Мээрим КАРЫПБЕКОВА, ырчы, дастанчы: «Фольклорсуз жашай албайм»

— Азыр көбүнчө ырчы болууну самагандар шоу бизнеске ыктап, эстраданы тандап атышпайбы. Фольклорго басым жасап, дастандарды ырдап калышыңыздын себеби эмне?
— Себеби, мен бала кезден эле фольклорго кадам шилтеп, он эки жашымдан дастан айтып калдым. Эстрада жаатында замандын талабына жараша фольклор аралаштырып биз деле ырдап жүрөбүз. Бирок, канга сиңип калган нерсени тышташ кыйын экен. Мектепте жүргөндө жеңилирек элдик ырларды эле ырдап, дастан айтып жүргөн болсом. Улуттук консерваторияга тапшыргандан баштап салттык музыкага, ырларга көбүрөк көңүл буруп, кыйынырак, эл унутта калтырып бараткан ырларды алып чыгып, жаңыртып ырдай баштадым. Кыргыздын эски нукура ырларын ар бирин иштеп чыгуунун аркасында көптөгөн эмгектер талап кылынат. Салттык, нукура кыргыз ырларын аткарып жүргөн адам жакшы түшүнөт болушу керек. Мындай ырларды аткаруу жан дүйнөгө ырахат тартуулайт. Дегинкиси, фольклорсуз жашоомду элестете албайм.

— Барпы Алыкулов атындагы сыйлыктын жеңүүчүсү экениңизди билем. Дегеле өнөрдүн аркасынан эмнеге жетиштиңиз?
— Өнөрдүн аркасынан көп нерсеге жетиштим. Мен айталбайм «тимеле укмуш, өнөрдүн туу чокусуна жеттим» деп. Андай болуу көптөгөн эмгекти талап кылат. 2010-жылы Барпы Алыкуловдун 125 жылдыгына карата өткөн сынакта баш байгени жеңип алгам. Былтыр А. Огомбаевдин, М.Куреңкеевдин юбилейлерине карата сынак өттү. А. Огомбаев кыргыз элине чебер комузчу жана мыкты ырлардын автору катары таанылгандыктан, бул сынакта ыр аткаруу чеберчилиги менен катар эле комузчулук өнөр да каралган. Жыйынтыгында, конкурсанттардын ичинен Гранпри комузчуларга, биринчи орун ырчылык өнөр боюнча мага берилди. Мындай ийгиликтер билинбегени менен чыгармачылыкка көп эле стимул жаратат экен. Андан башка да чет өлкөгө чыгып, кыргыздын маданиятын көргөзүп, талантыбызды тартуулап жүрөбүз. Түркменияда өткөн салттык музыка боюнча фестивалга, Түркиядагы Анкара, Стамбул шаарларына барып келдик. Алматага ар кандай конкурс, концерттерге каттап турам.

— Чет мамлекетте биздин комузга, улуттук формабызга көп кызыгышат деп айтышат. Сизге да чет мамлекеттен кызматташуу сунушу түштү беле?
— Ооба, биздин улуттук кийимибиз, комузубуз чет элдиктерге кызыгууну жаратат. Ошондой эле улуттук дастандарбызга, эпосторубузга чоң маани беришет. Сиз айткандай мага Түркмениядан кызматташуу сунушу түшкөн. Көп элдерде дастанчылык өнөр жок. Алардын ичинде түркмөндөрдүн «Көрүк уулу» деген чоң дастаны бар. Түркменияда калып түркмөн дастанчылары менен иштешпейсиңби? деген сунушка үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу макул болгон жокмун. Анткени, ал жакка жалгыз барып иштешим керек экен, үй-бүлөмдү таштап кеталбадым. Ошону менен катар эле Кытайдагы Кызыл Суу кыргыз автономиялуу областынан жергиликтүү элге салттык музыка боюнча сабак өтүү сунушуна да тилекке каршы макул болалган жокмун.

— Чыгармачылыгыңызда жасаган кадамдарыңызды жолдошуңуз түшүнүү менен кабыл алабы?
— Өзүм Чүйдүн кызымын, турмушка Көлгө чыккам. Кудайга шүгүр, мен да бир жигиттин жары, бир уул, бир кыздын энесимин. Чыгармачылык менен катар башка айымдардай эле бир үйдүн аздыр-көптүр түйшүгүн көтөрүп келатам.

Жолдошум «эки баланын деле энеси болдуң, Кудай берген талантты кор кылбай ырдай бер» деп уруксат берген. Учурда абдан колдоп, демөөрчү болуп турат. Экрандан мени көрүп калса сүйүнүп, чыгармачылыгыма күйүп-бышып, жанүрөп калды.

Устатыңыз катары кимди эсептейсиз? Алардан кандай жакшы сапаттарды алалдыңыз?
— Мен бала кезден таалим -тарбияны көп мугалимден алдым. Гастролдоп жүргөндө Болуш Маадазимов, Асек Жумабаев, Эстебес Турсуналиев өңдүү залкарлар менен көп жүрүп, алардын айткан насааттарын, ырдагандарын угуп тарбияландым. Кумирим А.Жумабаевдин талантын абдан баалайм. Ал кишинин артисттик жагы, сахнадан өзүн алып жүрүшү мен үчүн фундамент болду. Роза Аманова эжекебиз ошол кезде элге абдан таанымал дастанчы болуп калган кези. Чыгармачылык дүйнөнүн эшигин ачып, ар кандай сынактарда талантымды сынап, такшалтып жүрүп, «Жаш таланттар» конкурсуна да катышып калдым. Ошол конкурстардын биринде калыстар тобунда отурган Роза эже дастан айтканымды жактырып , «менин шакиртим бол» деп сунуштаган. Ошол кезден бери арадан он беш жыл өткөнүнө карабай Роза эже менен устат-шакирт катары иштешип келатам. Бул эжеден чыгармачылыктан тышкары да аялзатка тиешелүү көп жакшы нерселерди алалдым.

Нурайым РЫСМАМБЕТОВА, “Лозунг” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 19.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий