Мен жана Мезгил

«Сердце мясом приросло к жизни»
В. Шукшин.

Мен ким элем?
Мейкиндин кеңдиги элем.
Шагында бутактардын ойноп турган
Шамалдай эркин элем.
Адамдар из сала элек
Ажайып мейкин элем.

Жан сырын казат элем.
Жарпымды жазат элем.
Жан-жагын элес албай басат элем.
Жүрөгүм күйүп турган
Жүзүмдөн күндүн нуру сүйүп турган
Жүгү жок аргымактай азат элем.

Ал кезде мен тоолорго
«Абаздуу булбул» эмес,
Айбаттуу бүркүт болуп конгум келчү.
Аябай кубат-күчкө толгум келчү.
Жай жаткан жазгыч эмес,
Жомокто жеңилбеген
ЖООКЕРДИН эң мыктысы болгум келчү.

Жанымда ким бар эле?
Жайнаган күн бар эле.
Жаштыгым жаңы күчөп турган эле.
Жароокер ашыгымдын
Жанында жаткан бойдон
Түбөлүк калгым келген
Түн бар эле.

Азыр мен ойлоп көрсөм
Ал кезде бардык жагым толгон экен.
Айтканын адамдардын элес албай,
Ар кимден кеңеш албай
Жетчүгө жете берсем болмок экен.
Кылычты бекем кармап
Кыялдын аркасынан
Кыр ашып кете берсем болмок экен.

Арадан жылдар өттү.
Адамдар жакындашты.
Ар бири бирден кирип
Эшигин жүрөгүмдүн такылдатты.
Этектен-жеңден тартып
Эски үйдүн желесиндей,
Эртеңдин белесиндей закымдашты.

Ар бирөө ар нерсени «келе» дешти.
Аз-аздан жүрөгүмө
Ар кими өз билгенин чегелешти.
Аларга белек кылган
Айдыңды менчик кылып тебелешти.

Жашырбай айткым келди,
Жакындар жан сырымды түшүнбөдү.
Мен сүйгөн, мен эңсеген
Мейкинге мээримдерин түшүрбөдү.
Күн сайын түшүнөөр деп
Күдөрүм үзүлбөдү.

«Өмүрдү жеңиш үчүн
Өзүңдөн утул» дешти.
«Кылычтын бул заманда пайдасы жок,
Кыялдан кутул» дешти.
Мизимди мокоткон соң, акырында
Көрсөтүп көр оокатты
«Милдетиң ушул» дешти.
Асылым адамдар ай,
Акылын айта берип
Азайтты азоо чалыш адатымды.
Бүктөштү китеп кылып «жомок» дешип
Бүтпөгөн дилимдеги Манасымды.
«Кыскартып, тегиз кылып берели» деп
Кыркышты канатымды.
Иштерин жөлөй албай
Ичимден таяп турдум.
Баарысын таштасам деп
\Башкасын аяп турдум.
Кылчактап кылычтарга жүргөн менен
Кыялбай адамдарды карап турдум.

«Ал уят, бул күнөө» деп
Азайтып чабытымды.
Талаада жалгыз турам бүгүн эми
Табалбай багытымды.
Ооматсыз оодарылган
Ойлорум ойгото албай намысымды,
Күн сайын бир тамчыдан өлүп барам,
Күлмүңдөп көңүл үчүн камдап берип
Күн көрбөй өзүм жатчу табытымды.

Бул мага чоочун өмүр.
Бутактап чырмалса да милдет менен
Бул тагдыр эттей өсүп жүрөгүмө.
Кайтамбы, кайталбаймбы,
Кайрадан нак өзүмдүн түнөгүмө?
Айта албайм. Айтыш кыйын.
Анткени басып кетким келээр замат
Адамдар себеп болот күмөнүмө.

Жаш өттү. Жакындарды
Жарашпас кыйнаганым.
Жаштыктын демин самап
Жаныма сыйбаганым.
А бирок эмнеликтен
Адамдар уктап жаткан айлуу түндө
Абалкы көксөөм үчүн кыйналамын?
Адамдар уктай берсин.
Аларга жакпайт мунум.
А бирок бир күн келээр, бекингиле!
Ал күнү жанар тоодой
Асманга атып кетсем кечиргиле!
Байланбай чырмалышкан турмушума
Багытым чабытымды коштогондо
Баарынан басып кетсем кечиргиле.

Адамдар, кечиргиле,
Чым баскан отоо чөптү жоготкону
Чындык деп күйүп кетсем,
А балким ак дилимден ким бирөөнү
Астейдил сүйүп кетсем,
Болбосо болбогонду болтурам деп
Кындагы чаңын сүртүп
Кылычты сууруп барсам,
Ойлогон максат үчүн далайларды
От болуп кууруп салсам,

Өң карап жүз тайбастан
Өрт койсом чириктерге,
Качырдын баарын сүрүп улуу жолдон
Камчы урсам күлүктөргө,
Алыстап баарыңардан
Арбалсам адам жетпес бийиктерге,
Болбосо көз чаптырып мейкиндикке
Бошонсом өзүм сүйгөн эркиндикке.

Баарысын кечиргиле,
Башынан ташталуучу кадам сымал.
Баарысын түшүнгүлө,
Баарысы батып келген заман сымал.
Адамдар, айланайын адамдарым
Айтылган сөзүмдү эмес,
Ата элек дүрмөтүмдү кечиргиле.
Анткени силер дагы
Абалтан ошол үчүн Адамсыңар.

Жыргалбек Касаболотов

Соц тармактар:

Добавить комментарий