Амантай Кутманалиев, төкмө акын: «Көп жетекчилер креслосун жоготуудан коркушат…»

Төкмөлүк — эзелтеден келе жаткан кыргыз элинин улуу өнөрү. Комуз менен төкмөлүк өнөр кыргыздын байыркы мурасы экендигин эч кимибиз тана албайбыз. Мына ошол байыркы, улуу өнөрдү өркүндөтүүгө салым кошуп, жоголуп бара жаткан, төкмөлүк өнөрдүн учугун улап келе жаткан төкмө акындарыбыз саналуу гана. Алардын бири белгилүү төкмө акын Амантай Кутманалиев. Элибиздин кан-жанына сиңген улуу өнөрдү акча, дүнүйө, мүлк, байлык менен кызматтан жогору коюп, өмүрүнүн теңин өнөргө арнаган айтылуу төкмө акын Амантай Кутманалиевди кепке тарттык.

Амантай агай, узап кеткен Жолборс жылы кандай өкүнүчтөр, жетишкендиктер менен коштолду?
— Биздин тармагыбыз искусство тармагы эмеспи. Жетишкендик ушул жагынан жакшы эле болду. Көп жылдан бери элге кылган эмгегим жаңы бийлик тарабынан эске алынып, ардак грамота менен сыйландым. Мени менен бирге бир топ маданий кызматкерлер наамдар менен сыйланышып, көп жылдан бери элге кылган кызматынын акыбети кайтты. Бакиевдин учурунда агенттикке айланып, жоголуп бара жаткан Маданият министрлиги агенттиктен министрлик деген статуска ээ болду. Мына ушул сыяктуу маданият багытындагы жетишкендиктердин баары биздин жеңиш десем болот. Анткени биз маданиятты көтөрөлү деп жүргөн инсандарданбыз да. Бизге саясат, экономика, кызмат, кресло, папка дегендер керек эмес. Ар бир тармактын өз адиси бар. Ар бир киши өзүнүн ишин аткарса эле, мамлекет алга жылып, өсүүгө багыт алат. Ал эми өкүнүчтөр туурасында айтсам, жалпы элдин башына түшкөн кайгылуу окуялар көп эле болду. Ал баарыбыздын кабыргабызды кайыштырды. Бул нерсени айтпасак да белгилүү.

Улуттук филармонияда иштеп жатканыңызга канча жыл болду?
Маданият тармагына аралашып, суусун ичип, нанын жеп жатканыма 24 жыл толду. 24 жылдын ичинде колумдан келген аракетимди көрсөтүп, филармониянын казанында кайнап жүрөм. Мен иштеген учурда канча бийлик, канча жетекчи алмашты. Ар бир жетекчинин ар кандай системасы, жүргүзгөн саясаты бар экен. Аларды да баштан өткөрдүк, бышып жетилдик. Чайналдык, чыйралдык.

Филармонияда иштеген 24 жылдын ичинде канча деген залкар таланттардын көзү өтүп кетти. Аларды келбес сапарга узаттым. Андай учурда бир капталыбыз эңшерилип, коңултуктап, жалгызсырап, кемибиз толбой, бир топ мезгилге чейин жан дүйнө кризисине батып жүрдүк. Көрсө, заман ушундай тура. Адам баласы дүйнөгө устун болбойт экен. Бир күнү ичер суубуз түгөнүп, кайра келбечү сапарга багыт алат экенбиз. Болгону артыбызда атыбыз, элге кылган ак кызматыбыз гана калат экен. Анан муун алмашып, көзү өткөн адамдардын ордун жаштар толуктап, жашоо улана берет тура. Болбосо, Эстебес, Ашыралы, Тууганбайлар кандай залкар таланттар эле…

24-жылдан бери Филармонияда кызматкер экенсиз. Ошончо жыл ичинде маданиятты көтөрүүгө жан үрөгөн жетекчини жолуктура алдыңызбы?
Эми ар бир адамдын көз карашы, пикири, алдыга койгон максаты, ойлогон ою, жан дүйнөсү, дүйнө таанымы ар кандай болот экен. Айрым жетекчилер кимдир бирөөнүн көргөзмөсү менен эле кызматка келип, эч кандай иш-аракет жасабайт. Ал эми айрым адамдарда башынан эле лидерлик, башкаруучулук сапат болот. Мына ошондой жетекчилер бат эле ишти колго алып кетет. Мурдагы жетекчи Керим Турапов маданият тармагын мыкты билген, чыгармачыл адам болчу. Аздыр-көптүр Филармониянын оңолуусуна шарт түзүп, колунан келген аракетин жасады. Ал эми азыркы жаңы келген жетекчи Замирбек Үсөнбаев 44 жыл Филармонияда эмгектенген, искусствону түшүнгөн, чыгармачыл адам. Ал киши бул жактын ишин жалпак тил менен айтканда ашканасын мыкты билет. Мына жетекчиликке келгенине аз эле убакыт болсо да, бир топ алгылыктуу иштерди аткара баштады. Жаздан тартып артисттердин жер-жерлерди кыдырып гастролго чыгуусуна шарт түзүп, машина алып жатат. Мындай иш 20 жылдык тарыхта болгон эмес. Мурда концерттик формаларды өзүбүз тиктирчү элек. Азыр бул маселени да чечип, формаларды тиктирүүгө бюджеттен акча кароодо. Эми бул алгачкы гана иштер.

Улуттук өнөрдү жандандырган төкмө акындар арасында кандай алгылыктуу иштер болду?
Жолборс жылында көптөгөн айтыштарды, кароо-сынактарды өткөрдүк. Бирок ушул жерде да саясат деген балээ өзүнүн кысымын көрсөтүп, тоскоолдук жаратып жатты. Улам эле төңкөрүш, митинг, жардыруу болуп жатып, биздин көптөгөн иш пландарыбыз улам артка жылып, көптөрү ишке ашпай калды. Бирок ушундай оор кырдаалга карабай акындар өз иштерин мыкты аткарышып, элдин эмгегин жеген чоңдорго ачуу сындарды айтып жаттык.

Жаңылышпасам, Бакиевдин тушунда Чудиновго сын айтам деп кызматыңыздан кол жууп калган элеңиз…
Бул мындай болгон. Бир жолу мамлекеттик чоң иш-чара өтүп, акындарды чакырды. Салтанаттуу иш-чара болчу. Салт боюнча акындар чыгып калкка салам айтып ырдадык. Биз Аалы экөөбүз айтышып калдык. Ырдап жатып, тил маселеси жөнүндө сөз козголуп калып, акындык тил менен: «И. Чудинов сүйлөп кыргызча, чудо кылса деп тилейбиз. Үч айда сүйлөйм деди эле, үч жылга мезгил жетти го»- деп тамашалап ырдап койгом. Баары эле кол чаап, каткырып жаткан. Тамашанын баары эртеси башталды. Адаттагыдай эле жумушка келсем, жетекчи чакырып жатат дейт. Оюмда эч нерсе жок эле Керим Тураповдун иш бөлмөсүнө кирип бардым. Баягы Керим жок, өзгөрүп калыптыр. Кабагына кар жаап, түнөрүп туруптур. «Ой, эмне болду, чакыртыпсың. Тынччылыкпы? — десем, — Кечээ эмне деп ырдадың эле? Акын десе эле ырдай бересиңерби. Кичине ойлонуп ырдабайсыңарбы. Ал биздин жетекчи, падыша. Сен азыр кызматтан кетем деп арызыңды жаз да, жумуштан кет! — деди. — А эмнеге? — десем, — Ошондой, эртеден бери жогор жактан чалып жатып мени тажатышты. Сен кетесиң же мен кетем- деп буйругун чыгарып койду. — Мейлиңиз. Кетсе кетейин. Филармония бийликтин менчиги эмес, элдики. Сиздин тынчыңызды алып жатса, мен эл арасында эле болуп турайын»- деп, арызымды жазып кызматтан кеткем. Анан эле беш-алты айдан кийин эле революция болуп кетпедиби. Кайра Керим өзү үйгө чалып жумушка чакырды. Барбай эле койсомбу дедим. Азыраак таарынып калган элем. Ойлонуп отуруп, кой, барайын, Филармония эмне Керимдики беле деп кайра жумушка чыктым. Өзү үйгө чалып чакырганына ыраазы болуп калдым.

Сизди ак жерден кызматтан алып жаткан жетекчиңиздин адамдык сапатына кандай баа бердиңиз эле?
Эми ал кишини күнөөлөй деле албайм. Ал дагы жогор жактагылардын буйругун аткарды да. Биздин көп жетекчилер креслосун, папкасын жоготуп алуудан коркот эмеспи. Ал дагы коркту көрүнөт. Кыргыздардын кемчилиги ушунда болуп жатпайбы. Жетекчилердин коркоктугунан улам, кыргыздын мыкты улан-кыздары ак жерден кызматынан кол жууп, кызматсыз жүрбөйбү. Бул биздин кендирди кескен оорубуз болду го.

«Досту башыңа кыйынчылык түшкөндө билесиң» — дейт эмеспи. Кызматтан кетип жаткан учурда сиздин таламыңызды талашкан кесиптештериңиз болду беле?
Аябай туура суроо бердиң. Чындыгында кээ бир адамдар өз кызыкчылыгына, адамдын кызматтык абалына карап мамиле жасайт экен. Бул нерсени жумушу жок калганда билдим. Айрым кесиптештерим ачык эле табалап, учурашсамбы же жокпу деп калды. Мен андай адамдарга таң калбайм. Аларга теңелип, өз деңгээлимди түшүрбөйм. Андай адамдарга макул деп гана коюу зарыл. Ошондо гана андай майда-барат, жан дүйнөсү тар адамдарды жеңе аласың.
Филармониянын кызматкерлеринин арасында интрига күчтүү дешет…
Интрига деген балекет биздин бардык тармакты чырмап алды го. Жакшы нерселер менен алектенбей, пайдасыз, терс нерселер менен алпурушкан адамдардын саны күн санап өсүүдө. Биздин чөйрөдө интрига күч экендиги чын окшойт. Себеби филармониянын дубалдары да күүлдөп үн турат. Бирөө жөнүндө бир сөз айтсаң, азыр эле дубалдар айтып барат деп тамашалап коебуз. Ушундан улам интрига чыгармачыл чөйрөнү курчап эле эмес, тушап алганбы дейм да. Ушул жаман адаттан кутула албаганыбыздан улам, мыкты таланттар өз учурунда бааланбай жатса керек да. Чындыгында чыгармачылык менен эмес, ушак менен жашап калган адамдар жок эмес. Чыгармачыл чөйрөдө жүргөн көп жылда интрига менен алектенген көп адамдарды кезиктирдик. Интриганттар кимдер болушат. Алар — жан дүйнөсү тар, өз күчүнө ишенбеген адамдар. Мындай адамдардан кутулуунун бир гана жолу бар. Алардан кол үзүп, баарлашпай койгон эле оң.

Айтыштар борбор калаада гана болуп, төкмөлүк өнөр айыл жергесине жетпей жатат. Жер-жерлерге чыгып, эл кыдыралы деген пландарыңыздар барбы?
Айыл жерине жетпей жатышынын алгачкы себеби каражат маселесине келип такалат. Мамлекет тарабынан көңүл бурулбаса, каражат бөлүнбөсө, алган айлыгыбыз күнүмдүк керектелүүчү муктаждыктардан ашпаса, кайсы каражатыбыз менен жер кыдырып концерт беребиз. Буга мамлекет көңүл бөлүп, улуттук өнөрдүн өркүндөөсүнө салым кошушу зарыл. Мына, казак президенти Н. Назарбаев төкмөлүк өнөргө кандай карайт. Көрсө, ал киши өзү улуттук баалуулуктарды түшүнөт турбайбы. Акындарына берген материалдык жардамын айтпай эле коеюн, «Мен элдин турмушун төкмө акындардан угам. Анткени алар элдин адамдары»- деп айтканы бар. Мына ушунун өзү эле эмне деген көңүл бөлүү. А биздикилер тескерисинче акындарды шылдыңдап, акындар айта беришет да деп коюшат.

Турмуштун муктаждыгынан улам, жеңишке жетүү үчүн байге сайган адамдарды мактап ырдаган учуруңуз болду беле?
Жок, бирөөгө кошомат кылгандан, бирөөнүн алдында бүжүрөгөндөн, байкуш болгондон кудай сактасын.

Баш байгелерди акындар кезеги менен сүйлөшүп алышат экен деген сөздөр эл арасында көп айтылууда…
Ооба, эл арасында ушундай сөздөр айтылып калат экен. Сынакта мыктынын мыктысы гана жеңишке ээ болот. Байгени кезек менен алгыдай, ал эмне устукан беле?

Сиздер сахнада дайыма атаандаштык менен жүрөт эмессиздерби. Жеңилүү ызасын тарттыңыз беле?
Албетте, адамды дайыма эле ийгилик коштобойт. Кээде жеңилесиң, бирде жеңесиң. Мындай учурлар болгон. Пенде болгондон кийин ызалануу сөзсүз болот.

Маектешкен Жаркынай Кадыркулова, “Форум” («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий