БУРУЛЧА – эркиндиктин символу

Эркек башкарып, эркек буйрук кылып келген кыргыздарда аялзаты канчалык мыкты, акылы тунук болбосун, алдыга чыккан эмес. Антсе да тарых барактарында эрдиги менен Жаңыл баатыр, сулуулугу менен Ак Мөөр, акылмандыгы менен Курманжан датка, тайманбастыгы, өнөрпоздугу менен Бурулча чоң из калтырышкан.

Бурулча тууралуу ар кандай эротикалык ырлар да кыргызга кеңири жайылган. Алардын бир варианты менен өткөн сандарда тааныштырганбыз.
Анда сөз Бурулча тууралуу болмокчу.

ЭРКЕК УУЛДАЙ КӨРҮП…
Карт тарыхка үңүлсөк, Бурулча Осмонбек кызы Ысык-Көлдүн Ой-Булак деген жеринде (азыркы Ой-Тал) бугу уруусунун беш ата алдаяр уругунан чыккан кыз болот. Демек, Бурулча бугу уруусунун кызы болгон. Кичинесинен атасы Осмонбек жайчы (жайчы – жылдыздарга карап жыл санак кылып, жылдын оош-кыйышын алдын ала айткан киши) Бурулчаны эркек баладай кийинтип, атына өңөрүп, эрке өстүрөт. Жердин өңүтүн, табияттын сырларын атасы менен жүрүп билсе, ашка-тойго, эл чогулган топко кичинесинен барып жүрүп жез таңдай ырчылар, жомокчу, жамакчы, чоорчу-комузчулар, уста, зергер, уздарды да жакшы билип, өнөргө эрте каныгат.

Акылман энеси кызы 12ге чыкканда кыз кийимин кийинтип, аялдык жатык мүнөзгө, үй-тиричилик жумуштарын жасаганга үйрөтө баштайт. Акылмандыгы, уздугу бул жакта калып, кыз оюндарга катыша баштаган Бурулчанын күү сызылтып ооз комуз какканы, тилинен бал тамызып сөзүн таптап айтканы узун элдин учуна жетет.

Көчмөн калкта сулуу кыз, өнөрлүү адамды бир көрүү үчүн ашуу ашып, суу кечип көрүп кетүү салты бар эмеспи. Бурулчанын даңкы далайга жетип, аны бир көрүүнү дегдегендер көп болот. Анын ырлары, күүлөрү ооздон оозго көчүп, акыры нике кайып Телгара деген эл бийлеген адамга буюрат.

АШЫКТЫК ЖАНА АРМАН
“Менин атым Бурулча, мейли салтың бузулса” деген, эркектерден калышпаган, эр көкүрөк деми бар, табиятынан эркин тарбияланган Бурулча турмушка аргасыздан чыккан. Атасындай болгон Телгарага жаштык көңүлү толбой жүргөн кезде кыз оюндарынын биринде Баатыркан аттуу жигитке көзү түшөт. Көкүрөгү өрттөнгөн келиндин махабатын эч ким токтото албайт.

Баатыркан бир өрөөн эл кадырлаган билерман Ырайымбек аттуу ажынын уулу болгон. Сулуунун ашыктыгына арзууну чоң сыймык деп эсептеген Баатыркан мырза тобокел деп Бурулчаны күйөөсүнөн алып качып чыгат. Бирок сүйүшкөндөрдүн демин анын атасы Ырайымбек басат. “Катын деп ээрчитип келгениң Телгаранын токолу болдубу? Көзүмө көрсөтпө!” дейт. Атасынан мындай катуу каршылыкты күтпөгөн Баатыркан деми катып, баш көтөрбөй туруп берет. Ээрчитип келген үмүтүн актабай, антташкан сөзүнө тура албай майышкан Баатырканды тиктеп, иштин жайын түшүнөт. Ошондо аттын башын бурган Бурулча кашкая карап минтет:

“Баатыркан, мырза экен деп ээрчип келсем, суусар тебетейиңден бөлөк идирегиң жок тура. Кылычың кыкка өтпөгөн кокуй турбайсыңбы! Атаңдын кейпин көрдүм. Айтарым, бул өңдүү «жакшы атанын» эрксиз кулу болгуча, «жаман атанын» эрктүү уулу болгонуң артык… Кош анда, «атанын баласы»!..»

Ошондо Дөнөнбай аттуу сынчы бир эсе Бурулчанын сымбатын көрүп, бир эсе анын айбаты менен кайратына тан берип: «Атаң көрү, бүлө кылчу зайып экен. Көзү тик, сөзү так, дымагы өрдө тура. Көзү тиктин уругу тик, тукуму тирикарак»,- дептир…

Баш аттаган аялдын жазасы илгертеден эле оор болгон эмеспи. Телгара Бурулчаны жылаңачтап тикенге бөлөп, балак уруп, болгон жазанын баарын колдонот. Ашыктык азабына малынган Бурулчанын абалын билген билер…

Кийин көп жылдар өткөн соң Баатырканга бир тойдон жолугуп калып, тартынбай эл көзүнчө басып келип кашкая:

“Оо, армандуу дүйнө! Асылдын баркын асыл билет. Баркына жетпесе, кор кылып асылды неге сүйөт? Жаштыгымдан бир жаңылдым, катуу жаңылдым. Сизге деген жанымды купулга толгон кулга арнасам, төбөсү менен кудук казып да болсо баркыма жетмек. Таш жарып чыккан тоо гүлүн тепселеп койдуңуз. Атанын дөөлөтүнө эсирип, далдаасында жан баккан байкуш эл башкарат имиш, журт башкарат имиш. Мени саткан сиз энеңизди да, элиңизди да сатасыз”,- деп шарт басып кеткен экен.

Сөз кунун билген кыргызда бул сөздөр Баатырканды тирүүлөй муунтуп өлтүргөн менен барабар эле.

ҮРКҮНДӨГҮ ЭРДИГИ
Телгарадан көргөн кордугунан кийин Бурулчанын башын ачып, башка адам алат. Ал каза болуп калгандыктан, кийин Нурдөөлөт аттуу кадыр-барктуу адамга турмушка чыгат. Андан Чолпонбай деген уулдуу жана эки кыздуу болот.

1916-жылы кыргыз эли Кытайга үркөт. Айылын ынтымакка үндөп, көч алдында Бурулча өзү жүрүп, өзү башкарып, элин аман-эсен ашуудан өткөрөт. Апасы сууга чөгүп өлгөн кыз көч алдын тосо чуркап, алып кетүүлөрүн өтүнөт. “Өзүбүз араң баратабыз. Карышкырга бекер жем болгончо, атып салалы” деген адамдарга Бурулча: “Наристеде не жазык? Же мурун, же кийин төрөлбөй, акыр заманга туш келгендиги үчүн күнөөлүүбү?”— деп аркасына көтөрүп ашуудан жөө өткөн экен.

“Даңазалуу Бурулча 70ке чамалап каза болгон” деген болжолдоолор бар.

Эрнис Турсунов, акын, жазуучу:
“БУРУЛЧАНЫН ЫРЛАРЫ КӨП ОПЕРАЛАРДА КОЛДОНУЛГАН”

– Агай, даңазалуу Бурулча тууралуу изилдеген адамсыз. Ал тарыхта эмнеси менен калган?
– Акылынын зиректиги, уздугу жана ыр-күүлөрү менен тарыхта калган. “Бурулчанын ырлары”, “Бурулчанын күйгөнү”, “Бурулчанын селкинчек” деген обондуу ырлары ушул кезге чейин ырдалып келет. Ал гана эмес, “Айчүрөк”, “Алтын кыз”, “Олжобай менен Кишимжан” операларында да Бурулчанын обону колдонулган. Нукура кыргыз обон ушул болгондуктан, либреттисттер сөзүн башкача кылып, обонун алышкан. Ырларынын сөздөрүн уксаң, музыкага суусап турат. Азыркы ырчылар ушул ырга, обонго кайрылып ырдап чыкса мыкты болмок.

– Бурулча тууралуу бир топ варианттар айтылып жүрөт. Ошонун кайсынысы чындыкка туура келет?
– Кыргыз кыйын чыкмасын баса калып жаманатты кыла берет эмеспи. Кийин Бурулчага жетпей калгандар, ага тең боло албай ич күйдүлүк кылгандар ал тууралуу шайкелең ырларды чыгарышкан. Атактуу илимпоз Тазабек Саманчин бул жорукка капа болуп, аны изилдеген. Ал ушундай тарыхый инсандарды изилдеп даңазалаганы үчүн репрессияга кабылып калбадыбы… Кийин мен изилдеп жүрдүм.

– Бурулчанын сулуулугу тууралуу да аңыз кептер айтылып келет. Мунун канчалык чындыгы бар?
– Сулуулугу болбосо, талашка түшөт беле? Санжырачылардын айтымында, көз жоосун кандырган, көңүл отун жандырган, бой мүчөсү келишкен, олоң чачы жер чийген, көздөрү ботонукундай жайнап, кареги жанып турган көркөм жан болгон дешет.
– Маегиңизге рахмат.

Нуржамал Жийдебаева, «Супер-инфо», №429 21-27-январь, 2011-жыл.

Соц тармактар:

Добавить комментарий