Турар сүйгөн Нуржамал

30-январь – Турар Кожомбердиевдин каза болгон күнү

Бүгүн биз акын Турар Кожомбердиевди эскерүү иретинде акындын өзү жөнүндө жана анын жаш чагындагы сүйгөн кызы Нуржамал Иманалиева тууралуу сөз кылалы дедик. Т.Кожомбердиев өзүнүн кыска өмүрүндө махабат темасындагы нечендеген ыр саптарды жаратса, ага бирден-бир себепчи болуп, түрткү берген бул –  Н.Иманалиева болгон экен. Көрсө, акындын калеминен биздин Нуржамал эжекебизге арналган далай сүйүү ырлары жаралыптыр. Биздин дегеним, акындын арзуусуна айланган ажарлуу айым көп жылдар бою “Кыргыз Туусу” гезитинде да иштеп кеткен. Ал эми азыркы учурда эмгек жолун Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде улантууда. Биз эжеге кайрылып, Турар агай экөөнүн кыз-жигит болуп жүргөн кездери жөнүндө сураганбыз. “Турар ушунчалык уяң, ушунчалык тартынчаак жан эле, анын оозунан бир да жолу “сүйөм” деп айткан сөзүн уга алган жокмун. Бирок, анын мага болгон сүйүүсүн, махабатын мага арнап жазган ырлары аркылуу гана билчүмүн”, – дейт мындан 50 жыл мурунку окуяларын эсине түшүргөн Нуржамал эже сырдуу  жылмая…

Биздин таанышуубуз
– Мен Турар менен жаңыдан  окууга тапшырып келген жылдары тааныштым. Бир жолу чогуу окуган курбу кыздар троллейбуста кетип баратсак, топтошкон балдар тийишип калышты.

Арасында шуулдаган бирөө бар экен. Жаныбызга келип: “Кайда окуйсуңар, кыздар?” – деп сурап калды. Анда биздин Кумаш деген кызыбыз жөн турбай: “Инфакта окуйбуз,” – деди. Аңгыча аялдамага жетип, жерге түшүп кеттик, – деген Нуржамал эже ал балдарды экинчи ирет жолуктурам деп ойлобогонун айтат. – Бир күнү англис тили сабагы үчүн Улуттук университеттин №2 корпусуна барсам, баягы троллейбустан көргөн далдайган жигит окуу жайдын кире беришинде туруптур. Мен аны көрө коё коркуп кетип, экинчи кабатты көздөй чуркап чыктым. Арыраакта баягы топтошкон достору турган экен, артымдан шуулдак баласы кошо чыгып атымды, каякта, кимдер менен турарымды сурады. Анда алдаганды деле билбептирбиз. Эч нерсени жаап-жашырбай, “Атым Нуржамал, №5 жатаканада жашайм”, – деп айттым. Ошондон тартып биз жашаган жатаканын алдында “дежурство” башталды…

“Турардын кырк жигити”
– Биз кыздар болуп жатакананын 1-кабатында, 1-бөлмөдө турчубуз. Турар күнүгө кечке маал достору менен келип, мени ар кимден чакыртат. А мен болсо жолуккандан корко берчүмүн. Анткени, ал ошондо эле абдан толук, кең далылуу, узун бойлуу жигит болчу. Ал мага чоң, килейген киши сыяктуу сезилер эле…

Ошентип, мен жолугушууга беш-алты кызымды кошо ээрчитип алып барам. Турарды да беш-алты бала коштоп жүргөн болот. Мен кийинчерээк тамашалап аларды “Турардын кырк жигити” деп койчумун. Анткени, ал балдар Турар кайда барбасын жанында бирге жүрүшөр эле. Кыздар-балдар чогулгандан кийин кафеге жөнөчүбүз. Менин билишимче, ошо кезде жалгыз гана “Юность” деген кафе бар болчу. Ошого барып, каалаганыбызды алдырып ичип-жеп, аябай кубанып келчүбүз. Студенттин бир тойгону – байыганы болуп, ал күн биз үчүн майрам болчу, –деген Нуржамал эже, Турар агайдын берешендигинде чек жок болгондугун кошумчалайт. Эженин айтымында, ошол учурда акын окуусун таштап койгон. Ал эми гезит-журналдарга басылып чыккан ырлары үчүн алган калем акысын эч кимден аяган эмес. – Турардын кулк-мүнөзүн, адамдарга кылган мамилесин байкаган курбу кыздарым: “Башка баланы эмне кыласың? Турарга эле турмушка чыгып ал. Келечеги бар бала”, – деп калышчу.

Сен мен үчүн өзүнчө бир кылымсың…
– Биз үч жылдай сүйлөштүк. Ошол аралыкта Турар бетимден өпмөк тургай, жаныма жакындап бир жолу колумдан кармаган эмес. Себеби, ал ушундай тартынчаак, уяң, кишинин көзүнө тике карап сүйлөбөгөн, ошол эле убакта ушундай алп киши эле. Турар бир да жолу “сүйөм” деп  айткан эмес. А мен кезинде ошол сөздү андан уккум келчү. Анткени, аялзаты кулагы менен сүйөт деп коёт эмеспи.

Бирок, ошондой болгону менен Турар-дын мага деген махабатынын бийиктигин, мага арнап жазган сүйүү ырлары аркылуу сезип, туйчумун. Ал өзүнүн кол жазмаларын ар дайым открыткага салып, алып келип берип турчу, – деп эскерет  акындын сүйгөнү. Т.Кожомбердиев эженин атын атап да, атабай да бир канча чыгармаларды жаратыптыр. Алардын бири “Нуржамалга” деген аталышта 1970-жылдын 5-мартында жарык көргөн экен:

Нуржамалга

Саламат ишиңди иштеп жүрөсүңбү,
Сени ойлоп саргайганым билесиңби?
Кишиге бат таарынып, тез жазылаар,
Сагындым бала кыял мүнөзүңдү.

Сагындым ойноп турчу көздөрүңдү,
Кээде ачуу, кээде таттуу сөздөрүңдү.
Кайгырба кабарлашып турамын деп,
Жүрөккө чокту салып кетпедиңби.

Окустан ооруп калсам жолуккун деп,
Жалооруп суранганым эсиңдеби?
Сагындым күлгөнүңдө жарк  дей түшөөр,
Жайнаган маңдайдагы тиштериңди.

Окустан келип кабар береби деп,
Зарыгып далай күнү күтпөдүмбү.
Таң калам бүт унутуп өткөндөрдү,
Узакка кабарлашпай кеткениңди.

Ал жактан кайсы күнү келээриңди,
Эске салып кабарласаң атаганат.
Ушундай түрлүү ойлорду ойлой берип,
Жүрөгүм нечен убак туталанат.

Уктасам сени жакын көргөн болом,
Көңүлүм кубангандан күйүп жанат.
Ойгонсом өзүң эмес карааның жок,
Көңүлүм өрт өчкөндөй сууп калат.

Адашып калдык…
Нуржамал эже акындын бул ырын, экөө бири-биринен алыстап, кыз-жигит болбой калгандан кийин жазганын айтат. “Мен үчүнчү курста окуп жатканымда апам каза болуп, академиялык отпуска алууга туура келип калды. Ошону менен экөөбүз бири-бирибизден адашып калдык. Кийин окуумду улантып бүтүп, Нарынга барып иштеп калдым. Анан турмушка чыгып кеттим. Күндөрдүн биринде мага кат келди. Дарегимди кайдан тапканын билбейм, ушул “Нуржамалга” деген ырын почта аркылуу салып жибериптир.

Айрым бир маалыматтарга таянсак, Т.Кожомбердиев өзүнүн “Кызыл алма” аттуу чакан ыр жыйнагын да  Нуржамал эжекебизге арнап чыгарган экен. Ошондой эле эл оозунан түшпөй али күнчө ырдалып келаткан “Күн чыгышым” да жамалы жаздай жайнаган Нуржамал эжеге арналып жазылганы белгилүү. “Турардын канча деген кол жазмалары бар эле. Кийин жолдошумдан катып жүрүп, анын баары жок болуп кетти”,– деген эже эсинен чыкпас саптарды эргүү менен кайталайт:

Окшоштурам сени роза гүлүнө,
Жалындаган жалпы гүлдүн ичинде.
Башка гүлдөн розада айырма,
Жан сергиткен жагымы бар кишиге.

Аралатса ал гүлдөргө эрк берип,
Ким да болсо ага көзүн артпайбы.
Түшүнбөгөн, гүлдүн баркын билбеген,
Аябастан аны үзүп салбайбы…

* * *
Сен мен үчүн өзүнчө бир кылымсың,
Сен мен үчүн эң кымбаттуу сырымсың…

* * *
Сүйөм сени таңдай суусап турганда да,
Сүйөмүн күн уяга батканда да.
Сүйөмүн өлүм менен алпурушуп
Төшөктө чабалактап жатканда да…

Сагынтып түшүмдөсүң, өңүмдөсүң,
Жакамда, топчумдасың, жеңимдесиң,
Жүлүндө, жүрөгүмдүн теңиндесиң.

Акыркы жана узактагы жолугушуу
– Кийин арадан бир топ жыл өтүп, экөөбүз тең үй-бүлө күтүп калган кезде капысынан кездешип калдык. Ошондогу Турардын көз карашы али да болсо эсимде. Көзүн бакырайтып көпкө чейин мени үн-сөзү жок тиктеп турду. Экөөбүз бир саам тиктешип алдык да, басып кеттик. Ал ошондо да ооз ачып, мага бир сөз айткан жок. Кыязы, таарынып жүрсө керек…

Азыр ойлосом, мен Турарды ал мени сүйгөндөй сүйө албаптырмын. Мен анын сүйүүсүнө татыктуу жооп кыла албаптырмын. Ошого бир аз ичим ачышып калат, – деген Нуржамал эже, – балким, буга жаштыгым да себепчи болгондур, – дейт.

Биз баарыбыз бактылуубуз…

Айтылуу Омор Хаям убагында: “Маха-баттын эмне экенин сезген адам ал бактылуу адам”, – деп айткан экен. Демек, биз баарыбыз бактылуубуз. Себеби, баарыбыздын жүрөгүбүздө махабаттын учкундары жашайт. Ылайым жандүйнөбүздү жарты кылбай толуктап туруучу сезимдердин оту эч качан өчпөсүн…

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”, 28.01.2011

Соц тармактар:

Добавить комментарий