«Чын курандын жетисин» уккула

«Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда барып жер жаңы» дегендей, ар мезгилдин өзүнүн ыры, созгон обону болот окшобойбу. Дүйнөлүк глобалдашуу маданий турмушубузга, жандүйнөбүзгө эшик чертпей кирип келгени аз келгенсип, төргө өткөндөн да тартынбай, күн өткөн сайын таасирин арттырып баратат.

Түбүндө улуттук маданий уңгубузду чөлгө сүйрөгөн мындай көрүнүштүн кесепетинен кыргыздын кылым комузу, элдик өнөрү басынып, эстрада жанрынан бутактап чыккан «шоулардан» кулагыбыз түшкөнү калды. Албетте, табитти талашып болбойт. Ар бир өнөрдүн өз аудиториясы бар. Күндө күмүш, айда алтын тапкан шоу бизнестин арааны жүргөн бүгүнкү шарттарда башкасын айтпаганда да, кыргыздын калпагы менен тең кайран комузу, комузчулук өнөрү көзгө анчалык толбой тургансыйт. Комузчулукту өркүндөтүү, аны даңазалоо, улуттук деңгээлде болбой жатканын айтып жатам. Бул жагынан казак боордошторубуздан дагы калып калдык. Алар домбрасын даңазалап, даңктаган клиптерин дээрлик саат сайын ар түрдүү телеканалдарынан берип турат. Бизде болсо солгун. Комузду, дегеле маданиятты көтөрүү боюнча мамлекеттик мамиле байкалбайт.

Бирок улуу өнөрдүн учугу дагы эле уланууда. Кудайга шүгүр, бүгүнкүнүн залкарлары Самара Токтакунова, Нурак Абдыракманов, Анара Эсенгулова, Зайнидин Иманалиев, Намазбек Уралиев ж.б. катарыбызда. Алардын соңунда келаткан чебер комузчу, өзү да бир канча күүлөрдүн автору Нурзат ОРОЗАЛИЕВАны кепке тарттык.

— Нурзат, биртоптон бери ЭлТР телеканалында «Кыргыз комуз күүлөрү» көрсөтүүсүн алып барып жүрөсүң. Эл кандай кабыл алып жатат?
Көрсөтүүнүн максаты — эл ичиндеги таланттарды таап чыгып, жалпы кыргыз журтчулугуна таанытуу. Анткени кийинки мезгилдерде комуз баштаган элдик өнөрүбүз эшикте калып баратканын баарыбыз эле көрүп турабыз. Бирок ЭлТР каналы бул жагынан алгылыктуу иштерди жасап жатат. Акындар айтышы, дастанчылык, кол өнөрчүлүк, дегеле улуттук маданият багытында биртоп көрсөтүүлөр уюштурулган. Аларды бири мен алып барып жаткан «Кыргыз комуз күүлөрү» телеконкурсу. «Эл ичи өнөр кенчи» деген тегин кеп эмес. Республиканын бардык булуң-бурчунан жаш-кары дебей комуз өнөрүн аздектегендерди катыштырып жатабыз. Алардын өнөрү боюнча элдин берген баасы да (СМС добуш берүү аркылуу жүргүзүлүп жатат) өтө маанилүү. Ушул жылдын жаз айларында жыйынтыгы чыгып, чыгаан комузчуларды эл өзү аныктайт.

Комузчуларга кандай талаптар коюлууда?
Телеконкурста айтым күүлөргө, кол ойнотуп жана алым-сабак күү чертүүгө басым жасалууда. Анткени комузчунун өнөрүн ар тараптан ачып берүүдө жогорку талап өтө маанилүү. Мисалы, айтым күүлөр деп жатпайбызбы. Мунун сыры ар бир күүнүн жаралыш тарыхында жатат. Илгертеден эле комузчулар чертүү алдында күүнүн тарыхын айтып чертишкен. Ал эми кол ойнотуп чертүү комузчунун чеберчилигин көрсөтөт. Алым-сабак чертишүүдө бир комузчунун чертип жаткан күүсүн, экинчи комузчу токтотпостон улантып кетиши зарыл. Бул комузчунун көрөңгөсүнүн, бүгүнкүчө айтканда, репертуарынын байлыгынан кабар берет. Комузчулардын деңгээлин аныктаган күү дүйнөсүндөгү бул улуу салтты жоготуп койгонго акыбыз жок. Улам кийинки муундарга жеткире беришибиз керек.

Комуз боюнча телеконкурс болуп жатса, Маданият министрлиги колдоого алып жаткандыр?
Бул телеконкурсту ЭлТРдин, өзүбүздүн демилгебиз менен уюштурганбыз. Маданият министрлиги конкурстун жыйынтыгында жеңүүчүлөрүбүздү бир барак грамота менен болсо дагы куттуктап коер деген үмүттөбүз.

Бир баракка эле алданып каласыңарбы?
Эми кур дегенде мыкты комуздардан бирден алып келип тапшырып коюшса жакшы эле болмок. Комузубузду, комузчуларыбызды өзүбүз сыйлабасак ким сыйлайт.

Ал эмне болгон мыкты комуздар?
Биздин Нурак Абдыракманов, Намазбек Уралиев өңдүү залкар комузчуларыбыз комузду да жакшы чабышат. Канчалар алар чапкан комуздарга жетпей жүрүшөт.

Күүнүн мыкты аткарылышы комузга байланыштуубу же чеберчиликкеби?
Экөө тең айкалышып турушу керек. Бирок канчалык баатыр болсоң да чобур ат менен жоо чаба албагандай эле, мыкты комузуң болбосо өксүп турасың. Мына менин комузумду Намазбек Уралиев чаап берген. Күн сайын сылап-сыйпап таптап турам. Бул комузсуз жашоомду элестете албайм.

Нурзат, кийинки кездерде өзүң да бир катар күүлөрдү чыгардың. Күү чыгарууга ички даярдык менен келдиңби же кайыптан келген кайрыктар мени черт деп турабы?
Күүнүн касиети өзгөчө. Ал адамдын жандүйнөсүнүн азыгы. Кылым кыргыздын кубанычын, кайгы-муңун, үмүт-тилегин, айтайын деген аруу сезимдерин күүгө салып келгендиги тегин жеринен эмес. Мен дагы жандүйнөмдөн сызылып чыккан «Сезимдеги толгонуу», «Нарын дайра» аталган күүлөрүмдү чыгардым. Бул күүлөрдүн ар биринин жаралыш тарыхы бар. Былтыр жазындагы кандуу окуяларды көргөм. Канчалаган эр жигиттер көз алдымда набыт болушкан. Ошол окуяларды «Чын курандын жетиси» аталган күүгө салдым…

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 04.02.2011-ж., 04.02.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий