Кыялбек Урманбетов

Кыялбек Урманбетов жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Мен жакшы көргөн инсан Урманбетов жашоону уруп ойнобойт

Акын Кыялбек УРМАНБЕТОВ: «Ырларыңдан «ата» деген үн чыкпайт да…»

Акын Кыялбек Урманбетовдун обондуу ырлар жыйнагы чыкты

Кыялбек УРМАНБЕТОВ, акын: «Мени «стоматолог», Шайлообекти «Шаке шаман» деп коюшат»

Жаш ырчылар эмнеге акындар менен иштешпейт?

«Байдылда сыйлыгы калп айтпаган акындарга гана берилет»

Султан Жумагулов: «Азыркы гезиттер 90-жылдардагы чапанын чечише элек»

 

Ырлары

КЕЧИКТИМ

Таңшыган булбул белең бутагымда,
Талпынам кучагыман учарыңда.
Карааның карегимен үзүлсө да,
Элесиң кала берет кучагымда.

Сен жакка агылармын дагы далай.
Өзүмдү ташып бүтпөйм дарыядай.
Көзүңчө жаш баладай жайнасам да,
Өзүмчө ойго чөгөм карыядай.

Билемин, менсиз деле арманың көп,
Астыртан аяр карап зарладым көп.
Сөз менен жалынычым айтпасам да,
Көз менен айтып келем “ардагым” деп.

Кербендер өтүп кетти, кайрый албайм,
кечиктим, кантип анан кайгыланбайм.
Өзүңөн өмүр бою айрылсам да,
Ойлордон сен жөнүндө айрылалбайм…

 

ӨМҮРЗАР

Жашайбыз бала күтүп, кайрым тилеп,
Жашайбыз жаралгандан кайгы-муң жеп.
Жан барда арман жоктой гүлдөйлүчү,
Жашайбыз дагы канча, ай, ким билет.

Бал сунуп, уу ичирген жашоо жалган,
Байлыгың, бийлигиң да кошо жалган.
Биз кетсек – комуз калат ырлар менен…
Билгенге жалгыз чындык – ошол арман.

Датымды айткым келет теңирге мен,
Асылды теңеп койгон темир менен:
Асылды табамын деп алтын издеп,
Асылды жоготобуз өмүр деген.

Бейиттер карызыңды козгоп сурап,
Адамдык парызыңды боздоп турат:
Берерим бир ууч гана боз топурак,
Алаарым бир ууч жана боз топурак…

 

КОҢГУРОО

— Ким аласа атамдан? Мен беремин!..
Карап турду баш чайкап калың эл-журт.

— Ким аласа атамдан? Мен беремин!..
Карап турду жаш чайкап калың эл-журт.

— Ким аласа атамдан? Мен беремин!..
«Карызы жок» дегендей дагы жымжырт.

Атам өлдү, өлмөк болчу акыры,
Арман кылып айтканда не датымы?
Кейигеним: ыр бермети азайып,
Кемий түштү кыргыздын бир акыны.

Барктай билген досторуна кубандым,
«Балам» деген жакшы сөзүн уга алдым.
«Атам өлдү, аны көргөн өлбөсүн!» —
Аятындай кайталаймын курандын.

Санабаймын жакынын да, алысын,
Карабаймын жашын дагы, карысын,
«Досумун» деп айткандардын баарына
Доо кыламын маркумдун бир карызын.

Атам өлдү, өлсүн кошо жамандык,
А силердин парызыңар адамдык:
Бар болгула, баардаштары атамдын!
Баарыңардын карызыңар — амандык.

— Ким бересе атама? Мен аламын:
Эсен болуп эстей жүр атамды да…
Коңгуроодой кагылып жатам мына!

 

ЖЕРДЕШКЕ

Бийиктен кайрылып аркама,
Кайгыңды ар качан бөлүшүп,
Жердешим, жан тартам мен сага.

Бийиктен көргөзбөй желкеңи,
Бактымды ар убак бөлүшүп,
Жердешим, колдой жүр сен мени.

Айтылган сөз эмес жөн эле,
Жердешпиз — эсиңен чыгарба
«Балдарым!» — дейт бизди Жер-эне.

 

ДИЛКАЙРЫК

Аккуудай түнөгүндө,
Ак тилек жүрөгүмдө.
Билели баркыбызды
Бир келген бир өмүрдө.

Кел, достор, той кылалы,
Көл болуп толкуганы.
Өмүрдүн өксүү жерин
Ыр менен толтуралы!
Күн окшоп келгин кушка,
Күлгүн кез эң бир кыска
Туралы татуулашып
Тузу кем бул турмушта

Таарынчың койчу нары,
Таалайга кол суналы.
Көңүлдүн көңдөй жерин
Ыр менен толтуралы!
Кеткенге кейибейли,
Кечикпей кел бийлейли.
Бири кем жалган дүйнө,
Бирок биз кемибейли.

Боордоштор олтуралы,
Болбосту болтуралы.
Дүйнөнүн бөксө жерин
Ыр менен толтуралы!..

Соц тармактар:

Добавить комментарий