«Манас» эпосунун кыргыз коомундагы орду жана анын оозеки аткарылышы»

Ниенке ван дер Хейде, социалдык антропология илиминин доктору, Нидерланды өлкөсүнүн окумуштуусу, манастаануучу.

«Манас» эпосунун кыргыз коомундагы орду жана анын оозеки аткарылышы» аттуу бул китеп менин 5 жыл бою Кыргызстанда жүргүзгөн илимий изилдөөлөрүмдүн жыйынтыгы — китеп түрүндө жарык көргөн доктордук диссертациям. 1996-жылдан 2001-жылга чейин мен Кыргызстандын түндүк-түштүгүндө, батыш-чыгышында болуп, төмөңкү эки маселени, эки объектини — «Манас» эпосу, манасчылар жана алардын азыркы кыргыз коомундагы ордун иликтедим. Албетте, бул эки маселе тең бири-бири менен тыгыз туташ. Экөөнү бөлүп кароо да туура эмес. Мына ошондуктан, Кыргызстандын кайсы жерине барбайын экөөнү тең кароого аракет кылып жаттым. «Манас» эпосу боюнча, В.Радловдун (1837-1918) жазып калтырган жана Сагым¬бай Орозбаков (1867-1930) менен Саякбай Каралаевдин (1894-1971) варианттарына кайрылып жатам. Ал эми манасчылар боюнча ошол кезде көзү тирүү аксакал-манасчылар Кааба Атабеков (1924-2008) менен Шаабай Азизов (1927-2004) жана жаш манасчы Талантаалы Бакчиевдин (1971) өнөрканаларына кайрылууга туура келди.

Ал эми изилдөөм жөнүндө окурмандарды кабардар кылуу максатында айрым бир орчундуу маселелерине токтолуп кетүүнү туура көрүп турам.

Индустриализациянын жана урбанизациянын өнүгүшүнөн улам, салттуу маданият басаңдайт деген ой, кийинки жылдары өтө кеңири тарап келет. Дүйнөлүк системага кируу жана дүйнөлүк иш чараларга катышуу максатында, адам өзүнүн ата-бабасы түзгөн коомдук көз караштан, түзүлүштөн алыстап, ага болгон тартылуу сезими сакталмак тургай басаңдап барат. Ал эле эмес, айрымдар үчүн этникалык идентификация (өзүн кайсы бир улутка, коомго таандык экендигин билгизүү) жокко чыга баштады. Ошентип, массалык же глобалдуу маданияттын өкүм сүрүшүнө жол ачылат. Эртеңкини коё туруп, азыркы эле жаштардын мисалына кайрылып көрөлүчү: уккандары да, көргөндөрү да арзан эстрадалык музыка, телерадионун бир беткей шоу берүүлөрү, компьютердик азгырма оюндар. Мына ушундай шартта «Манас» эпосу сыяктуу оозеки чыгарманын жана башка байыркы салттуу маданий элементтердин жок болуп кетишине түрткү болот. Бирок этникалык идентификациянын жанданып, күчөшү да толук мумкун. Мисал иретинде, экс-Югославия, экс-СССР элдеринин эгемендүүлүк үчүн болгон күрөшүн айтып кеткендигибиз аша-чапкандык болбос. Ошентип, этникалык идентификация басаңдамак түгүл, кайра күч алып, өлкөнүн саясий турмушунда да белгилүү бир кызмат аткарышы мүмкүн.

Ф.Барздын (Этникалык топтор жана алардын чек аралары. — Амстердам университети. 1969.) жана Э.Кохендин (Коомдун символикалык конструкциясы. Лондон — Нью-Йорк. 1995.) айтуусу боюнча мындай процесс бардык чектөөнүн жоюлушунан кийин келип чыгат жана керектүү учурларда аны кайра калыбына келтирүүгө болот. Ал эми ар кандай чектөөлөрдүн жоюлушу менен кечээ жакында жок болуп кетүү коркунучунда турган салттуу маданий, руханий элементтеринин бири болуп калган фольклор кайрадан өмүр сүрө баштайт. Учурунда андай элементтер элдин күнүмдүк, кадыресе турмушунда жашап келген болсо, эми алар улуттук символдун, идеологиянын статусуна жете турган болот. Ошентип фольклор жаңы багыт алып, жоголбойт. Ооба, комузчунун ордуна азыркы элдин Мадоннанын ыры же Моцарттын музыкалык чыгармалары, ошондой эле манасчынын ордуна телеканалдарга кезекке туруп, жан тындырбаган кино сериалдар болушу мүмкүн, бирок ал комузчу менен манасчынын жашоосу бутту дегенди тушундурбейт. Тескерисинче, Кыргызстандын мындан аркы өмүр сүрүшүндө ал эл асылдарынын кызматы өтө зор деп түшүнгөнүбүз оң.

Ал эми айрым бир учурларда «акыркы манасчы» деген кеңири жайылган түшүнүктүн жаралышы, социалдык процессти туура эмес кабылдап, дүйнөлүк маданиятка өтүү учурундагы жергиликтүү салттуу маданияттын жок болуп кетишине алып келет деген ойго негизделиши мүмкүн.

Кыргыздардын эпостору өзгөчө көп экендиги белгилүү. Алардын эң көлөмдүүсү — «Манас» эпосу. СССР маалында, «Манас» эпосунун, аны айткан манасчылардын көргөн кордугy, аларга коюлган ар кандай жалган жалаалардын күнү эми өттү, кетти. Керектүү учурда колдонуп, кереги жокто каралап, басып келген саясаттын мындай позициясы белгилүү эмеспи. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон тартып, «Манас» эпосу улуттук символдун деңгээлине жетип отурат. Бул саясат дагы канча убакытка чейин созулаары белгисиз. Себеби, тарых кайталана берет эмеспи? Бирок азыр кудайга шүгүр, эпостун кеңири жайылып, пропагандаланып жатышын көрүп турабыз. Аны эс тутумуна сактап, оозеки жайылтып айтып келе жаткан манасчылардын бар болгондугу эбегейсиз чоң бакыт. Манасчы тарабынан эл алдына чыгып «Манас» эпосунун ар бир аткарылышы, байкалбаганы менен эл үчүн руханий кубат бере турган касиетке ээ кубулуш. Орус элинин «Илья Муромец», татар элинин «Эдигей», фин элинин «Калевала» жана башка дүйнө элдеринин элдик эпосторунун оозеки айтылбай, жандуу өмүр сүрбөй калышына канча болду? А түгүл, кыргыз элинин «Манастан» башка эпосторунун жаңы варианттарынын жаралбай, оозеки айтылбай, китептерде, аудио тасмаларда гана жашап калышына канча болду? Бул жагынан алганда, манасчылары суюлбай айтылып келе жаткан «Манастын» бактысы зор.

Менин жеке оюм боюнча «Манастын» дагы да болсо жаңы варианттарынын жаралып, оозеки түрдө айтылып келе жатышынын себеби, диний мааниде уюп жатат. Дин деп жатып, биз байыртадан бери келе жаткан исламга чейинки кыргыздардын дини жөнүндө айтып жатабыз. Буга карата бир нече мисал келтире кетсек: Манас жана анын арбагы, эл ичинде сакралдуу жогорку күч, кыргыз элинин колдоочусу катары эсептелинет. Манасчынын келип чыгышы, арбактар менен байланыштуу… Манастын ыйык касиетинин бар экендиги мен үчүн айкын (Батыш элинин өкүлү болсом да). Муну мен өзүмдүн керт башыман да кечирдим. Кыргызстанда манасчылар аз эмес (салыштырмалуу), бирок алардын ичинен айрымдары гана нукура — жаратман манасчы. Эл ичинде жашап келе жаткан ишеним боюнча, нукура манасчы арбактар тарабынан гана тандалып алынат. Мына ушундай манасчылардын катарында улуу муундан Кааба Атабеков менен Шаабай Азизов жана жаш муундан Талантаалы Бакчиев турат. Изилдөө учурунда аты аталган манасчылардын үйлөрүндө узак мезгил бою бирге жашап, конуп-түнөп жүрүп, алардын «Манас» айтуудагы ар кандай психикалык абалдарына күбө болдум. Манасчылык өнөрдү алып жүүрүү оңой иш эмес экендигин ага чыккынчылык кылуу туура эмес экендигине ошондо ынандым.

«Манас Эл» сайтынан алынды

Соц тармактар:

Добавить комментарий