Өнөр кереметине айланган өмүр

Кыргыз улуттук кино искусствосунун кереметин жараткандардын алдыңкы сабында турган Төлөмүш Океевдин көзү тирүү болсо 2010-жылы 75ке чыкмак. Төлөмүш  Океевдин ысмы, кино чыгармачылыгы жана коомдук ишмердиги аттын кашкасындай таанымал.

Замандын залкар сүрөткери Төлөмүш Океев кыргыздын улуттук кино секисинде чыйыр салган бирден бир адам. Ал тууралуу замандашы, дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматов: “Төлөмүш Океев, биринчиден, кыргыз кинематографиясынын пайдубалын түптөп, профессионалдык деңгээлин бийикке көтөргөн режиссёрлордун бири катары, экинчиден, Орто Азия жана Казакстан кино өнөрүнүн классиги катары тарыхта калат”, –деген.

Белгилүү советтик кинорежиссёр, СССРдин эл артисти, Кыргызстан кинематографисттер союзунун башкармасынын биринчи катчысы болгон Төлөмүш Океевдин өрнөк өмүрүнө токтоло кетсек, ал чыгармачылык жолун Санкт-Петербургдагы киноинженерлер институтун бүткөндөн кийин “Кыргызфильм” студиясында үн режиссёру болуп иштөөдөн баштаган. Л.Шепитьконун “Антон”(1963) М.Ромалдын “Космонавттар көчөсү”, ”Аптап” өңдүү көркөм, илимий популярдуу 20дан ашык тасманы кыргыз тилине которгон. Ал өзүнүн биринчи “Бул жылкылар” (1966) аттуу кыска метраждуу фильмин тартып, режиссёрдук жөндөмү артылып, кийинки фильмдерин тартканга тажрыйба топтогон. “Бакайдын жайыты”(1966), “Нарын жылдыздары”, (1968), “Советтик Кыргызстан” №5. (1968), “Боом” (1969), “Мурас” (1970), “Алгыр куштар” (1971), “Уркуя” (1971), “Көк серек” (1973), “Кызыл алма” (1975), ”Улан” (1977), “Көрөгөч” №18 (1978), “Чыңгыз Айтматов” (1979), “Алтын күз” (1980), “Көрөгөч” №31 (1981), Скульптор Ольга Мануйлова (1982), “Ак илбирстин тукуму” (“Кожожаш”) (1984), “Сүйүү жаңырыгы” (1986), “Абай” (1986), “Чыңгызхан “(1987-1988), “Куугунтуктоо”  (1990-1992), ”Деңиз бойлоп жорткон ала дөбөт” (1990), “Манас” деп ураан чакырып…” (Кыргызстан-Турция) (1995) өңдүү кинотасмаларды жараткан. Төлөмүш Океевге кыргыз кино өнөрү­нүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Кыргыз ССРинин жана СССРдин эл артисти деген наам берилип, Токтогул атындагы, Кыргызстан Ленин комсомолунун сыйлыктары ыйгарылган. Кыргыз Республикасынын, Польша, Казакстан Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери деген ардактуу наамдарга ээ болгон. Анын кинотасмаларынын дээрлик көпчүлүгү дүйнөлүк кинофестивалдарда баш байгелерди, баалуу сыйлыктарды жеңип алган.

Өткөн жылдын акыркы айларында Москва шаарындагы Кино үйүндө орус элинин Кинематографисттер союзунун колдоосу, уюштуруусу менен кыргыз киносунун сыймыгы Төлөмүш Океевдин 75 жылдыгына арналган эскерүү жыйыны өткөрүлдү. Бул иш-чараны искусствонун чеберлери, кесиптештери режиссёр Али Хамраев менен актриса Наталья Аринбасарова алып барышты. Советтик кинонун атак-даңктуу режиссёрлору Давлат Худоназаров, Абджакули Нарлиев, Булат Мансуров, актриса Майа Аймедова, кинотаануучу Эльга Лындина (“Кызыл алма” тасмасындагы авторлошу), Валерий Фомин жана миңдеген кино сүйүүчүлөр катышты.

“Карл Маркстын “Капиталы” коммунисттерге кандай таасир калтырса, Ыйык Куран мусулмандарга кандай жакын турса Төлөмүш  Океевдин “Бакайдын жайыты” Орто Азиянын кинематографисттери үчүн ошондой ыйык- деп тамашалады Давлат Худоназаров. Анан эскерүү жыйындын аягында “Бакайдын жайыты” фильми тартууланды. Мында айта кетчү нерсе, канча мезгил өткөнү менен фильмдин актуалдуулугу көрүүчүлөрдү дале болсо кызыктырат.

Биздин борборубуздагы Улуттук китепканада да улуу талант, кыргыз киносунда Айтматовдой деңгээли бар Төлөмүш Океевдин 75 жылдык мааракесин өткөрүү максатында, улуу кызы Азиза эженин Москвадан келгенин угуп байланыштык.Ал бизге: “Москвадагы кыргыздардын ынтымактуулугуна, биримдүүлүгүнө абдан ыраазы болуп, атамдын арбагын сыйлап биздин келгенибизди угуп, бири боорсогун жасап, бири алмасын көтөрүп, кай бири тамагына чейин  өздөрүнүн эсебинен алып келип көптөшүп жиберишти. Атамдын кадыр-баркы  элинин ичинде канчалык экенине дагы бир жолу ынанып, ыраазы болдум”, – деп сөзүн улап отурду…

Дүйнөлүк даңазасы бар таланттуу кинорежиссёр, сценарист, коомдук ишмер, дипломат Төлөмүш Океевдин “Кино кереметине айланган өмүр” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү, эскерүү кечеси Улуттук китепкананын чоң залында өткөрүлүп, ал эми китеп, фото-сүрөт көргөзмөсү кире бериште жасалып, ага кино сүйүүчүлөр, санаалаштары, Кыргыз эл жазуучулары  Мар Байжиев, Бексултан Жакиев ж.б. белгилүү инсандар, студенттер катышып, эскерип, 15 мүнөттүк видеотасмасын көрүштү.

Төлөмүш Океевдин күндөлүгүнөн

Турмуш жолу эң калыс, эң катаал сынчы.Кимдин канчалык таланты болсо жана ошол кудуретине жараша эмгектенүүсү да жеткиликтүү болсо, турмуш ага ошончолук калыстык кылып, үзүрүн көргөзөт.

***
Сүйө билген жакшы, бирок жек көрө да билиш керек. Алардын ортосунда күрөш болбосо тирешүү да болбойт. Көрүүчүнү өзүнө тартып алып, таң калтырып, ишендире турган нерсе да ошондон улам пайда болот. Ал жок болсо искусство да жок.

***
Фольклор – бул эч нерсеге теңдешсиз улуу байлык, искусствонун алтын казынасы. Аны пайдалана гана билиш керек.

***
Бактыма жараша мен өзүмдүн атактуу, чоң манасчыларды көрүп, айтканын угуп калдым. Эң сонун комузчулардын, элдик жомокчулардын өнөрүн көп жолу кумарланып уктум. Бул мен үчүн чыныгы искусствону тааныткан эң жогорку академия боло алды.

***
Улуу манасчылар бир эле учурда акын да, комузчу да,  жомокчу да, жамакчы да, аткаруучу да боло алышкан.  Легендарлуу эпикалык каармандардын таң каларлык мүнөздөрүн, тагдырларын ишенимдүү бере билүү менен алар бирде бул, бирде тигил образга өтө алышат. Чындыгында бул өзүнчө театр болуп эсептелет.

Мен ар дайым манасчыларга суктанар элем. Алардын кимди болбосун өзүнө тартып алып, капалууну күлдүрүп, кайраттууну ыйлата алгандыгына суктанчумун.

Үмүтай ЭРАЛИЕВА, Бишкек шары, «Кыргыз Туусу», 11.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий