Кытайлык боордоштор боор толгошот

Бир жердешимдин өрөөндүү өлкөдө он күндөй жүрүп, көргөн-билгендерин айтып отурса өзүм да ошол өрөөндө жүргөндөй болдум. Адам адам болуп жаралгандан бул дүйнө толуп-ташып, бөксөрүп тургандай… Материк деген ушундай кубулуштуу. Ызгаары-ысыгы бирде батышка, бирде чыгышка ооп турат.

Өрөөндүн калкы өнөрпоз, илимдүү-билимдүү экени жашоо тиричилигинен эле көрүнөт.

* * *
Алтымышынчы жылдары Байдылда Сарногоев – акын агабыздын «Ал айтты, мен жаздым» деген Кытайга үркүндө барып калып кеткен эжесинин айткандарын баян эткен тарыхый поэмасы «Ала Тоо» адабий журналына чыкканда окугам.

Бул очеркти жазууда Кытай-дын Бээжин шаарында өткөн стоматолог врачтарынын эл аралык илимий технологиялык көргөзмө­сүнө барып келген Ноокат райондук стоматологиялык бейтапкананын башкы дарыгери Акмат Бобуловдун көргөн билгендери, ал жактан алган үлгү сабактары менин колума калем кармоого себепкер болду.

Атам айтаар эле: «Булуттар суу ичишип чыгышат» – деп. Ооба, мен бүгүн булуттар суу ичип келе жаткан өлкөдөмүн.

Көгүлтүр асманыбыз бир, түктүү жерибиз киндиктеш. Күн чыгыш калкына күнгө жакын жерди энчилеген Аллага абдан ыраазы болушат экен алар. Айланайын Кудурет, ушунчалык кооздукту, жөнөкөй айтканда «Бейишти» биз – тирүүлөр үчүн жаратып койгонбу дейм ыраазылана. Бирок, иштөө жагынан кытайлыктарга жетпейбиз да  деп ойлоно калам…

Кашкардан Үрүмчүгө жол тартканда Адыл, анын аялы Минавар тилмечтик вазийпасын аткарып жүрүштү. Адыл кыргыз, кытай, англис тилдеринде бирдей сүйлөгөн уйгур жигит экен. Мен Адыл менен бир туугандай мамиледе болдум. Анткени, мурдагы жылы бул жигитти жолдоштору менен Оштон тосуп бир дасторкондон даам сызганбыз. Сулайман тоосуна, Ош шаарына саякат жасоо максаттарына жеткен соң жакынкы күндөрү Кытай жергесинде учурашууну билдирген болчумун. Ташболот деген кыргыз жигити менин бул жашыл өлкөгө келишимди зор тилек кылган эле.

Кудайдын буйругу, учактан түшкөндө көкүрөгүнө «Ташболот» деген жазууну илип турган өң тааныш жигит менен бет келип, кучак жайып учураштык.

Сөзгө бек, убадага так адамдар жашай тургандыгы Ташболоттун бизге жасаган мамилесинен көрүнүп турду. Мейманканага жайгашуудан соң улуттук ашкананын босогосун аттадык. Мен өз элим, жерим жөнүндө, ал Кытайдагы кыргыз боордоштор жөнүндө  кең-кесири баарлашып, көөдөн толтурдук.

Онунчу июнда барган алты киши атактуу фирмалардын мед.сервистери менен таанышып жүрдүк. Сөз арасында Ташболотко Үрүмчүдө атактуу манасчы Жусуп Мамай жашайт, а киши менен жүз көрүшүүгө болоор бекен дегендей суроо салсам: «А-а, жолуңуз болду, эки күн болду, Бээжинден  учуп келип, азыр менин үйүмдө», – десе болобу. Сүйүнгө­нүмдү айтпа, толкунданып алдым. “Бүгүн негизги жумуштарды бү­түрүңүз. Мен ал кишиге телефон чалайын, убактысы кандай, билип туруп анан…”.

Кудай жалгап манасчы мени кабыл алууга макул экендигин билдирди. Көрсө, Ташболот манасчынын небере күйөө баласы экен. Карыялар жаштарга «Жорткондо жолуң болсун» деп бата айткандай жолум болду окшойт, ак дасторкон үстүндө Жусуп Мамай менен бетме-бет отурдук.

Манасчы аксакал алты жашында «Манас» айта баштаптыр. Азыр 94-кыштын карын көрүп отурган чагы экен.

Менин берген суроолорума чогултуп туруп «Кыргыздар ыкшоолук кылып койдуңар» деп гана койду.

Чоң альбом китепти сундум, кол тамга түшүрүп берүүсүн өтүнүп.

– Эмне деп жазам? – дейт аксакал.

– Бобулов Акматка деп жазыңыз, – дедим.

–  А-а, Камбараалынын кимиси болосуз?

– Аталаш иниси болом.

– Атаң гөрү-ү! Кыргыз, кыргыз тили! – деп чыркырап жүрүп кетпедиби!

Үрүмчүдөн чыгып жаткан кыргыз адабий журналынын башкы редактору Жаанбай колумдан кыса: «Ай, сиз Камбараалынын чын эле тууганысызбы?»- деп демиге суроо салды.

– Фамилиям деле айтып турбайбы.

Манасты Манастай даражада туу туталбай келе жаткан кыргызстандыктарга ичи чыкпай отурганын оңой эле баамдап койдум.

* * *
Делегациялык топ эки күндөн кийин Кытайдын улуу дубалына бардык. Көк-жашыл, бак-шактуу тоолорду, жылаңач аскаларды артылып, дарыяларга, көлмөлөргө таш кирпичтер менен кынап тургузган сепилдин жолу уланып отургандай.

Сепилдин үстү  менен  баратып, ай­ланасындагы бак-дарактардын  куурап же сынып жатканын көрө албадык. Ал гана эмес сорт-сорту менен гүл­дөрдүн отургузулганына таң каласың.

Сепилдин узундугу 5660 км. 500-жылдары курулушу башталган дейт тарых булактары. Орто эсепте жыйырмадай император өтсө, биринен кийин экинчиси улап отуруп, Кытайдын Улуу дубалы дегенге жеткиришкен. Кызык жери дарыяларга туш келген жеринде таштан кесип, кирпичтей кынап урабастай, көчпөстөй кылып дубалды улап өтүшкөн.

– Баса Кытай калкынын ырым-жырымы, каада-салты жөнүндө сурамжылагандай болдуңуз эле. Өзүңүздөр көрүп келе жатасыздар, – деп сөздүн нугун башкага бурду тилмеч жигит. Мейманканасы,  жүрүш-туруш, мейман күтүү-узатуу, тамактануу жактары чаңкоомду кандыргандай болду. Аларда адептүүлүк, тартип эбак эле мыйзамдаштырылгандай сезилди. Эбаккы уктап калган арам сезимимди «дүрт» эттирип ойготкондой болду. Тарых «деңизинде» сүзө албаган чабал чабак сыяктандым.

* * *
Кубулма аянттары таң калтырат. Кечээ стадиондун же маданий залдын ролун аткарса, бүгүн төрт-беш катар автоунаалар каттаган жолго айланат.

Медицинадагы илимий-техникалык өсүп-өнүгүү процесси  менен таанышуу төрт кабаттуу имаратта өттү. Ал чымчыктын уясындай түркүгү жок дүйнөлүк олимпиада өткөн стадиондун жанында экен.

«Малын миңге жеткенче, жолдошуң миңге жетсин» – деген атамдын айткандары кулагымда азыр да жаңырып турат.

Атамдын бул осуятын толук болбосо да жарым-жартылайын орундаттым окшойт дейм көңүлүмдө. Насип этип, туз буйруп  Кыргызстанга келип Ордолуу Ошумдун чайын ичип, Абшырдын шаркыратмасын көрүп, экинчи Меккеге тең келген Сулайман тоосунун үстүнөн шаарды таңдана карап кетишкен кытайлык кыргыз бир боордошторум Адыл менен Ташболоттун жолугуусу мен күткөн жолдошумдун катарын толуктап турат го! – дейм.

– Өнөрлүү, цивилизациялашкан, илимдүү, билимдүү Кытай калкынан алып келген алдыңкы технологиялык тиш жабдыктарын өндүрүштө пайдалануу башталды, – дейт икаяны айтып берип отурган  Ноокат райондук стамотологиялык бейтапкананын башкы дарыгери Акмат Бобулов.

* * *
Байдылданын «Ал айтты, мен  жаздым» деген поэмасынын төркүнү ушундай. Акмат айтты, мен жаздым.

Бедел МОЛДОБАЕВ, Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү,
Ноокат району, Тескей Кожоке айылы,

“Кыргыз туусу”, 18.01.2011
-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий