Шабданбай акенин көркөм ааламы

Элүүнчү жылдары Шабданбай Абдырамановдун «Каркыра» (1955), «Май түнүндө» (1957) поэма, ырлар жыйнагы жарык көргөн. Адабиятка ынтызар, а кездеги айылдык мектеп директору ошол эки поэтикалык жыйнагынын аркасы менен жазуучулардын катарына кошулуп, Москвадан адабият окуусун улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Аты чыга баштаган жаш акындын айылдаштарынын көңүлүн кушубак кылган иш өздөрү күндө көрүп, жанынан өтүп жүргөн Кызкөл тууралуу поэманын жарыяланышы болду окшойт. Айыл четиндеги төөнүн көзүндөй көл жөнүндөгү эл арасындагы аңыз кепти көркөм чыгармага айланткан сүрөткерликке а кезде көпчүлүктүн мамилеси азыркыдан башкача болчу. Жазуучуга, дегеле басма сөзгө жа­рыяланган маалыматка элдин ишеничи чоң эле. Коомдук кадыр-баркы бар үчүн жазуучулукка умтулуп, кагаз менен каламга таянып оокат кылгысы келгендердин катары калыңдап көп болчу. Иши кылып, коммунисттик бийлик туу туткан идеянын көркөм жарчысы болгусу келгендердин кыйласына мамлекеттик сыйургал ыроолонуп, бекем эреже-жободон чыгып кеткендерине бийликтин катуу камчысы чабылып турчу.

Алгачкы эки ыр жыйнагын чыгаргандан кийин Шабданбай Абдыраманов биротоло кара сөзгө өтүп, бир топ аңгеме, повесть, романдарды жазды.

Шабданбай акенин балалыгы Улуу Ата мекендик уруш кезине туш келген. Каргадай кезинде көргөн-билгендерин кийин ал өз чыгармаларында, 60-жылдары кыйла мактоого арзыган керемет аңгемелеринде келиштире сүрөттөп берди. Карапайым айылдыктардын турмушу, алардын өз ара мамиле-катнаштарын автор өз аңгемелеринде көркөм психологиялык планда чагылдырган. Ошол аңгемелердин бир тобу башка тилдерге которулуп, чакан жанрдын сапаттык деңгээлин аныктаган үлгүлөрү катары бир катар чет тилдерде жарык көрдү.

Ш.Абдыраманов кыргыз айыл турмушунун акыны болчу. Анын кара сөз чыгармаларынан деле назик лирикалык илеп, бейгам айыл турмушунун маанайы сезилип турчу. Анан да Шабданбай акенин каармандары өзү төрөлүп өскөн айылына бир барып келбесе жарпы жазылбачудай, дүгдүйгөн адыр-жондорду улай салынган үйлөрдү, жайылган мал, тоодон түшүп келатып ийрилген сай, эшик алдында тиричилиги менен алек элеттиктерди эскерип өтпөгөн чыгармасы деле жоктой сезилет. Жазуучу төрөлүп өскөн айылды азыноолок билгенимденби, айтор, анын кайсы гана чыгармасын албайлы Алкөйнөк, Кызкөл, Актоок, Карамарт, Жошо, Каракыр, Жазкечүү, тоону бучкактап кеткен жаңгак токой– баарысы тизилип келе берет. Шабданбай аке айылда кыйла жылдар жашап калганданбы, ал жердеги турмушту жакшы билчү. Айылдаштарынын кимиси эмне иш кылганынан кабардар болчу.

Адабият жагына келсек, Шабданбай акенин андагы жолун сыдыргыга салгандай тегиз, чыгармадан-чыгармага жалаң ийгилик коштоп, айрым бир сүрөткерлердин бешенесине туш келген коомдук сыйургал үстүндө гана келди деп айтыш кыйын. Шүгүрчүлүк, анын чыгармачылыгы сталиндик жаагы катуу бийликтин кылдан кыйкым издеген «жеке адамга сыйынуусуна» туш келген жок. Кантсе да Шабданбай акенин чыгармачылыгы башталган жылдар «хрущевдук алабаардын желаргысы» кең өлкөнүн аяк башына азыноо­лок жетип калган чак болчу. Ошондон саясий бийликтин камчысын чапкандарга жакпай калган чыгармаларды жараткандар «эл душмандарына» айланбай, анткен менен идеологиялык кысымдын чынжырына кабылып, жазгандары жарык көрбөй, ачык-тымызын тыюу салууга туш келишкени деле чындык. Ошондой ичимтап мамилеге Шабданбай Абдырамановдун «Дыйкандар» романы туш келди. Талаштуу романдын айынан автору кыйла жылдар көрүнөө-көмүскө кысымда жүрдү.

Көбүнесе поэзия жанрына кайрылган сынчы К.Укаев «Атына жооп бере албаган роман» деп атаган чыгарма 1968-жылы «Ала-Тоо» журналынын 6-7-санында жарыяланган. Айтылуу сынчынын «курч романга», «кыйын-татаал китепке», «батылдык» менен жазылган чыгармага кызыгып кеткен авторго койгон кинеси мындай: «»Дыйкандар» романында калдык калдыктай сүрөттөлбөстөн, республикабыздын дээрлик жармысын – Ош облусун көз ачырбай чылк каптап алган жөө тумандай сыяктандырылып, «документалдуулук» менен сүрөттөлгөн. Тескери көрүнүш­төр­дүн жөө туманын өз убагында таратып, көздөн далдаа кылуучу күчтөр ич арадан табылбайт. Романдын башынан аягына чейин «колхоздук демократия тепсендиде калган», «бийлик кимдин колунда болсо, демократия ошонун колунда» деген биздин жаркын турмушубузга көзкөрүнөө ушак айтылган сөздөр үстөмдүк кылат». (Китепте К.Укаев. Ыр нөшөрү. Адабий сын макалалар. – Фрунзе: Кыргызстан, 1982, 176-6.).

Макаланын соңунда сынчы «Дыйкандар» романынан бүгүнкү дыйкандардын турмушун, облигин элестетүү кыйын. Алардын түзүүчү эмгегин сүрөттөгөн колго урунарлык эпизоддор жокко эсе. Ошентип, «роман атына жооп бербейт» деген бүтүмүн чыгарып, автор «турмушту бир беткей сүрөттөөдөн» кутулушу керектиин эскерткен.

К.Укаевдин партиялык гезиттеги алдагыдай ур-токмок сыны чыккандан кийин романды адабий журналга чыгаргандар, чыгарманын автору кызматтарынан четтетилип, жазуучунун кийинки жазгандарынын жарыкка чыгышы арасат, өзү идеялык айыпка жыгылган сүрөткер болуп, куугунтук, кысым күчөгөн. Романды аёосуз сынга алгандардын текши баары чыгармада советтик турмуш чындыгы бурмаланганын белгилешкен. Анткен менен, айыл чарбасы эле эмес, коом турмушундагы толгон-токой былык-чылыктар күчөп баратканы а кездеги айрым чыгармаларда айкүрүнөн коюлуп, макталган система ичтен ирий баштаганы айгинелене баштаган. «Дыйкандарда» козголгон проблемалар көп жагынан Чыңгыз Айтматовдун «Гүлсарат» повестинде чагылдырылган турмуш көрүнүштөрү менен үндөшүп кетет.

Чынында эле жаамы совет адабиятында сапаттык жаңылануу байкалып турган чакта жарыяланган романдан кынтык издеп, ага идеялык айып тагыштын артында кандай максат-мүдөөлөр жаткан? Чуулгандуу «конфликтсиз теория» өкүм сүрүп турган чактагы кайсы бир жакшы адамдын жаңылыш жолго басып алган экинчи бир жакшы адамды оң жолго салып коюуну «Дыйкандар» романынан талап кылуу адилетсиздик болор эле. Бирок да романдын каршылаштары андан турмуш чындыгын бир жактуу көрсөтүүнү, коммунисттик партиянын айыл чарба саясатына кайчы келчү идеяны таап, авторуна олчойгон айыптарды койгон.

Шабданбай Абдырамановдун романындагы жаңылыкты, чарба жүргүзүүнүн заманбап усулун алып жүрчү оң каарман менен кандай да болсо бийлигин сактап калуу далбасасын жасаган өзүмчүл башкарманын ортосундагы каршылашуу адеп-ыймандык негизге таянат. Колхоздо иштегенине үч жыл толо элек экономист Садык Балбаков менен «раис» Байдылда Балтабаевдин күрөшү ириде ички келишпөөчүлүктөн, экөөнүн турмушка карата көз караш, позицияларынын эки ачакейлигинен, анан да экөөнүн ар башка муун өкүлдөрү экенинен улам күчөп, каршылык кульминациялык чегине жетет. Жергиликтүү бийликтен колдоо таба албаган жаш адис акыйкаттык издеп борборго келип, ал жерден да көздөгөн максат-мүдөөсүнө жете албайт. Ал арада каршылаштары жалган жалаа уюштуруп Садыкты абакка жаткырууга жетишет. Айрым колхоз активдеринин Байдылда Балтабаевдин жасаган иштерин көр­мөксөнгө салып, «билбеймин дедиң кутулдуң, билемин дедиң тутулдуң» принцибине жамынып алышынан С.Балбаков ойлогон ой мүдөөсүнө жете албай, ара жолдон жантаслим болот. Ошентип коррупциялык схемага бекем чырмалышкан система алдында жеке адамдын алсыздыгы билинип, аны өзгөртүү оңой-олтоң эмес экени ачыкка чыгат.

Романда сүрөттөлгөн карама-каршылыктын адеп-ыймандык негизи антип чоң каршылыкка учурап, чындыкка жетүүнүн кыйындыгы тигинтип баш каармандын өлүмү аркылуу айкындалып жатышынан каадалуу идеялык ката табуунун салакасы Ш.Абдырамановдун кийинки чыгармачылыгына кадыресе таасирин тийгизди окшойт.

Илешкек партиялык сындын салакасы Шабданбай акени кыйла чүнчүтүп, кызматынан четтетилип, чыгармалары жарыкка чыкпай, бийлик кысымына кабылып, акыры айласы кеткенде ал талашка түшкөн романды оңдоого, өтө курч жерлерин социалисттик реализм эреже-талаптарына ылайыктап жазууга мажбур болду. «Дыйкандардын» оңдолгон варианты 1977-жылы чыкты. Айрым өзгөртүүлөрү менен 1991-жылы да жарык көрдү. Романдын оңдолгон варианты адилеттиктин толук жеңиши, каршылаштарынын кыңыр иштерин бийлик башындагыларга жеткире албай абакта көз жумган Садык Балбаков кийинкисинде тирүү калып, тескерисинче терс каармандардын текши баарын жеңип, алдыңкы чарба жетекчисине көтөрүлүп чыга келет.

Анткен менен талашка түшкөн «Дыйкандар»романы Шабданбай акенин чыгармачылык өмүрүндөгү өзгөчө бир белес, сүрөткер катары анын ички мүмкүнчүлүктөрүн кашкайта ачып берген чыгармасы болчу. Ага чейин ал кыргыз окурмандарына согуш учурундагы ооруктагы оор турмушту, ошондой эле айылдыктардын жашоо-тиричилигин кылдат баяндаган чебер аңгемечи катары катары таанымал болсо «Дыйкандар» анын эпикалык жанрдын да мыкты сүрөткери экенин айгинеледи. Бул жагынан алганда «Дыйкандар» Ш.Абдырамановдун көркөм адабий мурасындагы өзүнчө бир бийиктик, чыгармачылык изденүүсүндөгү өзгөчөлөнгөн этаптык чыгармасы катары бааланууга арзыйт.

«Дыйкандар» романынын айланасындагы узакка созулган талаштын деми суугандан кийин Шабданбай Абдыраманов өз учуру үчүн кыйла эле актуалдуу деп эсептелген өнөр жай темасына кайрылып «Гүлазык» (1976), «Токуучулар» (1985), экологиялык проблеманы козгогон «Жашыл аалам» (1982), тубаса майып жигиттин кыйла эле татаал турмуш жолун баяндаган «Тагдыр» романын жаратты. Социалисттик реализм чыгармачылык усулунун эреже-шарттарына төп келген бул романдарда деле адеп-ыймандык маселелер козголот; чарбалык конфликттин артында катылган адам тагдырлары, элестүү тартылган турмуш сүрөттөрү кездешет; коомдук маанилүү маселелер жайында кеп болот.

Бирок да бул чыгармалар Шабданбай акенин «Дыйкандар» романы сындуу чоң коомдук-адабий жаңырыктар туудура албады, кызуу талаштардын башында турган жок. Тескерисинче кыргыз адабиятынын тематикалык арымы кеңейишинин ыктуу мисалдары катары чоң адабий жыйындардагы узун тизмелерге кошулуп, авторунун атын чыгарууга жарады окшойт. Каармандардын иш-аракеттери, сюжеттик-композициялык шөкөттөлүшү жагынан кынтыксыз дегидей иштелген бул романдарда адам турмушунун ар кыл психологиялык кагылыш-сүрүлүшүнө, күндөлүк пенде жашоо-турмушуна караганда өндүрүштүк маселелер басымдуулук кылат. Антсе да бул романдарда ачык коюлган биртоп проблемалар, мисалы, улуттук жумушчулар катарын арбытуу, табиятка этият мамиле кылуу зарылдыгы, айыл чарбасын кантип алдыга жылдыруу, кадрларга мамиле сындуу көркөм-идеялык маселелердин маани-мазмуну учурунда кыйла кызыгууну жаратканы деле чындык.

Согуш учурундагы оор турмушка туш келген тубаса майып Саяктын кайгылуу тагдыры, талыбаган эмгек, кызылдай мээнеттин аркасы менен анын өз турмушун өзү оңдоп алышы «Тагдыр» романынын сюжеттик негизин түзөт. Айылдагы балалык, кекилик чилге тузак салып, кайгы-күйүт баскан айыл тиричилигин алдыга сүрөшкөн өспүрүм чактын эстен кеткис элестерин Шабданбай Абдыраманов мына ушул «Тагдыр» романында чоң көркөмдүк чеберчиликте тартып берген. Саяктын бир алды кызыктуу, экинчи жагынан оор тагдыры, анын турмуштан өз жолун табышы кандай кыйынчылыктарга туш келип, кандай тоскоолдордон өткөнү психологиялык жагынан ынанымдуу баяндалат.

Шабданбай Абдыраманов өмүрүнүн соң­ку жылдарында кыргыз тарыхынын такталууга муктаж бир топ проблемаларын козгогон публицистикалык макалаларын жазды. Өкүнүчтүүсү, Шабданбай аке мына ушул кыйла жылын Москва, Ташкен, Анжиян, Ош, Наманган, Фергана, Жалал-Абад архивдеринде өткөргөн эмгегинин жарыкка чыкканын көрө албай кетти. Менин билишимде ал 1898-жылкы Анжиян көтөрүлүшү, анын катышуучуларынын тагдыр жолун баяндаган кеңири эпикалык чыгарма жазуунун камында жүргөн. Этектеген оору аны жетимишке чыгарып-чыгарбай жетелеп кетпесе, алдына койгон андай иштердин кыйласынын өтөлүнө чыгышы мүмкүн эле. Антишке Шабданбай акеде жетиштүү көркөм тажрыйба, кагаз менен каламга өч мээнеткечтиги бар болчу. Эми минтип заман-шарт өзгөрүлүп, улуттук көркөм адабият баштагы мамлекеттик камкордугунан ажырап, болгон дүйнө­нүн баары базар-нарк мамилелерине ыктап турган кези.

Шабданбай акенин көзү өткөндөн кийин бир алды кесиптешим, экинчи жагынан биздин Актоок, Карамарттын күйөө баласы белгилүү журналист Ырысбек Өмүрзаковдун аракет-демилгеси менен «Тарыхтагы ак тактары» (2007) китеп болуп чыкты. Шабданбай акенин адабий мурастарынын арасында өзгөчө орду бар айтылуу «Дыйкандар» романынын журналдык вариантын да ошондой китеп кылып чыгарып койсо өз учуру үчүн кыйла эле курч проблеманы көтөргөн чыгарманын көркөмдүк барк-баасын окурмандардын өздөрү баалап алышар эле.

Бекташ ШАМШИЕВ, филология илиминин кандидаты, “Кыргыз туусу”, 25.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий