Бүт өмүрүн адабиятка, анан Мекенге арнаган…

Кыргыздын биринчи романчысы, акын, котормочу Мукай Элебаевдин эң алгачкы ыры “Кыргыз Туусу” (андагы “Эркин Тоо”) гезитинин 1925-жылдагы № 6 санына жарыяланган.

Мукай Элебаевдин заман-даштарынын, калемдештеринин эскерүүлөрүнө таянсак, акындын ошол:

“…Арманым баштан ашынат,
Качан көзүм ачылат.
Ордуна жетип оюмдун,
От жүрөк качан басылат?

Москва, Ташкент ураанын,
Мыкты деп элден угамын.
Ошолорду мен угуп,
Канткенде чыдап турамын?”
– деп окууга, чыгармачылыкка болгон эңсөөсү, көксөөсү ошол кездеги жаш таланттардын, деги эле жаш муундардын оозунан түшпөй ырдалып жүргөн ырына айланган жана бул ыр калемгердин чыгармачылык тушоосун кескен.

Ошондон алты жылдан кийин анын биринчи ырлар жыйнагы “Майдан” деген ат менен жарык көргөн. Согушка чейин  “Жаңы ырлар жыйнагы”, “Узак жол” романы, “Кыйын кезең” аңгемеси, “Ырлардын толук жыйнагы” китептери жарык көргөн.

Айтмакчы, М.Элебаевдин азыркы тапта да эч эскирбей, маани-мазмуну боюнча жаңы бойдон сакталып калган “Узак жол” автобиографиялык романы анын эң ири чыгармасы болуу менен бирге, кыргыз котормо адабиятынын баштоочусу болуп калган. Тактап айтканда, өз өмүр баяны аркылуу ошол кездеги кыргыз элинин жашоо-щартын, тарыхты чагылдырган М.Элебаев адабиятынын тарыхында биринчи романчы катары  жазылып калды.

Роман биринчи жолу 1936-жылы жарык көрүп, жазуучунун көзү өтүп кеткенден кийин да бир нече жолу басылган.

Бирок, Мукайдын жарыкка чыкпай калган чыгармалары да бир канча экендигин 21-январда КРнын Улуттук китепканасында өткөн китеп көргөзмөсүндө жазуучулар, акындар айтышты.

1930-жылдардагы котормо адабиятына М.Элебаевдин кошкон салымы чоң экендиги анын эмгектери аркылуу бааланды. Мисалы,  А.С.Пушкиндин “Хандын өлгөн кызы жана жети баатыр” жомогун, Гоголдун “Повесттерин”, Д.Фурмановдун “Козголоңун”, казак драматургу Габит Мусреповдун “Кыз Жибегин”, ж.б. чыгармаларды  которгон.

Бүгүн биз чебер прозаик, акын, котормочу М.Элебаевдин күн­дөлүгүн окуп отуруп: “Бирдеме жазаарда үй-бүлөмдү бир жакка айдап жиберем да, тар бөлмөмдө жалгыз калам. Бирок, жатакананын жашоочуларынын улам бири келип эшикти тыкылдатат. Балдары ыйлайт…” “Нанга тыйын жок. Суу менен бир сындырым нан жеп алып, жазууга кириштим” сыяктуу  саптарынан улам, калемгердин өтө ка-таал шартта жашап, ошого карабай чыгармачылыкка башын сайып, бүткүл өмүрүн кыргыз адабиятына, анан, албетте, Мекенди коргоого арнаганын билебиз.

М.Элебаев 1943-жылы Улуу Ата Мекендик согушка аттанып, 1944-жылы баатырларча курман болгон. Анын сөөгү Орусиянын Псков райо­нунун Понев тоосуна коюлган.

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”, 01.02.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий