“Атам чыбыкты ат кылып минип алчу”

Рыспай агайдын көзү тирүү болгондо быйыл туура 70 жашка чыкмак. Ал бүгүн да жашап турганда, не деген керемет, не деген кайталангыс, жагымдуу, түбөлүктүү обондорду жаратмак. Бирок, тагдыр экен, агайдын арабызда жоктугуна минтип 16 жылдын жүзү болуп отурат. Эң өкүнүчтүүсү обончунун көзү өткөндөн бери, анын жаркын элесине арнап айкел тургузуу, Бишкектин бир көчөсүнө ысымын ыйгаруу, КРнын Баатыры наамын берүү ж.б. боюнча сөздөр айтылып, бирок бири да иш жүзүнө ашпай келет. Рыспай агайдын артында калган балдары, жакындары жок дегенде быйыл жогоруда айтылгандардын бирөөсү аткарылып калар деген үмүттө болушууда…

Биз Рыспай Абдыкадыровдун эң улуу кызы Алтынчач Абдыкадырова  менен маек курган элек. Эмесе ошол маекти сиздерге сунуштамакчыбыз.

— Алтынчач эже, Рыспай агайдын ушунчалык жөнөкөй, боорукер, ак көңүл, кең пейил адам болгону жөнүндө билебиз. Менимче, сиздерге бир да катуу сөз айтпаса керек ээ?
— Мен атамдын тун кызы болгонум менен, чоң энемдин колунда өсүп-чоңоюп, тарбияландым. Ал киши мени 3 айлык ороодо жаткан кезимде алган экен. Анткени, атам, апам экөө гастролго чогуу чыгышып, мени карай турган киши жок, ар кимдин колунда калчу экемин. Атам кээде өздөрү менен ала кетип жүрүшкөнүн айтып калчу. Эң кызыгы, бир сапар гастролго мени кошо алып чыгышып, концерт койгон клубга унутуп коюшуптур. Жарым жолдон мени эстешип: «Бала кана, бала кана?»-деп бир сыйра урушуп алып, клубга кайра барышса, ошол бойдон уктап жатыптырмын. Көрсө кичинемде аябай жоош болгон экенмин. Ушул окуяны уккан чоң энем Зуура аларга жинденип, мени өзүнө алып алыптыр. Бирок, атам бат-баттан келип турчу. Өзү менен алып кеткиси келип: «Сен менин улуу кызымсың. Мен дагы сага тарбия беришим керек»,-дей берчү. Атамдын көзү өткөнчө андан бир дагы кагуу, бир дагы катуу сөз уккан жокмун. Мени атымдан атабастан, «алтын кызым» деп чакырчу. Ал биздин окуп, билим алуубузга абдан көңүл бурчу.

— Сиздер менен кошо сабак окуучу болсо керек?
— Ооба, ошондой эле болчу. Бизди – сиңдим Гүлзат экөөбүздү мектепке чогуу берип коюшту. Ал 6 жашта, мен 7 жаштамын. 1-класска киргенде атам бир айга чейин экөөбүздүн сумкабызды эки жагына илип алып, мектепке жеткирип жүрдү. Анан бизге: «Жакшы окуган кыздар биринчи партага отурат. Арткы партага отурбай жүргүлө»,-деп айтчу. Бир күнү класска кирсек, биринчи партага бир кыз отуруп алган экен. Сиңдим экөөбүз үндөбөй туруп тиги кызды түртүп жыгып, партага отуруп алдык. Эжейибизге дагы атабыз жакшы окуган кыздар артка отурбайт деген, биз алдыга отурушубуз керек деп көгөрүп туруп алганыбыз түк эсимден чыкпайт.

— Агайдын акыркы жараткан, бирок ырдалбай калган обондору барбы, жокпу билбейсизби?
— Мен так, даана айта албайм. Муну бир билсе кичүү сиңдибиз Сюита билет. Себеп дегенде, ал төрөлгөндөн тарта атамдын жанында болуп, чогуу өстү. Ошондой эле, бул нерсени экинчи апабыз Давлет эже билмек эле. Тилекке каршы, ал киши да эрте эле көзү өтүп кетти. Тирүү болгондо атам жөнүндө дагы далай китептерди чыгартып, дагы далай жакшы иштерди жасамак. А биз болсо кыз киши турмушка чыккандан кийин, андай иштерге жүгүрүүгө мүмкүнчүлүк болбой калат экен.

— Давлет эже менен болгон мамилеңиз жөнүндө да айтып берсеңиз.
— Турмуш деген ар кандай экен. Атам өзүмдүн апам тогузторолук Маалимкан (Тоту деп коюшчу) менен 3 жаштагы кезимде ажырашып кетишти. Ал ортодо Аида сиңдибиздин апасы менен жашады. Анан Давлет эжебиз менен баш кошту. Атам бизге апа деп айткыла дечү. Бирок, апа деп айта алган жокпуз. Ал кишинин өгөй энелик кылып, мага бир жаман айткан учуру болгон жок. Анын үстүнө мен алар менен чогуу аз эле турдум. Давлет эжебиз бизге да, атама да аябай жакшы карачу. Ал атамдын чыгармачылыгын да жогору баалар эле. «Рыспай сен ырдашың керек, студия сени күтүп жатат»,-деп чыркырап ийчү. Кээде студияга атамды жалгыз жибербей, мени коштоп иет эле. «Эгер барып ыр жаздырып кайтпасаң, келгенде Алтынчач эмнени гана көрөөр экен»,-деп туруп экөөбүздү студияга жиберип коёр эле. Атам жарыктык ойлонуп калчу. Анан калса аябай бала кыял, ичинде кири жок, ойноок экен. Ошондо жолдо кетип баратып жаш баладай секирип ырдап, бийлеп барчу. Ал тургай кээде чыбыкты ат кылып минип: «Мен ат менен кетип баратам»,-дечү.

— Аккан арыктан суу агат деп коюшат. Рыспай агайдын неберелеринин ичинде ыр жандуу бирөө барбы?
— Менин улуу кызым Билимбү абдан жакшы ырдайт. Анда-мында өзүбүздүн той-топурлар боло калганда ырдап бергени болбосо, эл алдына чыкпайт. Мен өзүм деле жакшы ырдачумун. Көп ырдабасаң үн деле жоголот турбайбы. Биз кичине кезибизде сиңдим Гүлзат экөөбүз атамдын «Мектебим», «Өзгөчөм» деген ырларын ырдачубуз. Атабыз бизге аккордеон, пианино ойноп берчү.

— Азыр агайдын ырларын башка ырчылар жаңыча кылып ырдап жатышпайбы, бу жөнүндө кандай ойдосуздар?
— Жаңыча стилде ырдап жаткандары жакшы эле. Бирок, айрымдары ырдын маани, мазмунун бузуп ырдап жүрүшөт. Бөкөмбай Боркеев агабыз айтып жүргөндөй, эгер атабыз тирүү болуп, азыркы ырчылар аткарып жүргөн ырлардын обондорун, сөздөрүн укса, ошого жинденип атып эле өлүп калмак. Анткени, ал чыгармадан кылтыйган катаны байкаса, ошону ачык айткан сапаты бар болчу. Ошонусунан улам аны көп кишилер жактырышчу да эмес.

— Жусуп байке (Рыспай агайдын улуу күйөө баласы, Алтынчач эженин жубайы), ушундай залкар адамдын күйөө баласы болгонуңуз сиз үчүн сыймык болсо керек?
— Туура. Рыспайдын күйөө баласы экен деп угуп, мени көргөнгө кызыккандар да болгон. Албетте, мен үчүн чоң сыймык. Кайната ушундай ченде жок берешен, кең пейил жакшы адам эле. Азыр отуруп атамдын бир окуясы эсиме түшүп атат. Бир жолу артисттер болуп гастролго чыгышкан экен. Ал кезекте ырчылар ырдаганы үчүн акыны элден эмес, айыл өкмөттөн алышчу эмес беле. Концерт бүтүп, акча аларда конторго атамды жиберишкен экен. Ал киши айыл өкмөткө барыптыр дагы акчаны алып, жолдо катар көчөдө көрүнгөн бей-бечераларга таратып келе бериптир. Баягы мейманканага жеткенде акчасы жок калган экен. Беркилер сөгүнүп, жинденип, жол киреси жок үйлөрүнө эптеп кеткен экен…

— Рыспай агайдын талантын баалаган, өнөрүн сыйлаган адамдар ага КРнын Баатыры деген наамды ыйгаруу боюнча сунуштарды айтып жүрүшөт. Кээ бирөөлөр тирүүсүндө берилбеген наамды, көзү өтүп кеткенден кийин бергендин эмне кереги бар деп жатышат. Сиздер кандай деп ойлоп жатасыздар?
Жусуп: -Мен бул наамды берилсе эле жакшы болмок деп эсептейм. Себеби, ал кишини музыканын пири деп айтып келатабыз. Анын мыкты обондорду жаратып, калтырып кеткени чындык, наамга татыктуу эмгеги бар.

Алтынчач: — Эми биз берилсин деп деле талап кылбайбыз. Бирок, ошондой болуп калса жакшы болмок. Акаевдин убагынан бери эле айкел тургузабыз, бир көчөнү Рыспайдын атынан атайбыз, дагы башка кылабыз деп эле айтылып келатат. Булардын бири да турмушка аша элек. Балким, быйыл 70 жылдыгы эске алынса бул да болуп калаар. Дагы бир нерсе, жыл сайын атабыздын туулган күнүнө карата атайын иш-чаралар уюштурулуп, өткөрүлүп турганы бизди абдан кубантат. Бирок, телеге, радиого Рыспайды тааныган, билген дос-санаалаштары деп эле бирөөлөрдү чакырып, алар жакшы билбеген нерселерди, үй-бүлөсү, бала-бакырасы жөнүндө сурай беришет. Кээде, элге туура эмес маалыматтар берилип калат. Үйдө көрүп отурган биз, андайда кыжырыбыз кайнап кетет. Так, даана маалыматтарды айтып берер уул-кыздары, небере-чөбүрөлөрү тирүү турганда бизди издеп чакырып, сүйлөтүшпөгөндөрүнө капа болуп кетебиз. Башкаларга караганда көп нерсени биз билебиз. Бирок, биз аркылуу бир нерсени тарттырып, жаздырып калалы деген эч ким жок. Эмнеси болсо дагы, кандай сыйлык берсе дагы эң башкысы атам унутулбай, ар жыл сайын эскерилип, экинчи өмүрү уланып турса, биз үчүн ошол чоң бакыт.

Анара АРЗЫБАЙ кызы, «Кыргыз Туусу», сүрөтү автордуку, 11.01.2011-ж.

Ырда Рыспай!
Ырда Рыспай муңканып,
Уккан сайын, уккум келет муңканып.
Аруу сезим жүрөктөргө ширеткен,
Сенин ырың кереметтүү ак жарык.

Ырда, ырда… Кулак төшөп угалы,
Ырларыңа кансын  жүрөк кумары.
Оболосун обондоруң кылымга,
Ырда, Рыспай,
Ырда, ырда,
Токтоп турбай тынымга!..

Обон
Ырдан тапкан: ырыскысын, байлыгын,
Ырдан тапкан: жүрөктү эзген кайгы-муң.
Рыспайсыз эңшерилип ыр дүйнө,
Топук кылып жанга жагым кайрыгың.

Ырдап келип, ыйлап кеткен жарыктан,
Сый-урматты көрбөй же бир жарыткан.
Ышкы отуна көралбастык суу бүркүп,
Ындыны өчүп, дарты ырбады айыккан.

Рыспайдын ырысына ич тарып,
Ыйлаттырдык шолоктотуп карыптай.
Ырдап, ыйлап, өтүп кетти дүйнөдөн,
Жарк деп жанып, «жалп» деп өчкөн жарыктай.

Көзү өткөн соң бармак тиштеп өкүнүп,
Кайгыргансып кара күчкө өкүрүп.
Көзү барда кылбаган соң жакшылык,
Кереги не түштөн кийин бөөшсүнүп.

Соц тармактар:

Добавить комментарий