Алгачкы жана азыркы «Алиппе», же И.Арабаев жана С.Рысбаев

Кылымдардын кыйырында бирде күчөп зор аймакты ээлесе, бирде алсызданып жоголуп кетүү коркунучуна туш болуп, эчендеген татаал да, катаал да замандарды башынан кечирип келген кыргыз эли акыркы кылымдарда жазуусунан айрылып, бир мезгилде жазуусу болсо да сабатсыздыкка кабылганы белгилүү. Өткөн кылымдын башталышында, тагыраак айтканда, 1911-жылы Уфа шаарынан Ишенаалы Арабаев менен Хафиз Сарсекеевдин «Алиппе жаки төтө окуу» деген кыргыз, казак балдарына арналган тунгуч окуу китеби жарык көргөн. Бул китеп казак-татар китептеринин үлгүсүндө жазылып, авторлор араб алфавитине реформа жүргүзүүнүн натыйжасында кыргыз-казак жазуусун түзүшкөн. Китепке ө,ү тамгалары пайдаланылбай, созулма үндүүлөр татар тилинин негизинде жазылса да, ошол учурда элдин сабатын ачууга зор эмгек өтөгөн.

Ал эми 1924-жылы И.Арабаев жеке өзү реформалаган араб алфавитинде ошол кездеги орус мектебинин тажрыйбасына таянып, кыргыздын биринчи алиппесин жазган. Ал кыргыз мектептери үчүн «Кыргыз алиппеси» деген ат менен Ташкенден чыккан. Бул элибиздин тарыхындагы эстен кеткис эң чоң окуя болгон. Анткени ушул «Алиппеден» баштап кыргыз элинин билимге, маданиятка карай жолу ачылган.

Андан кийин К.Тыныстановдун, С.Нааматовдун, Б.Рыспекова менен С.Турусбековдун, Б.Рыспекова менен К.Сартбаевдин, З.Маразыкованын ж.б. (бардыгы 13) Алиппелери улам өркүндөтүлүп, элибиздин турмуш-шартынын жана да илим менен билимдин өнүгүшүнө жараша, балдардын кабыл алууларына ыңгайлаштырылган заманбап окуу китептери катары мектептерде колдонулган. Албетте, бул мезгилде Ленин, компартия биринчи планда турганы айтпаса да түшүнүктүү.

Республикабыз эгемендик алгандан кийин мектептерде окуу-тарбия иштерин нукура улуттук мазмунда өркүндөтүү зарылдыгы келип чыккандыгына байланыштуу 1998-жылы Сулайман Рысбаевдин заманбап «Алиппеси» жарык көрдү. Анын оңдолуп, толукталган 7-басылышы 2010-жылы кайрадан басылып чыккан.

«Алиппе»- билимдердин башаты, анткени алты, жети жашка чыккан баланын билим дүйнөсүнө эшик ачып, алгачкы кадам ташташы ушул окуу китебинен башталат. Бала ушул окуу китептен тамга таанып, тамгаларды кураштырып сөз, сүйлөм курап жазып, сабаттуу окуганды үйрөнөт. Улам арылап, башка тамгаларды үйрөнгөн сайын, баланын сөздүк кору көбөйүп, тамгаларды үйрөнүп бүткөндөн кийинки ар бир тема улам тереңдетиле берет. «Алиппеде» Ата мекен, дүйнө, айлана-чөйрө, жаратылыш, кыргыз мамлекети, анын ыйык белгилери, тарыхы, географиясы, улуттук каада-салттары, элдик таалим-тарбия үлгүлөрү ж.б. тууралуу кичинекей баланын кабыл алуусуна ылайыкталган тил менен эң жөнөкөй маалыматтар берилиши керек.

Анда ушул И.Арабаевдин алгачкы «Алиппеси» менен соңку болуп 83 жылдан кийин жарыкка чыккан С.Рысбаевдин «Алиппесине» салыштырма талдоо жүргүзүп көрөлү.

И.Арабаевдин «Кыргыз алиппеси» 58 беттен турат. Муну жазууда И.Арабаев 1914-жылы чыккан А.Байтурсуновдун «Казак алиппесинин» түзүлүш принцибин пайдаланып материалды жайгаштырган. Аны өзү да танбай «мына бу кыргыз алиппеси тартиб кылынуда тилибизге эң жакын болгон казак алиппесинин тартиби алынды… Кыскасын айтканда, тумак кыргызча тегерек тебетей жасалды» деп эскерип жазган.

И.Арабаевде тамга үйрөтүү А — Д — Р ариптери менен башталат. Ушул үч тамганы жаздырып, кайра-кайра айттырып үйрөткөндөн кийин, алардан кураштырып сөз жасалат. Андан кийин А — Л, Ш, С, Т тамгалары үйрөтүлүп, алар менен дагы ар кандай сөздөрдүн айкалышы үйрөтүлөт. Мурунку үйрөнүлгөн тамгалар да колдонулат. Андан ары ушинтип улам жаңы тамга үйрөтүлүп, ошол тамгалар катышкан сөздөр, акырындык менен эки, үч сөздөн турган сүйлөмдөр да үйрөтүлө баштайт.

Тамгалар толук үйрөтүлгөндөн кийин тууган-туушкандардын, кийимдердин, оюндардын, тамак-аштардын, адамдын дене мүчөлөрүнүн, үй шаймандарынын, идиш-айактардын, мал аттарынын, малдан башка жаныбарлардын, куштардын, бака-жыландардын, курт-кумурскалардын, өсүмдүктөрдүн аттары, 1ден 10го чейинки жана жүздүктөрдүн аталыштары ж.б. берилген. Бул «Алиппеде» Я,Ю,Ё тамгалары колдонулган эмес. Андан ары текст окууга өтүп, жаңылмач, табышмак, макалдар, майда аңгемелер, жомоктор, ырлар, күн аттары, ай аттары ж.б. берилген. Араб тамгасы кыргыз тилине ылайыкталып реформаланса да, окулушу боюнча азыркы биз көнгөн тамгадан айырмасы бар экендиги байкалып турат.

Ал эми учурдагы профессор Сулайман Рысбаевдин (2010-жылы оңдолуп, толукталып чыккан) «Алиппеси» 5 бөлүктөн турат. 1-бөлүгү билим дүйнөсүнө даярдык көрүү менен башталып, алгач улуттук сыймыгыбыз Манасты, алар менен бирге, Барсбек баатырды, Мухаммет Кыргызды (Тагай бий), Тайлак баатырды тааныштырат. Андан кийин китеп «Мен — кыргыз баласымын. Менин Мекеним — Кыргызстан. Менин эне тилим — кыргыз тили» деген сөздөр менен баланын мекенчилдик сезимин козгойт. Өзүнүн ким экендигин жаштайынан түшүнүүсүнө шарт түзөт. Андан ары автор мектеп, мугалим, үй-бүлө, эне тил, кыргыздын үй-бүлө тарбиясынан баштап, кыргыз элинин маданий-рухий байлыктарын сүрөттөрдүн коштоосунда түшүнүк берүү, тааныштыруу менен улантат.

Китептин 2-бөлүгү тамга үйрөтүүгө, тамгалардан кураштырып сөз, бара-бара сүйлөмдү, ал түгүл текст, ырды эжелеп (муунга бөлүп) окуганга арналган. Адегенде, А, Т тамгалары үйрөтүлүп, экинчи эле сабакта бала А-ТА деген сөздү кураштырып окуйт. Андан кийин О, П, Н, У, Б, Л тамгалар удаалаш үйрөтүлөт. Ушинтип бардык тамгалар окутулуп, ар бир тамга тааныштырылган сайын баланын сөздүк кору көбөйө берет. Жаңы тамгага башка тамганы жалгаштыруу, тамгага туура келген сүрөт баланын окуганды тез үйрөнүшүнө шарт түзөт.

Мамлекетибиздин маанилүү жерлеринин, элибиздин чыгаан уул-кыздарынын сүрөттөрү менен бирге, улуттук элементтер менен катар эле баланын ой чабытын өстүрүүчү- ракета, пианино, компьютер, фонтан ж.б. сүрөттөрү да коштоп турат. Окуучу эжелеп окуп калгандан баштап, ар бир беттин аягына «Аталардын сөзү» деген аталыш менен таалим-тарбиялык мааниге ээ макалдар берилген да, теманын мазмуну жыйынтыкталып отурган.

3-бөлүк «Окуйбуз, айтабыз, жазабыз» деп аталат. Бул бөлүм эне тилди үйрөнүү абдан маанилүү экендигин айтуу менен башталат. Андан ары оозеки аткарылуучу тапшырмалар, жазуу үчүн тапшырмалар, жооп берилүүчү тапшырмалар, текст менен иштөө ж.б. белги менен белгиленип, окуучулар өз алдыларынча иштей башташат.

4-бөлүк «Окуу жана сөз өстүрүү» деген аталышта берилген. Мында «Манас» эпосунан үзүндү, Кыргызстан, мекенибиздеги суулар, тоолор, боз үй, каада-салттар ж.б. жөнүндө түшүнүктөрдү камтыган ырлар, майда аңгемелер, жомоктор, сөз өстүрүүчү жаңылмачтар, макал-лакаптар, ойлонто турган суроолуу, оюн ырлар ж.б. сунушталган.

Акыркы 5-бөлүк «Класстан тышкаркы окуу» деп аталып, мында тарбиялык мааниге ээ элдик ырлар, жомоктор, майда аңгемелер, көңүл ачуучу күлкүлүү аңгемелер топтолгон.

Ошентип, И.Арабаевдин алгачкы «Алиппеси» кыргыз эли туташ сабатсыз мезгилде, советтик доордун башталышында жаралып, чоң саясий, маданий, социалдык мааниге ээ болгон. Миңдеген адамдардын тамга таанып, окуганды үйрөнүшүнө, кийин кенже класстар үчүн «Кыргыз тили» окуу китептеринин жазылышына тажрыйбасы, материалдары менен үлгү болуп, опол тоодой кызмат кылган. Башка тектеш элдердин агартуучуларынын педагогикалык идеяларын, тажрыйбаларын кыргыз тилине ылайыктап иштеп чыгып, андан ары өркүндөшүнө өбөлгө түзгөн. Ошону менен бирге, И.Арабаевдин ал «Алиппеси» кыргыз китептерин жазуунун алгачкы улуттук үлгүсү да болуп калары шексиз.

Ал эми учурда он жылдан бери колдонулуп келаткан, профессор С.Рысбаевдин калеминен жаралган, бүтүндөй кыргыз бөбөктөрүнүн дагы бир сүймөнчүктүү «Алиппеси» (оңдолуп, толукталып басылышы) — Кыргыз Республикасы өз алдынча эгемен мамлекет болгондон кийин 1-класска барган баланын деңгээлине ылайыкталган заманбап «Алиппе».

Албетте, бул алиппелер балдардын эне тилин, ал тилде окуганды, жазганды үйрөнүүгө, таанып-билүү чөйрөсүн кеңейтип, сөз байлыгын арттырууга, өз алдынча ой жүгүртүүлөрүнө өбөлгө болуп келген жана бүгүн дагы кызмат кылууда. Бул «Алиппелердин; көтөргөн жүгү кыргыз элине, тилине тиешелүү бай материалды, улуттук баалуулуктарды жана дүйнөлүк маданияттын элементтерин камтуу менен, эң жөнөкөй лингвистикалык сөздүктүн милдетин аткаргандыгында болуп саналат.

Бул эки автордун, тактап айтканда, И.Арабаев менен С.Рысбаевдин «Алиппелеринин» окшоштугу тарбиялык, таанытып-билдирүүчүлүк кызматты аткаруу менен, элдик педагогиканы — макал-лакаптарды, каада-салт, үрп-адат, улуттук оюндар ж.б. сыяктуу элдик таалим-тарбия берүүчү элементтерди, нукура кыргыз сөздөрүн өз «Алиппелерине» кеңири пайдалангандыгы, балдарга нукура кыргыз кыртышында билим берүүгө, тарбиялоого болгон аракет. Ал эми ортодогу «Алиппелерге» советтик идеологиянын таасири көбүрөөк тийип, ушул жагынан кыйла өксүп калган.

Ошентип, бул эки «Алиппе» тамга үйрөтүү менен гана чектелбестен, Ата Журтту таанытуу менен баштап, сөздү, аны жазганды, балдарды өз алдынча ой жүгүртүүгө үйрөткөндүгү, ошондой эле баланы адамгерчиликтүү, гумандуу, мекенчил болууга үндөп, элдик тарбиянын маанилүүлүгүн астейдил түшүндүрүп, чыныгы адам болууга чакырык таштап турганы менен баалуу. Бул эки «Алиппенин» бирин мыкты, экинчиси ага жетпей калган деп айтууга таптакыр болбойт. Анткени бул эки китепти тең өз мезгилинин окуучулары өтө кубануу менен кабыл алышкан жана бүгүнкү күндө «А» деген арипти тааныткан «Алиппесинин» аркасы менен илим-билимге жетишип жатышат.

Мен өзүм кыргыз тилчи мугалим же тилди окутуу боюнча окумуштуу адис болбогондон кийин «Алиппени» жазуунун лингвистикалык, дидактикалык негиздери сыяктуу илимий жактарына кеңири токтоло албадым, аны адистердин айтуусуна калтырып, тек гана катардагы окурман, кыргыз тилин үйрөнүүчүлөрдүн күйөрманы катары азыноолак ой-пикиримди билдирдим.

Сөзүмдүн акырында айтарым, замандан заман өтүп, кыргыз баласы мектепке келип, эне тилинен алгач сабак алган «Алиппелер» далай ирет жаңырып жазылмакчы, ошентсе да, улуттук мазмундагы бул «Алиппелер» аларга үлгү болуп кала береринде шек жок.

Ысмайыл КАДЫРОВ, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
КР Элге билим берүү отличниги,
«Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 04.02.2011-ж.

Соц тармактар:

Алгачкы жана азыркы «Алиппе», же И.Арабаев жана С.Рысбаев: 3 комментария

  • 07.07.2015 в 17:01
    Permalink

    Аябай кубанычтуу! Чон ыракмат! Макалага алгачкы жана азыркы «Алиппе» китептерин кошуп коё аласызбы? Жуктоп алууго мумкун кылып (электрондук формада)? Алдындан чон ыракмат!

    Ответ
    • 22.07.2015 в 15:31
      Permalink

      Бар болсо чыгарып деле коймокпуз. Жок болуп жатпайбы. Балким бирөөндө бар болсо жана биз менен бөлушсө эң жакшы болмок.

      Ответ
  • Уведомление: Сулайман Рысбаев — Кыргыз маданият борбору

Добавить комментарий