Бакирдин Алиев, КРнын эл артисти: «Не деген сонун образдарды ачып берерде көзүм көрбөй…»

Кыргыз маданиятына, искусствосуна тоодой салым кошкон, кайталангыс таланттардын жолун улап, алардын ар бир басып өткөн изине жаңыча көрк кошуп, бүтүндөй өмүрүн искусствого арнап келе жаткан Бакирдин ата менен Кеңеш апаны кепке тарттык.

«Сапырылган чаңдан кирпиктерибиз көрүнбөй…»
Биздин учурда азыркыдай кычыраган Мерседес машиналар жок, үстү ачык машина менен жүрчүбүз. Жолдун начардыгын айтпа. Машинабыз аңга-дөңгө түшүп, ичеге-боорубуз оозубузга кептелип калчу. Жолдун чаңы укмуш эле. Сапырылган чаңдан кирпиктерибизден өйдө чаң болуп, жетер жерибизге боз топуракка боелуп араң жетчүбүз. Совхоз, колхоздон көп нерсе жок. Бир гастролго чыкканда 10-15 колхозго концерт коюп келчүбүз. Күндүн ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, бүтүндөй өлкөнү кыдырып концерт берип турчубуз. Азыркы артисттердин жашоосу жеңил. Алдында машине, үстүндө үй. Бирок артисттердин баркы кетип, деңгээли төмөндөп кетти. Биздин учурда артисттер аябай кадырлуу эле. Артисттердин деңгээлинин төмөндүгү өздөрүнө байланыштуу. Күнөөнү элден издөөнүн зарылчылыгы жок. Азыркы артисттердин ырдаганын уксаң ыйлагың келет. Тасмадагы жаш актер-актрисалардын ойногонун көрүп заманам куурулат. Ушунчалык майдаланып, жасалма болуп бара жатышат.

Нике кайып…
Кеңеш апаңар Жалал-Абад театрына барганга чейин ошол жерде иштеген бухгалтер кыз менен сүйлөшүп жүрчүмүн. Анан эле Кеңеш барганда тиги кызымды унутуп эле оюмдун баары Кеңеште болуп калды. Кеңештин ырдаганын угуп эле жактыргам. Биздин сезимибиздин күчөшүнө экөөбүздүн сүйүү темасындагы спектаклдерди көп ойногонубуз себеп болду. Ал эми бухгалтер кыз болсо өзүнүн теңин таап, турмушка чыгып кетти. Бардыгыбыз эле жараткандын буйругун, маңдайга жазганын көрөт экенбиз. Буйруктан, насиптен эч ким качып кутула албайт эмеспи.

Айтылбай арманда калган арзуулар…
Оо, ал жөнүндө айтсак сөз көп. Мага суктанбаган кыз болгон жок окшойт. Баары сүйүп турчу. Албетте, өзүмдү эмес, талантымды. Бирок Кеңешке да сөз айткан, сүйүүсүн арнаган мырзалар жок эмес эле. Айтылбай арманда калган арзуулар канча болду. Эми ал кезде заман башка эле. Элдин жан дүйнөсү ыймандуулукка толуп, рухий баалуулуктарга жык эмес беле. Баары эле сүйүүлөрүн билдирүүгө батынышчу эмес да. Деги эле биз жаш кезде талантка суктанбаган жан чанда гана кездешчү. Кеңеш экөөбүз 58 жыл бирге кечирген жашообузда кайдагы бирөөлөр үчүн көңүл калтырып жаман сөз айтышкан жокпуз. Ал мага аябай ишенчү. Бири-бирибизге болгон ишенимибиз, бизге сыноо болгон бардык тоскоолдуктарды жеңип, биздин таланттын өркүндөөсүнө шарт түздү десем жаңылбайм.

Арман…
Жаш кезимден эле чалдардын ролун көп аткардым. Негизи чалдардын образын мыкты ачып берем. Эми кези келип, не деген сонун образдарды ачып берерде көзүм көрбөй, жашоом туман болуп турат.


Кеңеш Курманалиева, КРнын эмгек сиңирген артисти: «Турмуштун теңсиздигине таарындым…»

Жыртык колготки, жибек жоолук…
Мен мындан көп жыл мурда көргөн түшүмдү айтып берейин. Ушул түшүм менин өмүрүмдөгү унутулгус түштөрдүн бири болду. Жаныбызда кийим-кече саткан дүкөн бар эле. Ошол дүкөнгө кирип барсам, дүкөнчү эже мага жибектен токулган эки жоолук, эки капрон колготки берип жатыптыр. Оо, ал кезде капрон колготки деген аябай барктуу эле, чанда гана кийчүбүз. Дүкөнчү эженин бергендерин кубанып алып, бирин жеңеме берип, бирин дароо эле кийе баштадым. Карасам эле колготкимдин бир буту айрылып калыптыр. «Ий жеңе, колготкимдин бул жагы жыртык экен. Дүкөнчүгө көрсөтүп келейин»- десем, «Кой, ал сага ишенмек беле. Алып барганың менен албайт. Бул жерин тигип алып эле кийе бер»- деди. Эртең менен туруп чай үстүндө: «Жеңе, түндө түш көрдүм. Колготким жыртылып калыптыр. Мени театрга албайт окшойт. Ишим оңунан чыкпай калды»- дедим маанайым чөгө. «Ай, барарың менен турмушка чыкмак экенсиң, колготкиңдин жыртыгы үчүн бир жылдан кийин чыгасың»- деп жооруп койду. Таң кала эле Жалал-Абадга жөнөп кеттим. Жеңем айткандай эле 8 айдан кийин Бакы экөөбүз баш коштук.
— Мени издеп барган да (Бакирдин ата тамашалай сөзгө аралаша кетти).
— Ооба, сен аял албай, мени күтүп жүргөн экенсиң го.

«Бузукулардын ойлору ишке ашпай…»
— «Чиркин өмүр» сериалына тартылып жатканда жакындарыбыз эле ар кандай сөздөрдү айтып «Ой, сен кой дебейсиңби. Карыганда жаш аял алып жатканы эмне. Кино деп эле унчукпай коесуңбу»- деп ачык айткандары болду. «Мейли тартыла берсин. Менин абышкамдын азыр таланты ташкындай турган учуру. Күлүктү байлап койсоң күлүк чыкмак беле? Күлүк деген чуркап туруш керек, ошондо күлүк күлүк болот. Талантты басмырлап, кысымга албоо зарыл. Анда талант өспөй калбайбы. Мейли тартылсын. Үй-бүлөсүн эң башкы орунга койсо болду»- деп гана жооп берип койчумун. Чынында, көрө албаган адамдар ар кандай жаман сөздөрдү айта берет экен. Сенин тынчтыгыңды, үй-бүлөңдөгү ынтымакты каалаган адам көзү көргөн нерсени да айтпай, ичине жутуп коет эмеспи. Эки адамдын ортосуна от жакканды бузуку деп койсок туура болот. Биздин коломтону бузуку адамдар урата алган жок.

Бир жолу Таласка концерт коюп барып калдык. Кечинде биздин үйгө конок болуп отурсак апам мени өзүнө чакырып алып: «Кызым, көзүң менен көрмөйүнчө, бирөөнүн айткан сөзүнө түк ишенбе. Жаныңда жүргөн жакындарыңдын гана эмес, менин да сөзүмө ишенбе»- деди. «Койчу апа, кайдагыны айтпай. Сенин сөзүңө кантип ишенбей коеюн»- десем, «Кызым, мен караңгы кишимин. Анан карып да калдым. Мен дагы алданып калышым мүмкүн»- деди. Макул деп койгом. Кийин Бакирдин туурасында ар кандай сөздөрдү укканда апамдын сөзүн эстеп, алардын сөзүн кулагымдын сыртынан кетирип койдум. Албетте, сүйүү бар жерде кызганыч да болот. Ит деле идишин коргоп ичет эмеспи. Анын сыңары кызганычтар болчу. Бирок биз ал кызганыч үчүн чыр-чатак чыгарып, жаман-жакшы сөздөрдү айтчу эмес элек.

«Эрксизден көзүмө жаш алып…»
Мен театрга киргенде азыркы жаңы чыгып «эл артисти» наамын алган артисттердин көбү бул жарык дүйнөгө келе элек болчу. Кечээ эле чыга калып, «эл артисти» наамын алган баламдай балдарды көрүп, турмуштун теңсиздигине таарындым. Алдында машинасы, артында колдоочусу, чөнтөгүндө тыйыны бар, бирок таланты жок ырчылардын наам алып жатканын көргөндө эрксизден көзүмө жаш алдым. 58 жыл театрга сиңирген эмгегимдин бааланбаганына ыйлагым келип ардандым. Бирок мен коллективге аябай ыраазымын. Бир эмес, төрт жолу «эл артисти» наамына көрсөтүштү. Төрт жолу тең өтпөй калдым. «Эмнеге?»- деп сурасам, «Азыр наам алыш үчүн Ак үйдөн таанышың болуш керек экен же акча бериш керек экен»- дешти. Муну укканда «Атаң көрү дүйнө, заманыбыз ушунчалык таарып, адамдардын пейили бузулуп бүттү беле? Өнөр адамдарынын эмгегин баалоодон качып, наамдарды акчага сатып калды беле? Түгөттүкү! Наам ошол сатып жаткандардын атасынан калган мурас беле?» — деп жан дүйнөм сыздап, жүрөгүм ооруп кетти. Билбейм, кайда бара жатабыз. Түк түшүнө албай калдым. Качан бизде, өзгөчө ушул маданият тармагында калыстык орнойт. Кыргыз искусствосуна зор салым кошкон таланттарды тебелеп-тепсегенди качан токтотобуз. Пейилди оңдосок болот эле.

Даярдаган Жаркынай Кадыркулова, «Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»), 25.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий