«Колуңдан түшпөй таңшыган, комузуң турат үн катпай…»

СССРдин Эл артисти, ак таңдай залкар акыныбыз Эстебес Турсуналиевдин көзү тирүү болгондо быйыл 80ге чыкмак. 2005-жылы 10-октябрда 74 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Эстебес агабыз өмүрүнүн акырына чейин төкмө акындык өнөрдү аркалап, улуу муундун узун сабагын улап, аны кийинки муунга калтырып, кыргыз маданиятына ат көтөргүс зор эмгек өтөдү. Анын чыгармачылыгы, улутубуздун көөнөрбөс элдик мурасына айланган десек жаңылбайбыз. Эстекебиздин жаркын элесин өмүрлүк жубайы Райгүл Деркембаева жана өнөрүн улаган устаттары эскере отурду.

Райгүл Деркембаева, акындын жары: «Көз ирмемде Эстекемден айрылгам»

— Эстекем менен алгач канча жашыңызда таанышкансыз?
— Нарындан 10-классты бүткөндө фестивалдын жеңүүчүсү катары филармонияга жумушка чакырылдым. Неаполитан элдик ыры Санта Лючияны катыра ырдаганым үчүн. Бир жылдан кийин аксакалдар группасы Алматыга жөнөп атып, мени да кошуп алышты. Ал жерде Эстекем да бар экен. «Болтойгон жигит тура» деп көп деле маани берип, караганым жок. Арабызда аксакалдардын бири Шекербек Шеркулов мени «кызым» деп, киного, ашканага колуман жетелеп жүрдү. Кийинчирек угушума караганда, Шекербек агабыз менен Эстекем сүйлөшүп алыптыр. Аны мен кайдан билейин? Мындай «сүйөм, күйөм» деп мага сөз айтпаганы менен, жаныма бирөө жарым келип сүйлөшүп калса, кызганып кетер эле.

— Үйлөнүп калганыңарга кайненеңиз да себепкер болгон дешет?..
— Анда кышкы филармония аталып, азыркы «Тунгуч» театры турган жерде концерт берип калдык. Ошондо бир көрүп эле жактырып, «ой, тээтиги маңдайы жарык, жалгыздын жары боло турган кыз экен, кайсы элден келиптир?..» дептир. Экөөбүздүн баш кошуубузга апамдын (кайнененин) таасири тийди. Аз өтпөй үйлөнүп алдык.

— Ошондо «залкар акындын жары болом» деп ойлодуңуз беле?
— Кайдан? Мен «театр актеру болом, драмаларды ойнойм, окуусун окуйм» деп кыялданып жүргөн чагым. Эстекем болсо «Кыз-жигит», «Анделек», «Жинди суу», «Жер жөнүндө терме» аттуу чыгармалар менен калк арасында таанымал болуп калган. Турмуш курганыбыздан кийин «мен сени филармонияда иштеп туруп, окутуп алам» деди. Ошону менен окута алган жок. 20 жылдан ашуун үйдө отуруп калдым. Бир жыл апам ооруп, аны карап, бала-бакыраны чоңойттук. Ара-чолодо университетти сырттан окуп бүтүрдүм.

— Эстекемдин жанына кайта кантип келип калдыңыз?
— 1976-77-жылдары Филармониянын директору Амангелди Керимбаев чакыртыптыр. «Райгүл, сен тияк-биякка барып иштейм деп убара болбо. Эстекемдин жанында бол, жакасын жууп, ырыңды улант» деди. Улуу кишинин айтканын угуп, кайра келдим. Эстекемдин өмүрүнүн акырына чейин жанында болдум. Экөөбүз 46 жыл бирге өмүр сүрдүк. Былтыр эле Филармониядан пенсияга чыктым.

— Үйбүлөдө казан-аяк кагышып кеткен учурлар болчу беле?
— Кимдикинде болбойт? Ошонусу менен үйбүлө ынтымагы бекемделет да. Бизде дагы андай учурлар кездешчү. Таарынычтарды бат эле жазып салчу. Кээде катуу кетип калган учурда Эстекеме кат жазып гана койчумун. Ошо күнү үйгө толтура конок чакырып коет. Билмексен болуп. Аял киши катары көпөлөктөй чуркап, таарынганымды унутуп салып, билек түрө конок тосор элем. Мейман узагандан кийин кантип жарашканыбызды эстеп, күлүп калчубуз.

— Кызганчубу?
— Аны жашырбайм. Өтө кызганчу. Кээ бир кесиптештерим менин жаныма келип, чыгармачылык темада жакшылап сүйлөшкөндөн коркчу. Бир келиним, «папам менен туалетке чейин бирге барасыңар, ошондо да кызганып атат» дегенин билем. Ушу жагы чатак эле.

— Канча балалуу болдуңар?
— Алты уул, эки кыз. Алардан азырынча 14 небере, 3 чөбөрө бар…

— Арасында Эстекемди тарткан төкмө акыны барбы?
— Жок. Мындай киши бу дүйнөгө чанда келсе керек. Мүмкүн таланттары азырынча «уктап» жаткандыр. Кийинчирек бирөөнөн болбосо, бирөөнөн ойгонуп калар. Бирок, төкмө акын болушпаса да ар биринин «чымыны» бар. Анын баарын Кудай буюрса бир күнү чогултуп туруп, сахнага алып чыгам.

— Залкар акындын акыркы күнү көз алдыңызда барбы?
— Өлөр күнү Филармонияга кадимкидей жумушка чогуу бардык. Үйгө кетип атсам, «сен бара бер. Мени Райхан (Алканов) чакырып атат. Эртең Германияга кетет экен» деп калды. Бирок, ал жакка барбады. Орозо маалы эле. Жакшынакай оозун ачып, куран окулуп бүткөндө, Райхан кайра телефон чалып калды. Анда да бара албастыгын билдирип, жата турган бөлмөдөгү орундукка барып отурду. Бирдемени туйгансып, Эстекемди «жалт» карадым. Жанына басып келип, «Эстеке эмне болуп атасың?» десем, «дем ала албай атам» деп калды. Тез жардам чакырдым. Алар бат эле келди. Догдур ийне сайып көрүп, «жашоосу токтоп калды» деди. Мен байкуш ыйлап ийдим. Догдурга жалдырап, «андай болушу мүмкүн эмес, жардам бергиле!» деп, курган жаным буркурап жиберипмин. Ошо күнү баягы үйүбүз толгон бала-бакыранын бирөө да жок. Бир неберем экөөбүз гана калыптырбыз. Ары-бери шашкалактап атып, өзүмдү жоготуп кое жаздадым. Райханга телефон чалсам, бир заматта эл чогулду. Көз ирмемде Эстекемден айрылдым. Байкушум өлөрүн өзү деле билбей калды.

— Улуттук Филармонияда «Эл ырчысы Эстебес» тобу бар эмеспи. Бул жөнүндө сурабай кетсем туура эмес болуп калар…
— Түшүндүм. Өткөн жумада Филармонияга баш багып, көркөм жетекчиси Келдибек Тургунбаевге акындын жесири катары дооматымды койдум. Себеби, Алымкул Үсөнбаев атындагы «Эл шайырлар» тобу менен «Эл ырчысы Эстебес» тобун бириктирүү жөнүндө демилге көтөрүп аткан имиш. Эки топту бириктирүү менен чоң программадагы концерттерге өбөлгө түзүлөт дегендей. Бул жөнүндө алгачкы көркөм кеңеши да болуп өтүптүр. Мен мындай демилгеге түп тамырынан каршымын. Маданият министрлигине да кат жолдойм. Анткени, Эстебес каргадайында (14 жашта) Филармонияга келип, өмүрүнүн акыркы саатына чейин кыргыз маданиятына албан эмгек кылды. Ак таңдайлардын улуу мууну менен азыркы муунуна көпүрө боло алды. СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси катары «Эл ырчысы Эстебес» тобун мыйзамдаштырып берүүнү өтүнөм.


Замирбек Үсөнбаев, Улуттук Филармониянын директору: «Ар тараптуу орошон талант эле»
— Эстекемди кымындай кезимден бери билем. Залкарлардын баарын көрдү. Осмонкул, Калык, Алымкул ж.б. Чоң мектептен өттү. Эстебес агамдын ушул адамдар жөнүндө айтканы эсиме түшөт: «залкарлар менен айылдарды кыдырып жүрөбүз. Түн бир оокумга чейин уктабай кара сөзгө киришет. Үргүлөп баратсам, «ай, алдагы балага эт туураткыла» десе жаман көрөр элем. Көрсө, залкарлар мени сөз уксун ниетте уктатчу эмес тура» дегени эсте. Ошондон улам Эстекем булардан көп нерселерди угуп, билип алды. Атамды устатым дээр эле. А киши менен 38 жыл бирге иштедим. «Төрт аягы, төрт жорго» адам деп айтса болот. Ар кырдуу талант. Манас айтып, күү чертип, дастан, жөө жомок, санжыра, акындык, деги койчу, кайсы жагын албайлы, бардык жагынан орошондоп кетчү. Көп жерлерин эл билбей калды, ачылбай калды. Ар бир чыгармасын эл астына төшөлүп, жан дили менен аткарып берчү. Анан жакында коомчулукка «имиштер» тарап кетти. «Эл ырчысы Эстебес» тобун таратат экен» деп. Бул туура эмес. Эки фольклордук топтун башын бириктирип, чачыранды кылбай, чоң программа менен иштешсе кандай болот (?) деген ой жаралган. Ушундан улам, «А.Үсөнбаев атындагы топ калып, Эстекемдин аты өчүп калат» деген туура эмес кептер таралууда. Биз эч качан Эстекемдин атын өчүрбөйбүз. Бул жөнүндө бир жыйынтыкка келе элекпиз. Жеке өзүмдүн варианттарым да бар. Аны да ойлонуп атам.

Амантай Кутманалиев (Саргашка): «Өлбөй эле калчы атакем»
— Мен бу кишинин колуна 1987-жылы келдим. Эстекемдин жанында жүрүү деген эле өзүнчө ыракат эмеспи. Өмүрүнүн акырына чейин жанында болдум. Эстекемдин эс тутуму укмуш керемет эле. Вирус кирбеген компьютерге окшоп. 30-40 жыл мурдагы нерселерди бүгүнкүдөй кылып айтып берчү. Колхоздун башкармасынан баштап, саанчысына чейин аттарын унутуп калбай дегеним. Сөзмөр, чечен, жорго сөздүн катыгын бергенде кантип таң атып кеткенин байкабай калчубуз. Анан чоочуп кетип, «а кокуй, эми качан комузун угабыз?» деп саныбызды чаап калган күндөр өттү. Эстекемдин баркы тирүү кезинде бааланып, бардык наам, сыйлыктарды алды. Ошентсе да күтүүсүздөн бизди таштап кеткенде баркын билген адамдын саны жүз миңдеп, Филармониянын астынан узаттык. Устатымды жоктоп ууланганча кошок коштум.
Асылынан айрылган,
Ак калпак кыргыз эл жетим.
Ата-бабаң жай кылган,
Ала Тоо ыйык төр жетим.
Чардагы учту бийиктеп,
Чалкыган Ысык-Көл жетим.
Кучакташып бирге өскөн,
Курбу-курдаш тең жетим.
Кубаттап өнөр үйрөткөн,
Кулунуң балаң мен жетим.
Көпчүлүк тууган эл турат,
Көзүнүн жашын кургатпай.
Колуңдан түшпөй таңшыган,
Комузуң турат үн катпай.
Коштошкум келбейт атаке,
Козголсоң боло тим жатпай,
Өмүргө ажал кас экен,
Өлүмдүн боору таш экен.
Өзгөчө сиздей адамга,
Өксүбөс адам аз экен.
Өлкөбүз сүйгөн жан элең,
Өлбөй эле калчы атакем…

Оо дүйнө кетти жаныңыз,
Орошон талант өттү деп,
Жоктоп калган чагыбыз.
Ботодой болуп буркурап,
Боздоп калган чагыбыз.
Жаш алып, сыздап турабыз,
Жаш-кары, жалпы баарыбыз.
Жазмыштын иши бул экен,
Эми,
Жаннаттан болсун жайыңыз.

Даярдаган Сурат Жылкычиев, “Учур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 27.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий