Чыңгыз Айтматовдун монументалдуу эстелик комплекси курулат

Аалам тааныган генийдин космостогу сырды ачып, Теңир менен сырдашып, анын сүймөнчүлүгүнө айланып, Жер планетасы менен космостун ортосундагы Жараткандын купуя элчисиндей болуп, кылымдар тогошуп турган мезгилде, адам баласы үчүн өзгөчө бир опуртал сыноолорго, көкөлөп чыккан цивилизациясы менен катар капсалаңы көп доордо Көк Теңирден келген пайгамбардай кеменгерлик менен бүткүл адамзаттык көйгөйдү көтөрүп, түмөндөгөн маселелерди козгоп, ар кандай апааттардан планетабыздын, Жер энебиздин келечегин коргоп, адамзаттын бактылуу жашоосун сактап калалы деп тынымсыз коңгуроо кагып, ар дайым үмүт коштогон ой тамызгы берип, Кудай берген таланты, чыгармачылык кудурети менен ай-ааламды айран-таң калтырган даанышман залкар жазуучу жердешибиз Чыңгыз Айтматовдун дүйнө салып кеткенине үч жыл болуп баратат.

Ч.Айтматов так ортодо борбордо турган элдик уулдардын монументалдуу эстелик комплекси Кара-Буура районунун борбору менен чектешип, күн чыгыш менен күн батышты бириктирип.

Мезгилдин учкулдугун караңыз. Зыпылдап өтө берет экен. Чексиз дүйнө, чексиз турмуш. Ошол чексиздиктен Ч. Айтматовдун айбарланган ак жылдызы Көк Теңирден жаркырап балбылдай жанып жер жүзүнө керемет жарыгын чачып турат. Ч. Айтматовдун Көк Теңир менен үндөшкөн дүйнөсү ай-аалам менен айкалышып, боорлошуп, сыр чечишип киндиги бир дүйнө болуп келет. Көктөн серпилген куту сөздүн, ой шиңгилдеринин өзгөчө керемети. Купуя сырлары болот. Шардана айтылбаган турмуш бар, өз сыры, өз тагдыры бар. Каймана айтыштын кереги жок.

Арийне, Ч.Айтматовдун талантына таазим кылып, даанышманды кадырлап барктап дүйнө жүзүнүн ар кайсы континентинде, өнүккөн өлкөлөрдө өткөрүлүп жаткан эбегейсиз зор эскерүү иштерине таң берип, чексиз сыймыктанып шүгүрчүлүк келтирем. Жараткандын учу кыйыры жок ааламда нелер гана болбойт. Генийге генийдей мамиле деген ушул. Аны дүйнө жүзү көрүп турат. Бул дүйнө турмушта ар бир былк эткен нерсе Теңирдин көз алдында, анын эсебинде турат эмеспи. Анын өз мыйзамы бар.

Дүйнө жүзүндө Ч.Айтматовдун кадыр- баркы, ээлеген орду канчалык зор экенин көзү өткөндөн кийин ал жөнүндөгү аңыз-кеп ого бетер күргүштөй жүрүп, сөз удулу баралына келип, даңазасы артып баратканын кимдер гана билбейт. Эми өңгөнү коюп өзүбүздөн кеп салсак. Күтүлбөгөн жерден дүйнөнү эңгиретип Ч.Айтматов каза болуп кеткен азалуу күндөрдөн кийин залкар жазуучунун ысымын түбөлүккө калтыруу жөнүндө кылым толгон демилгелер көтөрүлүп, кыргыздын кыйырына жеткен сөз жүргөн. Айтматовдук даңк буга деле муктаж эмес деңизчи. Анын түбөлүктүүлүктү, ааламга айкашкан жашоо сыры анын орошон кудуреттүү чыгармаларында. Ошентсе да урмат-сый, ызаат көрсөтүү деген болот да. Ошентип, ордо калаабыздагы Н. Крупская атындагы орус драма театрына, анан Эмен сейил багына Ч.Айтматовдун ысымын ыйгарышкан. Буга да баракелде дейсиң. Анан даңазалуу жазуучунун айкелин борбор шаарыбызга орнотуу жөнүндө далай-далай баймалуу ойлор, сунуштар айтылып, анын эскиздерине долбоорлоруна ар түркүн сынактар өткөрүлүп келип эле дымы чыкпай токтоп калды…

Буйруса, жакшы ой-максаттардын сааты чыгар куттуу күн келер деп тилек кылып күтүп жүргөн Айтматовдун окурман күйөрмандары канча.

Мына, жакында эле ордо калаага Айкөл Манастын ысымын ыйгарабыз деген коомчулуктун демилгеси да жумурай журтту сүйүнтүп, бүйүрүн кызытып, Айтматовдук дүйнөнүн асманын жаркыратып өттү. Бул дагы кеменгер Чыкебиздин бир кездеги ардактап баккан асыл тилеги эмес беле?! Чыңгыз агабыздын өз кезегинде 60 жылдык торколуу тоюнда калайык-калк алдында агынан төгүлүп, сөз жамгырын нөшөрлөтүп жатып «жандоочу кийик аттырат» деген накыл кепти айтканы эсимде калыптыр. Анын маанисине азыр да акыл калчап, элдик философиянын оргуштаган башатына таң берип койдум. Жакшылык жакшылыкты коштоп келет тура. Дүйнө жүзүнө Ч.Айтматовду берген Кара-Буура району жакында эле 80 жылдык мааракесин белгилеп, коомчулугу, калайык-калк кудуреттүү таланты, керемет чыгармалары менен чексиз ааламды айран-таң кылган жазуучу жердешинин эстелик айкелин райондун борборуна орнотуу демилгесин көтөрүп чыгышты. Ушу кезде райондун калкы өз ыктыяры менен каражат чогултуу ишин жүргүзүп жатат. «Эл ичи — алтын бешик» — деп коёт эмеспизби. Өзүнчө бир оюн, бараандуу жардамын сунуш кылып жаткан азаматтар да бар.

Миң сан булактардан дайра курулгандай, буйруса, көпчүлүктүн жыйымынан көптөгөн каражат чогулат. Эң башкысы, дүйнөлүк залкар жазуучунун эстелигин тургузуу үчүн демилге көтөрүлүп иш башталды. Ушул окуяга байланыштуу Талас областынын Кара-Буура районунун акими Төлөгөн Наралиев менен баарлаштым. Ал жан дүйнөсүндө багып келген ой-тилек мүдөөлөрүн айтып берди. Ар нерсе өз учурунда, сөз да кезеги менен.

— Дүйнө жүзүн таңданткан таланттуу жазуучу жердешибиз Айтматовдун айкелин киндик каны тамган Кара-Буура районунун борборуна орнотулса деген ой-тилек Чыкем дүйнө салгандан бери эле көңүлүмдө түнөп жүргөн. Анан ушул демилге биздин райондон, калайык-калктын ынталуу каалоосу, улуу жазуучу жердешибизди чексиз урматтоо менен көтөрүлүп чыкканына сүйүндүм,- деген Төлөгөн Байызбекович андан ары сөзүн улады: — Дүйнөлүк жазуучунун эстелигин мамлекеттен акча сурабай, ушул демилгени көтөргөн элдин күчү, өз ыктыярдуу азаматтардын берген каражаты, көпчүлүктүн жардамы менен курууну чечкенбиз. Бул райондун элинин эрки, өз ыктыярдуу демилгеси деп айтсак болот. Дүйнөлүк залкар жазуучубуздун жердеши экенибизге чексиз сыймыктанабыз. Ага арналган монументалдуу эстелик куруп бүткөрүүгө коомчулугубуз бардык күчүн үрөйт. Бул райондун тарыхындагы гана эмес коомдук турмушубуздагы өзгөчө маанилүү окуя болуп калмакчы.

Ч.Айтматовдун айкелин орнотуу жакында дагы бир баалуу ой менен толукталды. Анын демилгечиси Ак-Чий округунан чыккан чыгаан ишкер Асанбеков Сыргак. Бул маселе жөнүндө көптөн бери өзүнчө ой термеп жүрчү экен. Ал таланттуу скульптор-айкелчини таап, эстеликтин долбоорун, ага кетүүчү чыгымды кошо эсептетип чыгартып алып келиптир. Анын жалпы баасы 4 млн. сомду түзөт экен. Анын 2,5 млн. сомун монументалдуу эстелик комплекстин демилгечиси, байманалуу ишкер Сыргак Асанбеков өзү кошмок болду. Бул азаматтык эмес бекен?! Калган 1,5 млн. сомду райондон чыккан ыктыярдуулар чогултат. Калайык-калк өз жардамын аябайт деген ишенимибиз чоң. Ушу кезде 400 миңге жакын чогулуп калды.

Монумент-эстеликтин долбоору (сүрөттө) боз үй түспөлүн элестетет. Боз үй уугуна окшогон 7 тирөөчү болот. Алар чамгарак менен ашташып турат. Кыргыз элинин көрүнүктүү 7 чыгаан уулунун элеси бейнеси ушул монументалдуу эстелик комплексте даана ачылат. Элибизде жети саны ыйык сан, жакшылыкка төлгө сан катары кабылданат. Долбоор боюнча эстеликтин так ортосунда борборго бийик жумуру секичеге (пьедестал) тулку бою менен Ч.Айтматовдун айкели орнотулат.

Залкар жазуучунун айкелин тегерете райондун аймагынан чыккан алты чыгаан азаматтын, эл уулдарынын эстеликтери коюлат. Аларды тандап берүү райондун калкынын талкуусуна коюлуп жатат. Алардын бири дүйнөлүк жазуучунун атасы белгилүү мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматов, анын замандашы Эркинбек Эсенаманов, белгилүү төкмө Өтө-Жеңижок, жергебизде кеңеш бийлигин орнотууга өз салымын кошкон Моңолбаев Султанбек — 1894-жылы азыркы Кара-Буура районунун Шекер айылында төрөлгөн. Өз мезгилинин билимдүү адамы болгон. Талас шайлоо комитетинин мүчөсү, Талас облусу боюнча старчын, Киров районунун убактылуу инспектору, Грозный аймагынын партиялык уюмунун катчысы болуп иштеген. Ал каражат таап Төрөкул Айтматовду Москвага окууга жөнөткөн. 1937-жылы репрессияга туш келип, 1957-жылы акталган. Сөөгү кайсы жерге коюлганы аныктала элек. Тарых каттамында эскерилбей калган чыгаан азаматтар бар эмеспи. Эл өзү аныктап чыгат, өз баасын берет. Ошол максатта изилдөө, тактоо иштери жүрүп жатат.

Ч.Айтматов так ортодо борбордо турган элдик уулдардын монументалдуу эстелик комплекси Кара-Буура районунун борбору менен чектешип, күн чыгыш менен күн батышты бириктирип күнү-түнү турмуш күүлдөп жүрүп турган байыркы Улуу Жибек жолуна өзөктөш тогуз жолдун тоомундагы ажайып табиятка танапташ дөңсөө жерге курулмакчы. Монументалдуу комплекс эстелик заңкайып туруп калар күн да алыс эмес. Жай мезгилине карата бүткөрүү божомолдонуп турат. Азыр негизги күч каражат топтоого жумшалып жатат. Монументалдуу эстеликти жасоо иштери да жүргүзүлүүдө. Интернет булактарынан пайдаланып орус жана англис тилдеринде жарыя-жарнактар да берилип жатат.

Элибизде: «Көрүнгөн тоонун ыраагы жок»-деген нуска кеп бар. Анда эмесе, жакшылыкка тилек кылып илгери үмүт менен ошол куттуу күндү күтөлү.

Меңдибек Асылбеков, “Форум” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 11.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий