Ыйык көлүбүз – Ысык-Көлдүн жаралуу санжырасы

Байыркы гректердин адамдын жан дүйнөсүн иликтеген философ-акылманы Сократ: «Мен өзүмдүн эч нерсе билбегенимди билем» -деген экен. Эң даанышман адам өзү жөнүндө ошентип айткан болсо, анда «Жогорку билимди тастыктаган дипломубуз бар»- деп, өзүбүзгө өзүбүз корстон болуп жүргөнүбүз менен, биз деле көп нерсени билбейт окшойбуз? Анткен себебим, чындап эле 18 миң Ааламдын кызыктарын билип чыгууга бир адамдын өмүрү аздык кылат тура. Дүйнөдө, кең Ааламда биз билбеген сырлар канча дейсиз?

Башканы коюп, өз тарыхыбызды, ата мурас — санжыраларыбызды, ак таңдай төкмө акындардан калган санат-насыят ырларын, алардын өз ара айтыштарын, бабалардан бизге жеткен Улуу сөздөр-дастандарыбызды толук окуп бүтө албай, руханий казыналарыбыздын чети оюлбай турбайбы? Жакындан бери, он беш жыл ичинде кыргыз элиме түндүктөн түшкөн Куттай болгон Жайсаң Үмөт уулунун тирүү арбагынын айтуусунда Бүбү Мариям Муса кызы кагазга түшүргөн «АЙКӨЛ МАНАС» дастанын окуп отуруп, журтубузга керектүү көп маалыматтын бирөөсү менен (дастандын 10 томун алып окуй электер үчүн) тең бөлүшкүм келди. Азыр биз сыймыктанган, жер соорусу, көгүлтүр берметибиз-Ысык-Көлүбүздүн жаралып калуу санжырасы бар экен. Эмесе баяндап берейин… . . … Журт эгеси Көкөтөй ажо хан Бакай, Чыйырды (Жакыптын бир тууган агасы) аталар менен келээр-кетээр узун сабак Улуу сөздөрдөн кеп салып отуруп, бир кезде акын Сокур Була ырга айланткан Кызыл Шаардын (усундардын Ысык-Көлдүн түбүндө калган шаары) кыйрашынан баян этти.- » Күзгүдөй күн нуруна чагылышкан, жети көл тоо башынан орун алган. Алтын-Көл, Мис-Көл, Жез-Көл, Күмүш-Көлдү жай-кышы келгин куштар мекендешчү. Ал эми Муз-Көл, Туз-Көл, Кайнак-Көлдөн, конбостон канаттуулар качып өткөн. Мына ошол жети көлдүн төмөн жагын ээлеген, усундардын, Кызыл Шаардын укмуштай гүлдөп турган учурунда, калганын талкаланып суу астында. Жез таңдай сөз чебери акын Була, чектирип кош карегин сөз кунуна, ырдаган көзү өткөнчө жерди кезип,утур бир «жаш карекке» (балага) жетелетип. Көзү көр, көкүрөгү күндөй жанган акындын ыр-дастанын кыскача айтам… . Бир кезде атак-даңкы дүйнө жарган, «Усун» деп уруусунун атын алган, мээнеткеч, өжөр калктын өкүмдары, курулган алтын мистен Кызыл Шаары, далай элдин көз жоосун алып турган, көптөгөн ач көздөрдү душман кылган. Дагы бир дүңгүрөткөн атак-даңкын, болуптур Тулпар аты Усун хандын. Кууганын куткарбаган, кууса жетпес,чыкпаптыр Тору Тулпарга эч бир теңдеш. Тулпары, кен-байлыгы Усун хандын, көбөйтөт ич күйгүзгөн душмандарын. Усун хан Тулпар атын өз жанынан, артыкча баалаганын билген душман, майтаруу амалынын ишин кылат, акыры өзөгүнөн душман табат. Сатылган өз тууганы минип качат, сый менен каканчынга (кытайга) тартуу кылат. Көзү бар, көкүрөгү сокур саткын, көрбөгөн тукумуна ор казганын… Согушчан усундардан корккондуктан, каканчын шек билгизбей атты каткан. Далай жыл кишен салып, байлап, матап, дайынын билдирбөөнүн камын кылат. Жаныбар артык туруп көрпендеден, акыры карыганда качкан экен. Капыстан колдон бошоп кыш чилдеде, кайрылбай багыт алат тууган жерге. Артынан сая түшкөн куугунчудан, көзгө атар жалгыз мерген жакын барган. Туу жондо баратканда күрткү жиреп, жаа огу кыр арканы жиреп кирет. Кадалып жүлүнүнө уусу тарап, сөөккө баткан бойдон калып калат. Тулпарды мертиндирген мергенчи да, жазатын тапкан экен ай-талаада…(газетанын форматы эске алынып, Жайсаң Үмөт уулунун «АЙКӨЛ МАНАС» дастанынын 4-томунун 135-180 -беттеринен ыр түрмөктөрү кыскартылып берилди)…Санжыраны андан ары уласак, эбегейсиз жер өлчөмүн ээлеп, акыл менен усун элин башкарып турган хандын, жети көлдүн кылаасындагы гүлдөгөн Кызыл Шаардын атагы ат туягы жеткен жерге дайын экен. Усун хан Тулпарынын күйүтүнө чыдабай, аалам салган соң, эки мүчөл жашап калган жалгыз уулу Гусун атасынын ордун басып, такка отурат. Усун ханынан, Тулпардан ажыраган Кутуй саяпкер сай-күлүк, дулдул-буудан таап келүүгө жер кезип, чөлгө кетет.Тулпардын дайнын көп жыл иликтеп, атасынан ашкан Эр-Гусун өч алууну көксөп жүрөт… Акыры кабарын угуп, издеп барып, аркайган Тору-Тулпардын сөөгүн табат…Торунун саяпкери Кутуй күлүккө алтын чеге урган экен (аттын баш сөөгүндөгү жикке кыска алтын мык, салынган белги жөнүндө сөз болуп жатат). Табылган куу баштагы алтын чеге, кадалган кыр аркага болот жебе, Тулпардын дал өзү экени далилденип, Гусун хан из кубарын жиберип, атты аткан мергендин сөөгүн табат. Бул ишти кылган Какандын куу ханы экени билинип, көксөгөн өч алууну Гусун Баатыр, кол салып какандарды талкалаптыр. Ар жылы Карт Тору ашкан белди ашып, каканды алсыратат салык салып. Усундардын чабуулунан корккон каканчындар таш дубалын түптөп, Улуу кытай Чебин курууга киришишет. Дубалды айландыра ор казышат. Ошол жылдан жалпы каңгай биригишип, Улуу ханды шайлашып, анын атынан айтпай, Кары хан деп аташат. («Цинь Империясы» жөнүндө айтылып жатса керек?) Митаам Кары Гусундан кутулууну мындай чечет — «Теңирдин касиеттүү кесесиндей, күңгөй-тескейин жети көл курчап турган, чөмүчтөй келишимдүү ойдуң жерден орун алган усундардын Кызыл Шаарын, көлдөрдүн түбүн жырып, тыйпыл кылсам, тоо суусу толкуп ташып тоону ашат, Сары-Талаа, калааларын түгөл басат. Ушинтип жок болушат из калбастан, бул ойдун аягына сөзсүз чыгам!» -деп ойлонот. Салыгын усундардын кечиктирбей, эч шек бербей жеткиртип, сөзгө чебер чеченден кат жөнөтүп, «Теңдешсиз Гусун-Пааша-арстан жүрөк, жиберем саламымды бакыт тилеп. Атаңдан жашым улуу болсо да, ууруну калкалаганым үчүн башымды ийем, Тулпардан теңдеши жок Торунун кунун өлчөө мүмкүн эмес. Канча салык салсаң да, каршылык кылбай өз маалында төлөйм, уулумдай урматтаймын сени терең…» — деген каттагы элчи окуп берген сөзгө муюп, ишенген Гусун хан кыраакылыгын жоготуп, алдырарда-жаздырар болуп, эч нерсени байкашпайт. Каканчындар ал арада салыкка кошуп, жөө аскерин тоо-ташка, эл арасына алып келе беришет.Жетинчи жылга толгондо «баягылар салык алып келишкен тура»- деген ойдо, эч камсыз турган элди бир түндө тыйпыл кылып, кыз-келинди күң кылууга олжолоп, эркектерин бешиктеги баласына чейин түгөл кырып, калааны талап-тоноп, көлдөрдү жардырып, каканчындар жолго түшүшөт. Алты көлдүн суусу тегиз каптап, шаар бир заматта тыйпыл болот. Акыркы Күмүш-Көлгө душмандар жетише албай калышат. Ал кийин «Соң-Көл» — деп аталыптыр. Ошончо элден калаа сыртына бир күн мурун ордо кызматчысы -Эйя күң менен чыгып кеткен 6-7 жаштагы ханзаада, Гусун хандын уулу аман калат. Чөл кезип жүрүп, тулпар болчу кулунду бээси менен жетелеп келген Кутуй саяпкер Кызыл Шаарды таппай зарлаптыр. Кызыл үңкүрдө жараланып жаткан күңдү, алсыраган баланы таап алат. Сөз айтууга чамасы жок күң «сак, сак»-деп жатып, жан берет. Ханзаада чоңоюп, калган элин чогултуп, душмандан өч алууга, күч топтоого жер оодарып кетишет. Кийин Сак уруусунан Булут тарап, «бурут» деген атка конуп, каканчындар менен далай кармаштар болуптур. Кызыл Шаар кыйраарында Була акын Атиллдин мейкининде жашаган өзүнүн Керк деген устатына жолугууга кеткен экен. Ал жактан кайтып келип, элинин мүшкүлдүү тагдырына күбө болот. Ошол учурда какандар аярларын чогултуп, -«Үстөмдүк кылган үчүн «алсыз элге», каарына Көк Теңирдин калган эле. Кызыл Шаар, мол түшүмдүү талааларын, Ойротту, Сары Талаа калааларын, көркүнө көз тайгылткан жети көл жок, нугунан качып барып калды токтоп…Эсепсиз кен-байлыгын, казынасын, бир түндө тыйпыл кылды усун атын» -деп Улуу жибек жолу аркылуу кербенчилерден жалган сөздөрдү дүйнө элине таркатышат. Чындыкты айтып чыккан Була акындын көзүн сөз куну үчүн каардуу Кары хан чектиртип салат… Тору Тулпар ашып келген ашуу азыр «Торугарт» аталып, аттын башы табылган жер ушул күнгө чейин «Ат-Башы» калаасы делип келатат… Сак Баатыр кайталангыс бир жаралган, акылдуу арстан жүрөк бабалардан, усундун үрп-адатын, каада-салтын, унутпай сак тукуму улаганын, укумдан-тукумга керээз кылат, улуусу урпагына айтып турат. Гунн деген бир кезекте эл болгонун, чабылып, Усун атка конгондугун, Усундар-Сактар болуп, Сактан-Булут, Булуттан-Ууз келип, Кыркууз туулуп,чачырап кыркууз дагы кырк тарапка, эл калдык КЫРГЫЗ деген чымчым гана… Мына ушул чымчым элдин канга сиңген, эң ыйык эки өнөрүн айткым келген. Сөз ээси-чечен акын эл сактаган, саяпкер-эр канаты ат таптаган…»-деп ажо Көкөтөй бабабыз сөзүн бүтүрөт… . Мына ушундай, окурманым… Өз элине кыянатчылык кылган (Тулпар Торуну уурдаган) бир адамдын чыккынчылыгы — миң эмес, түмөндү жайратып салган экен. Ошон үчүн элибиз «Өзөктөн чыккан-өрт жаман, өздөн чыккан-жат жаман»-дешет тура! Жайсаң Үмөт уулунун «АЙКӨЛ МАНАС» дастаны — түпкү Ууз хан атабыздан тараган кыркууздун тукумдарынын таржымалын эле эмес, берендердин эли үчүн, жери үчүн душманга кылган эрдигин, АЙКӨЛ атабыздын айтып бүткүс шердигин, көй-кашка баатырларды тапкан касиеттүү, ыйык Энелердин даанышмандыгын жана да бүткүл адамзаттын тарыхын ичине камтыган, ХХ-ХХI кылымдар тогошкондо кыргыз элиме кең Ааламдан, Кыргыз -Ата рухунан келген -кереметтүү Улуу Белек!!! Чындыгында эле, биздин күндөрдө Ысык -Көлүбүздүн тарыхын иликтеген россиялык ихтеолог- илимпоз окумуштуулар көл түбүнө сүңгүп, ал жактан турмуш-тиричилик буюмдарын — казан-тулга, чопо менен жыгачтан жасалган идиш-аяк, ар кандай эмгек шаймандарын, жоо-жарактарын, курулуштардын калдыктарын, чегилген тыйындарды ж.б. көп нерселерди таап жүрүшөт. Алар да -«Ойдуңда жашаган калаа элин кырсык чалган. Антпесе, өздөрүнө керектүү буюмдарын эмнеге таштап кетишмек эле?» -деп болжошот… Физика илиминин мыйзамы боюнча «Жоктон — бар, бар нерседен-жок болбогондой» эле, ар бир санжыранын, уламыштын түпкүлүгүндө чыныгы тарых бар экенине кийинки урпактар көңүл буруп, маани беришибиз зарыл окшобойбу?

Сапарбаева Айканыш Керим кызы,
«Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»), 25.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий