканы айт,
Кош сүйлөбөй чыныңды айт,
Акылмандын сырын айт,
Акындардын ырын айт,
Кедейлердин муңун айт,
Кейигендин ыйын айт,
Баланын балдай сөзүн айт,
Аптиек китепти айт,
Аны окуган молдону айт,
Калк баштаган энени айт,
Кадими жакшы жеңени айт,
Гүлдөй бүрдүү кыздарды айт,
Гүлгүн чырак жаштарды айт,
Арыстандын сүрүн айт,
Айбыккандын түрүн айт,
Балбандардын күчүн айт,
Сыр найзанын мизин айт,
Колу чебер узду айт,
Барымта кеткен кызды айт,
Карчыгадай камбылды айт,
Булбулдун мукам үнүн айт,
Ак тайлактын жүнүн айт,
Адамзаттын күнүн айт,
Туулуп өскөн жериңди айт,
Куттуу кыргыз элиңди айт.
Чөлүн айтпай, тоосун айт,
Чөбүн айтпай, гүлүн айт.
Талаасын айтпай, төрүн айт,
Тамагын айтпай, наркын айт,
Кадырлашкан калкын айт,
Жети атаңды жиктеп айт,
Жетесизди жектеп айт.
Атан тоодой эрди айт,
Аргымак тууган бээни айт,
Жүк көтөргөн нарды айт,
Коноодон1 чыккан күлүктү айт,
Карышкыр алган бүркүттү айт,
Калкты кыскан чүрчүттү айт,
Мал уурдаган кескини айт,
Элди бузган эскини айт.
Алганды айтпай, бергенди айт,
Душманды жеңип келгенди айт.
Бурама темир, сом темир,
Бурбай соккон устаны айт,
Буулугуп жааган булутту айт,
Булкунуп аккан булакты айт,
Бүлбүлдөгөн чыракты айт,
Кырга капкан салганды айт,
Кызыл түлкү алганды айт.
Жонго капкан салганды айт,
Жолборс атып алганды айт.
Көз мелжиген бийикти айт,
Зоодо жүргөн кийикти айт,
Ардактаган айлыңды айт,
Ыйман күткөн карыңды айт,
Керилип кетмен чапканды айт,
Адал дүйнө тапканды айт,
Ага-тууган бакканды айт,
Жоболоңдуу жоону айт,
Олжого кеткен бойду айт,
Орукта калган койду айт,
Татуу болгон өмүрдү айт,
Күйүт тарткан көңүлдү айт,
Шейит болгон жигитти айт,
Жесир калган зайыпты айт.
Жезиттин түшүп торуна
Азап тарткан майыпты айт.
Талкаланган шаарыңды айт,
Талоонго түшкөн малыңды айт,
Ташыркаган жаныңды айт.
Кытайга жеткен кыргызды айт,
Каныкей, Чүрөк нур кызды айт,
Адыр-адыр белиңди айт,
Арманы коп элиңди айт.
Кырдуу-кырдуу жериңди айт,
Күйүткө түшкөн элиңди айт,
Суусамырдын төрүн айт,
Сулайка сындуу сулууну айт,
Мергенчинин көзүн айт,
Берендердин сөзүн айт,
Ынтымак кеткен айылды айт,
Ырыс качкан жайыңды айт.
Тууган элдин туусун айт,
Шаркырап аккан суусун айт,
Кымыздык өскөн тоосун айт,
Кыркышып өткөн жоосун айт.
Баатырларын бөлүп айт,
Басташкандын жөнүн айт.
Жаман тууган жайын айт,
Жараткандын каарын айт.
Кыргын-сүргүн кылганды айт,
Эртели-кеч ыйманды айт,
Кызыл кырман жыйганды айт.
Күмүштү айтпай, алтынды айт,
Баатыр тууган катынды айт,
Ашкебини2 сөгүп айт,
Акын болсоң төгүп айт,
Ак, караны ылгап айт,
Адилетти коргоп айт,
Арамзаны кордоп айт.
Көзгө атар мергенди айт,
Кырдан теке тергенди айт,
Аскар тоону басканды айт,
Адашып элден качканды айт,
Кара өзгөй канкорду айт,
Калп сүйлөгөн анткорду айт.
Адам жанын кыйганды айт,
Касам ичкен урганды айт.
Адилеттүү акимди айт,
Айыл башы асылды айт.
Калк ичинде калысты айт,
Ат жетпеген алысты айт,
Элге келген эшенди айт,
Жабыктырган кеселди айт.
Кызыл тилдүү чеченди айт,
Жоо чапкан айылды айт,
Балта тийген кайыңды айт,
Жетим калган баланы айт,
Башчысыз калган калааны айт,
Бейопа келген жалааны айт,
Бейажал келген өлүмдү айт,
Перзентсиз өткөн атаны айт,
Кербен саткан матаны айт,
Үлпөт курган жыйынды айт,
Эл башкарган кыйынды айт.
Эңишке түшкөн балбанды айт,
Эңкейип буттан чалганды айт.
Сайышка түшкөн баатырды айт,
Салтты билбес капырды айт,
Кайыры жок байыңды айт,
Калк чогула келгенде
Каржалып турсаң жайыңды айт.
Ак болоттун мизин айт,
Алгыр куштун көзүн айт,
Ала-Тоонун көркүн айт,
Ач албарстын курчун айт,
Ата-бабаң, журтуң айт.

Соц тармактар:

Балык Ооз: 1 комментарий

  • 09.02.2011 в 18:19
    Permalink

    Балыкооздон калган санжыра менен бул жерден таанышсаңыз болот.
    Бул санжырада негизинен арабдардын Самарканд шаарын басып алганга чейин (б. з. VIII к. башы) Талас, Фергана өрөөндерүндө жашап, Сыр-Дарыянын боюн гүлдөткөн кыргыздар, ишенген дини, башка огуз уруулары менен болгон карым-катнашы, баштарынан нечендеген кыйынчылык өткөрүп, бирдиктүү хандык түзгөндүгү жана араб халифатынын пайда болушу тууралуу кыс-кача маалыматтар айтылат. Санжыра жомок түрүндө жазылып калса да, анын каармандары, же алар катышкан окуяларды көптөгөн жазма, документалдуу материалдар менен салыштыруу аркылуу баалуу маалыматтарды алууга болот.

    Ответ

Добавить комментарий